Коомдук-саясый гезит
№15, 11.01.08-ж.



◄◄◄
  КРИМДҮЙНӨ

Ошентип, 2007 - жыл өз вазыйпасын өтөп, жаңы жылга жай бошотуп берди. Ар бир жылдын эсте каларлык ар кандай окуялары болот эмеспи. Анын ичинде кайгылуусу да, кубанычтуусу да бар. Кылмыштуулук канчалык көп болсо укук коргоо органдарына да ошончолук түйшүк көбөйөт. Эми өткөн жылдагы алардын иштерине аз да болсо саресеп сала кетели. Жалпысынан алганда өткөн жылы укук коргоо органдары тарабынан 45 миң 558 кылмыштын бети ачылды. Тактап айта кеткенде алардын ичинен тоноочулук - 1000, уурулук - 2044, зордуктоо - 510, каракчылык - 83, мал уурулук - 94, алдамчылык - 2424, адам өлтүрүү - 132, кызмат абалынан пайдаланган кылмыштар - 1745, баңгибизнес боюнча - 1571.
Ошондой эле өткөн жылы чет элден келген машинелер мурдагы жылдарга салыштырмалуу он эсеге көбөйүп, жол кырсыктары дагы көп катталды. Тагыраак айтканда 4567 автоавария болуп, 976 адам "оо, дүйнө" менен кош айтышты. 5608 адам денелеринен жаракат алышты. Жашоодон аша кетип өз өмүрүн кыйгандардын саны - 485 адамга жетти. Тилсиз жоо болуп эсептелген өрт кырсыгынын - 224 адам курмандыкка учурашты. Өзгөчө майрам мезгилинде кылмыштуулук да көп болот эмеспи. Жыл жаңыраары менен эле айдын алгачкы аптасында Республика боюнча - 581 кылмыштын бети ачылды. Ошону менен катары кышкы тайгак жолдо 56 автокырсык катталып, ушунун кесепетинен 15 адам жарык дүйнө менен кош айтышты, 8 адам оор жаракат алышты.

  ИШЕНГЕН КОЖОҢ СУУГА АКСА...

МИЛИЦИЯЛАР ӨЗ КЕСИПТЕШТЕРИНЕ КИШЕН САЛЫШТЫ
Эски жылды узатып, жаңы жылдын босогосунда турганда баңгизатына байланышкан дагы бир кылмыштын бети ачылды. Болгондо да баңгизаттын эң күчтүүсү, эң кымбаты, эң коркунучтуусу болуп эсептелген героин менен милиция кызматкерлери өздөрү кармалышты.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын баңгибизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Алай районунун аймагынан эч кимге билинбей, атайын жасалган жер төлөдө чоң салмактагы героин заты бар экени тууралуу маалымат алышат. Дароо эле ошол жыл тогошкон 31 - декабрь күнү Ички иштер министрлигинин баңгибизнеске каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ошондой эле аймактын чегара кызматынын өкүлдөрү менен биргелешип, дароо бул маалыматтын чын - төгүнүн аныктап, оперативдик түрдө текшергенге өтүштү. Райондук Бордөбө айылы чегарага жакын жайгашкандыктан, анын жанында чегарачылар кызмат өтөөчү № 7074 аскер бөлүгү бар болчу. Дал эле ошол казармадан анча алыс эмес жерде атайын казылган чуңкурдун үстүн темир менен байкатпай жаап, ичине 78 килограмм 435 грамм салмактагы героин жана 31 килограмм 180 грамм салмактагы гашишти эч жигин билгизбей жашырып коюшкан. Алардын ээси табылбагандыктан, биринчи кезекте эле анын катарында жайгашкан аскер бөлүмүнө шектенүү пайда болду. Акырындап иликтөө иштери башталып, чегарачылар да бир сыйра кылдат текшерүүдөн өтүп чыгышты. Бирок алардан эч кандай шектенүүгө илинчек табылбады. Иликтөө иштери акырындап кылдаттык менен улантыла берди. Акыры жүрүп отуруп бул баңгизатка тиешелүү шектүү адамдардын сары изине чөп салыша акыры кармоого жетишти. Баарынан таң калыштуусу, шектүү адамдар өздөрүнүн эле коллегалары - укук коргоо органында иштеген милиция кызматкерлери болуп чыкпаспы. Алар ошол эле Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 39 жаштагы милициянын майору Ф. Нурматов, 27 жаштагы милициянын ага сержанты А. Мадраимов жана 28 жаштагы милициянын ага сержанты
У. Шарапов экен. Ошентип, милиция кызматкерлери өздөрүнүн коллегаларын кылтакка илишип, колдоруна кишен салышып, убактылуу кармоочу жайга алып барып камашты.
Кээде бир кылмышты иликтеп жатып, экинчи кылмыштын бетин ачкан да жагдайлар болот эмеспи. Иликтөө учурунда ошол эле № 7074 Аскер бөлүмүнүн курал - жарак сакталуучу бөлмөдөн эч жерде катталбаган АКМ автоматы 13 огу менен табылды. Жоокерлер да, офицерлер да "бул эмне болгон автомат, кайдан келди билбейбиз" дешип ийиндерин күйшөшө баштарын чайкашат. Албетте бул атылуучу курал Аскер бөлүгүнүн ичинен табылып жаткандан кийин бул ишке ал жакта кызмат өтөгөндөрүнүн байланышы бар экени күмөн санатпай койбойт. Жаңы жылга кошул - ташыл болуп бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.




  ИЧТЕН ЧЫККАН ИЙРИ ЖЫЛАН

БИР ҮЙБҮЛӨДӨГҮ КАНДУУ ОКУЯ
Бул жигит киши өлтүрүү фактысына шектүү катары таанылып, дээрлик жарым жыл бою укук коргоо органдарына кармалбай жүргөн. Акыры жыл тогошоор маалына аз калганда күтүүсүз жерден өзү кылтакка илинди.

Ооба, жарым жылдан бери эч жерде дайыны да, кабары да билинбей абага сиңгендей житип кеткени көпчүлүктү айраң калтырып жүргөн. Алардын эмне болушканын кошуналары тургай, өзүнүн жакын эле туугандары да билишчү эмес. Акыл - эсинен ажыраган оорулуу адам же жаш бала болсо бир жөн, үйдө кирип - чыгып, кошуналары менен учурашып сүйлөшүп жүрүп эле күтүлбөгөн жерден дайынсыз жок болуп кетиши албетте, кимдин эле болбосун шектенүүсүн туудурат эмеспи . Көпчүлүк сыяктуу башка өлкөлөргө жумуш издеп кетишсе, кошуналары баары бир билишмек болчу. Бирөөнө болбосо да бирөөнө бул тууралуу айтышмак. Анан алар каякка кетиши мүмкүн эле? Эки адам жоголгону аз келгенсип, алардын 20 жаштагы уулу М. Керимовдун дагы дайыны чыкпай кеткени кошуналарын ого бетер таң калтырды.
- Ал каякка кетиши мүмкүн, кечээ күнү эле өзү жалгыз үйгө кирип - чыгып жүрбөдү беле?
- Анын дагы дайыны чыкпай калды го, деги буларга эмне болгон?
Кошуналар арасында ушундай уу - дуу кептер айтылып жатты.
Мындай окуялар милиция кызматкерлерине да жетпей койбойт эмеспи. Бишкек шаарындагы Ленин районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү аталган үйгө келишип, кошуналарынан сурамжылаштыра башташты.
- Алардын ушунча болуп урушкан - талашкандарын бир да жолу көргөн жокпуз. Күйөөсү ичкилик ичпеген, түз жүргөн адам болчу.
- Ооба, эгерде алар алыс бир жакка кетише турган болушса сөзсүз түрдө бизге алдын - ала айтмак. Жөндөн - жөн эле дайынсыз жоголуп кеткени биздин өзүбүздү да таң калтырып жатат, кошуналарынын баары бир ооздон ушундай жоопторду берип жатышты. Кээ бирлери аны Россияга кеткен дешсе, кээ бирлери Бишкекте эле жүргөн, бир - эки жолу көчөдөн көрүп калганбыз дешти. Сөздөн сөз чыгып отуруп милиция кызматкерлери алиги акыркы болуп жоголгон жигиттин алыс жакка кетпей эле Бишкектин бир жеринде жүргөнүн баамдашты. Аны менен катар бул табышмактуу окуянын учугу дал эле ошол жигитте экенин боолгошту. Убакыт билинбей өтүп, ал дээрлик 7 ай бою дайынын таптырбай карматпай жүрдү. Акыры жергиликтүү оперлердин аракети менен жаңы жыл алдында кылтакка илинди.
- Эне - атамдын кайда кеткенин өзүм дагы билбейм. Үйгө да көптөн бери бара элекмин, - деп ал милиция кызматкерлеринин алдында жанын жеп актанып турду. Улам бир сөздөрүнөн жаңылып, чалынып отуруп, акыры дубалга такалды. Чындыкты ай- тууга аргасы калбай калды. - Ооба, атамды мен өлтүргөм, апама болсо колум да тийген эмес, - ал оор үшкүрө болгон окуяны айта баштады, - ошол 13 - апрель күнү атам, апам болуп чогуу үйдө отурганбыз. Анан үйдө болбогон жерден эле уруш чыгып кетти да, атам апамды үтүк менен башка чаап жиберди. Башынан кан жайылган апам жерге кулап түшүп, дароо мүрт кетти. Аны карап туруп мен чыдай алган жокмун, өзүмдү кармай албай атамды муштагылап, муунтуп кирдим. Ары жакта жаткан балтаны ала коюп аны баштан ары шилтеп калдым. Андан соң өзүмө келе албай бычак менен дагы эки - үч жолу көкүрөк тушка шилтеп жибердим. Атам да, энем да кызыл жаян боло эки жерде сулк жатышты. Бул окуяга өзүмдөн башка эч ким күбө болгон жок. Эч ким көрүп - билбегенден кийин деп экөөнүн өлүгүн короодогу кудукка алып барып ыргытып жиберип, үстүнөн көмүп, өзүм болсо качып кеткем, болгону ушул. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп тергөө иши башталды. Бул жаш жигиттин акыл-эси ордундабы, атайын медициналык текшерүүдөн өткөртүүнү жана анын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Бетти даярдаган
Саадатбек Мырзакулов













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan