Коомдук-саясый гезит
№15, 11.01.08-ж.



◄◄◄
  ЭПИЦЕНТР

  Кашык хор

Жол, жол, жол...
"Ак жол" дегенди тескерисинен окуса, "Ложка" болот экен, ложка дегениң кашык да, ал тамак даяр болгондо пайда болчу оокат да, - деп дүңүлдөп да алдык. Дүңүлдөбөй кал, эмне дейсиңби, ойгонсоң боло.

  Келатабы?

Кайрадан 90-жыл…
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев: "Кыргызстанда өлкөнүн келечегин камсыз кыла турган адилеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптери коркунучта, мындай учурда бардык прогрессивдүү демократиялык күчтөр чоң-кичинесине карабай биригишет", - деп билдирди. Ошону менен бирге эле ар кандай саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана белгилүү саясатчылардан, коомдук ишмерлерден турган реалдуу күчтөр бириккенин, буга жаңыдан түзүлүп жаткан "Акыйкат үчүн" кыймылын атап, анын 90-жылдардын башындагы Кыргызстан демократиялык кыймылы сыяктуу эле элдик демилгени көтөргөн кыймылга айланаарын белгиледи.

  Жер силкинип...

Эл эшикте калды
Жаңы жылдын биринчи күнүндө болгон Ош облусундагы жер титирөөдөн 9 мектеп, 990 үй жарактан чыкты.

  Чубактын куну

Аксы кайрадан процессте
Аксы кайрадан жанданды. Калыстыктан үмүт арткандар кайрадан козголду.

  Упчу

Тажиканды Марат алмашып…
Соцфондун төрайымы болуп, опей, төрагасы болуп, Тажикан Калимбетованын ордуна ЖКнын экс-спикери Марат Султанов барып олтурду.

  БАДАРКЕ ШУМДУК

КУЛАК КЕСИП, КОЛ КЕСИП...
Момундай тиришумдук имиш уктук. Президенттин администрация башчысынын үйүнө жайнаган жаңы жылдык бадаркелер түшүп, кооздолуп жасалган белектердин бирөөсүнүн ичинен кишинин кулагы менен сөөмөйү чыгат. Шумдугуң кургур, бул жорукту ким кылды, кантип... Ушул сыяктуу суроолорду Улуттук коопсуздук комитети изилдеп жатат дейт.

  Сөз кадырын билгендерге

Аттан аттын неси артык,
Ашыра баскан изи артык.
Эрден эрдин неси артык,
Эр сайышта күчү артык.
Хандан хандын неси артык,
Калкым деп күйгөн киши артык.

Барсбек (б.з.ч.XII-VIII кылымдар)

  Жакшы жашоо издеп...

Орусияда 350 мекендешибиз өлдү
Өз өлкөсүндө иш таппай, бөлөк жактан бакыт издеп кетип жаткан мекендештерибиздин абалы деле ойдогудай эместей.
Айталы дегенибиз, бөтөн эл, бөтөн жерде үйбүлөсүнүн курсагын тойгузуу максатында эптеп көр оокатын өткөрүп жүргөн кыргызстандыктардын 350гө жакыны 2007-жылы Орусия аймагынан оо дүйнөгө узаганын "Замандаш" ассоцияциясы билдирди.

  Кое салдан, чое сал...

2008-жыл - Айтматов жылы
Маданият министрлиги 2008-жылды Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыя кылды.
Көрсө, ушул жылы улуу жазуучунун 80 жылдык юбилейи болот тура.
Анан маанилүү датага ылайык, Маданият министрлиги Айтматовдун Таластын Шекер айылындагы музейин оңдоп-түздөп, жаңыртып берет экен.

  Өзүм билем

ЖКда жыргал
Жаңы шайланып келген парламент азыр "конкретный концертин" баштады. 90дун жети- сегизи эле сүйлөгөнгө укук алганы аз келгенсип, эми алар үчүн башкалар деле добуш берсе болот. Регламентти ушинтип ийлеп, былчыйтып "түздөп" алышты. Ортосунан айтсак, эми 90 депутат үчүн ону деле добуш берип койсо боло берет.














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan