![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №15, 11.01.08-ж. |
| | КурумУшу "ПАПАМЕКЕН"(Уландысы. Башталышы өткөн санда) Шайлоого карата эларалык байкоочулар өз баасын беришти. Мисалы, КМШнын байкоочуларынын миссиясы шайлоо мыйзамга ылайык эркин жана транспаренттүү өттү десе, ШОСтун миссиясы Кыргызстандагы ЖКга болгон кезексиз шайлоо эркин, айкын болду деген тыянак чыгарды (Тийип качма бул эки уюм КМШ мейкининде өткөн кандай гана шайлоо болбосун, алдын ала даярдалган стандарты боюнча сонун деген баасы бергени адат. Андан эч жазып, жаңылып көрө деле элек). Байкаганга бул өтө чоң баа. Мындак артык баа деле болбос. Бирок, экөөнүкү тең президент К.Бакиевдин айтканынын тушарына туура келбей калат. Президент кезексиз шайлоодо "утуп чыккан" партия түзгөн ЖК жаңы курамы менен жолугушуу учурунда: "Вы первая политическая партия, пришедшая к власти в результате демократических выборов. Вы костяк такого парламента, какого еще не было в стране. Это крупный шаг вперед на пути демократических реформ - деп келип, андан ары сөзүн улай - Прошедшие выборы были одними из самых честных и чистых за время существования Кыргызстана" ("tazar.kg") деп аяктады.Мындан артык "Ак жолдун" сөөгүн эч ким агарта деле албас. Шайлоо өтүп, бийлик "жеңишине" шаңданып жаткан мезгилде Кыргызстанда көптөн бери туруктуу мониторинг жүргүзүп келген байкоочулары бар ОБСЕ уюму теңирден тескери, "кыянаттык кылып" деп айта тургандай, кескин терс баасын билдирип таштады. ОБСЕ ачык-айкындуулук болбогонуна, бу шайлоо менен Кыргызстан көп артка ыргытылып ташталганына басым коюп, шайлоонун эларалык стандартына жакындабасын белгиледи. Аны АКШнын мамлекеттик департаменти менен дүйнөлүк бараандуу информациялык агентстволор, пресса колдоп чыкты. Тилекке каршы, бийлик ага быш этип койгон жок. Укса да укпамышка, көрсө да көрмөмүшкө салып жатат. Президенттин шайлоого берген өтө "адекваттуу" баасынан кийин бир күмөндүү ой пайда болот-К. Бакиев же шайлоонун кантип өткөнү менен кабары жок же атайылап эле "Ак жолду" колдоп добуш бербей тескери батасын айткан шайлоочуларды эликтеп жатат. Неси болсо да, президенттин сөзү нааразы болуп жарыла албай турган шайлоочуларга кошумча дүүлүктүрүүчү фактор болуп кызмат кылганы талашсыз. Башканы айтпай ак кой, президенттин бийлигинин биринчи апологети, "Акүйдүн" көздөй кишилеринин бири Т.Тургуналиевдин өзү шай-лоого миллиондогон кишилер нааразы деп жатса, президент "өтө сонун өттү" - деп турушу акылга сыя бербей турган жоруктур. Будамайланып өткөн шайлоодон кийин чагылгандай тездик менен ЖКнын төртүнчү чакырылышынын сессиясы чогулуп, салтанаттуу түрдө депутаттык мандаттар таратылып берилди. Андан кийин демейдеги парламенттеги бийлик бөлүштүрүү иши да башталып кетти: ким спикер болот, ким вице-скипер, ким премьерлик орунга татыктуу, ким кайсы парламенттик комитеттерди жетектеши керек? Бөлүштүрүүнүн кумарына кирип алышкан депутаттар элдин пикирин тыңшап, кулак түрүп коер түрү билинбейт. Сыягы, аналитик Т.Какчекеев айткандай: "булар ишти баштап кетсек эле бардыгы тынчып калат" - деп ойлошот өңдөнбөйбү. Эл эмне, акыры ызасын муунтуп, ичинде өлтүрүп көкшүнү суугандан кийин парламенттик шайлоодогу кор болушканын бара - бара унутушат, унутпаса да унуттурабыз деген пикирде турганын жаземдебей бай-коого болор. Мезгил деген улуу дарыгер бардык жараны айыктырат, элдин укугун бузуу биринчи да, акыркысы да эмес, эл айласы жок башка түшкөнүнө көнөт - башка салса байтал жорго, токмок күчтүү болсо, кийиз казык жерге житпегенге чарасы жок деген баналдуу философия өкүм сүрүп турганы байкалат. Асыресе, коомдук пикирде шайлоонун, демек, жаңы түзүлгөн парламенттин легитимдүүлүгүнө макул болуп тынчып калар түр байкалбайт. Нааразычылык стихиялык түрдө өлкөнүн бардык бурчунда уламдан улам пайда болуп жатканы буга айгине далил. Өз көз карашын ачык айтып митингге чыккан, "ишенбейм" деген укук коргоочулар менен жаштар кыймылынын жүрөгүнүн үшүн алып коюу үчүн камап жаткан репрессиялык чаралар да көмөк бере турган көрүнбөйт. Кыянат, кысымчылык, тескерисинче, "ишенбеймди" буулуктуруп, өчөгүштүрүп нааразычылыгын өөрчүтүүдө. Бийликтин "элге тынчтык керек, революциядан жадап бүтүштү, экономика менен алпурушуунун кезеги келди" дегени, жарамазаны мурдагыдай таасир бербей калганы байкалат. Чынында эле элге тынчтык керек, анда талаш жок. Арийне, ачыктан ачык элди алдоо, ыза көрсөтүү жолу менен жетишилген тынчтыктын байымы болобу деген суроо туулбой койбос. Мындай стабилдүүлүктү - диктатуранын орношу деп ала кушту өз аты менен атоо гана калат. Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы К.Бакиевдин орноткон режиминин демократия менен эч кандай байланышы жок экенин моюнга алууга туура келет. Бирок, жаңы диктатурага эл моюн сунуп чыдап береби - бул болсо башка каверкот. Шайлоодон кийинки электоралдык кризис пайда болгон кыйчалыш учурда массалык нааразычылыктын башында туруп, бийлик каалагандай шайлоочулардын укугу тебеленип, тепселе беришине жол берилбестиги туюндура турган багытта ээрчитип бара тургандай саясий күч талап кылынып жаткан. Эл Кыргызстандын формалдуу граждандары, өз пикирин ачык айта албаган дудук люмпендер эмес экендигин бийликке жеткирүү зарыл эле. Ал саясий күч бийлик өз билгенин кыла беришине каяша кылган коомдун пикири менен маанайын чагылдыра ала турган милдетти аткарышы керек болчу. Элдин укугун коргоого жарамдуу болушу кажет. Мындай саясий күч, "Ата Мекен" партиясынын үлүшүнө туура келип турган. "Ата мекендин" жаштар ыроологон "Папамекен" деген кличкасы бекеринен чыккан жок.Үмүт артуунун белгиси. Ал кличкага партия сыймыктанышы гана керек. Шайлоо болуп өткөндөн кийин "Ата Мекендин" моюнуна чоң жоопкерчилик илинип калды. Аларга партияга добуш салышкандардын укугунан сырткары, калыс өтпөгөн шайлоого болгон элдин нааразычылыгын туюндуруп, укугун коргоо милдети тагылды. Экинчиден, ушундай кыйын учурда ич ара ыркы кетип бөлүнүп жарылбай, кайра жалпы оппозициялык күчтөрдүн баш кошуп биригишине өбөлгө боло турган борбор катары милдет көтөрүшү керек болчу. Ошону менен эле катар "Ак жолдун" У.Ормонбеков,К.Исабеков сыяктаган "шумкарларынын" ("ястребдеринин") эгер, чоң кызмат беришсе жан деп чуркап келесиңер,сатылбаган тарыхта саясатчы болгон эмес деген табалаган чабуулдары алардын жеке өздөрүнүн моралдык өлчөмү менен ченелген жалаа экендигин иш жүзүндө далилдеши талап эле.Бул миссия кандайча ишке ашат мезгил күбө болор. Шайлоого карата "Ата Мекендин" лидерлеринин кескин сын көз караштагы билдирүүлөрү пайда болду. Дагынкысы дагы айтылышы мүмкүн. Бирок да иш жүзүнө келгенде чечкиндүүлүк анча байкала бербейт. Бара - бара ымтыроо абалына өтүп баратабы дейсиң. Элдин нааразычылыгын, бийликтин кой деген кожосу болбой чамгарактап калганына, коомдук плюрализмдин четтетиле башташына келише албаган элдин маанайын колдоп кете ала тургандай масштабдуу иш деле байкалбайт. Демилге көтөрүп чыккандарынын, көбү чала, аягына чыгарылбай орто жолдо унутулуп калууда. Партия реалдуу кадам жасоого жөндөмдүүбү же жүдөөлүк кылып эл ичиндеги колдоочуларын биротоло укуктук ниглизмге түртүп таштайбы, алардын келечектеги коомдук апатиясына өбөлгө болобу, ошого жараша "Папамекендин" келечеги аныкталат. Жүүнү бош "Папа" бийликтеги биротоло авторитаризминин орношуна себеп болорун унутпашы да кажет. Анда, бүтүндөй саясий жоопкерчилик "Папага" тагылары анык. Боркулдап кайнап жаткан нааразычылыктын буусу "Ата Мекендин"саясий жетекчилеринин оозеки каяшасынын, ырааты жок демилгелеринин, урунуп-беринген стихиялык билдирүүлөрүнүн ышкырыгына айланып, абага тарап жок болуп кетеби, унутулуп калабы деген күдүк ой ар кимдин көкөйүн өйүбөй койбос. СДПК партиясынан барып депутаттыкка илинип алгандан кийин түрлөнүп турган Бакыт Бешимовдун: "Эми, жалпысынан алганда, бир партия элди көтөрүп чыга алабы көрө жатарбыз. Бирок, бир эле партия элди ошончолук козгоп, саясий кризиске алып барат деп азырынча мен айта албайм" - дегени туура чыкса, анда "Папамекен", Ө.Текебаев айтмакчы, "ит эле болду" дей бер. Үсөн Касыбеков |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|