![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №16, 18.01.08-ж. |
| | ЭПИЦЕНТР Форум Акыйкаттык үчүн! 2008-жылдын 14- январында "Хаят" мейманканасында 15 партия, 20дан ашык коомдук бирикмелердин, белгилүү коомдук ишмерлердин катышуусу менен "Акыйкаттык үчүн" коомдук кыймылынын форуму болуп өттү. Анда кыймылдын кайрылуусу, резолюциялары кабыл алынып, А.Эркебаев, А.Жекшенкулов, Т.Сариев координатор болуп дайындалды. Форумда коомдук парламент түзүү тууралуу чечим кабыл алынып, анын ишине катышууну каалаган бардык саясий уюмдардын өкүлдөрү тартылаары белгиленди. Коомдук парламент 2008-жылдын 15-февралына чейин ишин баштайт. Андан тышкары, "Акыйкаттык үчүн" коомдук кыймылы жалпы элдик курултай өткөрүүгө даярданууда. Аталган курултай качан кайда болоору белгисиз. Март, апрель айларына божомолдошууда. Курманбек Осмоновду алып ыргытышты Кечээ Бакиевдин парламенти ушундай жосунга барды. Ал ортодо депутат И. Масалиев "Жогорку Кеңештин мындай укугу жок" деп чырылдаса, экс-Жогорку соттун төрагасы К. Осмонов "Менин укуктарым 2014-жылы бүтмөк" деп алакан жайды. Кыязы, Масалиев менен Осмонов "Жунгли токоюнда" эч кандай мыйзам өкүм сүрбөөрүн унутуп калышкан өңдөнөт. Осмоновдун ордуна Бишкек шаардык сотунун төрайымы Жаңыл Алиеванын шайланышы күтүлүүдө. Кезекте ким? Керим Турапов мандатын тапшырды "Ак жол" партиясынан шайланган обончу - депутат Керим Турапов өзүнүн депутаттык мандатын тапшырып, мурдагы ишине кайтып бараарын 17-январда билдирди. Парламенттин регламенти боюнча, депутаттык полномочиени токтотуу Боршайкомдун компетенциясында. Эгер БШК Тураповдун арызын канааттандырса, анда анын ордуна "Ак жолдун" башка талапкери келип олтурат. Керим Турапов парламенттен өз ыктыяры менен кеткен үчүнчү депутат. Буга чейин Владимир Нифадьев, Сабыр Жумабеков мандаттарын тапшырып кеткен. Кыязы, мындай парламенттин курамында жүрүп, беделдерин түшүрүп албоонун камын азыртадан көрүп жатышса керек. ЖЫРГАЛ ЗАМАНДЫН ЖЫЛУУЛУГУ ШИРШОВ ӨКҮЛ АТА БОЛУП... Энергетиканын эки тизгинин кармаган Б. Сартказиев уулун үйлөнтүп, "Хаятта" чоң той берди. Энергобарондор чогулуп, кадимки Ширшов жаш жубайларга өкүл ата болду. "Хаяттагы" эң мыкты деген президенттик номурдан (суткеси 1200 доллар турат), 3 күнгө чек берди дейт, тойго катышкандар тамшанып. Ал эми ошол ресторанга кеткен чыгымдары канча... (Пай - пай - пай) Чудинов "мекенине", Москвага барат Өкмөтбашы И. Чудинов 24-январь күнү эң алгачкы расмий сапарын Москвадан баштаганы турат. 37-жыл жыттанат... Күнөстүү Кыргызстанда оппозициялык "Ата-Мекен", "Ар-Намыс", Жашылдар партиясын фискалдык органдар текшере башташты. Мыйзам боюнча текшерүү акыркы алты жылды камтуусу зарыл болсо, фискалчылар түптөлгөн күнүнөн баштап каза башташты. Эмне дейбиз, КМШ боюнча Бериянын заманын эки кылымда эки сапар көргөн жалгыз Кыргызстан эле болсо керек. КурумУшу "Ложка" ишке киришти "Ложка" (Кашык) көп аялдап отурган жок, өзүнө "тиешелүү" ишин баштаганга үлгүрдү. Эл күткөндөй эле болуп чыкты. Коомчулук жаңылган эмес экен.Буларыңдын "өзүм дегенде өгүздөй кара күчү бар" дешкен.Туура эле айтышкан турбайбы. "Ак жол", кличкасы "Ложка" деп аталган партиялык доминант тарабынан парламенттин уюшулганына бир айга жетип жете элек болчу, "кашык" депутаттар "жемиштүү" мыйзам чыгарууга бардык шарттарды түзүү учуру бышып жетилди,максимум комфорт керек бизге дешти, ар бир парламентарийдин жеке жыргалчылыгынын камын көрүүнүн кезеги келди деп чечишип, ири алды депутаттардын квартира маселесин көтөрүп чыгышты. "Ложка" деген ложка (Кашык деген кашык), анын атына заты төп келбесе болбойт да, акыры. "Ложканын" башкы функциясы түшүнүктүү го, элдин эсебинен жыйналган мамлекеттик бюджет деп аталган даяр ашты жалмап- жуктап, куркуратып курсакка уруп турушу кажет. Айтпаса жалганбы, эмне үчүн "Ак жолчулар" жана ага тиркеме болуп парламентке кирген СДПК менен коммунисттер "кенедей да бурмалоосу жок, калыс өткөн,административдик-финансылык ресурстар таптакыр колдонулбаган, айкын, ачык шайлоодо таза жеңип чыккан соң", өздөрүнө тиешелүү "контрибуция" талап кылбашы керек? 16-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо партиялык чоң конкуренция болбодубу? Ошондо "Ак жол" татыктуу жеңишке жетишпедиби? Аны жалган деп ким айта алат? Чурулдап-чуркураган оппозиция менен ичим тап индеференттүү калың шайлоочулардын наалыганы эле болбосо. Бирок алардын деле жарасы жеңил-оппозициясы чуркурап,чуркурап жатышып акыры тынчышат, эл болсо демейдегисиндей инерттүүлүгүн кылып, бара- бара дым-дым болушат да калышат. Катуу таймашта "Ак жол" "ак эмгеги менен" утуп чыкты. "Улуттук деңгелдеги партия" экендигин иш жүзүндө тумтак ырастады да койду. Кыскасы, элге "Ак жолдун" эмгеги сиңди. Татыктуу жеңиштен кийин аларга тиешелүү индульгенция берилиши кажет. "Саргара жорткондун кызара бөртөрү" болушу зарыл. Ичи күйгөндөр болсо туз жалашсын. (Уландысы 6-бетте) Чакырып... "Атамекенчилер" Америкага барышат "Ата Мекен" партиясынын лидерлери Ө. Текебаев, Б. Шерниязов, К. Самаков, Э. Алымбеков февралдын башында Вашингтондо өтө турган "Улуттук тамактануу" иш-чарасына катышууга жөнөшөт. 56-сапар өтүп жаткан бул иш-чарага президент Ж. Буш баштаган Акүйдүн лөктөрү жана сенаторлор катышышат. Тамактануу бүткөн соң Кыргызстандагы саясий кырдаал маектешүүнүн негизги бөлүгүнө кирет дешүүдө эларалык аналитиктер. Шайлоо таза өткөн жок! АКШнын Улуттук демократиялык институту менен эларалык республикалык институту жана ОБСЕ, Европа биримдигинин өкүлдөрү Кыргызстандагы шайлоо ыплас өткөнүн жалпылай моюнга алышты. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|