Коомдук-саясый гезит
№15, 11.01.08-ж.



◄◄◄
  БИЙЛИК, БАЙЛЫК ТАЛАШПАЙ

КЫРГЫЗЫҢДЫН БАР БОЛОРУН ОЙЛОЧУ
Турмуш өтүп жатат. Кыргызыңдын турмушун айтам. Референдум болубатат, шайлоо болубатат, "Ата Мекен" менен "Ак жол" арбашып, Курманбек менен Өмүрбек кармашыбатат, депутат дегендин ишин кой, ошол сөздүн маанисин түшүнбөгөн немелер закон чыгарат элем деп шымаланып турушат, анан бакиевчилер текебаевчилерди биротоло тээп түшүрдүк деп "жүздөшүп" да жатышат, ата-бабанын жери сатылып туру, коррупция деген монстр, бийлигин жүргүзүп туру.

Азыр өлкөбүздөгү бүтүндөй кыймыл бийлик менен байлыктын азабынан келип чыгыбатат. Бийликтин да, оппозициянын да жогорку материяны такымдаган сөздөрү жөн гана ширма болуп турат, негизги ою да, күчү да бийликти колдон чыгарбоого, байлыкты көп топтоого жумшалып турат.
Өлкөнүн келечеги, биримдиги, гүлдөп өнүгүшү, кубаттуулугу, элдин жыргалчылыгы деген сөздөр жыйындарда арбын айтылганы менен ал багытта иш жасалбай калган.
Ошентип, бийлик менен байлыктын азабынан кармаш жүрүп жатканда "Кыргыз Республикасы" деген ООНго мүчө мамлекет, тамагы аз болсо да, тарыхы көп мамлекет кыйроо жолунда баратат, ал мамлекеттин кыргыз делген эли "аты калып заты жок калкка айланып калат го" деген мурунку коркунучтуу ой азыр тездик менен турмуш реалдуулугуна айланып баратат. Дегеле кыргыз деген улуттун өзү жоголбос бекен?!
Биз бу макалага өмүрү чын эсеп чыгарып көрбөгөн статкомдун цифраларынан жаа бою качабыз, сөзүбүз элдин эсеби менен кетсин, санайлы, бүтүндөй элдик масштабдагы көйгөйдү.
Мындан, айталы, отуз-кырк жыл мурда кыргыздын үйбүлөсүндө орточо эсеп менен алганда 5-8 бала болор эле. Бүгүнкү күндө бүлө эки, ашып кетсе үч баладан турат. Негизги себеп көп баланы багалбоо, экинчиден, баккысы келбеген психологиянын орношу. Дагы бир элүү-алтымыш жыл өтсө, өлгөн менен төрөлгөндүн саны теңелиши мүмкүн, андан аркысы белгилүү.
Өлкөбүз өзалдынча мамлекет болуп, андай күндө кандай жашоо керек экенин биле албай экономикабыздын ойрону чыкты, ондогон жылдар ортого чогулткан жалпы элдик делген мүлктү Акаевдер, Бакиевдер, Касиевдер, Силаевдер, Танаевдер, Сыдыковдор, Айбалаевдер, Керексизовдор, Салымбековдор, Байболовдор, Балкыбековдор, Исаевдер,Куловдор, Атамбаевдер, Сарыгуловдор, Сыйдановдор бөлүп кетип, карапайым элге ныпым нерсе калбады эле, каракурсактын айынан нечен бир азамат жигиттерибиз менен кыздарыбыз ары жагы Америка, бери жагы Казакстанга чейин "кайың саап" кетишти. Эми алардын көбү келбейт, ошол барган жерине, элине сиңип кетет. Мына, Сибирь тарапта чочко багып "малчы" болуп бабаларынын таягын эстафета кылгандар чыкты. Алардын небере-чөбөрөлөрүнүн аты Иван менен Мария болот, заты орус болот.
Көп айылдын кыздары бүгүнкү күндө негрдин, метистин, кытайдын, англичандын, италиялыктын, немистин, испандын, орустун катыны болуп кетишти. Сүйүп-күйүппү? Талаада калган сүйүүбү. Жалаң гана каракурсактын айынан, ачкөздүктүн айынан, дүнүйөкорлуктун айынан.
"Кызым Америкада күйөөдө, ошол доллар салыптыр, кулундуу бээ алдым" деп негрге тийип кеткен кызын мактаган чалдар чыкты. Арман ушул.
Акаев бийлигинин тушунда "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген айбандык бүтүм жаралган. Тебеленип келген кыргыз жери дагы да тебеленди. Ушул тапта өзүбек, орус, уйгур, дунган, корей, тажик, улутка бөлбөй эле кавказдык деп коеюнчу, ии, ошолор кыргыздын ырыскысын теңталашып, керек болсо кыргызыңды кулдай жумшап, чычтымканасын тазалатып жатат. Ооба, жаман улут жок, жаман адам бар дейбиз. Улутчул болбойлу. Айтканым, ошол эле өзүбек, дунган, уйгур, орустарың кыргызыңды кыкка теңебей жатпайбы, өтүктөрүн төргө илибатпайбы. Намысыбызды тебелетип жатканыбыз калппы? Жылдардын бир жылдарында аталган улуттун өкүлдөрү өлкөнү биротоло колго алат. Бекеринен Токмокту дунгандар башкарып жатыппы?
Кылымдан келаткан кыргыз тили мамлекеттик маанисин күндөн-күнгө жоготуп барат. Бакиевиң баш болуп он ооз сөз сүйлөсө да орусча сүйлөп атса, тилибиз өлбөгөндө кантмек?! Ташбоо Жумагулов "антип атабыз, минтип атабыз" деп адыраңдаганы менен тилибизди баралында кармай албас. Бу маселеде бийликтегилердин мээси жетпесе уялбай эле латыш, эстон, литва, грузин, армяндардан сурабайбы, эчболбоду дегенде өзүбектерден сураш керек уялбай-этпей эле.
Бүгүнкү күндө Афганистандын апийиминин үчтөн бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу башка региондорго таралат. Баңгизаттын эң оор түрү героин мурда биздин өлкө аркылуу толук өтүп кетчү экен. Азыр болсо анын кайсыл бир бөлүгү бизде калат экен. Анткени, аны колдонгондор көбөйүп жатыптыр. Эң коркунучтуусу, ошол өтө күчтүү баңгизаттарды колдонгондордун ондон үчөө-төртөө өспүрүм балдар экен. Эртең канча болоорун ойлосоң заманаң куурулат. Бу маселеде башын оорутуп күрөш жүргүзгөндөр өз чөнтөктөрүн кампайтуу менен алек.
Орусуң оң нерсе үйрөтмөк беле. Алар үйрөткөн ичкилик ичүү "маданияты" кыргызда ого бетер өнүгүп берди. Эми "устадан шакирти өтүп" кыргызың ичип берсе, орусуңдун оозу ачылат.
Ыйман деген эмне, ата салты деген эмне, "Манас" баштаган эпостор эмне жөнүндө, 16-жылдагы Үркүн кандай болгон, "Каныбек", "Сынган кылыч", "Көчмөндөр кагылышы" романдарында эмне жазылган, "Биринчи мугалим", "Жамийла" повесттеринде эмне баяндалган, кандай кыргыз эл жомоктору бар ж.б.у.с билбеген муун өсүп жатат. Алардын билими күч да, акылы жок. Цивилизация алып келген көрүнүштөрдү мыкты билишет, компьютер менен эркин сүйлөшөт да, энесинин тилин укпайт, акчанын эсебин чагат да, атасынын тилин укпайт.
Азыркы өспүрүмдүн көбүнүн сезиминдеби, дилиндеби "уятың барбы" деген сөздү кабыл алчу орун жок экен. Кайсы бир иш үчүн "уятың барбы" десең беттен алып же ыргыта тебиши мүмкүн.
Мамлекетибиздеги жаман, жакшынын баарына биринчи иретте президент жооп бериш керек, Бакиев жооп бериш керек. Анын үстүнө ал болгон бийликтин баарын жеке өз колуна топтоду, бар бийликтин милдетин албадыбы. Президентибиз болсо байлыгы менен бийлигин ойлойт.
Урматтуу Президент, Сизде "өлбөстүн күнүн көрчү" байлыгыңыз бар, бийлигиңиз болсо чексиз, аны Сизден эч ким тартып албайт, алам десе да бере турган түрүңүз жок, баамыбызда түбөлүк президент болосуз. Андыктан, кыргызды кыргыз кылып жолун улагандай иштерди жүргүзүүңүз зарыл, милдеттүүсүз. Терең ойлонуп көрүңүзчү.
А сен эмне дедиң, урматтуу окурман?

Баратбай АРАКЕЕВ




  Өзөктөгү чок

Эми канттик?
Бузукка-макул, соого-жок,
жомокто-баатыр,
жоодо-жок
эл болдукпу?
Качанга чейин?
Жок болгонго чейинби?

Көңүл канап, өң-алеттен азабыз,
күндө бөлөк жолго төшөп басабыз.
Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн,
биз акырын өлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдөп шапар тебишет,
бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.
Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма,
арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган
терекпиз,
биз байларга шайланарда керекпиз.
"Эл" деген-биз, макулук да,
маймыл да,
эч ким дагы, эч нерсе да эмеспиз.

Атажуртта ач, жылаңач, араң жан,
аялга окшоп зордукталган, таланган.
өрттү көздөй жылып келе жатабыз,
өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.


***

Бук төктүм ушул түнү мен,
Бул элди көрүп кыйраган,
Манас деп масын сыйлаган,
Мас болгон сайын жыргаган,
Малга окшош момун маңыроо,
Мамайдын гөрү кыйнаган.
Маңызсыз күндөр эзгенде,
Мазесин чагып ыйлаган.
Бук төктүм ушул түнү мен,
Бул элди көрүп кыйраган…


***

Кылт этип кырдан көчөрмүн,
Кылт этип кырдан көчкүчө,
Кыргыз деп ыйлап өтөрмүн.

Эркин шайлоо…Көрсөттү
катылганын,
Элдин, эки, үч-төрткө чачылганын.
Эки килдик баштыкка шекер берсе,
Энесин да карабай сатылганын.

"Кыргын" шайлоо көрсөттү шок
экенин,
Кыраан элдин тукуму пок экенин.
Кылыч сунса, ордуна арак алган,
Кыргыздарда ар-намыс жок экенин.
Кыз-келини очокко далбаланып,
Карылары калжаңдап майдаланып.

Эр Манастай эл коргоор жигиттери,
Этегине катындын далдааланып.


Дооруң келсе, келбедиң доолап акың,
"Ооба" десе жогор жак
"ообалаштың".
Шодокондун бүркүттөн кузгуну көп,
Шору да көп эзелтен оома калктын…

Ш. Дүйшеевдин
"Шакен азган" китебинен














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan