Коомдук-саясый гезит
№16, 18.01.08-ж.



◄◄◄
  Чоң муштум

Профессионалдык бокс боюнча дүйнө чемпиондору
Владимир Кличко
Владимир Кличко - профессионалдык бокстун супер оор салмактагы IBF, IBO версиялары боюнча дүйнө чемпиону.
Профессионалдык мушкер Виталийдин бир тууган иниси Владимир 1976-жылдын 25- мартында Казакстандын Семипалатинск шаарында туулган.
Ал 17 жашка чыкканда эле жаштар арасындагы Европа чемпиону, 1996-жылы 91 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Олимпиада чемпиону болууга жетишкен. Мындан соң, Германияда агасы менен кошо машыгып, бокстагы "мешочная" диета кармап, алсыз атаандаштар менен бир канча убакыт рингге чыгып жүргөн. 2000-жылдын октябрь айында агасын жеңип алган Крис Берд менен ринг үстүндө таймашып, оңой эле аны утуп алат. 2001-жылы спорт илимдеринин кандидаттыгын жактайт. 2002-жылы Жамил Маклайн менен боксташып, ага каршы 10 раунд бою чабуул жасап, катар-катар соккуларды узатканынан беттеш токтотулган. 2008-жылдын 23-февралында Кличконун кичүүсү WBO версиясынын ээси Султан Ибрагимов менен Нью-Йоркто кездешип, күч сынашмакчы.




Руслан Чагаев
Руслан Чагаев - профессионалдык бокстун супер оор салмактагы WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону.
Татар улутундагы өзбекстандык мушкер 1978-жылы 19-октябрда Андижанда туулган. Ал 1995, 1998-жылдары бокс боюнча Азия чемпиону, 2001-жылы Дүйнө чемпиону аталат.
Бокстун Азия жана Дүйнө чемпиондугуна жетишкен соң, профессионалдык рингде күчүн сыноону чечкен. 2007-жылдын 14-апрелинде WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону Орусиялык "дөө" Н.Валуев менен ринг үстүндө катуу кармашып, аны оңкосунан саят. Ошентип, эч кимден жеңилбеген Николайдан Руслан чемпиондук курду тартып алат. Учурда, Чагаев Германиянын Гамбург шаарында машыгып, жашап, жубайы экөө уулун тарбиялашууда.




Олег Маскаев
Олег Маскаев - профессионалдык бокстун супер оор салмактагы WBC версиясы боюнча дүйнө чемпиону.
Олег супер оор салмак боюнча салгылашууга чыгып, менменсинген мушкерлердин атасын таанытып келет. Бул азамат Казакстандын Жамбыл шаарында 1970-жылдын 2-мартында жарык дүйнөгө келген. Бүгүнкү күнү АКШда жашап , машыгып келет. Олег төрт кыздын атасы. Спортсмен 2006-жылы 9-декабрда угандалык Питер Окелл менен рингге чыгып, өзүнүн "дүйнөлүк чемпион" деген наамын коргой алган. Мына ушундай ийгилик жараткан соң, Путиндин жарлыгы менен Маскаев Орусия жарандыгын алган. Анын үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Сэмюэл Питер менен чемпиондук титулун коргоо үчүн чыгуусу күтүлүүдө.




Султан Ибрагимов
Султан Ибрагимов - профеcсионалдык бокстун WBO версиясы боюнча супер оор салмактагы дүйнө чемпиону.
Султан 1975-жылы эларалык аялдар күнү болуп саналган 8-мартта Дагестанда төрөлгөн.
1998-жылы бокс боюнча Орусиянын курама командасына кирүүгө үлгүрөт. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиаданын финалдык беттешинде Ибрагимов Кубанын өкүлүнө упай менен гана алдырып, күмүш байгенин ээси болуп калат.
2001-жылы Ирландияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медалды багындырат.
2002-жылдын 25-майынан тартып, профессионалдык рингде спорттук карьерасын улантат.
2007-жылдын октябрь айында Москва шаарында өткөн ринг үстүндөгү таймашта легендарлуу мушкер Эвандер Холифилдди жеңип алган.
Ибрагимов профрингде 23 беттешүү өткөрүп, анын 22синде жеңишке жетишкен.




  Олимпиада

Пекин күжүлдөйт
Олимпиада өтчү жерге нелер курулуш керек?
Пекинде өтчү олимпиадага 7 айга чукул эле убакыт калды. Кытайлар бул спорт майрамына келгендерди жогорку деңгээлде тосуп алууга кам көрүүдө. План боюнча 2008-жылдын июль айына чейин спорттун болгон түрү ойноло турчу, көрөрмандар баткыдай 5 стадион, спорткомплекс, тамактануучу, эс алчу жайлар, 18 мейманкана жана көчөлөр салынып бүтүшү керек.

Ашпозчулар Батыш өлкөлөрүнө кетти
Пекин олимпиадасында дүйнөнүн ар бурчунан, ар кандай эл келет. Ошого байланыштуу алардын өзүнчө тамактары бар. Ар кимисинин табитине жараша тамак даярдоо - кытай ашпозчуларынын негизги милдети. Мындай шартты ишке ашыруу максатында 10 миң кытай ашпозчу Америка, Франция жана Италия мамлекеттеринен Европа тамактарынын жасалышын үйрөнгөнү чыгып кетишти.

Билетке заказ берсеңиз болот
Бардык өлкөлөрдө бүгүнтөн баштап туристтик фирмалар иштеп башташты. Азыртадан эле билетке заказ бергендердин саны көбөйүүдө.
Аталган Олимпиада Пекин, Циндао, Гонгконг, Тяньцзинь, Шанхай, Цинбхуандоао шаарларында өтөт. Мелдеш төмөнкү спорт түрлөрү боюнча өтөт : жеңил атлетика, бадминтон, бейсбол, баскетбол,бокс, велоспорт, футбол, гимнастика, оор атлетика, гандбол, хоккей, дзю-до, тенниси, күрөш, үстөл теннис, тхэквондо, триатлон жана волейбол. 45 алтын медаль, 302 бөлөк төшбелги түрлөрү каралган. 10500 мыкты спортчулардын катышуусу күтүлүүдө.

Даярдаган
Улукбек Кутманбаев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan