![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №15, 11.01.08-ж. |
| | Жылдыздар сүйлөйт 2008-эмне жыл? Чыгыш календары боюнча 2008-сары Чычкан жылы Юпитерге таандык. Юпитер-жогорку дегээлде ой жүгүртө билген негиздөөчүлөрдүн, акыл эстүү, ак сөөк адамдардын планетасы. Бул жылы мурда анча байкалбаган, билинбеген кишилер жаңы бийиктиктерге жана ийгиликтерге жетишиши мүмкүн. Чыгармачыл адамдар үчүн өзгөчө жемиштүү жыл болот. Чычкан жылында чыгымдар, жоготуулар аз болуп, мурда башталган иштерди өркүндөтүүгө, идеяларды ишке ашырууга зор мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ар бир жасалган иштин, эмгектин акыбети кайтып, көз жаздымда калбай бааланат. Мамлекеттеги болуп жаткан бардык өзгөрүүлөргө, бурулуштарга элдин бекем эрки, туруктуу көз карашы олуттуу таасирин тийгизет. Чычкан жылында төрөлгөндөр өздөрүнүн жылында өзгөчө күч, дарамет коротушпастан, күтүлбөгөн ийгиликтерге жетишип, мол кирешелүү болушат. Уй жылындагылар жакшы маанайга, жагымдуу күтүлбөстүктөргө кабылып, жеке жашоосунда майрамдар көп болот. Ал эми Жолборстор Чычкан жылында былтыркы кетирген кемчиликтерин оңдоп, жакындарын, жоро- жолдошторун таң калтырышы мүмкүн. Баштаган иши, ар бир жасаган эмгеги жемишин берип, ийгиликтер, кирешелер менен коштолот. Жаңы ачылыштардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана байланыштардын жылы болот. Чычкан жылы Коен жылында төрөлгөндөрдөн талыкпаган эмгекти талап кылат. Алар эс алууну билбей өжөрлүк менен көздөгөн максатына жетишип, жакшы жашоону, ыңгайлуулукту өздөрү түзүп алышат. Ажыдаар (Улуу) жылындагылар былтыркыдан калган кайгы- муңдан арылышат. Жоготуулар менен чыгымдар аз болот. Ички туюмунун күчтүүлүгүнөн улам көп нерсени алдын ала болжоп билишип, ар бир ийгилик менен чоң жетишкендиктерди салкын кандуулук менен кабыл алышат. Жыланга экинчи дем-күч кошулуп, өз каалоосунун өтөсүнө чыгат. Анын аткарылышы, ишке ашышы үчүн бүт кыйынчылыктарды, түйшүктүү эмгекти майышпай көтөрөт. Үйбүлөсүндө жагымдуу окуялар көп болуп, турмуш кура элек болсо, теңин ушул жылы табат. 2008-жылы Жылкылар көп акчалуу болуп, бардык маселелерди акыл-эстүүлүк менен чече билишет. Кой жылындагылар карьерасында, бийик тепкичтерге көтөрүлүп, болуп көрбөгөндөй урмат-сыйга ээ болот. Аларга Чычкан жылы көптөгөн жакшы сюрприздерди тартуулайт. Маймыл жылындагыларды үйбүлөсүндө да, жумушунда да, жеке турмушунда да жалаң жакшылыктар гана коштоп жүрөт. Жемиштүү, ийгиликтүү жыл болот. Денсоолугуна кам көрүшү абзел. Чычкан жылында Тоок жылында төрөлгөндөр саякатка чыгышып, жаңы танышуулардын, кызыктуу окуялардын күбөсү болушат. Кайда болбосун сүйүү менен көңүл буруунун чордонунда жүрүшөт. Ит жылындагы адамдарды кайнаган иш, эмгек күтүп, аябай көп күч коротушуп, ошону менен бирге көңүлдүү эс ала да билишет. Сүйүүнүн, урмат-сыйдын үстүндө болуп, атак-даңкка да жетиши мүмкүн. Доңуздарды шайыр, көңүлдүү жашоо күтүп турат. Тапкан кирешесин сарамжалдуулук менен пайдаланыш керек. Даярдаган Нурзада Ташбаева Кадрлар баарын чечет КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПАТЕНТ КЫЗМАТЫ административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт: КАДРЛАР ЖАНА ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА Квалификациялык талаптар: - жогорку билиминин болушу; - Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин, Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамын жана эмгек мамилелери тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларды билүүсү; - мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарында 5 жыл же кесиби боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу; - компьютерде иштей билүүсү, автоматташтырылган тутумдар, маалымат базалары менен иштей билүүсү; - мүмкүн болушунча англис тилин билүүсү талап этилет. ЭЛАРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА Квалификациялык талаптар: - жогорку билиминин болушу; - сөзсүз түрдө англис тилин, мүмкүн болушунча француз тилин билүүсү; - мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарында 5 жыл кесиби боюнча же 7 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу; - компьютерде иштей билүүсү талап этилет; ЧЕНЕМДИК УКУКТУК КАМСЫЗДОО ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА Квалификациялык талаптар: - жогорку юридикалык билиминин болушу; - граждандык мыйзамдарды билүүсү; - мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарында 5 жыл кесиби боюнча же 7 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу; - компьютерде иштей билүүсү; - мүмкүн болушунча англис тилин билүүсү талап этилет. · МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА Квалификациялык талаптар: - жогорку билиминин болушу; - программалаштыруунун SQL, DELFI тилдерин билүүсү; - мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарында 5 жыл кесиби боюнча же 7 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу; - мүмкүн болушунча англис тилин билүүсү талап этилет. ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УКУКТАРЫН ЖАНА АПЕЛЛЯЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН ЖЕТЕКТӨӨЧҮ АДИСТИГИНЕ Квалификациялык талаптар: - жогорку юридикалык билиминин болушу; - интеллектуалдык менчик тармагындагы мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды, Сот тутумунун граждандык укуктарын билүүсү; - мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу; - компьютерде иштей билүүсү; - мүмкүн болушунча англис тилин билүүсү талап этилет. ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УКУКТАРЫН ЖАНА АПЕЛЛЯЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН АДИСТИГИНЕ Квалификациялык талаптар: - жогорку юридикалык билиминин болушу; - интеллектуалдык менчик тармагындагы мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды, Сот тутумунун граждандык укуктарын билүүсү; - мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу; - компьютерде иштей билүүсү; - мүмкүн болушунча англис тилин билүүсү талап этилет. МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ АДИСТИГИНЕ (2 орун) Квалификациялык талаптар: - жогорку техникалык билиминин болушу (маалыматтык технологиялар тармагында); - программалаштыруунун Borland Builder C++, SQL, DELFI тилдерин билүүсү, жайылтуу жана маалыматтык тутумдарды иштетүү чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасынын болушу; - ишкананын масштабында маалыматтык байланыш технологиясынын инфраструктурасын түзүүдөгү жана иш милдеттерин аныктоодогу иш тажрыйбасынын болушу; - реляциялык маалымат базаларын түшүнүүсү; - мүмкүн болушунча техникалык англис тилин билүүсү; - мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу талап этилет. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылышы зарыл: - талапкердин өз арызы; - кадрларды каттоо боюнча барак (фотосүрөтү жана резюмеси менен); - иштеген жеринен алынган сунуштар; - керектүү кесиптик билимин, иш стажысын жана квалификациясын ырастоочу документтер (нотариуста күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү); - паспорттун же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү (түпнуска сынакка келгенде көрсөтүлөт). Документтер ушул кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 10 күндүн ичинде: Бишкек ш., Москва көчөсү, 62, кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү дарегине (конвертке салынып, чапталып) тапшырылышы зарыл. Тел: 68-08-19; 68-18-37, 68-16-76. Талапкерлер Кыргызпатенттин аттестациялоо-сынак комиссиясына (маектешүүдөн өтүү үчүн) чакырылат. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПАТЕНТ КЫЗМАТЫ бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт: АВТОРДУК УКУК ЖАНА ЧЕКТЕШ УКУКТАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН НАЧАЛЬНИГИ - ИНСПЕКТОРДУК БӨЛҮМДҮН БАШЧЫЛЫГЫНА ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕРДИ ЭКСПЕРТИЗАЛОО БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА ПОЛИГРАФИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА РАСМИЙ БАСЫЛМАЛАРДЫ ЧЫГАРУУ ЖАНА КОТОРМО БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫКТЫН НАЧАЛЬНИГИНЕ ОЙЛОП ТАБУУЛАРДЫ, ПАЙДАЛУУ МОДЕЛДЕРДИ ЖАНА ӨНӨРЖАЙ ҮЛГҮЛӨРҮН ЭКСПЕРТИЗАЛОО БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКТӨӨЧҮ АДИСТИГИНЕ МАТЕРИАЛДАРДЫ ДАЯРДОО ЖАНА КОТОРМО БОЮНЧА БӨЛҮМДҮН АДИСТИГИНЕ Квалификациялык талаптар: - жогорку билиминин болушу (ойлоп табууларды экспертизалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адистиги үчүн) - сөзсүз түрдө медициналык билиминин болушу; - интеллектуалдык менчик тармагындагы мыйзамдарды билүүсү; - компьютерде иштей билүүсү; - мүмкүн болушунча англис тилин билүүсү талап этилет. Документтер кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 10 күндүн ичинде: Бишкек ш., Москва көчөсү, 62, кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү дарегине тапшырылышы зарыл. Сурап билүү тел: 68-18-37, 68-16-76. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|