![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №16, 18.01.08-ж. |
| | Бабалар сөзүнөн Барсбек Боорго кытыгылап сайса шайтан, Борсулдап коштоп күлүп, сактанбастан. Биз ага азгырылып, "бул буйрук да", Деп айтуу адат болгон актанычка. Адамдар тагдырдагы жазуу эмес, Азезил азгырганын албай элес. Шайтандын болуп берип шапалагы, Шылтообуз: "жазуу-буйрук, тагдыр дагы". Ошондо каарына алып Көк Теңири, Ойрондоп коет тура пенделерди… Өй! Во, Алтын баш Спикер А.Мадумаров депутат М.Джураевдин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү сунушуна "коррупция деп канчалык көп айтсак,ал ошончолук гүлдөп өсөт" деп жооп берди (Туптуура коррупция деген сөздү мындан ары кан буугандай токтотуу керек. "Коррупция" деп лам сөз козгобой койсок ал өзүнөн- өзү чүнчүп отуруп акыры жоголот.Шек санап кереги жок ага. Аны башыңдагы бөркүңдөй көрө бер. Кызыгы, мындай акыл эч кимдин башына келбептир, эмдигиче десең. Мадумаровдукунан башкаларынын башына, албетте.Бизде алтын баштар-дефицит,өй. Бир атанын балдары А.Мадумаров жалпы парламентке кайрылып айткан кеби:- Эми мындан кийин бир атанын балдарындай болуп баш кошуп, ынтымак менен иш кылалы. Тизменин экинчи номуру болгон, мырза, Кичине тактай түшсөңүз, кайсы "ата" жөнүндө кеп баратат, Курманбек Салиевичти айтып жаткан жоксузбу? Жарыя! Келгиле, чогуу иштейли "Аалам" гезити чымыны бар, канында калыстык ойногон өз кабарчыларды кызматка чакырат. Ошондой эле тажрыйбалуу корректор издейт. Тел: 59-17-37 "Каркас" Эскирген "карталар" Акелери бийликке келгичекти адилетүүлүктүн камчысы, чындык кептин жарчысындай көрүнгөн (андагы оппозициячы, азыркы спикер) Адахан бир кезде Акаевдин бүтпөс кадрдык ротацияларына "Каякты караба баягыле эскирген "карталар" кайрадан ойнотулуп жатат" деген таризде мыскыл аралаш "бырс" эткени бар. Адаханчиктин ошондогу фарс-фразасы, Бакиевдин заманында да кайталанып туру… Эмесе, назарыңыздарда эскирген (айрымдары Акаев доорунан бери айрылып, тытылганы калган) "карталар" же 16-премьер-министр И. Чудиновдун жаңы кабинети. Чү дегенде Чудиновдон баштай турган болсок… ыңкылапчы Бакиев бийликке келгени Игорь Витальевичтин ташы өйдө кулады. Ага чейин коомдогу аты-жыты белгисиз бизнесмендердин бири боло келген дядя Игорь алгач "Кыргызгаз" ААКнын гендеректирлигине шайланды, аз өтпөй Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри болуп дайындалды. Анан бактысы "батькасы" Танаевдикине танапташ экен, Николай Тимофеевич 3 жыл мурда таштап кеткен эки тизгин, бир чылбырды колго алып отурат. Эми, Игорь мырза жөнүндө эмне айталабыз же эмнени күтөбүз? Бир караганда эч нерсени. Биринчиден, өлкөнүн 16-премьер-министринин президент болуу амбициясы жок. Экинчиден, Танаевчесинен "марионетка" катары такка отурулгузулганы коомчулукка маалым. Өзү дагы "техникалык премьер" катары иштей турганын жар салып салды. Кыскасы, "аты улук, супурасы курук" болгон премьерлик орунга аты бар, бирок саясатта же экономикада өз алдынча заты болбогон бир замандашыбыз башыбызга келди да… Ал эми 1-вице-премьерликке кайрадан эле Искендер Айдаралиев бекитилди. Кыязы, Талас жана Жалалабат дубандарынын экс-аймакбашчысы Айдаралиев андагы иш-тажрыйбасын жакшы негизде колдонсо керек. Бакиевдин жердеши, атүгүл таежеси, назили сузактык Тажикан Калимбетова Каржы министрлигине келип келбей жатып, 400 млн. сомду ачык банкрот болгон "Кыргызстан Аба Жолдору" ишканасына оодара салып парламенте катуу уят болду. Мурдагы Соцфонддун төрайымы Тажикан айымдын да карьералык өсүшү азыркы бийликке абдан көзкаранды. КМУнун "өндүрүш эсеп-чоту" деген факультетин бүтүрүп, жөнөкөй гана кызматтарда иштеп жүрчү Калимбетованын трамплинине суктангандар өтө көп. Атамбаевдин амири менен министрликке барышкан социал-демократчы министрлер Сооронбай Жээнбеков менен Туйгунаалы Абдраимовдун Алмаз мырзанын артынан "кидать" этилиши жөнөкөй медиктер менен айыл-чарбачыларга жакпаганын саймедирегендер толтура. Себеби, маселен Туйгунаалы мырза Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупция менен катуу күрөшүп, ал демилгеси жыйынтык бере баштаган. Ал эми Сооронбай мырза канча жыл депутат болуп жүрсө да, профессионал адис экенин Айыл чарба, суу жана кайра иштетүү министри болгон кезде далилдеди. Айрыкча нан кризиси мезгилинде. Жээнбековдун ордуна келген Бишкектин экс-мэри А. Ногоевдин учурунда эмнени кыйратканын эстей албай башыбыз маң. Бирок агротармакта Ногоевдин тажрыйбасы чоң. Себеби мурда кайра иштетүү тармагында иштеген. Айыл-чарба илиминин да кандидаты. Энди, Туйгунаалы Абдраимовдун ордун Медицина илимдеринин дагы бир кандидаты Марат Мамбетов басты. Мындан министрлердин арасындагы "чужой среди своих" болгон эле баягы "позор" деген сөздү жакшы көргөн Камчыбек Ташиев окшойт. Бокс боюнча спорттун кандитаттыгына талапкер Камчы мырза депутат кезинде Өзгөчө кырдаал жана экология министри Ж. Рустанбековду "груша" койгулагандай эле жерден алып көргө салчу. Көрсө, өзүнө орун камдап жүргөн сындуу. Бирок, Камчы баатыр "белая мечтасына" жетпей каларда он чакты жердештери пикетке чыга калышып Ташиевди көксөгөн муратына жеткиришти өңдөнөт. Өкмөттө дагы бир "новичок" министр Сапарбек Балкибеков бүгүнкү "семьянын" ишенимдүү кадры. Буга дейре "Түндүк электро" ААКсын жетектеп келгени менен, өлкөнүн №1 стратегиялык обьектинин дебитордук карызын көбөйткөндөн башкага жарабаган Сапарбек баатырдын Өнөр жай энергетика жана отун ресурстары министрлигине барып калганына таң калыштын кажети жок. Анткени, Балкибековдор Акаев заманында энергетиканы "мүлжүп" бүтүшкөн. Эми кожоюну менен бирдикте "каркастарын" сатканы турушат. Сапарбектин мындан башка миссиясы бар беле?! Билсең айтчы, бурадар. Бүгүнкү бийликтин "өткө салса күйбөс, сууга салса чөкпөс" сүймөнчүк кадрларынын анабашы Акылбек Жапаров экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине секирди. Транспорт жана коммуникация министри Н. Сулайманов, Адилет министри М. Кайыпов, Билим берүү министри И. Болжурова , Маданият жана маалымат министри С. Раев ордуларында эле калышты. Ошондой эле Айгүл Рыскулова, Мурат Суталинов, Нурлан Акматов, Турсун Турдумамбетов, Темирбек Курманбековдорго кайрадан өздөрүнүн креслолору буйруду. Булардан сырткары, ИИМде да бир кадрдык жаңылануулар болду. Айталы, министр болуп Бишкек ШИИБинин экс-начальниги Молдомуса Конгантиев дайындалды. Ал эми министрдин 1-орун басары катары ГУБОПтун мурдагы начальниги, чыгаан опер, окемдер айтмакчы "гроза криминалов" атка конгон Мелис Турганбаев барды. Энди, гүбүрнатырлар парадына токтоло турган болсок, азырынча үч облус жетекчиси жаңыланды. Айталы, генерал-майор Өмүрбек Субаналиев Нарынга, Маратбек Жумабеков Баткенге, Бейшенбек Болотбеков Таласка губернатор болуп дайындалышты. Ушундай, замандаш. Семетей Талас уулу Аалам "Ааламда": Грузия Оппозиция Саакашвилинин түн уйкусун бузууда Грузиядагы шайлоонун ыплас өтүшү оппозиция лидерлеринин эле эмес, 100 миңге чукул элдин нааразычылыгын туудурууда. Шайлоо бюллетендери толук түрдө саналып, акыркы жыйынтык 13-январь күнү чыгарылганда, Тбилисинин борбордук аянтына байкоочулардын айтымында 80 миңден ашуун адам митингке чыгып, Саакашвилинин кайрадан бийликке келүүсүнө караманча каршы экендиктерин билдиришкен. Албетте, мындай "сюрприз" Саакашвили эле эмес, анын командасына да жага берген жок. Себеби, ушул эле күнү борбордук аянттан таркап кеткен грузин эли кайра 19-январда нааразычылык акцияларын өткөрөөрүн жарыя кылышкан. Бийлик болсо, митингке чыгууга уруксат бербей, тыюу салып койду. Себеби, Саакашвили 20-январда президенттик кызматка расмий түрдө киришип, мыйзамдуу иш баштоосу үчүн, ант берүү аземин (инаугурация) өткөрмөкчү. Өтөт, эгер оппозиция мүмкүнчүлүк берсе... Улан МАМБЕТОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|