Коомдук-саясый гезит
№15, 11.01.08-ж.



◄◄◄
  Чиңгилбенс, чиңгилбенс...

Санта Клаусту тирилткен ким?!
Кыргыздардын туризмди өнүктүрүү менен өлкөнү бутуна тургузабыз аракети күчөп келет. Андан да туризм агенттиги "Санта Клаус Кыргызстандын Атбашысында жашайт"- деп бүт дүйнөгө жар салды. Оп-эй, чынбы?- деген эле жарандар. Таңыркашат. Ишенишет . Ишенишпейт. Жомок дешет , айтор обу жок нерсе экенине көзү жетти көрүнөт. Сөз ушул нукта болсун,үңүлүңүз.

Адегенде, Санта Клаус жерде жашаган адам баласыбы же жомоктогу каарманбы, ошону элге жеткирүү керек эле. Бул иштердин бирин аткарбастан, Швеция соц.сурамжылоо жүргүзгөндө Санта Клаустун мекени Кыргызстан болуп чыкты дешип баса калышты. Сурамжылоону ким, кайсы компания уюштурду, канча кишиден сурамжылады, алардын ушул тууралуу маалыматы барбы так айтыш керек болчу. Балким, жөн гана чалакайым кыргыздарды сынашкандыр… Мындан да кыргыздардын жаңы жылы- Нооруз экенин унутуп калыштыбы же чындап эле орусташып, батышташып кеттикпи? Бул жөнүндө да кептер жайнайт. Ал эми Санта Клаус качан пайда боло калган? Тээ заманда. Батыш өлкөлөрүнүн жомокторунда пайда болгон. Мисалы, 1822-жылдары Клемент Кларк Мур деген АКШнын Нью-Йорк шаарынан "Санта Клаус" аталышындагы жомоктор сериясын балакайларга таңуулаган. Анда мештин морунан кызыл тончон, ак сакалчан чал түшүп, өспүрүмдөргө белек берет делет. Мындай жомоктор бөлөк мамлекеттерде байма - бай чыккан. Кыргыздарда ушундай жомок чыгарып, мадырабаштардын купулуна толсо эле жетишмек. Алатоо аянтына Улуттук гвардиянын 200 солдатын Аязата эмес Санта Клауска айландырып, англис тилиндеги ырларга бөпөлөп, бийиктиги 22 метрди түзгөн балатыны айлантып бийлетишти. Не, кыргыз тилиндеги ырлар кырылып калыптырбы? Кыргыз ырларын пропагандалоо эсине келбесе керек. Бул чоң тема… Атбашыда жашаган Аязата, тоюс Санта Клаусту санжырага байланыштырып ишендирсе деле кызыктыруурак болмок.Арийне, Санта Клаус атбашылык Черик же Моңолдор уруусунан чыккан деп,күйөсүң да....
Швециялыктар далилдешти дегендерине эч ким ишенбейт да. Тестиерлерден бөлөгү. Чет элдиктер кар кишинин жомок дүйнөсүндөгү жароокер киши экенин билбейт бекен? Мейли, чет элдиктер ишенип келсин дейли (алар балдарына көрсөткөнү келишет деп коелу), кантип далилдешет. Санта Клаус деп Батышты туурабай эле кыргызчалаштырып Аязата дешсе деле болбойбу, түгөттүкү. Мейли, пиар акция дейли... PR дын максаты мамлекеттин жакшы жактарын коомчулукка таанытуу менен туризмин өнүктүрүү. Ошондой болсо дагы уламыштарга ишендирүүдө чындыкка кооштурушу абзел го? Уламыштарды чындыкка айландыруу үчүн кыргыздардын менталитетин жуурулуштуруп, тарых барактарындагы улут баалуулуктарын эми кайда каттык. Иши кылса, иттей эле кызык турмушту өткөрө баштадык, кыргыздар, кайда барып, эмнеге жолугаар экенбиз.
Мамлекттик туризм агенттигинин мындан аркы иш-аракети кандай болот, аны убакыт көрсөтөөр. Ал эми бери дегенде кыргыздын Аязатасы Санта Клауска айланып калганына таң калбай эле койгула. Анткени, кыргыздар оома, маңыроо, ишенчээк калкпыз.

1945-жыл Америка Кошмо Штатарынын Борбордук Чалгындоо Башкармалыгынын ошол кездеги Борбордук Азия бөлүм башчысы, кийинчирээк директору Ален Даллес "СССРге каршы согуштан кийинки америкалык доктринаны ишке ашыруу жөнүндө ой толгоолор" деп иштеп чыккан документе минтип айтылган экен: Аларды уйгу-туйгулантып, удургутуп байкаттырбай элдик нарк-насилдерин жалган жасалмалуулуктар менен алмаштырабыз, ошого ынанууга мажбурлайбыз. Ал жактан өзүбүздүн санаалаштарыбызды, бизге кошула тургандарды, жардамчы боло тургандарды табабыз.

Улукбек Кутманбаев




  Сезон охоты

Кызматтагылар кийикти, карышкырлар малды кырып атат
Кээ бир жаныбарлар, алардын ичинде канаттуулардын бир тобу, бир катары кышында семирет. Оюн салып, талпынып, айтор кутургандай болот. Адам деле ошондой экен. Бийлиги менен байлыгына көпкөндөр. Анысын бир жеринен чыгарчу жан жок. Кыш келээри менен ошондой көпкөн немелер Аксуу, Жетөгүз сырттарына байма-бай каттап, кийикке мергенчилик кылышат. Аларга тыюу салуу, чектөө чараларынын таасири жок. Баарынын кыпкызыл "удостоверение" деген балакеттери бар. Ошонусун мурдуңа такап, өзүңдү жөөлөп өтөт. Азыр Жетөгүз районунда эле 15тей мергенчилик ОсООлору бар. Аксуунун мергенчилик кылган жерлеринин эки чоң коктусун Грибунов жана Акгерберт деген эки еврей менчиктештирип алган. Кыргызыңды кыргоолчо көрбөй өз билгендерин кылып атат. Аталган райондордогу мергенчилик жайыттардын ээлери каалаган намазын беш маал эмес, беш жүз маал окушат. Менчиктештирип алган жерлерине малчылардын малын жолотпойт. Канча кийик атылып жатканын так эсебин беришпейт. Анан капкан салып, Кызыл китептеги илбирстерди кармайт деген катуу каңшаар да бар. Бир кулжаны чет элдик турист- мергенчилерге 16 миң долларга аттырат да, мамлекетке анын 7 миң доллары гана түшөт. Калган 9 миң доллар менчик ээсиники, турист -мергенчилерге сервис уюштурдум дейт. Анысына ашып эле кетсе 1 миң доллар кетет. Анан да ошол чет элдик туристтер бир кулжа аттыбы же бештиби дегендин эсебин алган жан жок. Ооба, жаратылышты коргойм деген араңжан уюм бар. Аны Жалалабаттан "Кап" аттуу кличка алып, айдалып келген Токтомат Докоев деген башкарат. Бул жигит өз чөнтөгүнүн камынан эч бошобойт дешет. Ал эми өлкөбүздөгү жалпы мергенчилик чарбасын Самаган Маматов деген химик - агроном башкарат. Ал интрига уюштурганга, алып - жутканга маш дейт. Бул экөө жөнүндө материалдар топтоштурулуп жатат. Кийинчирээк толук тааныштырабыз. Эгерде мергенчилик жайыттарын мамлекет колуна алса, миллиондогон кирешелер түшмөк. Жанагы "чаласабат" парламент ушуга мээси жетээр бекен. Эч болбоду дегенде катуу көзөмөл керек. Азыр болсо көзөмөлдөөчүлөр кошо талашып, оокатын кылып атышат. Дагы бир маселе, азыр Жетөгүз, Аксуу сырттарында, жака тушунда деле карышкыр деген аябай күч. Малды ой боюнча кырып жатат. Эзели кайтарылбай багылчу топоздорду кайтарып жатышат, карышкырлардын азабынан. Жанагы кийик уулап көпкөндөр карышкыр атса гана. Тез арада карышкырларга каршы бүтүндөй мамлекеттик деңгээлде чара көрбөсө, малыбыз эмес, өзүбүз зыянга туш болоорбуз.

Баратбай Аракеев




  Ыр эмес, ый

Үшүйм…
Кыргыз бийлиги эч нерсени ойлогон жок. Табигый кырсык түгүл кычыраган аяздуу кыш али алдыда экенин ойлободу. Адатка айландырып алган "саясий кумар" оюнунун кызуусунан суурула албай, күз келери менен нан, ун кымбаттап, элдин шайын алды.

А кыргыз бийлигине кымбатчылык чымын чакканчылык болгон жок. Анткени, таштак жерде ат мингенине чейин, улам казынаны капшырып атып, турмуш шартын жакшыртып алышкандыктан, нан кымбатчылыгы карапайым калктын жон терисин ноюгандай ноюган жок. Эми бул башка маселе. Биз сөз кылайын дегенибиз, кычыраган кышта келген табигый кырсык, жер титирөө жөнүндө.
3-4 жылдан бери эларалык адис-эксперттер, Ортоазияда коркунучтуу жер титирөөнүн эпицентри Кыргызстанда деген чындыка чукул божомолдорун айтып келүүдө.
Кыргызстанда 70-жылдарда Ысыккөл облусунда болгон каттуу жер силкинүүдөн Сарыкамыш айылы кыйраса, 1992-жылы Токтогул районундагы кырсыктан үч айыл талкаланган. Ал эми 2007-жылдын 26-январында Нарын облусунун Кочкор районунда, Баткен облусунда болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен жабыркаган элдин аликүнчө үй турак, жашоо шарты калыбына келе элек. Жаңы жыл башталаары менен Ош облусунда жер титирөөдө 300дөй үй, бир оорукана, сегиз мектеп, бир айылдык клуб жараксыз болгон. Карасуу районундагы Тогузбулак, Карасөгөт айылдарынын 200дөн ашуун тургундары чатырларда жашоого мажбур болушууда. Ошондой эле Ноокат районунан Көкбел, Жарбаш айылдары да жабыркаган.
Сейсмология институтунун адистеринин маалыматына караганда, Ортоазия өлкөлөрүндө жер титирөөлөрдүн байма-бай болуп туруусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргызстанда 2008-2013-жылдар жалпысынан жер титирөөнүн арбыган учуру болуп эсептелет. Айрыкча кыш мезгилинде болушун болжолдошууда. Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл сайын 300 миңден ашык жер титирөөлөр болуп өтөт. Алардын ичинен 15-20сы гана адамга дана сезилет. Кыргызстандын жалпы аймагындагы Совет доорунда курулган 5-9 кабаттуу үйлөр, 9 баллдык жер титрөөлөргө туруштук берсе, нака сокмо тамдар 6-7 баллга туруштук берет.
Акыркы учурда акчасы көптөр көп кабат үйлөрдү курууда сейсмикалык жагдайларга анча маани беришпесе, акча каражаты чектелүүлөр, мүмкүнчүлүгүнө жараша сокмо тамдарды куруп жатышат. Бул курулуштарды сейсмологиялык кырдаалдарга туруштук берет деп эч ким кепил боло албайт.
Кыргызстан боюнча сейсмологиялык 20 станция бар. Алардын баары 70-80 жыл мурда курулган эски станциялар, жаңы сейсмикалык станциянын биринен эле орто баасы 46 миң долларды басып жыгылат. Ал эми бул жаңы станцияларды сатып алууга сейсмология институтунун чамасы чакталуу.
Адистердин айтымында, 2008-жылы болуп өткөн жер силкинүүдөн сырткары Ош облусунда, Жалалабат облусунун тескей аймагында болушу божомолдонууда.

Гүлбарчын Якубова














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan