| "Лозунг", 2-сентябрь, 2010-ж. |
"Камбар-Ата-2нин" биринчи агрегаты иштеди, бирок кемчиликтер бар...
30- август күнү Токтогул районунда жайгашкан "Камбар - Ата - 2" ГЭСинин биринчи агрегатынын ачылышы салтанаттуу түрдө болуп өттү. Бул иш - чарага президент Роза Отунбаева жана бир катар министрлер, элчилер, Эл аралык уюмдун өкүлдөрү, партиянын лидерлери, ошондой эле жергиликтүү эл катышты. Ал жерге топтолгон элдин кол чабуу коштоосу менен Роза Отунбаева биринчи агрегатты иштете турган тетикти (пуск) өтө толкундоо менен басканы ачык эле байкалып турду. Ошентип, көптөн-көп күтүлгөн аталган ГЭСтин биринчи агрегаты ишке берилди. Бирок "Нарынгидроэнерго курулушунун" жетекчиси Качкынбаев Осмон ачык эле тынчсызданып белгилегендей, бир аз кемчиликтерге карабастан Роза Отунбаеваны, эң башкы жоопкерчиликти алган өзүн уят кылбай биринчи агрегат дурус иштеп берди. Себеп дегенде, Качкынбаев мырзанын пикиринде биринчи агрегатты ишке берүү кыска мөөнөттө белгиленгени Камбар-Ата ГЭСинин жалпы жамаатын абдан кыжаалат кылган. Тактап айтканда, ишке берилген биринчи агрегат электр жагынан тыкыр текшерүүгө алына элек экен. Ошондой эле аны иштете турган бир катар тетиктер Союз учурунда эле сатылып алынгандыктан, алар көпкө туруп калган. Ушу себептүү Качкынбаев мырза, агрегатты ишке берүүдө бир катар кемчиликтер болуп кетишине кепилдик жок экендигин айрым журналисттерге ачык айтып берди. Айтып олтурса, биринчи агрегаттын дагы бир катар жасала элек иштери бар экен. Мындайча айтканда, бул ачылыш азырынча "көргөзмө" сыяктуу болгон өңдөнөт...
Динара Орозбаева,
"Алмаз экөөбүз 10 жыл өткөн соң табыштык"
Динара, жолдошуң Алмазбек Раимкулов экөөңөрдүн сүйүүңөр интернетте сүйлөшүүдөн башталыптыр. Демек, сен "виртуалдуу" сүйүүгө ишенгендердин бири экенсиң да?
- Ооба, ишенем. Биздики чындыгында эле ушундай болду да. Бирок, Алмаз мени кичинекей кезимде көрүп эле жүрчү. Ал Ош районунан мен жашаган Куршаб айылындагы аяш атасы Кадыралиевдердикине көп келип турчу. Алмаз анын уулу, маркум депутат Санжар Кадыралиев менен жакын достордон эле, а биз алар менен кошуна турчубуз. Алар менин улуу байкем менен да мамилелери жакшы эле. Кийин айтканына караганда мени ошондо эле байкап жүрүптүр. А мен анда мектепте окуган, олимпиада, конкурстардан калбаган активистка, тыпылдаган-тың кыз элем. Ошентип, мен мектепти, университетти аяктап, КТРде иштеп калдым. Бир курдай андан интервью алганы телефон чалгам, ошондо баягы айылдагы секелек кыз Динара экенимди укканда "Тагдырдын табышмактуулугун кара" деп таң калган. Көрсө, ортодон 10 жыл убакыт өтүп, Алмаз балалыгыбызды унутканга жетишиптир... Ошондон баштап Алмаз мага өзү телефон чала баштады, интернеттен сүйлөшүп жүрдүк. Интернет-алысты жакын кылып, экөөбүздүн сүйүүбүздүн күбөсү болду. Бир күн сүйлөшпөй калсак же телефон чалбай калса кадимкидей сагынып кетчүмүн, көрбөй туруп эле. Бирок, башында биздин "виртуалдуу" сүйүү ушундай бекем үй-бүлөгө айланат деп ишенген деле эмесмин.
| "Обон", 31-август, 2010-ж. |
Дүйнөгө келген -
1983-жыл, 6-июнь
Киндик кан
тамган жери -
Тоң району, Кара-Коо айылы Тартылган чоң тасмалары - "Бешкемпир", "Теңири"
Алган сыйлыгы - 2008-ж. "Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" диплому, 2009-ж. Кыргыз киносунун отличниги
Кызматы - Академиялык, шаардык театрдын актрисасы, Институтта жана Академиялык театрдын алдындагы студияда "сахнада сүйлөө" сабагынын мугалими
Өмүрлөшү - Арнис Кыдырмышев, актёр
"Дүйнөдөгү эркектердин баары аялдарын сабашат"
Альбина Имашева сүйүүнүн даамын тата элек кезинде, тасманын, тасмадагы балалык сүйүүнүн даамын таткан. Актан Арымдын "Бешкемпиринде" баш каарман секелек Айнуранын образын жараткан. Аталган тасма чыгармачылык астанасына оң төлгө болуп берген. Бүгүнкү күндө "Каныкей, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Клеопатра, Медея" өңдүү чоң каармандарды "баралына келгенде Альбина ойнойт" деген астейдил үмүттү жараткан актрисага айланып баратканы талашсыз.
Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:
"Балдарымды "жылуу жерлерге" отургузгум келбейт"
"Кызык... кычык суроолор" рубрикабыздын астында кыргыздын белдүү саясатчыларына, белгилүү инсандарына ар кандай суроолорду жаадырып, алардын "нервин" текшерип көрүүнү чечтик. Бул сандагы коногубуз саясий серепчи, Токтогул Какчекеев.
- Тамашага кандайсыз?
- Тамашаны жакшы көрөм. Тойдо достор, туугандар менен тамашалашсам, жөнөкөй убакытта өкмөттүн, мамлекеттин адамдары, артисттер, чыгармачыл адамдарды тамашалайм.
- Кошунаңыз менен мушташып көрдүңүз беле?
- Кошуналарым менен бир да жолу мушташкан эмесмин.
- Жезде менен балдыз жакын болот дечү эле. Сиз балдызыңызга жакынсызбы?
- Балдыздарымдын баары алыс турат. Кээде конокко келишет. Баары тең улгайып калышты.
- Көралбагандарга эмне дейсиз?
- Андайларга, "Мага жаманчылык кылсаңар кудайга койдум" - деп эле айтам.
- Азыр жашы улгайган эркектер жаш кыздарга үйлөнүп жатышпайбы. Эгер өмүрлүк жарыңыз уруксат берсе, сиз да алмак белеңиз?
| "Аргумент kg", 2-cентябрь, 2010-ж. |
| "Учур", 2-сентябрь, 2010-ж. |
| "Адилет press", 26-август, 2010-ж. |
| "Лозунг", 2-сентябрь, 2010-ж. |
| "Акыйкатчы” (Омбудсмен)", август, 2010-ж. |
| "Айат пресс", 2-сентябрь, 2010-ж. |
| "Аалам", 2-сентябрь, 2010-ж. |
| "Пресс.kg", 2-сентябрь, 2010-ж. |
| "Форум", 31-август, 2010-ж. |
| "Алиби", 31-август, 2010-ж. |
| "Форум", 31-август, 2010-ж. |
Бүткүл дүйнөнүн кыргыздары бириккиле!
- Акай мырза, Кыргызстанга куш келиптирсиз. Биздин окурмандарыбызды өтө кызыктырган суроодон баштасак. Биринчиден, өзүңүздү кенен тааныштырып кетсеңиз. Сизди алтайлык кыргыздардын рухий лидери (духовный лидери) катары кабыл алышса, дагы бир маалымат боюнча сизди алтайлык шамандардын башчысы (верховный шаман) катары айтып жатышат, дагы бир маалымат боюнча сизди олуя, көзү ачык деп жатышат. Деги сиз кимсиз?
- Өзүм жөнүндө кененирээк айтсам, мен кыргызмын. Кыргыздын дөөлөс уруусунанмын. Кине бабамдын тукумумун, атамдын аты Ким, тагыраак айтканда менин атам Ким коммунист болгон, жана коммунистик доордо төрөлгөн. Ким деп аталып калганы Коммунистический Интернациональный Молодежь дегендин кыскартылганы. Мен төрөлгөндө атымды Сергей коюшуптур, кийинчерээк атымды которуп, Акай деген ат алдым. Жубайым жана төрт уулум бар.
- Жогоруда сиз дөөлөс уруусунанмын деп айттыңыз, алтайлык кыргыздар негизинен кайсыл уруулардын курамынан турат?
- Алтайда 79 000 кыргыз жашайт. Бизде, Алтайда, урууну сөөк деп аташат. Алар негизинен дөөлөс, мундуз, кыпчак, басыз урууларынын курамынан турат жана сиздерге белгисиз, көптөгөн уруктарга бөлүнүшкөн. Саяк уруусу Тува элинин курамын түзөт.
- Сиз көзү ачыксызбы, же шамансызбы. Ушуну тагыраак айтсаңыз?
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Шоу-бизнес" деген сөз кулагыма жагымсыз угулат"
- Гүлнара эже, улуу муундагы ырчылардын сахнадан көрүнбөй кеткенине эмне себеп болууда, же жаңы чыккан жаш ырчылар сиздердин орунду ээлеп калдыбы?
- Бул табигый процесс. Ар бир доордун, замандын өз агымы болот. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы ошол коомдо жашаган элдер жаңы агымга туруштук бере албай, бир мезгилге чейин, жаңы пайда болгон агым менен агат экен. Бирок бул процесс көпкө созулбайт. Элдин ал агымдан тажаган мезгили келет. Ошол мезгилде коомчулук өткөнгө басым жасай баштайт. Анын сыңары акыркы 4-5 жылда биздин эстраданы жаңы ырчылар ээлеп, элдин көңүлүн буруп келди. Менимче, азыр адамдар жогоруда айткандай, жаңы агымдан тажап, өткөнгө баш бага башташты. Эми ырчылар иргелип отуруп, ортодо чыныгы таланттуулардан түзүлгөн топ калат го деген ойдомун.
Азыр жаш ырчылардын жылдызы да жанып турган учуру. Бирок мен азыркы ырчылардын баарын бирдей карай албайм. Баары текши таланттуу дегенден алысмын. Арасында беш күндүк "лампочкалар" да бар. Ошол эле мезгилде таланттуулары да жок эмес. Кимдин ким экендигин эл өзү эле таразалап, электен өткөрүп алат. Жаш ырчылар сахнага чыгып жатканда, мага айрым продюсерлер үнү жок эле, сырткы келбети келишкен кыздарды сахнага кыйнап эле алып чыккандай таасир калтырган. Мына ушул нерсенин арты менен жеңил ырчылар көбөйүп кетти көрүнөт. Анан дагы продюсерлер өздөрүнүн таасири менен телекөрсөтүү, үналгыларды кысымга алып, жаш ырчысынын ырларын бир күндө он жолу кетирген учурлар да болду окшойт.
| "Кыргыз руху", 27-август, 2010-ж. |
Бийлик, Оппозиция, Геосаясат
7-апрелден кийин Кыргызстандагы өзгөрүүлөр өтө тездик менен өнүктү. Кыргызстанды башкарууга даярдыгы жок жаңы келген алсыз бийликтен пайдаланган ар кандай ички жана сырткы күчтөр тездик менен аракетке өтүп, эзелтен толеранттуу, айкөл, меймандос, бейпилдик менен тынчтыкты сүйгөн кыргыз жерин кандыбулоонго айлантып, эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирчү коркунучтуу абалга чейин алып келишти. Кыйын учурда президентибиз АКШ, БУУ, ЖККУ, Россиядан жардам сурап жибергенге чейин барды. Тилекке каршыбы, бактыга жарашабы, сырткы күчтөр учурунда жардам берүүдөн баш тартышып, кыргыз эли бул кыйын кырдаалдан өз күчү менен чыгып кетүүгө жетишти. Бул өз күчтөрүбүз ал кездеги Исмаил Исаковдун сөзү менен айтканда: "аскер, милиция кызматкерлери, жергиликтүү жана областык жетекчилер, акылдуу аксакалдар, түшүнүктүү патриотторубуз жана кырдаалды кеч болсо да улантып кетүүгө жол бербей токтотуп калган Убакытлуу өкмөт бийлиги"
Эл "и" элита
Байыркы орус эли сөз таппай эле, сөздүн көбүн биздин ата-бабаларыбыздан үйрөнгөн окшойт. Биздин кыргыздар бир жерге барып: "Мас көп" экен дегенин орустар угуп алып өздөрүнүн тилине салып Мас көптү Москва деп өзгөртүп алышса, падышасы битир сурап жүрүп чогулткан шаарды битир эмес, өздөрүнчө Питер деп алышкан, Сары Тоону Саратов, Түмөндү Тюмень, Кабарды Хабаровск, Оңду Омск, Тоңду Томск. Айтор баардык эле орустун байыркы сөздөрү биздин төл сөздөрүбүз экен.
"Элита" деген сөз деле бизден чыкса керек. "Эл ити" деген эле сөз экен.
"Элита" эмне себептен "эл ити"?
Мурунку кыргыздарда эл мыктысы, эл жакшысы, манап деген лексикондор колдонулган. Советтик мезгилде номенклатура, атка минерлер, партократ, элдин каймактары деген терминдер колдонула башталат. Аскар Акаев бийликке келгени "бөйрөктөн шыйрак чыгарышып,"көйрөңдөнүшүп, элден өзгөчөлөнүшүп "элита" деген терминди кийиришет. Акаевдин убагында кимдер элитага киришчү? Албетте, Акаевдин үй-бүлөсү жана ага жакындар кыргыздын элитасы болсо, иерархия боюнча облустун элитасы, райондун элитасы, айылдын элитасы болуп түзүлүп кете беришкен. Анан биз элитабыз деп сыймыктанышып, кыргыздын элиталары деп китептерди жаздырышып, өздөрүн-өздөрү даңктай башташкан. Аягында иттей болушуп куйруктарын кыпчышып, элитанын көпчүлүгү эл итине айланып, жөн гана итке айланбастан качкын итке айланышып журтуна жолой албай жүрүшөт. Мындай тагдыр андан кийинки бийликке келишкен Бакиевдик бийликке да таандык. Демек байыркы кыргыздар да бекер жеринен "эл ити" деген сөздү кошуналарга тараткан эместир. Балким алар маанисин туура эмес түшүнүп алышкандыр. Бирок эми биз мунун маанисин туура түшүнүп "эл ити" деген терминди алып салып эле күн көрбөйбүзбү?
| "Кутбилим", 28-июль, 2010-ж. |
ӨНҮГҮҮ АРАКЕТИ ЖАНА ӨКСҮКТӨР
Жаңы окуу жылына даярдык
Билим берүү жана илим министри К.Садыков КР Өкмөтүнүн жыйынында "2010-2011-жаңы окуу жылына республикадагы жалпы билим берүүчү мекемелеринин даярдыгы тууралуу отчет берди.
Жаңы окуу жылына 24 жаңы мектеп курулду
Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана ата-энелер коомчулугунун жардамы менен мектептерди жаңы окуу жылына карата тиешелүү даярдыктарды көрүштү.
Объяснительная записка
к Базисным учебным планам общеобразовательных организаций Кыргызской Республики на 2010\2011 учебный год
Приложение
к приказу Министерства образования и науки
Кыргызской Республики №528/1 от 26 августа 2010 г.
В 2010\2011 учебном году 1-4 классы и 6-11 классы общеобразовательных организаций республики продолжают работать по Базисному учебному плану, утвержденному в 2009 году.
| "Нур реклама", 30-август, 2010-ж. |
Апам жапкан нанды сагынам
Гулшайыр Мамытова - Алыс жерде иштеп жүрөбүз. Албетте сагындым апам жапкан нанды. Апамдын өзүн да нанын да сагындым, тамагын да сагындым. Апамды көрбөгөнүмө 2 жыл болду. Азыр Бишкекте турушат. Түрдөп жасаган тамагын сагындым. Балдарымды да сагындым. Кыргызстаныбыз тынч болсун. Ден- соолукта аман болушсун. Апам оорубасын. Балдарым оорубасын. Баарына салам айтамын!
Динара Ташибекова (Ала-Букадан)- Апалар жапкан нанды ким сагынбасын. Сагындык, сагынган менен бирок алыста жетпей бул жакта тиричилик деп иштеп жүрөбүз. Бат-баттан сүйлөшүп, акча салып турабыз. Келгениме эки жарым жыл болуп калды, буюрса эмки жылы 2011-жылы барам деп иштеп жүрөм. Апам жапкан нанды чындап сагындым. Апам ден соолукта болсун, оорубасын, апама узун өмүр тилеймин.
Якутча сабак берген кыргыз мугалим
"Кышында катуу суукта талаада калгамын" - деп, көзүнөн жаш кылгырып, үнүн өзгөрүлгөнүн байкадым.
Жашоо турмушубузда эмнелерди гана башыбыздан өткөрбөйбүз, эмнелерге гана күбө болбойбуз. Жердештерибиз кандайдыр бир кызыктуу окуяларга күбө болуп же башынан өткөзсө биздин редакцияга кайрылсын. Башыңыздан өткөн окуяны эл менен чогуу бөлүшөлү. Биздин редакцияга конокко келген, Максут акенин башынан өткөн окуяларын сурап маекке тарттык:
- Максут аке, өзүңүздү бизге таанытып анан сиз Якутияга кантип барып, якуттардын балдарына, якутча сабак берип калгансыз, бизге баяндап бербейсизби?
- Жакшы болот. Аты жөнүм Максут Тиленов, Карасуунун Жаңы Арыгынан боломун. 1982-жылы Казакстандан Индустриальный Педогогический Институтту бүтүргөмүн. Андан кийин Ала-Букада 1жыл мугалим болуп иштедим. Оюмда, ушул сибир жакка барып бир иштесем деген пландарым бар эле. 1983- жылы чемоданымы алып, үй менен коштошуп Якутияга жолго чыктым. Якутияга келип, керектүү жерге дипломдоруму көргөздүм. Алар мени ишке кабыл алып, шаардан 360 км алыстыкка түндүккө бир мектепке жөнөтүштү. Ал жактын жолу жалаң саз, токой болгону үчүн самолет менен барасың. Барсам, бир айыл экен "Устьтатта" -деген.
| "Алиби", 27-август, 2010-ж. |
Равшан Жээнбеков, экс-министр:
"Абдуллах Гүл: "Кыргызстанга демократия гана ийгиликтерди алып келет" деди"
- Равшан мырза, сөзүбүздү Түркия сапарынан баштайлы. Кандай саамалыктар болду?
- Өмүрбек Текебаев башында турган "Ата Мекен" партиясынын делегаттары Түркияга иш сапары менен барып, төрт күн болуп келдик. Төрт күндө Түркиянын бардык расмий адамдары менен жолугуштук. Алар Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл, Парламентинин башчысы, Тышкы иштер министри, Мамлекеттик министри, Парламентте отурган өкмөттүк жана оппозициялык партиялардын лидерлери менен жолугуштук. Келечекте өкмөттү курай турган партиялардын бири катары көрүп, кабыл алышты. Түркиянын президенти Абдуллах Гүл менен болгон жолугушуу абдан кызыктуу болду. Коңшу турган башка боордош мамлекеттерге караганда Түркия мамлекетинин башчысы Кыргызстандагы жаңы түзүлгөн Парламенттик системасын, Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жүрүшүн жана өнүгүшүн колдой турганын расмий билдирди. Түркия 80 жылдан бери парламенттик системада жашаган мамлекет катары билим, тажрыйба адистиги жагынан жардам берип, моралдык жактан, келечекте материалдык жана финансылык жактан колдоо көргөзөрүн билдирди. Эң маанилүүсү Түркиянын Президенти Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдө, реформалардын жүрүшүндө "Ата Мекен" партиясынын ордун өзгөчө белгилеп, анын лидери Ө.Текебаевди ушул өзгөрүүлөрдү ишке ашырган, өзгөрүүлөрдүн башында турган адам катары белгилеп кетти.
Аскар Акаев:
"Кандай гана бийлик болбосун,
бир тамчы адам канына татыбайт!"
Бир нече күндөн кийин Кыргызстан эгемендүүлүктүн 19 жылын белгилейт. Адаттагыдай эле мамлекет жетекчилери атайын даярдалган кагаздагы көнүмүш сөздөрүн күн ысыкта, майрам көрүү үчүн топтолгон элдин алдында окуп беришет. Анда Кыргызстандын эгемендүүлүгү мактаныч катары айтылганы менен адатынча "Акаевдин коррупциялык доору" кенен сүрөттөлөт. Ал эми анын башкаруусуна туш келген Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттагы жетишкендиктери туурасында ныпым эскерүү жасалбайт. Анын ордуна азыркы бийликтин тушундагы "жетишкендиктер", элдин "бактылуу жашоосу" туурасында абдан көркөм "икаялар" айтылат...
Ал эми биз ошол эгемендүүлүктүн түркүгүн Кыргызстанга алып келүүгө зор салым кошкон туңгуч президент Аскар Акаев менен өткөн тарыхты эстеп, ага калыс баа берүүгө аракет кылдык. Буга чейинки журналисттердин маектешүүлөрүнөн айырмаланып, бул ирет ал кишиге ачуу-таттуу суроолорду аралаш жаадырдык.
- Аскар Акаевич, алгачкы сөздү учур маселесинен баштасак. Учурдагы кырдаалды сырттан көз салып турган байкоочу катары мекениңиздеги акыркы көрүнүштөрдү кандай баалап жатасыз?
| "Агым", 27-август, 2010-ж. |
Эгемен Кыргызстандын буга чейинки президенттери 61ге караганда кызматынан куулушкан. Азыркы өлкө башчысы 60ка чыкты, эми эмне болот деген суроону калчадык.
Алтымыш бирди ак үйдөн тосуңуз!
23- августта Роза Отунбаева өзүнүн жакындарынын арасында бешинчи мүчөл жылдык мааракесин белгиледи. Өлкө кайгы-муңдан баш көтөрө албай турганда дүңгүрөтүп майрамдабаганы жакшы дечи. Бирок КМШ тарыхындагы алгачкы президент айым мурунку коллегаларынын жолу менен келе жатканы таңгалычтуу. Алардын тагдырын көчүрүп туруп, каарманын гана алмаштырып койгондой. Акаев да, Бакиев да кокусунан келип калышкан өлкө башчылары. Окумуштуу президентибиз Россияда оюнда эчтеке жок жүрсө, кыргыз интеллигенциясы алып келип тактыга отургузуп салган. Ат көрбөгөн минип өлтүрөт болуп, анын президенттик доорун Майрам, Айдар, Бермет Акаевалар менен балдыздары жүда сүрүштү.
Манты жеп отурган жеринен келип президент болуп калган Курманбек Бакиевдин 24-марттагы революцияны уюштурууга финансылык колдоо көрсөткөнү үчүн гана президент кылышканын кийин Үсөн Сыдыков айтып чыкпадыбы. Бул дагы атты биринчи жолу көргөндөй, бийликте эки жыл отургандан кийин "өнөрүн" баштады.
Көөп кеткен ажолорду 61дин ашын жеп жатканда эл шыпырып түштү.
Мен өз өлкөмдү жөнөкөйлөтүп айтканда, атасынын өмүр бою жыйган-терген байлыгын чачып, мурас калган жерин кескилеп сатып жаткан акылсыз баладай элестетем. Кайсы бир жомокто бир байдын эрке баласы атасы өлгөндөн кийин эркиндикке манчыркап каалагандай көөп жүрүп колундагы мыдырын тарттырып ийип, акырында өзү көчөдө калат эмеспи. Башкача айтканда, руханий жактан калыптанбаган адамдын келечеги болбойт. Тарыхты карап көрсөк, буга чейин жер үстүнөн жок болуп кеткен элдер экономикалык кыйынчылыктардан улам жок болгон эмес, өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн сактай албай калгандан улам улут же мамлекет катары жашоосун токтоткон.
Эдиреңдеген он тогуздагы Эркинбек
Эзелтен элди эл кылып турган анын маданияты, адабияты, моралдык-нравалык бийиктиктери эмеспи. Ички көрөңгөсү талкалануу жолунда бараткан эл түзгөн мамлекет да бара-бара жок болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жогоруда айтып өткөн эрке баладан айырмаланып, кыргыз элинин тарыхы, Манасы, моралдык-нравалык бийиктиктери бар эле… Азыр деле бар. Бирок тилекке каршы, буга чейинкисин тек коелу, эмнегедир эки тизгин, бир чылбырды өз колубузга алган эгемендик жылдары так ошол бизди улут катары, мамлекет катары сактап кала турган тирегибизди - руханий байлыгыбызды татыктуу баалай албадык. Ага кошул-ташыл болуп мамлекетти мамлекет катары сактай турган негизги структуралар да коррупциялашып, ашмалтайы чыгып, кадырын жоготуп, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай калды.
| "Кыргыз туусу", 27-август, 2010-ж. |
"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
"Пресс.kg" гезитинин башкы редактору Бакыт Сакыбаев мырзага,
Кыргыз тилинде чыгып жаткан башка гезиттердин редакторлоруна,
редакциялык жамааттарына
Урматтуу Бакыт мырза,
Урматтуу журналисттер,
Эзелтеден элибиз "ушак айтпа, ууру кылба, бирөөнүн акысын жебе, кыянаттык кылба, кайрымдуу бол" деген дөөлөттөрдү ыйык тутуп келген. Журттун уюткусу бузулбай, элибиз эл болуп сакталып келе жатканынын бирден бир негизи да улуттук нарктын сакталышы. "Нарк бузулса эл бузулат" дейт. Кыргыз эли эзелтеден сөзгө жогору маани берген, "сөз улук"деп, кандай шарт болсо да сөзгө конок берген. Менин жеке баамымда кыргыз тилиндеги гезиттердин көбөйүшү менен сөздүн
баасы, баркы көтөрүлмөк тургай, кайра төмөн түшүп кетти. Гезит беттеринде таамай, таасын айтылган ой, курч айтылган сынга караганда майда ушак, ачыктан-ачык эле каралоо, ойдон чыгарылган жалаа, карасанатайлык менен жасалып жаткан чагым көп болуп бара жаткандай сезилет. Силер сөз булагынын башатында турасыңар, Сөз маданиятынын абалы, анын туура же туура эмес калыптанышы силердин колуңарда. Ошондой эле силер өтө кубаттуу куралга ээсиңер. "Сөз өстүрөт, сөз өлтүрөт" - дейт.
Нурсултан НАЗАРБАЕВ:
"Дүйнөнү бардыгыбыз биргелешип коопсуз жана сонун кыла алабыз"
Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен быйылтан баштап дүйнөлүк коомчулук 29-августту - Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү деп белгилей баштайт. Бул маселени жогорку трибунага Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган. Казакстан тараптын демилге көтөрүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн өлкөнүн кийинки алтымыш бир жылдык тарыхы айгинелеп турат.
Атом бомбасын Нобель сыйлыгынын лауреаттары жасашкан
1942-жылдын августу. Советтер Союзу өз аймагына басып кирген гитлердик Германия менен аёосуз каршылашкан согушту жүргүзүп жаткан. Кимдин жеңип чыгарын алигиче болжомолдоо кыйын. СССРге тарапташ Америка Кошмо Штаттары көмөктөшүмүш болуп, фронтту тыштан көзөмөлдөп турат. Германия жеңсе, АКШга кол салбайт деген кепилдик жок. СССР жеңсе, дүйнөлүк геосаясатта ал басымдуулук жасашы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда - өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң - араба сынат болуп турган. АКШ баралына келип, жер бетине үстөмдүк кылууну эңсеп жаткан.
| "Учур", 26-август, 2010-ж. |
Адахан МАДУМАРОВ, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
"Курсагымды кармап көрөсүңбү?.."
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдон "Ыңгайсыз собол" рубрикасына интервью алганы барганбыз. Бул рубриканын тарыхында Мадумаров мырзадай болуп эч ким чычалаган эмес эле. Башка массалык маалымат каражаттарындагы кесиптештеримдин Адахан Мадумаровдон алган интервьюсун окуп, алар менен баарлашып жүрөм. Журналисттерге психологиялык өңүттө атака жасаганды жакшы көрөт. Өзүнүн тапандыгы менен журналисттерди сындырам деп ойлогону болсо керек. Ал интервьюнун биринчи суроосунан эле чычалап баштады...
- Рубриканын аты "Ыңгайсыз собол". Ошон үчүн суроолор бир аз ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн...
- "Учурдун" суроолору ыңгайлуу болмок беле? Эч кандай коркунуч жок, суроолоруңду бере бер...
- Сиз Каркыраны "мен эмес, Акаев саткан" дегендей айттыңыз... (Адахан мырза суроо аягына чыга электе эле так секирип сөздү бөлдү.)
Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси:
"Параметрлерим кыздар тийише тургандай эмес"
- Сиздин үйүңүздө ким кожоюн?
- "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, биздин үйдө демократия кожоюн. Коом үйбүлөдөн башталат эмеспи. Ал эми коомдо "демократиялык принциптер жакшы" деп биз даңазалап келебиз. Анын сыңарындай, үйбүлөдө дагы ушул принциптердин болгону туура. Бир адамдын диктатурасы болсо, анда жакшылык болбойт. Биз жубайым экөөбүз "ийри отуруп, түз кеңешебиз".
- Жубайыңыз менен кандайча таанышып калгансыз?
- 1997-жылы 8-март күнү таанышканбыз. Бир жерде конокто чогуу отуруп калганбыз. Анан көздөр көзгө кадалып, бири-бирибизди жактырып калып, кийин дагы жолугуп жүрдүк. Мамилебиз келишип, үйлөнүп алдык. Турмуштун арабасын чогуу кылдыратып атканыбызга 11 жыл болду. Кудайга шүгүр, балалуу-чакалуу болуп, бактылуу болуп жашап атабыз.
- Кимиңиздер көбүрөөк кызганасыздар?
- Кызгануу - бул табигый көрүнүш да. Экөөбүз тең кызганабыз. Кызганычтын такыр болбогону дагы жакшы эмес көрүнүш. Өзүнүн чеги менен кызганычтын болуп турганы жакшы.
- Айрым эркектер "аялдын шайтанын чыгарып туруу керек" деп, кол көтөрүшөт экен. Сизде да мындай учур болгонбу?
- Ачууга алдырып, кол менен эмес, сөз менен катуу чапкан учурлар болгон.
- Эркектер "жубайынын көзүнө чөп салбаган эркек болбойт" деп мактанышат экен. Чын эле ошондойбу?
- Коомдо ушундай кеп бар. Жалпы коомго ушул сөздү алып чыгып, "мен ала жипти аттайм" деп мактангандын өзү туура эмес. Себеби, өсүп келаткан муундарга туура эмес таасир тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн мен бул суроону жоопсуз калтырганым туура болот го...
| "Аргумент kg", 26-август, 2010-ж. |
Төрөбековду "төпөштөп", мүйүздүү болгусу келгендер
"Кеткен келин жаман", делип айтылып келет элибизде. Анын сыңарындай жашоодо таарынычтан же кемчиликтен улам аралары алыстаган адамдар эч убакта бири-бирине жакшы сөз айтышпасы белгилүү деңизчи. Башкаларды айтпаганда да, Ооганстанда өрт кечип, согушту көрүп келген инсандарыбыздын таарынычтан улам "чукумайга" өткөндөрүнө алгач түшүнбөгөн болчумун. Көрсө, булар деле пендечиликтен улам үчкө бөлүнүп, ар кимиси ар кандай иш жүргүзүп келе жаткандарына 15 жылга чукул убакыт болуптур. Алардын бири Ооган согушунун ардагерлер кеңеши. Булардын эмне себептен бөлүнүүгө баргандыгын сурасак, баягы эле бири-биринин ишенимдеринин акталбаганы башкы себеп болуптур. Анан калса, кезинде жалпы Ооганстан согушуна катышкандардын атынан түптөлгөн партиядан депутат болгондор кезегинде бир да курултай өткөрүп, отчет бергенге жарабаптыр. Аталган партияны башында азыркы ардагерлер кеңешиндегилер түзүп, саясий сабатсыздыктан улам алдырып жиберишкенин деле жашырышпайт. Анын кесепетинен ээлеп калган тарап менен соттошуу болуп, утулуп калышат.
"Ош" базары
"бардак" базарга айланды
Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин алдына борборубуздагы айтылуу "Ош базарынын" соодагерлери нааразычылык пикирлери менен чыгышты. "Бул жерде эмне ызы-чуу болуп жатат?" -деп баш баксак, алардын бир тарабы "Ош" базарынын кире беришиндеги арзандатып сатылууга (башаламан соодага) каршы болушса, бир тараптагылар ошол башаламан сооданы уюштургандар болуп чыгышты. Көрсө, "Ош базарына" кире бериштеги ортолукта соода кылгандарга нааразы болгон тараптын (мыйзамдуу соодагерлердин) айтымында, башаламан соода уюштургандар ушул жылдын 7-апрелинен соң, өз билди базардын ортолуктарына бепбекер жайгашып алышып, байма-бай соода кылып, "Берекет", "Кыял" сыяктуу башка мыйзамдуу базарлардын соодаларын жүргүзбөй жатышыптыр.
| "Айат", 26-август, 2010-ж. |
Кыргызстан социал-демократтары:
"Бөлүнгөндү бөрү жейт!!!"
24-августта Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын юбилейлик Х съездине, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 767 делегат катышты. Иш-чара өлкөнү сактап калуу, аны ичинен бөлүп-жарууга жол бербөө урааны астында өттү.
Партиянын жолбашчысы Алмазбек Атамбаев апрель революциясы үй-бүлөлүк, хандык башкарууга негизделген системаны кыйратып, Кыргызстандыктар көптөн зарлап күткөн жеңишке жетишкендигин белгиледи. Бирок, июндагы Түштүк каргашасы бул тарыхый жеңишке көлөкөсүн түшүргөнүн кошумчалады. Атамбаевдин ою боюнча, Кыргызстанды бөлүп-жаруу, акыры аны кыйратып жок кылуу үчүн бир катар күчтөр тымызын иштерди жүргүзүп жаткандай. Бирок "көк-жал, кылымдар бою азап-тозокторду жеңип келген Манастын тукумдары мамлекеттүүлүгүн сактап калат" деп санаалаштарына кайрат берди.
"Чөгөлөп жашаганча, чындык үчүн жаның бер"
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт. 7-апрелде чыркыраган чындык, ар намыс үчүн кыргыздын кырчындай уулдары жарык дүйнө менен кош айтышып, төшүн окко тосушту. "Жаздыкта өлгөн жаман ат, жоодо өлгөн салтанат" демекчи, бул маркумдардын ысымы түбөлүккө өчпөйт. Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш болуп, шейит кеткен баатырлар укугу тебеленип, азаттыкты эңсеген элге жарык нур көзүн ачты. Бирок, канчалаган үйбүлө боздоп, энелердин эмчеги зыркырап, сыздады. Ал тургай күн да ыйлап, көп үйбүлөнүн очогу бузулуп, коломтосу урады. Башына караан күн түшүп, жоготуунун кайгысын тартып, аза күтүп отургандардын убалы кимге? Адамга мал табылышы оңой, адам табылышы кыйын болгондуктан жоготкон адамдын ордун толуктоо колдон келбейт. "Элим, жерим" деп окко учкан маркумдун үйбүлөсүнүн азасын тең бөлүшүү үчүн сапар алып, канкор бийликтин алгачкы огу төшүнө кадалып, Ак үй алдында жан берген баатыр, "Учкун" жаңы конушунун тургуну Огомбаев Жылдызбектин үйүнүн босогосун аттап, жубайынын, бир тууган, коңшу-колоңдорунун оор үшкүрүп эстеген акыркы көз ирмемдердеги эскерүүлөрүнө күбө болдук. Ж.Огомбаев 1957-жылы Талас областынын Ак-Сай айылында туулган. Бир уул, эки кыздын атасы эле. Маркумдун сөөгү 9-апрелде Байтик айылына коюлган.
| "Пресс.kg", 26-август, 2010-ж. |
"Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат"
Баш сөз ордуна
Бир кезде Акаев заманы кетти, эми элдин кыйынчылыгын жон терисинен сезе билген бийлик келди деп, илгерки Кокон хандыгындагы бийлик алмашкандагы көрүнүштөй эле эл кудуңдап сүйүнгөн. Калк ишенип, мамлекет башына турган адам эки жылга жетпей, өз айланасына кайра эле баягы эски бийликтин жеп-ичкичтерин топтоду. Анан эле ортодо балакет басып, "Ак жол" деген партия чыга келди. Мунун башына өлкө башчысы Курманбек Бакиев өзү туруп, айлакерлик кылып, аял-эркек дебей, өлкөнүн баардык бурчунан партиянын мүчөлүгүнө адамдарды кабыл ала баштады. Мына ушул учурда партиялык тизме менен парламентке баш бакчу келечектеги депутаттар качса-качпаса да баары бир бийликтин камчысын чапкан шапалакчылар болоорун билип турушуп эле "Ак жол" менен бирге шайлоого аттангандан коркушкан да, уялышкан да жок. Ал эмес, ошол бийлик канча жылга чейин жашаарын да эске алышпаса керек.
Жамбыл Камчиев, куудул:
"Жүз кыз менен бир төшөктө болсом, анын бирөөсү гана кыз..."
- Адегенде эле алгачкы сүйүүңүз тууралуу кеп козгосок?
Балалыгым Ноокат районунун "44-завод" деп койчу азыркы "Жаңы Коргон" айылында өттү. 8-класска чейин өзүмдүн айылымда, калганын коңшу айылга барып окудум. 10-класста бир кызга кат жаздым. Кат жазбай деле мындай сүйлөшсөм деле болмок экен. Жөн гана бизде сүйлөшкөндүн шарты жок да. Ал кызды көндүрүүдө туура кадамдарга барыш керек экен, ал кезде менде тажрыйба жок болгондугуна байланыштуу анын дос кызынынан отказ кылган кат жообу келди. Ошону менен ага настроениям түшүп калды. Ошентип, ал эстен чыкты дегендей... Аскерге кеткичекти ар кайсы жерлерде иштеп жүрүп, аскерге Россия шаарында болуп калдым. Волгаград шаарына алты айлап командировкалап барып калчу элем. Ошол кезде Люба деген 9-класста окуган орус кыз менен сүйлөшүп, сүйүшүп жүрдүм. Аны алыш үчүн Россияда калыш керек болуп калат. Биякка келбейт да. Ал кыз болбой калды.
- Сиз элге таанымал боло баштаганда кыздар көп жабыша баштаса керек?
| "Аалам", 26-август, 2010-ж. |
Аңчылык сезону
Кийинки кезде Белоруссиянын "президент-марафончусу" А.Лукашенконун куюшканы кыйшаңдай баштаганы байкалат. Москва менен Минскинин мамилеси мурда болуп көрбөгөндөй катуу бузулуп кеткени--факт. Эми эки бир туугандын алака-катышы кайра оңолуп, абалкы калыбына келиши кыйын болуп калганын эксперттердин басымдуу көпчүлүгү белгилеп жатышат. Европанын акыркы диктаторунун 16 жыл Белоруссияны чарк имерип, башкаруусу аяктап, батьянын доору бүтүшү мүмкүн. "Эң жакынкы коңшусуна Россиянын жылдызы тескери айланып калды, Белоруссияда башталган президенттик шайлоо жарышына Россия эки эселенген энергия менен кийгилише башташы", "А.Лукашенко үчүн өтө кооптуу көрүнүш" деп жазат Беньямин Биддер SPIEGEL ONLINE басылмасында. Ошентип, Россиянын А.Лукашенкого каршы аңчылык сезонун жарыялаганын чоң күмөн-күдүк жаратпай калды десе болот.
Касымбек Мамбетов
КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары:
"Сүйгөн кесибим жашоомдун мааниси болуп калды"
- Касымбек Бейшенбекович, бийик кызматка келээриңиз менен ысымыңыз коомчулукка маалымат каражаттарындагы өйдө - ылдый кептер аркылуу таанылды. Өзүңүз тууралуу кененирээк айтып бериңизчи?
- Менин таржымалым ар бир советтик адамдыкындай эле жөнөкөй. 1954 -жылы Чүй областынын Аламүдүн районундагы Аларча айылында туул-гам. Мектепти аяктаган соң, КММИге кирип, 1977- жылы "дарыгер-дарылоочу" кесиби боюнча бүтүрдүм. Институтту аяктагандан кийин Ош шаардык Борбордук ооруканасында терапия жаатында дарыгер болуп иштедим. 1978- жылы алыс-кы Сүлүктү шаарына жиберишти. Ал жерде 14 жыл иштедим. Жөнөкөй дарыгерден шаардык башкы дарыгерге чейин кызмат кылдым.
Саламаттык сактоо министрлигине дарылоо-профилдик башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп 38 жашымда келдим. 46 жашымда милдеттүү медициналык камсыздоо Фондун башкардым, кайра Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек аймактык ММК Фондунун башкармалыгы, кайра Саламаттык сактоо министрлигине барып, кызматым ушул айлампада айлана берди.
| "Леди kg", 24-август, 2010-ж. |
Зульфия:
"Бошонсом Уланды издеп табам,
бирок, түрмөгө камалганым
тууралуу айтпайм"
Бирөөнүн асыл жары, бирөөнүн мээримдүү энеси, бирөөнүн наздуу кызы болуу кандай бакыт? Биздин бүгүнкү каарманыбыз эне мээримине зар болуп өскөнү аз келгенсип, аялдык бакытын да тапкан жок, тогуз ай көтөрүп, омуртка сыздата төрөгөн өз кызына да ээ боло албады... Көрсө, тагдыр аны али калчап бүтө элек экен. Темир тор артына келгенде жогорудагы бактысыздыктарынын баары биригип келип да түккө арзыбай калды. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган күлгүн жаштыгын Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө өткөрүп жаткан 20 жаштагы Зульфиянын тагдырына сиз дагы ортоктош болуңуз.
- Зульфия, бул жагымсыз жайга сени кандай тагдыр айдап келди? Өзүң жаш, татынакай кыз экенсиң...
- Мен бул жерге хулиганчылык менен түшкөм. А негизги себеби - ичкилик.
- Эмне, иччү белең?
Роза Акназарова:
"Ар бир адам өзүнүн "чатырына" ээ болуш керек"
Кыргыздын көрүнүктүү кыздарынын бири, көп жылдардан бери белдүү кызматтарда иштеп, Кыргызстандын экономика тармагына өз салымын кошуп келген айым Роза Акназарова өзүнүн "Эл ынтымагы" партиясы менен бирге ири партиялардын бирине кошулду.
Акназарова
Роза Корчубековна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор. Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Анын илимий эмгектери биздин өлкөдө гана эмес, көптөгөн чет мамлекеттерде да кеңири таанылган. Илимий-изилдөө эмгектери негизинен агрардык экономика, эмгек мамилелери, агрардык секторду каржылоо маселелерине арналган. Роза Корчубековна Улуттук банкта бөлүм башчы, андан соң банктардын карыздарын реорганизация жана реструктуризациялоо боюнча агенттиктин директору болгон. Кыргызстанда алгачкы жолу "Төлөө балансын" иштеп чыгып, пайдаланууга киргизгендиги жана акча-кредит саясатын жөнгө салуу жолдорун иштеп чыккандыгы үчүн "Эмгеги сиңген экономист"
| "Адилет press", 19-август, 2010-ж. |
Мара алдындагы түз тилке
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 10-октябрга дайындалган жалпы элдик плебисцитке катышып, күчүн сынап көрүү ниетин 57 партия билдирди.
57 партиянын ар биринин экиден өкүлдөрү катталды деп билдирилет. Эгер, азыркы күнү юстиция министирлигинен каттоодон өткөн партиялардын саны 148 ке чаап барганын эске ала турган болсок, шайлоого катышабыз деп бел байлап акактагандардын саны көп деп да, аз деп да айтууга болбойт. Баарыбызга белгилүү, 148 партиянын көбүнүн аты болгон менен заты жок. Бир далайы парламенттик шайлоонун алдында чампаланып түзүлө калгандар же чала өлүк болуп жаткандарды кайра тирилтип, мал кылып алгандар. (Мисалы, Өмүрбек Бабанов деген бизнесмен "Эл-талабы" деген инкубацияда жаткан партияны кайрадан каттоодон өткөрүп, "Республика" деп атап, реанимациялап албадыбы. Эмнеси бар экен, азыр партия түзөм деп убара болуунун кереги деле жок. Партиялык курулуш менен алпурушуунун кажети болбой
Стамгүл Турдалиева, ырчы:
"Ата- Мекен" партиясына ырдай тургандар Ассолдун элегинен өтүшү керек экен"
- Стамгүл, 7-апрелдеги толкундоолордо эл менен бирге жүргөндөрдүн бирисиз. Азыркы өзгөрүүлөргө кандай баа берип жатасыз?
- 7-апрелден кийин ар кайсы көзү ачыктар ушундай болоорун мурда эле билгенбиз деп айтып жатышпайбы. Мен дагы ошого чейин түшүмдө көп жолу согушту көргөм. Бирок түшкө ар нерсе кире берет деп элес албай коет экенбиз.
Ошол күндөр чынында кыйын болду. Чыгармачыл адамдар жумшак келебиз, оор нерсени башкаларга караганда оорураак кабыл алат экенбиз. Ошол күндөрү жаштардын ок жеп көз жумуп жаткандарын, жан бергендерди көрүп калдым. Биринин ичи-карды чыгып жатса, биринин оозу- мурдунан кан атып жатты. Ошолор көпкө чейин эсимден, түшүмдөн кетпей жүрдү, уйкум бузулуп, эстеген сайын ыйлап жаттым. Аны көргүсү келген адамдар дисктерди алып жатканын көрөм. Мен аны өз көзүм менен көрдүм. Мындайды көргөндө киши келечекти пландай албай, күнүмдүк жашоо менен гана жашап калат экен. Ыр жазгым келип жатты.
- Сизден башка ал жерде ырчы көрүнбөдү окшойт...Сиз алардан айырмаланып, саясий турмушка жакын экенсиз...
| "Акыйкатчы (Омбудсмен)", 2010-ж. |
Ош окуяларынын себебин 1990-жылдан издөө керек
Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар кыргызстандыктардын жүрөгүнүн үшүн алды. Алар өлкө үчүн оор жараат болуп, коомдук туруктуулукка жана адамдардын жай турмушуна чоң зыян алып келди. Күнөөсүз шейит кеткендер жана жабыркагандардын болгону өзгөчө оор. Көптөгөн адамдар баш паанегинен жана өмүр бою маңдай тери эмгеги менен тапкан байлыгынан ажырап калышты.
Мындай кырдаалда өлкөнүн тагдырына кайдигер карабаган адамдардын баарысы кантип мындай окуя болуп кетти, чыр-чатактын чыгып кетишине эмне себеп болду, мындай окуя кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деген суроолорго жооп издеп келишет.
Мен, өлкөнүн Омбудсмени катары, болуп өткөн кайгылуу окуяларга өзүмдүн алдын ала баамды айтуумду зарыл деп эсептейм. Менин терең ынанымымда бул окуянын тамырын тээ 1990-жылдан издөө керек. Анда кыргыз жана өзбек лидерлеринин күнөөсү боюнча кан төгүлүп, улуттар аралык жаңжал болгон эле. Конкреттүү күнөөлүүлөр болгон, бирок эч кимиси жазаланган эмес. Ал окуяларга саясый баа да берилген эмес. Чыр-чатактын көптөгөн себептери жоюлган эмес. Биз "элдердин достугу" деген коммунисттик ураанды чакырууну улантып, улуттар аралык мамилелерде олуттуу карама-каршылыктарды жойгон жокпуз.
Турсунбек Акун о проблемах на кыргызско-китайской границе
Омбудсмен страны Турсунбек Акун во время поездки с кыргызской делегацией в Китайскую Народную Республику, которая продолжалась с 8 июля по 12 июля 2010 года,с целью встречи со знаменитым манасчы Жусуп Мамаем попутно провел мониторинг соблюдения прав кыргызских водителей-дальнебойщиков, осуществляющих перевозку товаров народного потребления через кыргызско-китайскую границу.
По словам водителей-дальнебойщиков, согласно договоренности двух соседних стран, стороны должны пропускать водителей-дальнебойщиков до 1000 км в глубь страны. В свою очередь наше государство, выполняя условия вышеназванного соглашения, водителей из КНР пропускают вглубь от границы до 1000км, т.е. они имеют возможность свободно добираться до г.Бишкек и далее до Оша и.т.д.
| "Асман пресс", 5-август 2010-ж. |
Аскар Салымбеков, коомдук ишмер:
"Депутат болгум келбейт"
Учурда абройлуу, акчалуу адамдарга ар кайсы партиялардан сунуш түшүп, баардыгы шымаланып шайлоого аттанып жаткан кез. Эмнегедир Аскар мырзанын дайыны чыкпай калды деп эл ичинде күбүр-шыбыр көп. Биз бул мырзаны редакцияга конокко чакырып, азыноолак маек курдук.
- Аскар мырза, шайлоого билек түрүнүп, партиялык жарыш болуп жаткан учур. Эмнегедир сиз унчукпайсыз да?
- Эми баарыбыз эле саясатташып кетсек болбойт го. Азыр бизнеске жаңы шарттар ачылып атат. Жаңы президентибиз, өкмөтүбүз ишкерлерге көңүл буралы, ишкерлер аркылуу өлкөбүздүн экономикасын бекемдейли, көтөрөлү деген ой-пикирлерин айтып атат. Мен аларга толугу менен кошулам. Бүткүл дүйнөнүн тажрыйбасында базар экономикасы болуп жаткандан кийин жеке ишкерлерге шарттарды түзүп беришибиз керек. Гүлдөгөн өлкөлөрдүн баардыгы мына ушундай жол менен өнүккөн. Мен бир жолу Москвага делегаттар менен барганда Лушков айтты эле, "Москваны гүлдөткөн ишкерлер болду, ишкерлердин психологиясы чиновниктикинен башкача болот экен" деп. Көрсө чиновниктер саат тогуздан бешке чейин иштейт, ошонун ортосунда кофе ичишип, өздөрүнүн жумуштарын бүтүрүшүп, ойлонгондо жумуштун теңин гана ойлонот экен. Ал эми ишкерлер 24 саат бою бизнесимди өнүктүрөм, жумуш орундарын ачам, казынага акча төлөйм деп ойлонуп жүрөт. Өзү да жакшы жашоого умтулат. Анан ар бир эле адамдын психологиясы бир жерге токтоп калгандан алыс. Дагы жогоруласам дейт. Кээ бири байлыктын аркасынан түшүп алышат. Кээ бири өзү да жыргап, элге да жардамдашып, мамлекетке да көмөктөшөт. Мен эми ушу саясатка пауза берип, андан оолак болууну чечтим. Андан көрө экономикага салым кошсом дейм.
Динара Ошуракунова, Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жетекчиси:
"Конституцияда декрет деген сөз жок"
- Кыргызстандын бүгүнкү учурдагы абалы кандай? Дегеним, биз мыйзам талаасында жашап атабызбы?
- Албетте, юридикалык жагынан мыйзам талаасында жашап жатабыз. Анткени 27-июнда биз атайын референдумга катышып, бүткүл Кыргызстандын эли шайлоодо жаңы Конституцияны колдоп, өздөрүнүн добуштарын беришти. Ушундан кийин ойлойм чындап укук талаасына кирдик деп. Экинчи суроо, ошол укук талаага киргенден кийин биз жүз пайызга алмашып кеттикпи деген маселе. Тилекке каршы, биз алмаша элекпиз. Анткени, көбүндө эле баягы эски кадрлар, мурдагы эски система иштеп атат. Жаңы системага келе элекпиз. Мунун баарын биз алмаштырганга көп убакыт керек. Ошондуктан баарыбыз мыйзамды сыйлап, бийлик биринчилерден болуп мыйзамды сыйлаганын көргөзүшсө, анда биз укук талаасына толугу менен киребиз.
- Баягы эле эски кадр деп калдыңыз. Сиздин оюңузча кадрларды кайдан алыш керек?
| "Эл сөзү", 3-август, 2010-ж. |
Кыргызстан наркокоридор болуп калган
- ОБСЕнин полициялык тобун түштүккө киргизүү тууралуу сөз жүрүп атат. ОБСЕ полицияларын киргизүү турабы?
- Бул ОБСЕден полицияларды киргизебиз деген маселе эларалык коомчулуктун ортосунда Кыргызстан жөнүндө ар кандай ойлор болуп кетти да. Суранычтын башы башкача мааниде болгон. Кыргыздын күч коргонуу органдары туура эмес мамиле жасап атат дешип, эларалык полициялар кирсин деген сунуштар болгон.Бирок, азыркы келе турган полициялар менен ал суранычтардын ортосунда айырмасы бар.
- Кандай айырма?
- Булар өлкөдө конфликттер чыгып кетсе, алардын ортосуна түшпөйт. Булар биздин милицияга кеңешчилик жардам берет. Конфликт боюнча мониторинг жүргүзүп, тренинг өткөрөт. Конфликттерди кандай кылып жоюш керек. Конфликт болуп өттү. Конфликт бүткөндөн кийин кайрадан чыгып кетпеш үчүн кандай аракеттерди жасаш керек. Жетишилген, тынчытылган акыбалды кантип сактап калыш керек.Бул боюнча батыштын полицияларынын тажрыйбасы чоң. Биздин милицияда, Советтик түзүлүштөн өз алдынча мамлекеттерде бул боюнча тажрыйба аз, жокко эсе. Ошон үчүн булардын тажрыйбасы бизге керек. Бирок, мунун укуктук негизин караш керек. Биз, албетте ОБСЕге мүчөбүз, бирок, ОБСЕнин полициялык күчтөрү кайсы келишимдин негизинде кирет деген маселе чыгат.
Карабалта крим каармандары?..
Карабалта шаарынын көмүскө кожоюну, криминалдык дүйнөдө "Бокуш" аттуу жарлыгы бар, "Вор в законе" Камчы Көлбаевдин Чүйдүн батышына койгон өкүлү делген Алмаз Бокушевге байланышкан окуя коом ичинде кызуу талкууга алынып жаткандыктан, биз эки тараптын оюн гезитибиздин бетине жарыялоону туура таптык . Тилекке каршы, Алмаз Бокушев тарап менен байланыша алган жокпуз. Ошентсе да, Кара-Балтада кандайча "беспредел" болгондугу жөнүндө ГУУР жана ИИМдин басма сөз кызматы ушул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен жолугушуу уюштурду. Тергөөчү ГУУРдун башчысынын уруксаты менен бизге интервью берип, маек учурунда өзүнүн аты-жөнүн атагандан баш тартты.
- Кара-Балта шаарына кандайча барып калдыңыздар?
- Ушу жылдын 6 - июлунда тергөө башкармалыгына бир жеке ишкерди кылмышкерлер Бишкектин сыртына алып чыгып, денесине жаракат келтирип, болжолу миллион доллар талап кылгандыгы тууралу маалымат түшкөн. Кылмышкерлер бизнесмендин жеке буюмдарын, машинасын тартып алып, эртеси акчаны алып келишине мөөнөт коюшуптур. Эртеси эле атайын ыкчам аракет жасалды. 3 адам кылмыш кодексинин адам уурдоо, эркинен ажыратуу, каракчылык, опузалап акча талап кылуу, бирөөнүн автотранспортун зордуктап тартып алуу деген беренелер менен айыпталды. Ушундай беренелердин негизде 2 кылмышкер кармалып, СИЗОго киргизилди. Бирөөсү качып кетти. Кармалган кылмышкерлер шеригинин атын, дарегин айткан. Кийин Карабалта шаарынын оперлеринен шектүү кылмышкер эки үйдө жашынып жүрөт деген маалымат түштү.
| "Асман kg", 8-июль, 2010-ж. |
Аскар Акаев не верит в парламентскую демократию в Кыргызстане
Несмотря на то, что на недавнем референдуме граждане высказались именно за смену политической модели, экс-президент Киргизии Аскар Акаев не верит в рецепт парламентской демократии для потрясенной кризисом страны. В интервью изданию SPIEGEL ONLINE он критикует политику Соединенных Штатов, преследующих собственные интересы, а также президента - Розу Отунбаеву.
"Америка уничтожила корни демократии"
- По итогам недавнего референдума Киргизии предстоит строить парламентскую демократию западного образца. Будет ли она работать в регионе, в котором правят сплошь сильные политики?
- Парламентская демократия работает там, где хорошо функционирует экономика, где политики прислушиваются к народу и готовы к компромиссам. Элита на постсоветском пространстве пока от этого далека. Почти во всех бывших республиках СССР президентская демократия.
- И кое-где диктатура.
- Киргизии нужна не диктатура, а сильный президент, способный принимать эффективные решения, которые позволят не допустить распада. Но необходимо и разделение властей: сильный парламент, оппозиция, критически настроенная пресса. Когда в 1990-2005 годах я правил страной, на Западе по праву говорили об островке демократии.
Муратаалы Жумановдун акыркы маеги
- Муратаалы ажы, сиз менен бүгүн дин темасынан алысыраак, өзүңүз туурасында, кандайча дин тармагына келип калгандыгыңыз, үй-бүлөңүз туурасында маек курсакпы дедик эле. Ар бир эле адам баласы үчүн анын балалыгы унутулбай турган нерсе эмеспи. Кеп нугун ушундан баштасак. Бала чагыңыз кайсыл айылдан өттү эле, динге кандайча келип калдыңыз?
- Бисмиллахир рахмаанир рахиим.
Мен 1973-жылы 20-майда Ноокат районундагы Ынтымак деген айылда төрөлгөм. Көп бир тууганмын, башкача айтканда, ата-энем 11 балалуу болуптур. Анын 7си кыз, төртөө уул. Мен жетинчисимин. Кудайга шүгүр, азыр ата-апам, бир туугандарым бар. Атам Жуманов Шарап, апам Жуманова Ташкан, Баатыр эне. Өзүм төрөлүп-өскөн айылымдагы эле Кулатов атындагы орто мектепти бүтүргөм.
Сиздер сурагандай дин жолуна, дин илимине 1989-1990-жылдары, тагыраагы 11-классты бүтүп жатканда ниет, аракет кылып, өзүбүздүн айылдагы Нурбай аттуу молдо тагамдын колунда окуп, бирге жүрүп, ошону менен динге кызыгып калдым. Башкача айтканда, эң биринчи ислам дининин алиппесин ошол кишиден үйрөнгөм десем болот. Кийин Кызыл-Кыя шаарында азирети Усман атындагы медреседе окудум. Ошол эле жерде иштеп,1992-жылдан 1997-жылга чейин Кызыл-Кыяда имамдын орун басары, кийин имам болуп иштедим. Эң алгачкы, олуттуу динге болгон кызмат ошол медреседен башталган. 1997-жылдан 1999-жылга чейин Ош областында казынын орун басары, анан Бишкекке, ушул диний башкармалыкка жооптуу катчы болуп келип, 2001-жылы муфтийдин биринчи орун басары, 2002-жылы 10-августта муфтий болуп шайланганмын. Бул негизги диний багыт.
| "Нур Эл", 24-июнь, 2010-ж. |
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
Бүгүнкү күнү Кыргызстандын эле эмес, дүйнө коомчулугу да түштүк жергебизде болгон кыргыз менен өзбек кагылышуусун талкуулап, бирок чыныгы себептерин билише элек. Бирок, бул эки элдин ортосуна от жаккандар Бакиевдер экендигине төмөнкү далилдерди окуган адам оңой эле ишенет.
Айтайын дегенибиз, Жаныш Бакиев Тажикстандын Тоолу Бадахшан облусунда жатып алып, коңшу өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук кызматынын генералынын жардамы менен эки улуттун ортосундагы чыңалып турган абалды оңой эле курчутуп жиберген. Себеби, Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарыны айтымында, канчалык эки улут бири-бирин жек көрүп турганда да, мынчалык мыкаачылыкка (энелерди, он гүлүнүн бири ачыла элек балдарды өлтүрүүгө) барышмак эмес.
Бүгүнкү күнү, түштүктөгү чатакка Тажикстандын генералы Абдулло Назаровдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги ачыкка чыгууда. Тактап айтсак, Ош жергесинде кыргыз-өзбек дебей аларды автоматтын огу менен кырып, көрүнгөн жерде жашынып, снайперлер менен терип аткан тажик улутундагы бир топ жалданма канкорлор кармалып, сурак беришүүдө. Биз мында тажик боордошторубуздун атына көө сыйпоодон алыспыз, бир гана жогорудагы генералдын былык кылыктарынын жүзүн окурмандарга ачып берүүнү туура көрүп олтурабыз. Жаман улут болбойт, жаман адам болот дегендей, кары-жаш, бала-аял дебей, четинен кырууга жөндөмдүү жалданма канкорлорду табуу да катардагы адамдын колунан келе берчү иш эмес.
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
23-июнда Ош шаарында күч органдары жүргүзгөн тинтүү операциясы учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өзбектердин маданий борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдиновго таандык "Ошкрастекст" ишканасынын кеңсесинен курал-жарак, ок-дарылар табылды. Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов "Азаттыкка" бул факты боюнча учурда тергөө амалдары башталып, иликтенип жатканын билдирди.
Республикалык өзбек маданий борборунун төрагасы Жалалиддин Салахутдинов курал-жарак табылган "ОшКрастекс" ишканасы анын өзүнө таандык экенин ырастап, бирок анын кеңсесине ок-дарыларды жана түрдүү курал-жактарды күч органдары атайылап таштап, чагым уюштуруп жатат деп "Азаттыккка" билдирди.
Эки күндөн бери Ош жана Жалал-Абад облустарында күч органдары шектүү жайларды текшерүү, тинтүү операциясын жүргүзүүдө. Бир күн мурда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы текшерүүнүн натыйжасында жыйырма чакты көзгө атар кармалганын, ошондой эле курал-жарактар, жардыргыч заттар, маңзаттар табылып жатканын билдирген. Оштун өзүнөн жардыргыч салынган 42 идиш табылган, ошондой эле жардыргыч заттары бар эки машина менен беш киши кармалган. Алар теракт жасоого аракет кылган деп шектелүүдө. Ош шаарында бүгүн жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө шектүү жайлардан 19 атуучу курал, башына мыктар кагылган таяктар, ок-дарылар алынды.
| "Эркин макала", июнь, 2010-ж. |
Лучший Президент
Алексей Рощин

Конечно, лучшее, что было у Киргизии - это Аскар Акаев. Потрясающий лидер! Главное, что он был в постсоветском Кыргызстане не только по-европейски образованным человеком, настоящим, а не "проплаченным" доктором наук, одним из первых советских программистов, автором изданной в Ленинграде монографии "Когерентные оптические вычислительные машины" (1977); он при этом очень удачно оказался и представителем весьма знатного у киргизов рода сарыбагыш, по сути - кем-то вроде потомка древних вождей. Это обстоятельство ему тоже очень помогло, когда надо было утверждать и поддерживать свою власть на протяжении "безумных 90-х".
Самое удивительное, что Киргизия при Акаеве действительно была демократической страной. Конечно, поверхностно, по-азиатски, непоследовательно - но это были небо и земля в сравнении с тем, что творилось у соседей - в Узбекистане, Туркмении и особенно Таджикистане. В Киргизии при Акаеве были реальные конкурентные выборы, практически полное отсутствие государственных репрессий, независимая пресса (!). Кое в чем киргизские реформы превзошли и наши российские: так, Акаев сумел провести реальную земельную реформу. Не как в России, где до сих пор непонятки с "земельными паями", и большая часть населения чувствует себя обманутой в отношении земли; нет, в Киргизии людям - точнее, семьям! - раздали не бумажки, а РЕАЛЬНЫЕ сотки и гектары. Без обиженных, конечно, не обошлось - земля везде разного качества, но факт тот, что у КАЖДОЙ семьи появились свои земельные наделы на правах настоящей частной собственности.
| "Zaman Кыргызстан", 18-июнь, 2010-ж. |
Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы
окуяларды кантип чагылдырууда?
Төрөкул Дооров Азаттык
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар соңку күндөрү дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы тема катары чагылдырылууда. Анткен менен айрым учурларда окуяны үстүртөн гана стереотипдүү маанайда чагылдырып жатышат.
Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.
"Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык".
Ош окуялары кантип башталды?
Нуржигит Кадырбеков Ош шаары
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Азыр бул окуяларды ким жана эмне үчүн баштады деп баш ооруткандар, сереп кылгандар көп. Бирок, бул өңүттөгү билдирүүлөрдү өтө абайлоо жана кылдаттык менен жасабаса, негизсиз, эмоциянын жетегиндеги божомолдор карама-каршылыктарды кайра ырбатып жибериши толук мүмкүн. Менин көз карашымда, Ош жана Жалал-Абад окуяларынын пайда болушуна айрым жеке адамдардын, өлкөдөгү саясий кырдаалдын жана эл аралык айрым факторлордун таасирлери тийди.
Ушул жылдын май айынын башынан тарта Ош шаарынын Фурхат, Он-Адыр сыяктуу жерлеринде эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда майда кагылышуулар болгон. Жергиликтүү аксакалдардын, бийликтин, коомдук ишмерлердин, жамааттардын аракети менен ал кагылышуулар токтотулуп, улут аралык чыр-чатактын чыгышына жол берилбеген. Айрым кызуу кандууларды эсепке албаганда урушуп-талашууга жергиликтүү кыргыздар деле, өзбектер деле кызыкдар болгон эмес. Анткени, ар бири бейпил турмушта жашагысы келет. Соодалары, ишкердиктери, менчик ишкана-дүкөндөрү, үй-мүлк, мал-жандыктары, эң башкысы Кудай берген өмүрлөрү корголбой калуу коркунучу эч кимге керек эмес.
| "Ислам маданияты", 30-май 2010-ж. |
Кудайдын Сөзүн өз кызыкчылыгынан жогору коё алган адам гана Муфтий боло алат
Ниязали Арипов
Ата-бабаларыбыздын дуба тилектери кабыл болуп, Кыргызстаныбыз 1991-жылы эгемендүү республика катары дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан татыктуу ордун алды. Анын шарапатында дин эркиндиги колубузга тийип, мусулмандар намаз окууга, дуба кылууга кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Жаш муундарга дин тарбиясын берүүгө, үгүт-насыят иштерин кең-кесири жасоого мүмкүнчүлүк алганыбызга Аллах Таалага шүгүр айтуубуз лаазым. Мээрими чексиз Аллах Таала Өзүнүн ыйык сөзүндө "Эгерде бергениме шүгүр кылсаңар жакшылыгымды арттырам…" (Ибрахим сүрөсү, 7-аят) деген.
Андыктан Ислам дини дегенде ыйыктыкты, аруулукту түшүнгөн, молдо дегенде ыймандуулукту, адилдиктин даанакерлигин көрө билген мусулман калкыбыздын ишенимин канчалык деңгелде актай алдык деген суроонун айланасында ойлонуу убактысы келди. Дин чөйрөсүнө тийешеси бар жана таасир көрсөтүүгө чакырылган адамдар эмне менен алек болуп жатабыз? Эртең Улуу Жараткан алдында кандай жана кайсы иштерибиз менен эсеп беребиз?
Мыктыбек Арстанбек:
"Элди башкарам деп атасыңар, жок дегенде элдин динин үйрөнүп койбойсуңарбы"
- Мыктыбек байке, азыр конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатат, эң негизги дин эркиндиги боюнча мамлекет динден сырткары, башкача айтканда, "светтик" деп айтылып жатат. Бул мусулмандардын арасында канчалык деңгээлде нааразычылык жаратат? Муну жаңы долбоорго киргизиш керекпи же жокпу?
- Бул биринчиден, "светтик" деген сөз менен, бул сөздү алып коюу менен мамлекет диний болуп кетпейт, демократиялык деген сөздүн өзү мамлекет динден тышкары дегенди билдирет. Эми мейли бизге ушундай тарыхый бир сыноо болуптур, биз ушуларга баш ийет экенбиз. Эми ушундай демократиялык мамлекет кургандан кийин кайра светтик деген сөздү бурмалашып жатат, биз кайра дагы динсизбиз деп жатат. Динсиздик - каапырдык. Мейли 99 жолу жазып алсын. Мен эмне үчүн динсиз деген сөзгө каршымын. Себеп дегенде булардын бул сөздү киргизүүдөгү максаты мусулмандарды укугун тебелөө. Ноокат окуясында мамлекеттик түзүлүштү оодарууга аракет кылды, светтик мамлекеттик деген нерсе менен отуздай баланы 23-27 жылга камады. Ар бир мусулмандын тырмагына чейин зыркырады.
| "Эл сөзү", 25-май, 2010-ж. |
Эмикисин эл кечирбейт
Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында дагы бир жолу элдик ынкылап болду. Болгондо дагы бул жолкусунда жүздөгөн жарандарыбыздын каны менен азабына забын болгон ынкылап деп айтабыз. Аттиң ушундай окуя болбосо болмок, болгондон кийин оңолсо болмок. Алгач СССРдин кыйрашы менен Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи катчылар эле аттарын өзгөртүп, Ажо деген статуска ээ болушту. Биздин Кыргыз өлкөсүндө андай кадамга жол бербей ачкачылык акциясы менен ошол кездеги биринчи катчы А. Масалиевди айдап, А. Акаевди Ажо кылып, уу дуу болдук. А. Акаевдин келээри менен мен Кыргызстанды экинчи Швейцария кылам деп дүңкүлдөгөнү али күнчө элибиздин эсинен кете элек.
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
жэ
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?
Айтор, баш айланат. Борбордун көчөлөрүн араласаң бири-бирине кызыраңдаган, бирин-бири шектүү караган эл.Тукулжураган экономика. Баягы эле КТР. Бир кадр экинчи кадр менен алмашкандай. Жаңы демагогдор эски демагогдордун ордун баскандай. Ак үй болсо муздак, күмбөзгө окшоп күңгүрт. Бери жагында 86 баланы жоктоп көпчүлүк ыйлап турат.
Баарынан да кызыгы, баягы эле болтовня. Баягы эле куру убадалар. Кыйратабыз, эч кимди жолотпойбуз, коррупцияны жоебуз, обу жоктордун оозун Ошту каратабыз дегендер. Башкача айтканда, кудум эле 2005-жылдын дал ушул маалы. Накта "ксерокопиясы". Ошондо да кудум ушундай сөздөр айтылган. Баарын ордуна келтиребиз, аз гана убакыт берсеңер, баарыңарды жыргатабыз дешкен. Атайын план менен иштеген сыяктуу, Бакиев тобу мурунку замандын жалаң жаман жагын узартып, жакшы жагын унутуп, жаманын андан ары күчөтүп, үй-бүлө бийлиги мындай турсун, нака Кокон хандыгын орнотушкан.
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"
Кыргызстандын убактылуу жетекчилери 2-3 партия үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек.
-
Аликбек мырза, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалга жана убактылуу өкмөттүн бүгүнкү жасап жаткан иштери сизди канааттандырабы? Анткени, калк арасындагы нааразычылык күндөн-күнгө көбөйүүдө.
- Чындыгында кырдаал тынч деп айтууга эртерээк кылат. Баш-аламандык көп, коомдо нааразы болгон адамдардын калың катмары пайда болду. Мунун башкы себебтеринин бири - кадр маселелери. Шашып дайындап жиберишип, алардын профессионалдык денгээли, тазалыгы эске алынбай калууда. Ал аз келгенсип, эртен менен бирөө, түштө экинчиси, кечинде башкасы болуп, бир күндө 3 жетекчи алмашууда. Убактылуу өкмөттүн экинчи чон катачылыгы - экономикалык абалды көзөмөлдөй албай жаткандыгы. Мына, чек аралар жабык. Солярка кымбаттап, жазгы талаа иштери үзгүлтүккө учуроодо. Эртен бензиндин баасы жогорулашы мүмкүн.
| "Эл сөзү", 27-апрель, 2010-ж. |
Иса Өмүркулов,
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:
"Жер баскандардын көбү -өзүнчө мафия"
-
Иса Шейшенкулович, маегибизди абдан көйгөйлүү маселеге айланган жер басып алуу маселесинен баштасак. Ушул маселенин күңгөй-тескейине кененирээк токтолсоңуз?
- 7-апрелде элдин эркиндиги үчүн курман болушкан баатырларыбыздын сөөгү жерге жашырыла электе, алардын туугандарынын, жалпы элдин ыйы басыла электе биздин айрым жарандарыбыз атайы уюшкандык менен өздөрүнчө топ түзүп алышып, башка миңдеген адамдарды үндөшүп, алардын көбүн каржылап, шаардын ар кайсы тарабында жер басып алуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүштү. Негизинен, бул такыр туура эмес, өзүн жана элди, Мекенди сыйлабастыкка жатат. Себеби курман болгон 100гө чукул жаштарыбыз өз жандарын ушулар жер басып алып, мамлекетибизде баш аламандык уюштурсун деп беришкен эмес.
"Көкжал Жылдызды касиеттүү
Докемдин асыл арбагы колдойт"
Жылдыз Мусабекова деген ысым, кыргыз журналистикасына өзгөчө чыйыр жол салган айымдардын бири экени жалпыга жакшы маалым. Жылдыз эжебиз, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип, оппозициялык маанайдагы журналисттердин алдыңкы сабында болуп келди. Акыркы жылдары "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринде үзүрлүү эмгектенип, Бакиевдик режимдин кулатылышына курч макалары менен чоң салым кошту. Эми аталган гезиттер менен кош айтышып, бир жыл мурун Жаныш Бакиевдер тартып алган, өз "баласы" "Айат пресс" гезитин чыгарууга киришти. Эмне демекчибиз, аттанган жолу ар дайым ачык болсун, гезити элдин колдоосуна ээ болгон барктуу гезиттердин бири болсун! Биз "Эл сөзү" гезитинин жааматы Жылдыз эжебизди жааматыбыздын катарынан узатып жатып,
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Элдик ишеним убактылуу өкмөтүнүн
төрайымы
Р. И. Отунбаевага
Ачык кат
Урматтуу Роза Исаковна, Сиз басма сөздө жасаган билдирүүңүздө, эгерде Курманбек Бакиев өз ыйгарым укуктарын тапшырса, өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар, деп билдирдиңиз. Мындай мамиле убактылуу өкмөттүн саясий "ашкере жумшактыгын" көргөзүшү мүмкүн.
Бирок, мен мындай чечимге каршымын, Кыргызстандын эли да буга кошулбайт деген ойдомун. Сиз президент Бакиев өлкөбүздүн биринчи президенти Аскар Акаевди номер биринчи мамлекеттик кылмышкер катары жазалай албай саясий тайкылыгын, эрки жана мүнөзү жоктугун көрсөткөнүн билесиз...
| Бакиев дептир... 9-апрель, 2010-ж. |
Курманбек Бакиев: «Я не виноват, что у нас семья большая»
Свергнутый президент Киргизии бежал из Бишкека в Джалалабад на юге страны. В телефонном разговоре с Леонидом Рагозиным он сказал, что готов к переговорам.
Вы сейчас ведете переговоры с правительством Розы Отунбаевой?
Они пока не выходили [на связь].
А вы как-то пытались на них выйти?
Я - нет. Я не выходил, потому что инициатива была их - захват Белого дома с оружием в руках. Я думаю, что дальше они должны проявлять инициативу.
"Ахлу сунна вал жамаат" деген ким?
"Ахлу" бизчесинен "эл". Демек, "Ахлу сунна" - бул сүннөт эли же болбосо, ар бир амалында, сөзүндө жана ой-пикиринде пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ээрчиген адамдар. "Сүннөттүн" кыргызчасы "жол". Башкача айтканда, пайгамбарыбыздын жана анын сахаабалардын диний жолу. Дал ушул жолго ээрчигендерди пайгамбарыбыз "жамаат" деп атаган. "Жамааттын" мааниси "бир нерсеге чогулуу". "Жамааттын" тескериси "бөлүнүү". Демек, "Ахлу сунна вал жамаат" дегени, пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн тегерегине чогулган сахабалар, табеиндер жана тээ кыяматка чейин дин-ыйманда аларды ээрчиген адамдардын ынтымагы. Алар ар кайсы замандарда жалаң сүннөттүн тегерегине чогулушат жана бидяттан алыс болушат. "Бидят" дегени - бул пайгамбарыбыздын сүннөтүнө дал келбеген, кийин ойлоп табылган диний жөрөлгөлөр.
Автордон:
Күндөрдүн биринде жогорку даржадагы мамлекеттик кызматчылардын бири ушул саптардын авторун өзінін кабылдамасына чакырып: "Хизбут-Тахрир" жана халифат жөніндө анык маалымат бере турган бир китеп жазбайсыңбы" деген сунушун айткан эле. Чамамда, бул сунуштун айтылышына менин республикалык массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн Ислам, агымдар жана тарых жөніндөгі илимий-аналитикалык жана публицистикалык макалаларым себеп болсо керек. Чынында, халифат деген эмне? Анын динге, пайгамбарга кандай байланышы бар? Ислам тарыхындагы орду кандай? Халифат жөніндө Ыйык Кураанда, Мухаммад пайгамбарыбыздын хадистеринде жана ислам тарыхында эмне деп айтылган? Эл арасында ушул сыяктуу бири-бирине карама-каршы пикирлер, суроо-жооптор өтө көп.
| "Кайсы партияга добуш бересиң?", |