Коомдук-саясый гезит
№15, 11.01.08-ж.

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


◄◄◄

  ААЛАМ СЫРЛАРЫ

ТҮН УЙКУМДУ БУЗУШКАНДАР КИМДЕР?
Ушул жашка келгени дегеле сырдуу, табышмактуу көрүнүштөргө ишенчү эмес элем. Мындай нерсе өз башымдан өткөндөн кийин гана ишенип калдым, калппы, чынбы айтор бирөөлөр коркунучтуу окуяларды айтса, ишенмек тургай каткырып, шылдыңдап күлчүмүн. Азыр болсо бардыгын түз кабыл алууга аракет кылам. Мурун Союз али чачырай элек кезде жаз мезгилинде жер - жерлерде туут компаниясы башталып, жергиликтүү элдин көпчүлүгү сакмалда болушчу эмес беле. Кочкор районунун Кызылдөбө айылындагы таякемдин үйүнө каникул мезгилинде бир аптага эс алганы барып калгам. Анда студент болуп борбордук калаабызда окуп жүрчүмүн. Менин барганымдын урматына кой союшуп, сакмалчылар менен эт жеп, жаңы эле жатканбыз. Менимче, саат түнкү бирлерге чукулдап калса керек. Чабандын үч бөлмөлүү үйүндө сакмалчылар башка бөлмөдө, мен болсо таякемдер менен чогуу болуп жатканбыз. Уктап кеткемби же ойгоо белем, азыркыга чейин түшүнбөйм, башым жетпейт. Мага бөлмөнүн бурчуна салып беришкен. Күндүзү катуу чарчашкандыктанбы менден башкасынын баары уйкуда. Бир кезде эшик шарт этип ачылып кетти да, ызы - чуу түшүшкөн бойлору кишинин белинен келген, чачтары сапсайып өскөн кадимки эле адам түспөлдөш кишилер кирип келишти. Арасында жаш балдары да бар. Алар бурчтагы идиш - аяктарды чачып ойноп киришти. Ургаачыларынын төштөрү курсагына жете салаңдап жүрөт. Эркектери казан ичин аңтарып, ичине бир нерсе салып, от жагып киришти. Балдары болсо төбөмө чыгышат, мени карап шылдыңдап күлүшөт. Көзүм ачык турганы менен кыймылдай албайм, эки колу байлануу кишидей. Баарынан таңгалыштуусу, бөлмө ичи аябай ызы - чуу болуп жатса да, бири дагы эч нерсени сезбей кызуу уктап жатышат. Унчукпай айла жок аларды карап жата бердим. Бир кезде ургаачылардын бирөөсү мени карап, "бизди карап турган кишини көрдүңбү, мен мобул менен барып көзүн чукуп сал" - деп жанындагысына кыпкызыл болгон көзөнөктү кармата салды. Тигиниси болсо кызыл темир менен мени көздөй жылып келатты. Кыймылдайын десем кыймылдай албайм, бакырайын десем үнүм чыкпайт. Бир кезде болгон күчүм менен "баа - а!" - деп бакырып жибердим эле көзүм умачтай ачылып ойгонуп кеттим. Алигилердин бири да жок. Ойгоо белем же түшүмдө көрдүмбү билбейм, айтор үйдөгү мен көргөн буюмдар дал эле ошондой болуп турат. Болгону алиги кишилер гана жок.
"Эмне болду?" - деп жанымда уктап жаткан таякем ойгонуп кетти. Мен болгонун болгондой айтып берсем: "эч нерсе эмес, мындайлар боло берет, биз деле аларды көргөнбүз", - деп атпайбы. Аны укканда ого бетер жүрөгүм түшүп калды. Мындай көрүнүшкө алар көнүп да калышса керек, эч деле маани беришкен жок. Таң атканча уктабай чыктым. Экинчи ал жерге түнөгүм келбей, эртеси эле үйдү көздөй сапар тарттым. Ошондон кийин ал сарайга экинчи баргыс болдум.

Эркин Ашыралиев,
Кочкор району




БАЛАНЫ ӨЛҮМДӨН ИТ САКТАП КАЛДЫ
Жайдын саратан мезгили болчу. Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсү менен түштүктү карай жүрүп отурсаң, беш жүз кадамдай төмөн жакта чоң суу сактагыч бар. Күн ысыганда көпчүлүк ошол жакка барып сууга чөмүлүшүп, эс алышат. Кошуналар баарыбыз бала - бакырабыз менен ошол көлмөгө эс алганы барганбыз. Күн да төбөдөн чакыйып тийип, сууга түшкөнгө жакшы мүмкүнчүлүк берип атты. Жээктеги кумга жатып алып күнгө кактанып, өзүбүз менен кошо ала барган тамак - аштарды жеп, өзгөчө ичкиликтин сазайын берип аттык. Жаныбызда кара чоочун ит тамак - аштын калдыктарына көз артып, бир нерсе ыргытып койсок илип алып жеп, бизден алыс кетпей айланчыктап жүргөн. Атайын балдардын үйлөтүлгөн резина кайыктары менен балдарыбыз да сууда сүзүп жүрүшкөн. Ичкиликке кызып калышкан кошуналар балдарга да анча көңүл бөлбөй калышты.
Бир кезде алиги кара ит бизден бөлүнүп, суу тарапты карап арсылдап катуу үрө баштады, анда деле маани берген жокпуз. Кара ит сууга секирип түшкөндө гана көңүлүбүздү ошол жакка бурдук. Резина кайыктын үстүндө калкып жүргөн кошунабыз Алайбектин сегиз жашар кызы көрүнбөйт. Жүрөгүбүз "шуу" эте эмне кылаарыбызды билбей далдырап калдык. Кайык жээктен жүз кадамдай ары көздөй кетип калыптыр. Аны көргөндө энеси бакырып чалкасынан кетти. Арабызда сууда тың сүзгөн эч кимибиз жок экен. Бир аз сүзүп барып эле кайра артка тартабыз. Айлабыз алты кете эмне иштээрибизди билбей калдык.
Ошо кезде алиги кара ит бир нерсени тиштеп келе жатканын көзүбүз чалып калды. Жээкке жеткенде гана Алайдын кызы экенин билдик. Айланадагы элдер кыжы - кужу болуша заматта үймөлөктөшө түшүштү. Жасалма дем алдырып жатып, аны араң эс алдырдык. Тээ бир топтон кийин гана кара ит эсибизге түштү. Ызы - чууда ага эч ким көңүл да бурбаптырбыз. Анын карааны көрүнбөйт, бул эмне болгон ит экенине баарыбыз таңгалып, ошнтсе да ыраазычылык билдирип, жакшылап тамак менен сыйлап коелу деп эч жерден таппай койдук. Ошентип, күтүлбөгөн жерден пайда болгон кара ит бир адамдын өмүрүн сактап, күтүлбөгөн жерден кайра жок болуп кетти.
Азат Арзыматов,
Бишкек шаары, Көлмө айылы


ӨЛҮК ЖУУГАНДЫН СООБУ ТИЙДИ
Отуз жашка чыкканы дегеле өлүк жууп көргөн эмесмин. Өзүм дээринен коркокмунбу билбейм, көргө киргенден, өлүк жуугандан жаа бою качам. Бирок мусулман баласы болгондон кийин баары бир эртеби, кечпи бул иш башка түшөт экен. Кудалар каза болуп калып, көз көрсөтүп, топурак салганы барып калдык. Салт боюнча өлүктү жууганга кудалардан бирөө кирет экен, анысы да өчөшкөндөй мага туш келип атпайбы. Качканга да, моюн толгогонго да эч мүмкүн эмес, айла жок боз үйгө кирүүгө туура келди. Андан алты ай мурда автобуска жетейин деп чуркап баратып мүдүрүлүп кетип, башым менен жер сүзө оңкошатып барып катуу жыгылгам. Ошондо оңгон жокмун, оң жак ийнимдин булчуңдары үзүлүп кеткенби, оң колум көтөрүлбөй калды. Айыгабы десем айыкпай койду, доктурларга барып ток менен кактатып, укалатып, ар кандай май шыбап, табып, эмчи - домчуларга да каратып көрдүм, эч майнап чыккан жок. Тажаганда жөн койдум. Бирде жакшы болсо, бирде ойноок болуп калган кол сыяктуу кайра кармап калат. Оор нерсе көтөрө албайм, өйдө - ылдый кыймылдатканда ооруп кетет. Ага акыры көнүп да кеттим.
Жанымдагылардын айтканын жасап, өлүктү жууп жаткам. Бир кезде оң колум тайып кеткенсип, катуу булкунуп, булчуңдарым түйүлүп барып, бир ооруп алды да кайра жазылып кетти. Ары - бери кыймылдатып көрсөм ооруганы эч сезилбейт. Боз үйдөн чыккандан кийин өзүмө - өзүм ишенбей колумду кайра - кайра кармалап, өйдө - ылдый кыймылдатып текшерип көрдүм, эч нерсеси билинбейт. Мурунку соо кезде кандай болсо, так эле ошондой таптаза. Ошондон кийин ал оору өзүнөн - өзү жоголуп, бир жолку өлүк жуугандын сообу тийди.
Сапар Сыдыков,
Кемин району, Орловка айылы


БАШ СӨӨКТҮН СЫРЫ
Токмок шаарынын так эле ортосунда жайгашкан автобекеттин түндүк тарабында тээ Союз мезгилинде чоң маданият үйү салынган. Жаңыдан жери казылып, фундаменти куюлуп, кирпичи көтөрүлө баштаганда биз кичинекей мектепте окуган кезибиз болчу. Эч ким жокто топ балдар болуп, ошонун айланасына чогулуп алып ар кандай оюндарды ойночубуз. Менин Асылбек деген тогуз жаштагы иним ошол жактан топурактын арасында жарымы чыгып турган адамдын баш сөөгүн таап алды. Анын төмөн жагы жок экен. Биз деле аны кишинин баш сөөгү экенин билген эмеспиз, ары - бери кармалап көрүп, үйгө кайтканда өзүбүз менен кошо алып алдык. Атама көрсөтсөк "Муну кайдан алдыңар, кишинин баш сөөгү турбайбы, кайра ордуна алып барып, көмүп койгула", - деди. Биз көп нерсени түшүнө элек эселек бала болгондуктан анча деле маани берген жокпуз, короого алып барып таштап салдык.
Күүгүм киргенде короого чыга калсам чарпаянын үстүндө мен тааныбаган аксакал карыя отуруптур, колуна чыны кармап. Учурашайын деп жанына барсам өзүнөн - өзү жок болуп кетти. Адегенде коркуп кеттим да, жөн эле көзүмө көрүнгөндүр деп өзүмө кайрат бердим. Бир аз убакыттан кийин үйгө кирсем, алиги аксакал карыя төрдө отурат. Үйдөн чыга качтым да көргөндөрүмдү атама барып айттым. "Олда чунак бала айе, алиги баш сөөктү көмдүңөр беле?", - деди. Биз короого таштап салганыбызды, чыныбызды айттык. Ал абышка иним Асылбекке да бир жолу көрүнүптүр. Атам бизди ээрчитип алып, кайсыл жерден аны таап алсак, кайра ошол жерге көмүп келди. Кийин билсем, ошол жерде эски көрүстөндөрдүн орду бар экен. Бийликтин буйругу менен аларды түрттүрүп, ордуна маданият үйүн салдырышыптыр. Кийин, азыр деле анын жанынан өтүп баратканда ошол чалдын элеси көзүмө элестей берет.

Болот Эшбаев,
Токмок шаары













Яндекс.Метрика