Коомдук-саясый гезит
№15, 11.01.08-ж.

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


◄◄◄

  Карыя кебин айтпаса...

"Бийлик-Жаратканда, андан кийин элде"
"Акыйкат үчүн"
бирикменин мүчөлөрүнө жана саясий партиялардын башчыларына
Кайрылуу

Урматтуу мекендештер!
Шайлоонун расмий жыйынтыгын таануу же тааныбоо-бул маанилүү, бирок өлкө тагдырын чечпеген маселе.
"Бийлик-Жаратканда, андан кийин элде"- деп бабаларыбыз айтышчу экен.
Даанышман элибиз шайлоого калыс баа берип, коомдун чыгарган жыйынтыгын тааныбаганга эч кимибиздин акыбыз жок.

Элдин шайлоого кылган мамилесин иликтеп, түшүнүп, тиешелүү тыянак чыгаруу-бул бүгүн түпкү жана башкы маселе болуп калды.
Демек, мамлекет кайсы коомдук-саясий түзүлүштү тандап, өнүгүүнүн кайсы жолуна түшүш керек-бул суроону эл ачык калтырып, айкын койду.
Ушул суроого туура жооп таап, элдин колдоосуна жетүү-өлкө тагдырын чечкен маселеге айланды.
Экинчиден, өткөн шайлоо уруу - урууга бөлүнүүнү дагы тереңдетип, анысы аз келгенсип, мурда жок аймактык бөлүнүүнү жаратты.
Бул терс көрүнүш жокко чыгарылбаса, өлкө жаракасына алып келиши мүмкүн.
Ушул жагымсыз абалды жөнгө салуу жолу барбы?
Дагы бир негизги нерсе, калың элдин колдоосу болбосо, бир дагы бийлик, анын башына ким гана келбесин, өлкө абалын оңой албайт, анткени, ал ошончо оор жана татаал.
Демек, калың элди өлкө башкарууга катыштырып, анын тагдырына жооптуу кылуу, жолун табуу-дагы бир олуттуу маселеге айланып турат.
Ошону менен бирге, бийлик эл алдында туруктуу шартта жооп берип, бийликтин жоопкерчилигин мыйзамдаштырып алууга жетүү-тагдыр чечкен маселе болду.
Айтылган үч олуттуу маселеге бардык ой-акыл, тажырыйба, күч-кудуретти жумшоо, менин терең ишеним боюнча, шайлоонун расмий жыйынтыгын таануу же тааныбоодон кыйла өйдө жана маанилүү болуп турат.
Бирок, айтылгандын баарынан да маанилүү, терең, түбөлүк жана улуу бир жагдай бар!!!
Бир жарым кылым убакыт бою кыргыз атайын максат менен ишке ашырылган, аны бөлүп-жарып, ынтымагын ыдыратып, биримдигин талкалаган саясаттын курмандыгы болуп, тышкы жана ички душмандары канын ичип, өзү чөгөлөп, үзүлүп, чачылып, кемип, өксүп, эптеп жан сактап келатат.
Союз урагандан кийин да кыргызды өзүнүн төбөлдөрүнүн, саясатчыларынын колу менен бай-кедейге, коммунист, демократ, социалист, либерал деп бөлүп, сөөк менен көр талашкан абалга жеткизип, байлык, бийлик талаштырып, тытыштырып, алсыз, арсыз, өткөнү жана келечеги менен иши жок, улуттун, намыс, уят, абийир деген улуу жана түбөлүк наркты билбеген малга жакындаткан саясаттын барымтасына салып ташташпадыбы!
"Бөлүп, жарып, бийлигиңди жүргүзүп, өз максатыңа жете бер деген колониялык, баскынчылык саясатты баамдап, түшүнүп, ажырата албаган эл башчылары кыргызды тышкы жана ички "кой терисин жамынган карышкырларга" буту-колун байлап, курмандыкка чалып берип жатышпайбы?
Бир жарым кылым убакыт кыргыз өз акылы, ою, максаты, тилеги, миң жылдар бою өзүн актап келген өнүгүү жолу менен жашабай, сырттан таңууланган өзүнө жат, жакпаган, жукпаган саясат менен жашап келатат.
Ушинтип, бүгүнкү түпсүз туңгуюкка түшүп олтурабыз!
Демек, каршылашуу, тирешүү, эрегишүү, тытышуу-кыргыздын душмандарына гана керек, кыргызга кереги жок!!
Нааразычылык-бүлдүрүп, талкалап, кыйратуучу кара күчтү гана жаратат. Кыргызга бүгүн ушул керекпи??
Албетте, кереги жок!!
Элибиздин кийинки төрт муунунан чыккан жетекчилердин жана саясатчылардын бири да кыргыз басып өткөн беш миң жылдык тарыхый жолуна, тапкан тажырыйбасына кайрылып, ага үндөй алган жок.
Улуу тарыхыбызды, анын табылгыс турмуш сабактарын унутуп же алардан кечип, аттап кетүү мүмкүн болсо да, каада-салтыбызга, нарк-насилибизге сиңип, каныбызга, жаныбызга уюп калган касиетинен качып кутула албайбыз да!!!
Кыргыздын кайталангыс касиети, улуу дөөлөтү, рухий наркы оңой эле табылган эмес!
Чыпалак кесилип, бир тамчы кан кетсе далбастап, шашып байлай коебуз.
А бирок, кыргыздын улуу тарыхы, баа жеткис дөөлөтү дарыядай кан төгүү, көлдөй толгон жесирлердин, жетимдердин көз жашы менен табылган!!!
Кана, кимибиз өзүбүздү ушудан өйдө коюп, андан кечип кете алабыз?
Кимибиз кыргыз элине Шырдакбек, Эр Солтоной, Бердике, Жайыл, Тайлак, Атантай, Жамангара баатырлардай, Моют-Аке, Сарт-Аке, Тилекмат-Аке, Садыр-Аке, Кыдыр-Аке, Медет датка, Ажыбек датка, Кубат бий, Чыныке бий бабларыбыздай эмгек кыла алдык?!
Улутубуздун улуу жолун билбесек-ал сыймыктанчу иш эмес.
Ал-уят иш.
Өткөнүбүздү билбеген үчүн келечекке жол таппай, туш келди урунуп, убара болуп жатабыз.
Беш миң жылдык тарыхыбызга таянбай, улуу дөөлөтүбүздөн рухий азык албай, басып өткөн жолубуздан үлгү таап, жыйынтык чыгарбай, көрүнгөндү ээрчип, этегине илешип, көнгөнүбүз-тайкы акылдын же маңкурттуктун белгиси болуп жүрбөсүн!?
Улуу Манас бабабыздын, демек кыргыздын өз жолуна кайрылып, жакшысын алып көрбөйлүкпү, урматтуу замандаштар!!

Д. Сарыгулов,
Кыргыз Республикасынын
эмгек сиңирген курулушчусу.
3-январь 2008-жыл




  Жүрөк тилинет, тилинет…

Ойгон, намыс!
Куюлтуп жашыңарды,
Чүмкөнүп башыңарды.
Тарттырып жүрөсүңөр,
Табакта ашыңарды.

Көзүңөр сокурбу бейм,
Темселеп отурбу дейм.
Эзели бүтпөс эрмек,
Той менен топурбу дейм.

Алдуусу алсызын жеп,
Ардуудан арсызы көп.
Адашкан бул күндөрдө,
Алкыштан каргышы көп.

Бириң бай, миңиң жарды,
Ойгоноор күнүң барбы?
Аракка алдырбаган,
Айылда кимиң калды?

Кубандың жүргөнүңө,
Жугунду тийгенине.
Чет элдин садагасын,
Талашып кийгениңе.

Кубандың тойгонуңа,
Кур дүрмөт ойлоруңа.
Чыркырап турса дагы,
Чындыкты сойгонуңа.

Дилиңди аттадыңбы?
Тилиңди сатканыңбы?
Мээримсиз Кудай ургур,
Мекенди атпадыңбы!

Жериңди тартып кетти,
Кениңди артып кетти.
Даңаза кыласыңар,
Даамы жок тантык кепти.

Алдыңкың арты болду,
Бүтүнүң жарты болду.
Ээрчиме элге айланып,
Эгизиң жалкы болду.

Дос-тууган жатың болду,
"Киргизге" атың конду.
Аялдар тентип кетип,
Кыздарың катын болду.

Айтса кеп түгөнбөстүр,
Өтүүдө күн өлбөс бир.
Короо-жай шыпырылбас,
Кышында күрөлбөстүр.

Эмне кылуу керек?
Жүрөктү угуу керек.
Уктатпай намыс, арды,
Ойготуп туруу керек!

Тургунбек
Бекболотов














Яндекс.Метрика