Молодец, эй...

Машине түрткөн МАИ кызматкери
Иш аяктап, үйгө кетели деп сыртка чыксак, "Юбилейная" дүкөнүнүн бет маңдайында жогору карай чыгалбай, бир эле орунда дөңгөлөктөрүн чимирилткен машинелер тимеле жайнайт.
Жакшылап көз жүгүртсөк, жанагы машинелерди артынан түртүп, айдоочуларга жардам берип жүргөн МАИ кызматкери көзүбүзгө урунду.

Ары бир чуркайт, бери бир чуркайт, иши кылып, жолдун тайгактыгынан ордунан жылалбай турган катар-катар машинелерди төмөндөн жогору карай түртүп, жолдон өткөн айдоочулардын алкоосуна татып жаткан кызыл шапкеченге биз да ыраазы боло түштүк.
Көрүнгөн кычыкка жашынып алып, машине тосуп, айдоочулар менен бекем учурашып, өзүнө пайда келтирбесе, башкаларга пайдасы жок МАИдеги кесиптештериндей болбой, жанагинтип жатканын көрүп чындап эле ыраазы болот экенсиң.
Билгизбей сүрөткө тартып, жанына барып, аты-жөнүн сурадык. Бишкек ШИИБинин инспектору Абдыкалый Борзубаевмын дейт. Анан ага суроо узаттык:
- Эмне сооп иш кылгыңыз келип жатабы?
- Бул деген сооп иш эле эмес, биздин милдетибиз. Карачы, бул жерге убагында кум себилбегенинен, айдоочулар үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралып жатат.
- Машинелер тыгылып жатса, МАИ кызматкерлеринин баары эле сиздей болуп, түртүшүп, чарчагысы келбейт болуш керек..
- Эми адамдын баары бирдей болсо, жашоонун өзү кызыксыз болуп калат да. Андыктан, бир адам менен экинчи адамды салыштыруунун өзү туура эмес.
Иши менен эле эмес, сөзү менен да бизди ыраазы кылган мындай кызматкерди жетекчилиги да унутпас. Ушундай азаматтарды карап туруп, башкаларга үлгү болоор беле дейт экенсиң.

Улан МАМБЕТОВ





  ТУРМУШ ӨЗҮ АНЕКДОТ

АЗАМАТ...
АЗАМАТ ЭМЕЙ ЭМИНЕ?
"Президент кетсин!" - деп аянтта кыйкырып атып, жакшы кызматка орношкон соң "Жашасын Президент!" - деп кыйкырып калса.
l
Элге бечара көрүнүп, майкөл - сүткөлдүн ортосунда жашап атса.
l
Өзүнөн жогору жактарга жароокер болуп, төмөн жактагыларына заарын чачып турса.
l
Дипломду окубай - чокубай эле сатып алып, жакшы ишке орношуп алса.
l
Ажырашканда жигулисин аялына алдырып жиберип, кайра мерседеси бар аял алып алса.

АЙЛА КЕТКЕНДЕ АЙТЫЛГАН СӨЗДӨР
"Президенттин партиясы утуп кетээрин билгенде өзүмдү эч убакта депутаттыкка талапкерликке коймок эмесмин. Эх, талаага учкан кайран акчалар."
l
Автоаварияга учураарымды сезгенде өткөн жумада эле базарга алып барып сатып жибербейт белем.
l
Арак менен достошпогондо аялым менен ажырашпайт болчумун.
l
Жаңы алган баш кийимимди майла дебегенде, аны отурган жериме таштап кетпейт болчумун.
l
Жумушсуздукка кабылбаганда үч аялым менен эле жашай бермекмин.
l
Бул жумушумдан бошоп калаарымды билгенде тиги жумушума арыз жазмак эмесмин

КАНТСИН БЕЧАРА
Кантсин бечара, депутат болом деп өмүр бою чуркап жүрүп бул дүйнөдөн өтүп кетти.
l
Кантсин бечара, мансап үчүн эл деп көкүрөгүн чапканы менен элден өзү эле бөлүнүп калды.
l
Кантсин бечара, мээси иштебесе да тили буудай кууруйт.
l
Кантсин бечара, үй толтура оокат, машине алды, ажырашканда талаада калды.
l
Ээ, кантсин бечара, чоң кызматтан түшүп калган соң кошоматчылыктын жолун үйрөнүп алды.
l
Кантсин бечара, үй турмушунан жолдуу болбосо да, аялдан жолдуу.
l
Кантсин бечара, мактоону көтөрө албай чарт жарылып кетти.
Саптарды даярдаган
Саадатбек МЫРЗАКУЛОВ