Коомдук-саясый гезит
№16, 18.01.08-ж.



◄◄◄
  Уугум, сага айтам,
Уулум, сен ук…

КҮЙӨӨСҮН АТЫП САЛГАН… ЫРАС
Бу окуя Көлдүн бир айылында мындан бир топ жыл мурда болгон.

Бир чабан болот, ошол айылда. Колхоз тарап, малын талап жатканда бу чабан тың неме окшобойбу, бир сарайды толгон кою менен ээлеп, менчиктештирип алат. Мурун эле "УАЗ" минип, арак ичип, шапар тээп көнгөн неме экен, эми огобетер көбөт. Көпкөн эркектин сөзсүз ойношу болот. Бу эргулдуку бирөө эмес, кебетеси бир тобу бар экен. Бат-бат эле ошол тарапка "оюн салып" кетип турат.
Мал багуунун түйшүгү, балдарды багуунун түйшүгү аялынын мойнунда. Аялы ошол түйшүк менен эле күлала болуп тынч калса гана, тынч калбайт. Ойноштон келген мас күйөө келип эле аялын басып жыгылат, өзү чарчаганча, уйкусу келгенче отуруп-туруп тепкилей берчү экен.
Аялда айла жок, балдарын чубатып кайда барат. Анын үстүнө үй-жайды таштап салып, баса бериш оңой бекен?
Күндөр өтөт, аялдын азап турмушу улана берет.
Бир ирет күйөөсү мас болуп алып: "бас, мен сага ойношумду көрсөтөм" деп машинесине зордук менен салып, бир айылга алып барып, "тигинисин" көрсөтөт. Анан аялынын колун байлап, машинеси менен сүйрөтө жетелеп келет. Жылаңаяк аялды аркан менен машинеге байлап, сүйрөтүп келүү деген айбандыктан ашкан жорук го!
Баарын санап бергис, санап бүткүс кордукту көргөн аял баарынан кечип туруп, күйөөсүнөн кутулмай болот да, үйдөгү кошооз мылтыкты октоп, даяр кармайт. Дагы бир күнү күйөөсү келет. Мас, тойгуза сөгүнүп келатат. Ошондо аял мылтыкты маңдайына кармай берип, басып алат. Деңиз согончоктон келип, бу жарык дүйнө өзүнө гана таандык болуп, кутуруп келаткан неме бир бакырып алып, артка качат. Өлүм келатканда арстаның мышык болот эмеспи, жигит да ошол кейипте. Келин эми бир басат. Чабан жыгылып-коюп, ата-энесинин үйүнө кире качат. Ал жерден ооруканага алып жөнөшөт. Бирок, ооруканага жеткизе алышпайт, жолдон көз жумат. Ошентип, көп жыл дуулдаган өмүр бирпаста өчөт.
Аял милийсага келип, болгон ишти айтып берет. Сот болуп, он жылга кесилет.
Түрмөдө жаткан аял ошол кезде бүтүндөй мамлекетти өзү билип турган Майрам Акаевага арыз жазат. Оңдой берди болуп, ал арман-катты М.Акаева окуп, катуу күйүп, жардам берип, аялдын жазасын төрт жылга кыскарттырат. Анан мунапыс дегенге туш болуп, аял бат эле бошоп келет.
Өлгөн чабандын акылдуу агасы бар экен. Ал келинин күнөөлөбөйт.
Азыр келин ошол эле айылда жашайт. Түрмөдөн чыгып, Рос-сияда соода кылып жүрүп, айылына дүкөн ачыптыр. Мал-жандуу да экен, балдары дурус чоңоюптур…
Бул окуя жөнүндө нарылап ой жүгүртүү эркектерде болсун, мен бүтүм чыгарбайын…

Баратбай АРАКЕЕВ




  Авто бизнес

Бардым, экинчи барбайм... Кыргыздар кыйындыктарын көп жерден далилдешет. Соода-сатык, паракорчулук, аймакка бөлүнгөн жагынан, деги койчу, бүт жагынан кыйын. Мындан башка да бизнестин бир жолун өздөштүрүп алышты. Ал жол-чет өлкөдөн машине ташып келип, сатуу багыты.Ушуну менен шугулданган жарандарыбыз өз иштерин аткарууда опол тоодой тоосколдуктарга кептелген учурлары толтура.
Литва өлкөсүнөн автоунаа алып келүүгө биринчи жолу катышкан Абакиров Бактияр көргөн-билгендеринен кобурап олтурду.
Үчөөбүз Бишкектен Москвага (280$) самолет менен учуп, андан ары Литванын Каунас деген айылына (3150 рубль) поезд аркылуу жеттик . Ошол жерден батирге сүткөсүнө 750 рубль төлөп жашап аттык. Күндүзү машинени май куюучу жайлардан, көчөлөрдөн, айтор, арзаныраагын, сапаттуураагын издемей. Жомок дүйнөсүнүн "темир аргымактарын " издеп жүргөндөйле таасир калтырды.Жылтырайт, бир дагы таштанды калдыгын кезиктире алганым жок.Айылын эле айтып жатам.Ошентип жүрүп, 11 "аргымакты" алкынтып тандадык да, үчөөсүн өзүбүз миндик, калганын поездге ныгырдык. Биз "тулпарларыбызды" туйлаткан боюнча Орусияга бет алдык. Орустардын чегарасынан жөн жерден эле 100$ды МАИлери шыпырып алышты. Ошентип, Кыргызстанга келгичекти 30га чукул чегарадан өттүк.Ар бир чегарадан, МАИлеринен, рэкеттеринен, СНБларынан "отметка" кылып олтуруп, 500-600$га чапчып барды.Мындан сырткары чөнтөк телефон, магнитофон, запас дөңгөлөк сыяктуу нерселерибизди да тартып алышты.Кашайып кыштын ызгаарында да барып алыптырмын, күндүн сууктугу 37-40 градусту аткыды го.Жаңы жылга жарым саат калган болчу. Татарстандын жолундагы кафеден жаңы жылды тосумуш этели таризинде киргенбиз. Алар кафесин жаап, майрамдаганга кетип калышты .Эшикте кутурган ит туралгыс суук. Машинелер теходдо турган жеринен жылбай калды. Машине ичинде тоңгон сок ичип, калтырап олтурдук. Кафеси саат үчтө араң ачылды. Ага кирип лагман заказ бердик.Тамагы негедир ачуу. Өнөктөштөрүмө айтсам мени тыйып коюшту. Эч кандай даттана албайсың дешип. Эптеп курсак тойгуздук. Андан ары 50 метр жүргөндө эле жол күзөтчүлөрү тосуп калышты. Үйлөтүштү. Жыйынтыгында арак ичкен болуп чыктык.Көрсө, кафеден тамакка арак кошуптур да,амалкөйлөр. Мунун айынан 200$га банкрот болдук. Бизге окшош Прибалтиканын "темир аргымактарына аңчылык" кылгандардын арасында сууктан тоңуп өлгөндөрү да бар экен.Аны жолдогу кыргыздардан угуп алып... Күнү-түнү уктабаган, уйкуга мас немелер суугуна карабастан уктап калышып, мемиреген боюнча оо дүйнөгө аттанышат.Ушинтип, Литвадан 15 күндө келдим, жалпы короткон убактым бир айга чукулдады.
P.S. Жеке эле Прибалтика өлкөлөрүнөн эмес, Япония, Германия ж.б. "дөө-шаа" мамлекеттеринен келген товарлар жогорудагыдай жоруктарга тушугуу менен кардардын колуна тийет. Бишкектин Жибек-Жолу көчөсү машина базарына айланып, япон автоунааларынан башың адашат.Бу өлкөнүн оң рулдуу машинелерин өлкөбүзгө киргизүүгө тыюу салдыле, а азыр анысы иштебейле. Болжолдуу маалыматтарга караганда күнүнө Кыргызстанга 80ден ашуун "тулпарлар" агылып келет экен. Албетте, жаңысы, эскиси, жакшысы-жаманы, арзаны -кымбаты аралаш дегендей.

Жазып алган Улукбек Кутманбаев




  МАНСАП КЕДЕРГИСИ

"КАМАТАМ, ЖОГОТОМ!"
Кандай гана кокустукка кабылбайлы же кимдир бирөөлөрдөн запкы жеп, кордук көрүп атпайлы, биринчи кезекте эле укук коргоо органдарына, милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылат эмеспизби.

Же көчөдө чыр - чатак, ызы- чуу болуп атса аларды тартипке салып, тынчытканы милдеттүү катары алар өздөрү келишет. Биз аларга ушунчалык ишенип алгандыктан, бир нерсе болсо эле дароо эле милицияны оозанабыз. Алар бизди коргойт деп үмүт этебиз. Бирок тилекке каршы, көпчүлүк учурда мындай боло бербейт. Милиция бизди коргобой эле кордогон да мезгилдер кездешет. Кечээ жакында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн участкалык инспектору милициянын подполковниги Хазылжан Хиязов өзүнүн карамагындагы адамдардын ишинен кыйкым таап, өз билгенин жасап, өтүгүн төргө илип калган. Жергиликтүү эл да эч кимиси ага каяша айтып сөз сүйлөй алышчу эмес. Бир нерсе болсо эле "камалып каласың, абайла. Түрмөнүн түбүнө чиритем", - деп ормон опузага салып, кимдин болбосун жүрөгүнүн сары суусун алчу. "Үйрөнгөн адат калабы" дегендей ал эргул электр энергиясын бекер пайдалангандыгы аз келгенсип, үйүнө атайын текшерип келишкен Ош шаардык электр тармагынын кызматкерлерин каарына алып, атайын атасын айдактап сөктүрүп, атүгүл коркутуп, үйүнө жолотпой кубалап жиберген. Анын мындай жоругу көп өтпөй эле телекөрсөтүүнүн эфир программасынан көрсөтүлүп, көпчүлүккө мааламдалган. Андан соң Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматы мунун чын - төгүнүн билмекке атайын текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Ош шаарынын Панфилов көчөсүндөгү №30 үйдө жашаган Хазылжан Хиязов ушул убакытка чейин электр энергиясына акча төлөбөй, өз каалаганындай пайдаланып келиптир. Бир ай ичинде эле болгон карызы 5682 сомду түзгөн. Ай сайын жүргүзүлүүчү текшерүүдө шаардык электр тармагынын кызматкери Жаныбек Жолдошев Хиязовдун үйүнө барып калат. Уурулук ишин кармап алчудай Хазылжандын атасы Закиржан текшерүүчүнү дегеле үйүнө жакын жолотпой, "менин уулум милициянын подполковниги, билчү болсо сазайыңды колуңа берет", - деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, шатырата сөгүп кууп жиберет.
Бул окуя ушуну менен эле тынчып калган жок. Кечээги окуяга кекенип калышкан Хазылжандын атасы баш болуп бир туугандары эртеси күнү Лесхоз көчөсүндө рейдде жүргөн Жаныбек Жолдошевди кармап алышып, коркутуп, үркүтүшүп, жер - жеберине жеткире болгон балит сөздөр менен сөгүп, "экинчи ал үйгө барганыңды токтот", - дегендей кыр көрсөтүшөт. "Кыңк" этсе эле сабап кеткенден кайра тартпай турушту. Алардын жанында Хазылжан Хиязов да болгон. Бир туугандарын тыйып койгондун ордуна өзү буга ыраазы болуп карап турган. Ал эми текшерүү мезгилинде бирде муну айтса, бирде башканы айтып бултактатып, тергөөчүлөрдү чаташтырууга аракет жасады. Бирок бардыгы аныкталып такталган соң, Шаардык Ички иштер башкармалыгынын буйругу менен Хиязов Хазылжан кызматынан бошотулду. Албетте, анын кызматтан жөн эле бошоп калышы массалык маалымат каражаттарына жана көпчүлүктүн талкуусуна шарт түзүлдү. Ошондон кийин укук коргоо органдарынын жалпы аброюна шек келтиргендиги үчүн Министрдин буйругу менен аны Ички иштер бөлүмүнүн кызматына иштегис кылып биротоло четтетилди. Ошондой эле Укук коргоо органдарынын мындан ары мыйзам бузууларынын кайталанбашы, кайталанса катуу чара көрүүлөрү тууралуу жергиликтүү башкармалыктын начальнигине министр тарбынан катуу эскертүү берилди.

Саадатбек Мырзакулов, Ош шаары













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan