![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №15, 11.01.08-ж. |
| | САНДАН-САНГА Баратбай АРАКЕЕВ (Повесть) Мент (Уландысы. Башталышы өткөн санда) Үй ээси буларды баштай басып, жүзүм чулганган сөрүгө отургузду. - Аксакал, атыңыз ким? - Шүкүр. Фамилиям - Калдыбаев. Инженер элем, заводубуз токтогондон кийин үйдө элемин. Жеңеңер соода кылат, ошого жардам берген болом. - Түндөгү ишти айтып берсеңиз. - Жана эле силердин балдарга айттым эле. Мейли эми, дагы эле айтайын. Уктап жатканбыз, анан эле ит ажылдап үрүп калды. Ордуман туруп, короого чыгайын деп эшикти ачаарым менен эле башыма бир нерсе тийип, жыгылып түштүм. Чала тийгенби, кайра ордуман турдум. Короодо жарык күйүп турат, даана көрдүм - төрт килейген неме баштарына маска кийип алышыптыр. Биринин колунда жоон темир, биринде бычагы жүрөт. Дегдеңдетип үйгө сүйрөп киришти. Аялым уктап жатат эле тургузушту. Анан жүрөгү түшкөн аялым экөөбүздү диванга отургузуп, "Давай, тезинен акчаңарды алып чыккыла" - деди бири демитип. "Акча жок" - дедим. Ким эле маңдай тер менен тапкан акчасын дароо бере коймок. Ошондо эле берсем болмок экен. Башка-көзгө койгулап калышты. Ошондо эсим оой түшүптүр. Эсиме келсем - аялым бакырып ыйлап жатат: "Алгыла, жанды койгула" - деп. Жанагы айбандардын бири кипятильникти көтөрүп алыптыр. Көрсө, аны ысытып келип, бетине басам деп жаткан тура. Акча аңтарылма дивандын алдында болчу. Аялым өз колу менен алып берди. 2 миң доллар анан 50 миң сом болчу. Аны алып, бири мени кайра жаткыра чаап кете беришти. - Төртөөнүн биринин да бир белгисин байкап кала алган жоксузбу? - Кайдан байкадым. Жүрөк оозго тыгылып турса. Анын үстүнө маскачан болушса… - Аксакал, азыр тааныштар "наводчик" болуп тоногондор көбөйдү. Тааныгандарыңыздан, туугандардан шек алган бирөө-жарымы жокпу? - Кимден шек аласың? Ойго да келген жок. Машаев бу кишинин кошуна-колоңдорун, ушул шаарда турган туугандарынын кай жерде иштээрин, аты-жөнүн шашпай жазып, дагы бир топ суроосун берип коштошту. Кетээринде догдурга көрүнүңүз десе, тиги киши анын кажети жоктугун айтып, нан ооз тийгизип узатты. Ошол эле күнү түш оой Машаев экөөнү жиберип, Шүкүрдүн маңдайкы кошунасы, эки ирет түрмөгө отуруп келген наркоманды алдырды. Ал кырктарга таяп калган, узун бойлуу, ширидей каткан кара неме экен. Машаевдин маңдайына отургандан кийин эле суроо салдырбай, өзү кетти: - Начальник, мен тазамын. Баарын таштагам. Эки жолу баланда ичип келгем. Момундай тойгом. - Ал кекиртегин жанып койду. -Бир нерсени "илгени" жатасыңбы, начальник? Антсең да "илинчү" нерсе жок. - Эмне кылып жан багып жатасың? - Эмне кылмак элем, кемпирге жардам берем. - Кемпириң ким? - Ким болмок эле, энем. Ал экөөбүз огород иштетебиз. Огородубуз чоң, баарын айдайбыз. Сатабыз, өзүбүзгө да жетет. Ак эмгекке көнүп калгам, начальник. - Тартасыңбы? - Кээде тартам. - Жаап салсамчы? - Начальник, сен адегенде карма анан жаап сал. - Болуптур, эми иш мындай. Кошунаң тонолгонун уктуңбу? - Кулакты уксун деп берет. - Эмне айта аласың? - Начальник, биринчиден, эч нерсе билбейм, экинчиден, билсем да "стукач" болуп жаралбапмын, үчүнчүдөн, үйгө кетейин, кемпир эмдигиче ыйлап атып жинди болуп калды го… - Болуптур, бара бер. Анын үйүнө киши көп келеби? - Өзүнөн сура, начальник. Тентеги бар, жоошу бар… Наркоман ушуну айтып, сырдуу жылмайды, анан кошумчалап койду: -Аялынын инилери да келет… Мен кеттим, начальник. Таза кишинин бу жерде турганы болбойт, начальник. Кыраакы Машаев мунун чын эле таза экенине көзү жетип турду. Бирок, анын бир билгени же шек алганы бар. "Тентеги келет, жоошу келет, аялынын инилери да келет" - деп бекер айткан жок… Машаев түз эле Шүкүрдүкүнө келди. Тонолгондон кийин аялы экөө эсине келе албай, соодасына чыга элек экен. Машаев Шүкүр менен сүйлөшүп, кайнилери жөнүндө сурады. Аялы менен аталары биртууган, анан алысыраак дагы бир инилери келип тураары, экөө тең базарда майда-барат сатып оокат кылып жатканын айтты. Экөө тең адамга кылдай зыяны жок балдар дейт. Эртеси Шүкүр айткан дарек боюнча Машаев экөөнү таңзаардан жалдаган квартирасынан тапты. Угродонмун дегенди угушуп, экөө тең чоочуп турушту. Шүкүрдүн аялына жакын инисинин аты Марс, алыс тууганыныкы Жолдош экен. Марсы жоош, Жолдошу бир аз шыпылдагыраак көрүнөт. Булар эжесинин тонолгонун угушпаптыр, таң калып, капа болуп турушту… Машаев алар менен бир саатча сүйлөшүп анан кетти. Жолдошунан шек алган ой пайда болду да, дал ошону байкоого алды… Эки жигит тең базарда катар туруп, майда-барат сатышат экен. Алыстан туруп үч-төрт жолу байкоо жүргүздү. Шек-шыбаа билинбейт. Дагы бир жолу бир-эки суроо салмакка аларга жөнөдү. Эл батпайт. Экөө турган жерге жакындай берип, Марс менен эки жигит бир нерсени сүйлөшүп жатканын көрүп, алыстан токтой калды. Тигилер дагы он мүнөтчө сүйлөшүп, бирине-бири кайсы бир маселени мээсине жеткире албай жатат. Анан жигиттердин бири Марсты желкеден кыса кармаганда, тиги мойнун толгоп алды. Заары бетине чыкканы көрүнүп турду. Тиги экөө кеткенден кийин Машаев ал эки соодагердин жанына барды: - Соодаңар болсун, жигиттер! - Салоом-алейкум, - дешип экөө катар салам айтып, кол беришти. (Уландысы кийинки санда) Сандан - санга МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН ӨМҮР МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН ӨМҮР АШУУДА АТЫЛГАН ОК Алмустактан бери эле нечендеген кылымдарды карытып, булуттарды жиреп өтүп, асман тиреген, дегеле адам аягы басып барбаган ак кар, көк муздуу береги аска - тоолор келбетин өзгөртпөстөн али да болсо нечен кылымдардын, жер бетиндеги нечен тирликтердин күбөсү болуп, өзүнүн мезгили менен нечендеген жылдар менен кылымдары мойсоп келет. Улам төмөндөгөн сайын аба - ырайына шартталган анын боорундагы карагай - чер, арчалар ар бир кылым да өзгөрүү киргизип, тоо бетин бербей каптап кетет да, жер кыртышы бузулуу менен акырындап суюлуп отуруп, ар кайсы жерде бирден - экиден болуп сороюп чыгып калат. Ушул ак кар, көк муздуу тоолор жер бетиндеги өсүмдүктөрдү, жан - жаныбарларды суу менен камсыздандырып өмүр сүрүүгө өбөлгө, шарт түзүп берип келүүдө. Береги Бедел ашуусу Борколдой тоо кыркалары менен эки мамлекетти, элди экиге бөлүп катнаш жасаттырып турат. Айтылуу Ысыккөл өрөөнүнөн түштүктү карай жүрүп отурсаң, Ыштык, Бедел айылдарын аралап өтүп дал ушул бийик тоолуу Бедел ашуусуна кептелесиң. Ары жагы Кытай, Үч - Турфан, Аксуу, Акчий, Карачий болуп, андан ары кете берет. Эмне үчүн Кытай жергесинде кыргызча аттар коюлуп калган? 1916 - жылкы Улуу Үркүн мезгилинде кыргыздар дал эле ушул кандуу Бедел ашуусун ашып өтүп, башка өлкөгө башпаанек кылып, көрбөгөн кордуктарды, азап - тозокторду баштан өткөрүшүп, кайра өз жергесине Улуу Октябрь төңкөрүшүнөн кийин гана кайра кайтып келишкен. Кайтып келе албагандары ошол Кытай жергесинде жергиликтүү болуп жашап калышкан. Ал жактагы жерлердин кыргызча аталып калышы да ошол себептен болушу мүмкүн. Күтүлбөгөн жерден атылган мылтыктын үнү мемиреп турган Бедел ашуусундагы аска - зоо, капчыгайларды жаңырта, тоо жаныбарларынын үрөйүн учурду. Бир аз жымжырттыктан кийин ал кайрадан кайталанды. Көп өтпөй буга кошул - ташыл автоматтардын атылган үндөрү таң супасынын берекесин кетирди. Мылтык менен автоматтардын үнү күчөгөн сайын тоо жаныбарлары адаттан тышкары үндөн чочулаша жандарын алда кайда ала качышып, ызы - чуулуу жерден оолак боло беришти. Колуна снайпер мылтыгын кармаган Абдысалам адатынча чоң таштын үстүнө каккан казыктай бир ордунда былк этпей, төмөн жакка кыраакы көз кырын сала кабагын чытып турду. Тээ төмөн жактагы ойдуңда мергенден качкан суурлардай болуп, таштардын ар кайсы коңулуна кире качып, кайра баштарын соройтуп чыгарыша качышып, колдоруна автомат кармашкан куралчан топ караан улам өйдө карай жылып келе жатышты. "Булар менин түбүмө биротоло жеткилери келишкен го. Болбосо тээ алыскы борбордон бери сары изиме чөп салып, сая кууп келишпейт эле. Деги жайыма коюшпады, баскан изимден бери аңдышты, өмүрүмө кол салышты, уу берип өлтүрүүгө аракет кылышты. Үйбүлөмө, жакындарыма, бир туугандарымдын өмүрлөрүнө да коркунуч келтиришти. Эч кимге зыянымды тийгизбей тынч чет өлкөгө кетип калайын десем... мына, ага да мүмкүнчүлүк беришпей биротоло мени өлтүрүп тынчыгылары келип атышат. Мейли, өз убалдары өзүнө, ушунча убакыттан бери аларды аяп тийбей келдим. Өз ажалдарына өздөрү келишкен турбайбы" - өзү менен өзү сүйлөшкөн Абдысалам шашпастан мылтыгын октоп жатты. Тээ төмөн жактагы ойдуңчада он чактыдай куралчан топту жетектеген толмочунан келген жашы элүүдөн ашып калган, коюу, кара муруту бар тармал чачтуу киши жанындагыларга өктөм сүйлөй буйрук берип кирди. - Кандай болсо дагы аны тирүүлөй кармап же өлүгүн алып келгиле! Кытай тарапка өткөрүп жибербегиле. Уктуңарбы, оң кулагыңар менен дагы, сол кулагыңар менен да угуп койгула, эгер аны дагы колдон чыгарып жиберчү болсоңор, өз убалыңар өзүңөргө! - бир нерседен кооптонгондой, жанында снайпер мылтык кармап турган жигитке кайрылды - сен жигит шашылба, бир позицияны ээле да, бир таштын түбүнө былк этпей жатып мылтыгыңдын дүрбүсү менен тигинин ар бир кыймылын аңдып тур! Артык баш ок чыгарчу болбо, тигинин көзгө атаар мерген экенин билесиң, алдагы мылтыгың менен артык баш кыймыл жасадың дегиче өз ажалыңды өзүң чакырып аласың. Сен дагы дасыгып калган аткычсың, биздин бирден-бир ишеничибиз, үмүтүбүз эле сенде. Эгер сени атып кетсе, анда биздин ишибиздин бүткөнү. Калганыбызды чилдерди тергендей эле терип таштайт. Уктуңбу, жалгыз болсо дагы ал оңой жоо эмес. Тубаса көзгө атаар мерген, таамай аткычтыгы боюнча сенден он эсе ашып түшөт. Ал атканынан жазбайт, дайыма эки көздүн ортосуна атат. Дагы эскертем, өтө сак бол! Колуна снайпер мылтыгын кармаган жаш мергенчи жигит түшүндүм дегендей башын ийкегилеп жатты. Эгерде тигини атып өлтүрүп бере алсаң, сага "достойный" сыйлык берем. Биздин бирден - бир ишенгенибиз эле сен. Атуу боюнча Олимпиадаларда да биринчи орунду, көптөгөн байгелерди алып жүрөсүң. Ошондуктан, атайын сени алыстан алдырып келип, жалдап жатпайбызбы. Тиги болсо сендей болуп дайыма машыгып жүргөн адам эмес, болгону тубаса гана көзгө атаар мерген. Аны өлтүрүү сенин гана колуңдан келет. - Кам санабай эле коюңуз, бул ишти өзүм бүтүрөм, - жигит өзүнө-өзү ишенгендей, шашпай жогору жакты карап, мылтыгынын дүрбүсүн таза чүпүрөк менен сүртүп койду. Бул жигитти көп суммадагы акча менен атайын Өзбекстандан жалдап келишкен болчу. Алиги топ жетекчиси чөнтөгүнөн мобилдик телефонун алып бир жакка чалып, кимдир-бирөө менен сүйлөшүп кирди. - Анын каякта экенин обноружить эттик шеф, аз болгондо Кытай тарапка качырып жибермек экенбиз. Каякта дейсизби? Көл тараптагы Бедел ашуусундабыз. Ал тээ жогору жакта жар, зоокалардын башында жашынып турат, биз болсо төмөн жактагы ойдуң жердебиз. Акыры аны таап, кууп жеттик. Акырындык менен аны көздөй таштан - ташка далдаланып жогору карай жылып кетип баратабыз. Эң башкысы, аны таптык, каякта экенин, эми коё бербейбиз же тирүүлөй кармайбыз же өлүгүн алып түшөбүз. Ооба, көзгө атаар мерген экенин баарыбыз эле билебиз да, бирок бизде да андан кем калышпаган көзгө атаар мергенибиз бар. Вертолет менен чыгып атабыз дейсизби? Күтөбүз келип калыңыз, - ал мобилдик телефонун костюмунун төш чөнтөгүнө салды да, жанындагыларга кайрадан буйрук бергенге өттү. - Кана жигиттер, убакыттан уттурбайлы, "урушта туруш жок" дейт. Акырындап болсо да, улам жогору карай жыла берели. Колдоруна Калашников автоматтарын кармашкан жигиттер ар кайсы таштардан суурулуп чыгышып, алда немеден кооптонуша жогору карай көтөрүлө башташты. Алардын атайын чоң суммадагы акчага жалдап келген мергенчи жигити өзүнө ыңгайлаштырып, анча чоң эмес бадалды тандап алды да, ошонун артына ыңгайлашып жайланышты. Тээ жогору жак менен төмөнкү ойдуңдун аралыгы бир чакырымдай болчу. (уландысы бар) Саадатбек Мырзакул уулу |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|