![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №15, 11.01.08-ж. |
| | Эр ортону элүү жаш Жигиттин гүлү Урматтуу Алтынбек! Сенин 50 жаш кутман курагың менен куттуктайбыз! Баарыбыз үчүн адашканда жол тапкан, акыл менен сөз тапкан нарктуу да, барктуу да досубузсуң. Сени этномаданиятка каныккан жана дүйнөлүк цивилизациянын классикалык түшүнүктөрүн жүрөгүнө, дилине түнөткөн мыкты инсандардын катарынан көрөбүз. Жубайың Гүлсүн экөөңөр чолпондой уул - кыздардын жана неберелерди тарбиялаган кермет үйбүлөнүн ээсисиңер. Алатоодой шаңкайган кыргыз элинин мартабалуу уулдарынын бири Алтынбекти, ден соолуктун пири Улукман колдоп, бакыттын пири Кыдыр жылоолоп жүрсүн! Ар дайым арабызда аман бол, Алтынбек! Досторуң. Достор куттуктайт! Дөөлөт Сапаралиев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык факултетинин деканынын орун басары, доцент. "Мекендин топурагы кум болсо, алтын деп билген жигит" - Кыргызда көөдөнүндө идиреги бар кишинин өзүн сыйлап, сөзүн дитине сыйдырып алуу жакшы жөрөлгө бар. Көз көрбөгөндү көөдөнү көргөн ата, бала кадырын барктап, бүркүттөй таптап өстүргөн энеден тарбия алып, коом турмушуна аралашты Алтынбек. Анын атасы согуш ардагери, согуш кесепетинен кара кийген энелердин, кыз-келиндердин каңырык түтөткөн кошок, мүшкүлдөрү жүрөктөн сызылып өткөн кыйынчылыктарга күбө болгон инсандардан болгон. Балдарын эл катарына кошууга болгон күнүн жумшаган. Тарыхый айрым маалыматтарга караганда Алтынбектин ататеги жок жай кишилерден эмес. Ныса баатырдын тукумуна кирет. Ныса батыр өз кезегинде зоболосу бийик, тил билген билимдүү киши болгон. Болжолдуу маалыматтарды Ныса баатыр Кудайменде уулу 1702-1785-жылдарга туура келет. Адигине уурусунун Асылбаш уругуна кирет. Ал билимдүү болгондуктан 1758-жылы алгачкы кыргыз дипломаттарынын катарында Пекинге барып, Цин империясынын Цзян-Лундун салтанаттуу кабыл алуусунда болгон жана Кытай империясынын 3-даражадагы башкаруучулук чини менен сыйланган. Ныса батыр тууралуу Кытай маалымат булактарында, жылнаамаларында сакталып калган. Анын Дөөлөт, Турат аттуу уулдары болгон. Турат уулу белгилүү сурнайчы болгондуктан атасына арнап "Ата кетти" деген күү чыгарган. Чүй боорунда "Ат кетти" деген аталышта жер бар. Аны Ныса баатырдын өлгөн жери деп билишет. Алардын катарында Алтынбек дагы Казакстандын Карагандысынан жогорку билимге ээ болуп келди. Алтынбек жөн гана жогорку билимге ээ болуп эле келген жок, ал жактан үйрөнгөнүн, билгенин Кыргызстанга ала келди. Ошондон улам мынакей "Гүлазык" өндүрүш жеке ишканасын жетектеп, бир топ эл керектөөсүн канааттандырып жатат. Мелисбек Беккоенов, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармачылгынын начальниги: "Бычакка сап досум бар" - Мен Алтынбекти жакындан билген жолдошу катары адамгерчиликтүү, жөнөкөй, биринчи кезекте өз жерине эллине ак кызмат инсандардын тизмесинен көрүп келатам десем ашыктык кылбас. Өзүн сыйлоо-өзгөнү кем көрүү эмес, өзгөчө тең көрүү дегендей, биздин эле арабызда эмес, чет элдик Америка, Түркия, Казакстан сыяктуу атуулдардын арасында кадырлаша билген инсандардан. Ойчул "Эпиктетин: "Адам акчасынан, үй жайынан, короо-конушунан айрылышы эмес, кишинин накта менчиги болгон-адамдык кадыр касиетин жоготушу аянычтуу",-деп айткан экен. Көпчүлүк жакшы касиет адамдык сапаттары байлык, акча, бийлик дегендерди адамдык мамиледен жогору койбой келатканын билебиз. Ар бир адамдын туулган жери-Мисир делет. Алтынбек Чүйдүн Асылбаш айылынан чыккан инсан. Ал дайыма туулган жерине колунан келген жардамдарын берип турат. Атасынын замандаштарын, дегеле айылында анын жасаган эмгектерин жогору баалашат. Бир адамдын ишенимине кирүүнүн өзү канчалык. Айрымдар мындай жакшы нерсеге жетпей жүрүшөт. А Алтынбекте мындай жакшы мамилештери толтура. Бир сөз менен айтканда кыргыздын бычакка сап уулдарынын бири. Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер; "Атына заты дал келет" - Адам өмүрү Атажуртуна кызмат өтөгөнү менен өлчөнөт дейт эмеспи. Анын сыңарындай кайсы бир инсан, кимдир бирөө, же жакының же досуң жөнүндө кеп кылаарда анын жасаган эмгегине, басып өткөн өмүр жолуна сары эсеп салып, жакшы иштерине адамгерчилигине басым жасабай кое албайсың. Айтайын дегеним, Алтынбек экөөбүздүн достук мамилебизге 20 жылдан ашун убакыт болду. Биз жаштыктын ысыгына чогуу күйүп, суугуна бир тоңуп, турмуштун ак-карасында эриш-аркак жүргөн достордонбуз. Достор жөнүндө сөз кылганда бейиши болгур Абакир ыраматылык досум да эске келет. Аны да биз жаштыгыбыздан, дегеле турмушубуздан бөлүп карай албайбыз. Жакындыгыбыз ушунда эле. Ал эми Алтынбекти тыңчылыкка, чалгынга эрчитип барууга болот. Жүрөгүнө бекем сыр сактай алган, шайыр- шатман, достука бек. Аны мен саясатка эчен ирет азгырып көрдүм. Бирок, ал коомдук ишмер, даражалуу инсан болууга татыса дагы саясатка келген жок. Өндүрүштө калды да андан жакшы жыйынтык чыгарып түз багытка кое алды. СССР тарап экономикабыз талкаланып, эңшериле баштаганда Алтынбек "Гүлазык" менчик иш кананы жетектеп калды. Эгердей Алтынбектей өндүрүшкө жөндөмдүү, уюуштургуч, адашпай багытын тапкан кишилер көбүрөөк болгондо, эмдигиче Кыргызстан гүлдөп өнүгүп кетмек. Анын бизнесте да орду чоң. Алтынбек экөөбүз жаратылышта бирге сейилдеп, көлдө балык улап, тоодо мергенчилик кылып жакшы күндөрдү бирге өткөргөнбүз. Назаркул Ишекеев, педагогика илмдерини доктору, профессор: "Тунуктугун баалайм" - Алтынбектин ысымын укканда ар дайым көз алдыма тубаса акылдуу, ою ак, дили тунук, айкөл инсан көз алдыма келе түшөт. Турмушта күн-түн дебей арыбас мээнет кылып, өжөр эмгек гана адамды муратына жеткирээрин үлгүлүү өмүрү менен айкындап келе жатат. Эгемендүү өлкөбүздүн жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө жана аны өркүндөтүүгө дамамат салым кошкон көрүнүктүү инсан. "Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр" дегендей өндүрүш тармагындагы кызматарда жигердүү топуктуу иштеп келе жатат. Калктын калканычы болууга, көпчүлүктүн көйгөйүн көкүрөгү менен сезип - туюуга элдин ишеничин көтөрүп, алардын кызыкчылыктарын көздүн карегиндей сактаган атуулдардан экендиги бизди сыймыктандырат. Албетте, калыстыкты калк колдойт. "Улугу адил бобосо, убара болгон эл карып" болоорун тарыхтын тажырыйбасы тастыктаган. Ошондуктан элибиз: "Алтын чыкан жер кадырлуу, калыс жүргөн эр кадырлуу" деп келишкен. Анын өзгөчөлүгү кыргыз элинин өткөнүн бүгүнкүсүн, келечегин жана жалпы адамзаттык проблемаларды акыл менен жүрөктөн өткөрүп аналитикалык негизде ой чайкаган инсандардын катарында. Алтынбек күндөлүк турмушта жөнөкөй, токтоо, сабырдуу, боорукер жана мээнеткеч. Бир сырдуу, миң кырдуу, эл каны үчүн белен, сырттан мырза үйдө кул. Менимче, Алтынбектин адамдык турпаты оптимизмге жана романтикага бай. Замирбек Үсөнбаев, төкмө акын, КРнын Эл артисти: "Мүнүшкөр, саяпкер жигит" - Алтынбектин өзгөчөлүгү деп, өзгөнүн мекенин өз мекенинен артык көрүп, чокусу көккө сайылган Алатоосун, өз жеринин ысык мээримин аздектей, аярлай билгендигин айтаар элем. Ал кыргыз маданиятына кайдыгер карабагандыктан өнөр кишилердин чыгармачылыгына ар тараптуу колдоо көрсөтүп келатканын айтпай кетүүгө акым жок. Каада-салт дегендерге да эч качан ыкшоо мамиле жасабай, кыргыздын зергер буюдарынан тарта деги эле улуттук оюндарына чейин көңүл бурат. Алтынбекте бүркүт таптаган мүнүшкөрчүлүк, күлүк таптаган саяпкерчилик жөндөмү бар. Көк бөрүнү күйрманы, өзү таптаган күлүктөрүн көкбөрүгө салып, айрым учурларда бул оюнга өзү түшүп, улак тарткан кездери да болгон. Анын улутчулдугун, мекенчилдигин мындан билсе болот, ал жайкысын жайлоод кыргыздын сегиз канат боз үйүн тигип, өткөн кеткенге багынсыздырып, сыйын көрсөтүп кымызын сунуп турат. Ал эми айылдагы үйүндө да боз үй тигилген. Аялы Гүлсүн Доороевна тууралу өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Ал аялзаты колунан көрү төгүлгөн ууз аял болгондуктан боз үйдөгү ички буюмдарды улуттук, каллориттик негизде жасалгалаган иштермен аял. Алтынбектин атасы Азизбек да аябай иштерман, күжүрмөн киши болгон. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|