Беназир Бхутто же жарандык согуш алдындагы Пакистан

Пакистан бийлигинин айтымында, Беназир Бхуттонун өмүрүнө кол салгандардын бири катары Аль-Каида уюмун эсептесе болот. Бирок, аталган уюм Бхуттонун өлүмүнө эч кандай катыштыгы жок экендигин жарыя кылды.
Пакистан оппозициясы болсо, экс-премьердин өлүмүнө дайым сындалып келген президент Первез Мушарраф башында турган бийлик күнөөлүү экендигин билдиришүүдө.
Беназир Бхутто 1953-жылы Пакистандын Карачи шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Али Бхутто алгач президент, андан соң премьер-министрлик кызматты аркалаган. Беназир болсо, 1973-жылы дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайлардын бири болгон Гарвард университетинин "мамлекеттик башкаруу" деген кесибине ээ болуп чыгат. Андан соң окуусун Оксфорд университетинде улантып, 1976-жылы дипломатияны жана эларалык укукту өздөштүрүп чыгат.
Беназир өзүнүн саясий карьерасын 1977-жылы Пакистандын өкмөт башчысы болуп турган атасына жардамчы болуу менен баштайт.
Бирок, ошол эле жылы өлкө ичиндеги саясий күчтөр атасын бийликтен сүрүп түшүрүп, 1979-жылы аны дарга асып, Беназирди бир канча жылга эркинен ажыратышат. 1984-жылы дарылануу үчүн Беназирге чет өлкөгө чыгууга бийлик уруксат берет.
Лондондо отурукташып калган Беназир атасы түптөгөн Пакистан элдик партиясын жетектеп калат.
1986-жылы Пакистанга кайтып келип, саясий күрөшкө активдүү катыша баштайт. 1987-жылы Али Зардари аттуу саясатчыга турмушка чыгып, андан үч балалуу болууга жетишет.
1988-жылы Пакистанда болгон парламенттик шайлоолордо Беназир Бхутто башында турган партия элдин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетишет. Беназир Бхутто мусулман өлкөлөрүндө өкмөттү башкарган алгачкы айым болуп, тарых барактарына кирет. Бирок, эки жыл өткөндөн кийин эле президент Исхак Хан Бхуттонун министрлер кабинетин, коррупцияга аралашып кетти деп күнөөлөп, отставкага жиберет.
1993-жылы болгон парламенттик шайлоолордо Пакистан элдик партиясы экинчи ирет элдин колдоосуна ээ болуп, өкмөттүн курамын бекитүүгө укук алат.
1996-жылы Беназирдин өкмөтүн президент Ахмад да коррупцияга малынып кеткендиги менен күнөөлөп, отставкага айдайт.
1999-жылы Пакистандын соту Беназир Бхуттону 5 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарат, бирок саясатчы айым Англияга качып, бийлик башына Первез Мушарраф келгенде гана, тагыраак айтканда 2007-жылдын октябрь айында мекенине кайтып келет.
Өткөн жылдын ноябрь айында президент Мушарраф өлкө ичине өзгөчө кыр-даалдар абалын киргизгенде, Беназир анын мындай кадамын кескин түрдө сынга алып, ага каршы саясий акцияны баштайт.
Бирок, дароо эле үй камагына алынган. Өзгөчө кырдаалдар абалы токтотулганда, Бхутто саясий ишмердүүлүгүн улантып, митинг учурунда өз жактоочуларына сөз сүйлөп жатканда, капыстан жардыруу болгон. Жаракат алган Беназирди тез жардам машинесине көтөрүп бара жатканда, белгисиз бирөө анын мойнуна жана көкүрөгүнө ок атууга үлгүргөн.
54 жаштагы оппозиция лидеринин өлтүрүлүшү эл арасында нааразычылыктарды туудуруп, өлкө ичиндеги ар кандай башаламандыкка жана саясий кыр-даалдын курчушуна алып келди.
Эмне кылууну билбей, башы маң болгон Мушарраф коомчулукту тынчтыкка чакырып, бирок ошол эле кезде куралданган аскер менен полицияны көчөлөргө тургузуп койду. Алар болсо, Мушаррафтын отставкасын талап кылган карапайым элди аткылап, абалды тынчытууга аракет кылууда. Ошентип, Пакистан жарандык согуштун алдында турат.
Ширеңке жакса эле жарылып кетчү ушундай кооптуу кырдаалдан улам, 8-январга белгиленген парламенттик шайлоолор 18-февралга жылдырылды.