Коомдук-саясый гезит
№15, 11.01.08-ж.



◄◄◄
  Чарт чындык

Экен Жумаев, фермер, Тоң району:
"Мен маңкурт эмесмин"
- "Ата Мекен" партиясы алган добушту бийликтин "Ак жол" партиясы уурдап алды. Кыскасы, "уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат" деген заман орноду окшойт. Тоңдо бюллетендерди уурдап бараткан кишилер кармалып, ызы-чуу болгонуна карабай, уурулар жоопко тартылмак турсун, ууруларды кармагандарды доого жыккан заман болоору үч уктаса түшкө кирбептир. Анан бүгүнкүгө окшогон оозуң кайсы десе мурдун көрсөткөн, элге сиңген эмгеги жок орто заар, ортозаардан да төмөн, таяке-жээн, братишкага окшогондор чоңдордун бир туугандары депутат болду деп угуп атабыз. Алардын депутат болгонун өздөрүнүн багы ачылгандык катары эле карабаса эл-журтка, мамлекетке пайда кылганга майнап чыкпасы көрүнүп турат. Антты эжелеп окуй албай аткан депутаттардан биз эмне жакшылык күтсөк болот. Неси болсо да, бийликке ушундай жат десе жат, тур десе тур деген парламент керек болуп, көздөгөнүнө жетти. Ал парламент бүгүнкү бийликтин өлкөнү бөлүп, жерин, кен байлыгын , ресурстарды приватташтырып сатып, элди ач-жылаңач калтырып, бийликтеги чакан топ бардыгын менчиктештирип алганга шарт түзүп, кол көтөрүп бере турган депутаттар болбойбу деген коркунучтамын. Аларга машине мингизип, акча төлөп ошончо акчаны аларга сарптаганча, депутат деген эле мандатын берип койсо жетет. Үйлөрүндө отуруп эле депутат болуп жүрө беришсин. Бийлик эмне десе колун көтөрө тургандар кайсы жерде отуруп бергенинин мааниси канча. Кыргызстандагы референдум, анан ушул шайлоолордун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн ахыбал мага кыргыз деген эл жок, кыргыз деген маңкурт, кыргыздын колунан эч нерсе келбейт. Кыргызды ушинтип эле тепсей берсе болот, жада калса төбөсүнөн заара ушатса дагы козголбойт. Ошондуктан, эмне кылсак өз эркибиз дегендей мамиле туюлуп, ичимде ушунчалык жийиркенүү, ызалануу, нааразычылык түтөп турат. Мындай ойдо жалгыз эле мен эмес, мага окшогон карапайым адамдар деле ушул абалда болсо керек. Эртели-кечпи элдин нааразычылыгы баары бир бул бийликке жообун берчү учур келет.


  Эркин гезиттер эмне дейт?

Есть ли связь между выборами и землетрясением в Оше?
Щедрые тысячи для СДПК

Как 24 голоса превращаются в 1024 или еще один штрих к "самым демократичным" в нашей истории выборам.

Так, в протоколе участковой комиссии №5319 написано, что за СДПК отдано 26 голосов. А в Сводной таблице Ошского горизбиркома по этому же участку СДПК отдано 1026 голосов.
В протоколе участковой комиссии № 5275 написано, что за СДПК проголосовали 18 человек, а Ошский горизбирком пишет1018 .
Такая же ситуация на участке№ 5305 . По протоколу участковой избирательной комиссии за СДПК проголосовали 24 избирателя, а в Ошском горизбиркоме значится другая цифра -1024 .
А вот на участке № 5329 разлет цифр вообще поражает. Участковая комиссия пишет в протоколе 23 голоса за СДПК, а Ошский горизбирком в своей таблице -1523 .
Все это было изложено в надзорной жалобе партии "Ата Мекен" в Верховный суд. Высшая судебная инстанция осталась безучастной к доводам юристов. Браво, Курманбек Салиевич! Ак жол вам, СДПК!

P.S. После подведения итогов выборов читатели нашей газеты бесконечно звонили и буквально рыдали в телефонную трубку: "Как же так, но мы ведь все знаем, как мы голосовали. Ведь все голосовали за "Ата Мекен!".." Большинство говорило о том, что им стало просто страшно жить в этой стране, которую теперь уже никак нельзя считать правовым государством. А одна женщина буквально вчера сообщила трагическим голосом: "Землетрясение произошло в Оше не случайно! Это Всевышний наказал Ош за безбожные подтасовки. Напишите, что не только Ош, - все, все, кто к этому причастны, будут страшно наказаны. Это ведь тотальное лжесвидетельство. Тяжкий грех"…
Айдар Болотбаев
"Лица" 10.01.2008




  ЖОК, АКЫЙКАТ...

Бөдөш Мамырова, "Ар-Намыс" партиясынын мүчөсү:
""Ата Мекен" Оштон 37% алган…"
- Декабрь айында болуп өткөн шайлоолор болуп көрбөгөндөй акыйкатсыздык менен фальцификациялангандыгын айтпаган киши калган жок. Элдин добушу ушунчалык уятсыздык менен уурдалып, бурмаланды. Мисалы, биздин партиянын дагы жер - жерлерден алынган, участок комиссияларынын колу коюлуп, мөөрү басылган протоколдордун орто эсеби боюнча "Ата Мекен" партиясы 37%дан ашык добуш алды. "Ар-Намыс" партиясы 22 пайыздан ашык добуш алды. Ал эми бүгүнкү күндө жеңип алды деген "Ак жол" партиясынын даана алган добушу 9 менен 11%дан ашкан жок. Ушул берген элдин добуштарын уялбай, беттери кызарбай туруп уурдап алышып, шайлоодо биз жеңдик деп парламентте отурушат. Оштон 0,5 %дык чекти 37% добуш менен алган "Ата Мекен" партиясын Оштон ала албай койду деп атышпайбы. Биз "Ата Мекен" партиясына байкоочулар чогулуп, алып келип берген протоколдордун негизи боюнча Ошто 30%дан ашык добуш алып атат. "Ата Мекен" партиясынын колу коюлган протоколдордун көчүрмөсүнүн бардыгын бердик. Сотко кайрылып атат. Бирок, биздин мамлекетте сот адилеттүүлүгү жок болгондон кийин алардын оң жыйынтыгын чыгараарына ишене албайм. Болгон пикир, канткен күндө да "Ата Мекен" партиясы параллелдүү подсчеттук сотторго кайрылышы керек. Ал эми "сорпосун ичкен дагы ууру" дегендей, 2% жетпеген добуш алган Коммунисттер партиясы "Ак жол" уурдаган добуштун эсебинен келгендерине беттери кызарбай, коммунист деген атка түк татыктуу эмес экендигин көрсөтүшүп, моралдык кодексиң дегениң бул жакта эле калды. Айта берсе сөз көп, ансыз деле элдин добушун каалаганындай бурмалаган бул бийликтин жүзү сокурга деле маалым болуп турбайбы.

Суроо салган Сабыр Мукамбетов




  "Аалам-спорт"

Бокс
Майк Тайсон кайрадан рингде
Легендарлуу оор салмактагы боксер Майк Тайсон 2008-жылы кайрадан рингге чыгууга арыз жолдоду. Учурда Такең экс - чемпион Эвандер Холифилд менен кырчылдашам дейт.

Шахмат
44чү Мат
Азербайджандын шахматчысы Теймур Раджабов Одессада өткөн оюунунда атаандашы Орусиялык Александр Грищукту 44 жүрүш менен утуп, II кубогун жеңип алды.

Жеңил атлетика
Секирсең
Ахонендей секир
Австриянын Бишофсхофене шаарында "Турне четырех трамплинов" аталышындагы бийиктикке секирүү боюнча турнир аяктады. Жыйынтыгында финляндиялык Янне Ахонен жеңүүчү болуп аныкталды. Ал эми күмүш байгени Томас Моргенштерн турнирдин акыркы убактысында алды. Россиялык Денис Корнилов араң бешинчи орунга жетишти.

Автожарыш
"КАМАЗ"
баратат…
8-январда Россиянын "Камаз-Мастер" машина аралык жарыш командасы Мароккону көздөй бет алышты, андан соң Испанияга жол тартуусу күтүлүүдө. Бул "Дакара-2008" жол таймашында дүйнөнүн күчтүү делген оор жүк ташыган автоунаалары катышат. Ал эми "Дакара-2009ду" Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүсү белгиленүүдө. Бул таймаштын жыйынтыгы 8-февралда чыгарылат.

Биатлон
Оберхофе "хоф" болуп
Дүйнөлүк биатлонисттер ортосунда таймашуу Москва шаарында кызуу жүрдү. Эң кызыгы күчтүү делген немец 2006-жылы алтын медалдын ээси болгон Оберхофе бул таймашта жеңишке жетпей калды. Анын ордун норвегиялык Уле-Айнар Бьорндален ээледи. Ал эми орусиялык Николай Круглов экинчини, швециялык Эмиль Хегле Свендсен үчүнчү орунду басып жыгылышты.

Оор атлетика
Допинг ичип
Пекинге барбай калабы?...
Орусиянын штангисттери "олчойгон эрежени бузушту" деп билдирди, оор атлетика боюнча борбордун директору Николай Пархаменко. Алар допинг ичип алышкан. Булардын арасында 2004-жылдын олимпиадасынын чемпиону Дмитрий Берестов дагы бар болуп чыкты. Эске сала кетсек , таймашуу учурунда күч - кубат берүүчү допинг ичүүгө болбойт. Бул таймашта ичилген допингдин артында Дмитрий Воронин турган . Мунун айынан ушул жылы өтүүчү Пекин олим-пиадасына катышпай калуу коркунучу белгиленүүдө. Учурда оор атлетика федерациясы ызы-чуу…

Теннис
Ким "теннис
державасы?"
Росиянын теннисчилери үч жылдан бери бул оюндун түрү боюнча Европа малекттерин багындырып келген. Быйылкы жылы аталган наамын коргой ала алган жок. Анткени, Францияда өткөн Европа өлкөлөр ортосунда теннис боюнча турнирде Франция 419, Россия 317, Германия 289, Чехия 271, Италия 255 упай топтошкон. Россия Европа мамлекеттеринин "European Tennis Trophy" теннис ассоциациясына арыз менен кайрылышкан. Анткени, Францияга караганда Россия миң упайга көбүрөөк топтогон. Бирок, бул упайлар калыстык менен каралбай калган деген кинени да коюшууда.

Даярдаган
Улукбек Кутманбаев








Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0111_11.htm on line 115

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0111_11.htm on line 115

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0111_11.htm on line 115



Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0111_11.htm on line 119

Warning: include(../../yandex_v_2016.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0111_11.htm on line 119

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../yandex_v_2016.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/08/0111_11.htm on line 119