![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №16, 18.01.08-ж. |
| | ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЫСЫККӨЛДҮ САКТА ДЕЙСИҢ!.. ЫРДАГЫ ЫЙ Редакциядан: Бул ыр мындан 20 жылдай мурун биринчи жолу басма сөз бетинен жарык көргөн. Ыймандын ыдырашын, пейилдин тарышын, жандүйнөнүн бузулушун чыңырган чындык менен жар салып чыккан Шайлообек Дүйшеевдин "Кайдыгерлик" аттуу публицистикалык ырлар топтому ошол кезде от менен ойной баштаган кыргыз мыкчыгерлеринин, жалпы эле кыргыз элинин мээсине кагылган коңгуроо болгон... коңгуроо бүгүн да кагылууда. Ошентип, ыр жарыкка келген күндөн бери 20 жылдай мезгил өткөнүн, демек, бүтүндөй бир муундун өкүлү же 18 жаштан 30 жашка чейинки кыргыз жаштарынын бул ырдан эч кандай кабары жоктугун, билбестигин, бирок кайран Ысыккөлдүн ырда козголгон ыйлуу тагдыры, азап - муңу, кайгы - касирети өзгөрбөгөн бойдон кала бергендигин ойлоп... адегенде ырды ав-тордун макулдугу жок эле жарыялай берели деп чечип, анан автордук укук маданиятын эстеп, Шакебиздин өзүнө кайрылдык. Акын агабыз, айрым бир кошумчалары менен колубузга карматты. А биз акындын "Кайдыгерлик" циклиндеги жалындуу ырларын мындан ары да жарыялап туралы дедик. "Ысык - Көлдү сакташ керек!"- деген сөз ода болду, "Ысык - Көлдү сактайлы" - деп ыктыткан мода болду. Жашаган сайын бүтпөй, Жашооңдун жыртыгы улам. Балдарың "маарап" турат Түшүңдө да, Байпактын жыртыгынан. Телегей тегиз эмес, Теңир да, жер дагы жетим, жетим, Эгиз эмес! Телегей тегиз эмес. Ичер суу, Күнүң бүтүп, Ажал жетсе, Адам да жоксон болот. Деңиз эмес. Теңир да, жер да жетим, Телегей тегиз эмес! Жылмайып тийген нурга, Жылынып келген жылга, "Көлдүн өзүн сакта!" дейсиң, элден мурда. Көлдүн өзүн... Элдин өзүн Кимдер сактайт көлдөн мурда?! Карегин бакырайтып, Кайырмакка илинген бир балыкка окшоп, Шайтанга атын айтып, Шамалга датын айтып, Көнбөстүн ишин кылып, Өлбөстүн ашын ичип, Жан сактап жүргөн эптеп, Жалгыз жан кемпирди мен кантип сактайм, Кантип сактайм? "Ысык - Көлдү сактайлы!" - деп, саласың какшап айгай. Сактамак турсун көлдү Ыйманын да, Ынсабын да сактай албай, Баткакка башын тыгып, Байыркы тегин саткан, Баштыктап кенин саткан, Байлыктан өлүчүдөй Барчалап жерин саткан, Балдардын ырысын жеп, Башкага элин саткан, Кайбарды кантип сактайм, Кантип сактайм! Куураган кемпир - чалды, Куунаган жашоо көрбөй Кудуктай көздөрүнөн куса жанган, Кулга айланып кыз - уулу туталанган, Кумга айланып Кумтөрү упаланган, Кубат таппай курсакта баласына Куурай жыйнап куурайдай ушаланган, Жандарды кантип сактайм? Көзүңдүн ыйын сурайт, Көңүлдүн муңун сурайт, Бир чыны суу сурасаң сулуу келин, Суйкаңдап акысына тыйын сурайт. Кыдырып келе бербейт дөөлөт деген, Кылымдан кылым кезген сөөлөт менен , Кыз - уулун сактап келген өрнөк менен, Кыргызым унуттуңбу, сөзүң кана? - Келегой кагылайын, төргө өт! - деген. Төгүлүп турган менен Көлдүн пейли, Көрүнгөн оонай берип, Көмүлүп барат күндө элдин пейили. Көлдүн өзүн сакта дейсиң элден мурда, Көлдүн өзүн, Көлдүн өзүн. Элдин өзүн кимдер сактайт Көлдөн мурда? Эр түшүнгөн Ысык - Көлдү, Эзелтен эл түшүнгөн Ысык - Көлдү, Көчүгү менен тепсеп, Көзүңө шалп түкүргөн Айбандар сактамак беле, айтчы? Калыгул туулуп өскөн айран Көлдү, Калыгул: "О, балдарым, Жоготпой сакта!" деген кайран Көлдү, Сарт аке, Садыр аке, Мойт акелер, Тилекмат тилеп келген арман Көлдү, Токоюңа, тооңо жутунушкан, Толтуруп курсактарын Тойгончо кутурушкан, Беттери гилт-гилт этип ирип турган, Бейитиңе бейшебин бошотордо сийип турган, Дардаңдар сактамак беле, айтчы? Өзгөнү өтүгүндө ылай сезип, Өздөрүн жалгыз гана Кудай сезип, Өлсөң да, өкүрсөң да тоготпогон, Өзүңдү өз көлүңө жолотпогон. "Пансионат" демиш болуп, зым менен, печать менен ороп турган, Көлүңдү да, Төрүңдү да, Көрүңдү да казып алып тоноп турган Айбандар сактамак беле, айтчы? Көлдү мен окшотчу элем, Көкөлөп көккө тийип, жерде ойногон Көзү көк, өзү да көк көгүчкөнгө. Көл менен көңүл сыздайт көрүшкөндө, Көл бүгүн - Кумтөр болсо, Көл эртең - Кумкөр болуп, Көл эртең айланабы көрүстөнгө?! Кокустан сен аларга - Ысык - Көлдү жегин десең, Азыр эле устукандап... Кокустан сен аларга - Ысык - Көлдү саткын десең, Чемичке саткан өңдүү Азыр эле сатып кирет ыстыкандап! Келими - кетими жок, Кандай калк болуп бүттүк кешиги жок, Айнеги турган менен терезеси, Каалгасы турган менен тешиги жок, Кан - бектен башкаларга эшиги жок, Кер мурут жаштарына керегеси, Келечек урпагына бешиги жок! Кандай калк болуп бүтүк кешиги жок! Жоголгон, Барк жоголгон, Жол тартып келе жаткан жолоочуга, Айранын ала чуркап, Кымызын сунуп турган салт жоголгон! - Ассалоому алейкум, - деп, Босогоңду аттагандан корком ата, Чолпондой болгон калаам Чолпон - Ата! Кыдырып келе бербейт дөөлөт деген, Кылымдан кылым кезген сөөлөт менен, Кыз - уулун сактап келген өрнөк менен, Кыргызым унуттуңбу? Сөзүң кана? "Келегой кагылайын, төргө өт" - деген? Жылмайып тийген нурга, Жылынып кирген жылга, Көлдүн өзүн сакта дейсиң, Элден мурда, Көлдүн өзүн, Көлдүн өзүн, Элдин өзүн кимдер сактайт көлдөн мурда? |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|