presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

№16, 18.01.08-ж.
  Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт

Чоң таланттын сүрөтү опера - балет театрында сакталбаптыр
Баш сөз ордуна
Болот агабыздын өмүрлүк жары, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору Рейна Чокоеванын ал-жайын сурайын деп иштеген жеринен таптым. Окуу жайда кыштын суугуна карабай, ремонт жүрүп жаткан мезгили экен. Эженин кабинети да ремонтко даярдалып жыйналып жатыптыр. Антсе да Рейна эже мени жылуу кабыл алды. Сөз алдында Болот агайдын сүрөттөрүн, ал жөнүндө жазылган макалаларды карап чыктык. Бардыгы өз-өз ордунда сары майдай сакталыптыр. Байкаганым, Болот агай жөнүндө жазылган макалалардын бардыгы башка өлкөлөрдүн дүйнөгө таанымал басма сөз беттеринде жарыяланыптыр. Алардын арасынан кыргыз гезиттерине жарыяланган 1-2 гана макаланы көрдүм. Анысы да Рейна эже жөнүндө жазылып, Болот агай анын өмүрлүк жолдошу болгондугу үчүн сөз арасына кыпчылып кетиптир. Мына ушундай дүйнө суктанган сейрек талантыбызга жылуу сөзүбүздү, бир кичинекей сары кагазыбыздын бетин аяптырбыз. Өзү иштеп кеткен "Мамлекеттик" деп аталып жүргөн театрга барып сүрөтүн сурасам, директор уялбастан: "Сүрөтү бизде жок. Үйбүлөсүнө кайрылгыла",-деп киши чыйрыккан муздак жообу менен мени узатып койду. Эртеңки 20-30 жылдан кийин мага окшоп улуу талант жөнүндө маалымат сурап баргандар кимден сурап, каяктан издейт?
"Жаштар жалкоо, өз элинин каада-салтын, тарыхын чанып, маңкуртка айланып баратат",-деп сындаган улуу муундун жогорудагыдай иштерин ким сындайт? Ким жол көрсөтүп, үлгү болот деген суроолорго жооп таппай келем…

Бийиктикте
Талбаган эмгектин аркасында Болот Миңжылкиев СССРдин сахнасында эле эмес, чет мамлекеттер - Америка кошмо штаттарынын ири шаарларында, Италия, Германия, Франция, Болгария, Венгрия, Япония, Англия, Монголия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдүн легендарлуу сахналарында керемет үнү жаңырып Филипп IIнин, Евгений Онегиндин, Дон Базилионун, ПетрI дин, Старшина Васковдун, Лютфияр Имановдун, Мефистофелдин партияларын созуп, образдарын ийине жеткире аткарып, чыгармачылыктын туу чокусун багындырды. Муну менен гана чектелип калбастан улуу бас, орус композиторлорунун, дүйнөлүк музыканттардын аваздык чыгармалары менен катар өзүбүздүн композиторлорубуздун дагы ырларын, романстарын аздектеп, репертуарынан түшүрбөй ырдап келген. Мамлекет эмгегин баалап, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эң жогорку сыйлыктары менен сыйлаган. Ошону менен бирге эл аралык ар кандай медаль-ордендери менен да сыйланган.




Рейна Чокоева, КРнын эл артисти:
"Башка элдин кулуну болсо жаткан жерине чейин барып сыйынмак"
- Эже, иштериңиз кандай?
- Кудай буюрса жакшы. Өзүң көрүп тургандай кыштын суугуна карабай ремонт үстүндөбүз.
- Болот агай жөнүндө жазайын деп сүрөттөрүн издеп, өзү иштеп кеткен опера - балет театрына барып, директордун өзүнө кирип сурасам "бизде жок, Рейна Чокоевага кайрылсаңар, үйбүлөлүк архивинен табат болушуңар керек", - дейт. Кечирип коюңуз, эгер сиз дагы чет жерге кетип же көзүңүз жок болсо мага окшогондор каяктан барып издемекпиз? Эгер ушундай көрүнүш боло берсе, кийинки урпактарыбыз эмне болот?
- Бул суроо Болот менин жолдошум болгондугу үчүн мага тиешелүү эмес да. Ал эч кайталангыс үнү менен кыргыз элин дүйнөгө дүңгүрөтүп таанытып, кызмат өтөп кетти, кыска өмүрүндө. Туура, убагында мамлекет төшү толтура сыйлыктары менен сыйлады. Анысына рахмат. Бирок, Болотко ошогон улуу жылдыздардын жарыгын өчүрбөш үчүн музей ачыш зарыл. Ал эми жанагы сурооңо жооп, бул боюнча мамлекеттик жетекчилерге кайрылгам. Алар бири-бирине шылтап, ошол бойдон калды. Бир көчөгө атын беримиш болуптур. Бирок, кайсы жактагы көчө экенин бүгүнкү күнгө чейин кызыкдар болгон мен билбейм. Шаардын бир булуң-бучкак жеринде болсо керек. Эгер Болот башка элдин кулуну болсо, жаткан жерине чейин барып сыйынмак.
- Миңжылкиев бир кезде эл-жерине таарынып мекенин таштап кеткен деген ушак сөздөрдүн чындыгы канча?
- Ал эч качан кыргыз элин таштап кеткен эмес. Бул көралбагандардын эле чыгарган сөзү. Ал кайсы гана чет өлкөдө гастролдо жүрбөсүн, кыргыз экендигин сыймыктанып айтып, алакандай кыргыз журтун дүйнө мейкиндигине тааныткан улуу инсан. Ошондой эле элине эч качан таарынган эмес. Ал таарынганды билчү да эмес.
- Ушундай улуу адам менен ажырашып кетишиңиздин себеби эмне болду?
- Пенде болгондон кийин мүнөздө кемчиликтер болбой койбойт. Күнөө бир тарапта гана болбойт да. Жаш өткөн сайын жалындаган сүйүү башкачараак болуп, ошол чыныгы сүйүүнүн артында сый калат деп ойлойм. Экөөбүздүн ортобузда чоң сый калган. Өлөөрүнө бир жыл калганда ажырашканыбыз чын.
- Сахнада миң кырдуу образды жараткан легендарлуу ырчы үйдө кандай жар, кандай ата болучу?
- Анын эң негизги жакшы сапаты - жандүйнөсү бай, акпейил, боорукер адам эле. Үйдө эми ар кандай - кээде тынч, кээде ачуулуу дегендей. Тамашакөйлүгү да бар болчу. Мени колунан келишинче сыйлады. Гастролдордон кайтканда белектеринен куру калтырчу эмес. Болот уулун жанындай көрчү. Экөө сырдаш эле. Атасынын көзү өткөндө Мирад аябай жоктоп, көпкө чейин көнбөй жүрдү. Азыр өзүнүн да көзү жок. Жалгыз неберебиз Айжан төрөлгөндө Болот абдан сүйүнгөн. Анткени, ал небересинин кыз болушун абдан каалаган. Небере таттуу болот экен. Болот кайда жүрбөсүн өзү менен кошо ээрчитип алчу. Азыр ошол небереси чет жакта иштеп, окуп, эмгектенип жүрөт.
- Айжан чыгармачылыкка жакынбы, сиздерди тартып?
- Жок. Чыгармачылыктан алыс.
- Болот агай кандай сапаты менен сиздин жүрөгүңүздү ээледи эле?
- Биздин учурда интеллигент жигиттер бааланчу. Болотто ар бир кыздын талабына жооп берген келбети десе келбет, жылдыздуулугу, сулуулугу бар болчу. Жаңы таанышканда 24 жаштамын деп алдап таанышыптыр. ЗАГСка барганда билип калдым, көрсө, 19 жашта экен. Алгач театрда бири-бирибизди сыртыбыздан көрчүбүз. Ошол учурда спектакль, концерттерден кийин кечелер көп болчу. Ошондой кечелердин биринен Болот менен жакындан таанышкам.




Бала чак
1940-жылы жыл жаңырып, жер көгөргөн жаз мезгилинин 23-апрелинде геолог Абдул Миңжылкыевдин үйбүлөсүндө "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" дегендей, кыргыз элин дүйнөгө дүңгүрөтө турган келечеги кең Болот төрөлөт. Болоттун балалыгы Ысыккөлдө чоң апасынын колунда өтөт. Чоң апасы Үрүмкан небересин мээримине бөлөп өстүрөт. Болот эрте жашынан атка мингенди үйрөнүп, жайлоодон жакага бат-бат кымыз ташуу кызматы мойнунда эле. Ошондо чабандардын дасторкон четинде чогулуп ырдагандарын, комуздун үнүн, күпүлдөп айтылып жаткан "Манас" дастанынын ыргагы жандүйнөсүн толкундантып, ырдаткысы келчү. Бирок, элдин алдында ырдагандан тартынып, жалгыз жолдо ат үстүндө обон созуп, анысына тоолор гана күбө болчу. Кийин кайра ата-энесинин колуна келип, мектептеги хор ийримине катышып нота менен ырдаганга үйрөнүп, музыка дүйнөсү Болотту өзүнө арбап жетелеп отурду. Биринчи жолу 10 жашында опера жана балет театрына балерина Чолпон Жаманова ээрчитип барып, "Айчүрөк" операсын көрсөтөт. Кичинекей Болотко театрдын ичи, сахнанын жасалгасы, бири-бирине ырдап, сүйлөшүп жаткан актерлордун түркүн-түстүү кийимдери жомоктогудай көрүнүп, чоң таасир калтырат. Ал ошондон кийин балалык кыялында бир чечимге келип, 1957- жылы орто мектепти бүтүп, атасынын каршылыгына карабай, Кыргыз опера театрынын астындагы студиянын хор бөлүмүнө тапшырат.

Студенттик жылдар
Ошентип, 1957-жылы мамлекеттик опера жана балет театрынын хор бөлүмүнө тапшырып, талбас эмгектин алгачкы чыйыр жолуна түшөт. Абдылас Малдыбаев, Сайра Кийизбаева, Мариям Махмутова, Бүбүсара Бейшеналиева, Асанкан Жумакматов өңдөнгөн искусство жылдыздары Москвада өтө турган Декадага кызуу даярданып жатканына туш болуп, кошо даярданат. Ошентип, 1958-жылы октябрь айында чоң даярдык менен Москвага жөнөп кетишет. Мына ошол жерден Болот биринчи жолу СССРдин борбору Москванын Чоң театрынын сахнасын көрөт. Москванын романтикалуу көчөлөрүн кыдырып, консерваториянын алдындагы П.И. Чайковскийдин эстелигинин алдына келип, ар андай музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдап жаткан студенттердин мукам үнүн угуп, ал жерден окуганга ушунчалык ынтызарланат.
Декададан кайтып келген соң, бардык күчүн, убактысын окууга жумшап, кантип кеч киргенин билбей үйүнө уктаганга гана келчү.
Мына ушундай күн-түн эмгектенгендеги ийгилигин окутуучулары байкап, Ташкенттеги консерваторияга окуусун улантканга жолдомо алып беришет. Окуусун 1966-жылы бүтүп, Мамлекеттик опера-балет театрына кирип иштей баштайт. Өлкөнүн Маданият жетекчилиги 1968-жылы Болоттун чыгармачылыгын тереңдетиш үчүн бир канча экзамендерден өткөзүп, Италияга стажировкага жөнөтөт. Милан шаарынын "Ла Скала" театрында үч жыл бою дүйнөлүк профессионалдык мектептен тажрыйба топтоп, Болот улам курчуп баратты…

Даярдаган Кыял Абдыраманова






а ­е¦Є.НҐй«