Коомдук-саясый гезит
№16, 18.01.08-ж.



◄◄◄
  Муну мындай таштайлы да

"Кайдыгерлик" деген сөздү укканда эле Шакемди (Дүйшеев) эстейм. Бу сөз мурда мен үчүн жөн эле сөз болчу, карапайым. Анан Шакем:
-Кайдыгерлик деген эме
Каракчыдай кайтарып өзүбүздү,
кайдыгерлик деген эме

кашайтып көзүбүздү,

айттырбай сөзүбүздү…- деп
баштап, кайдыгерлик деген баарыбыздын намыс тараптагы сезимибизди жалмап, жалаң гана "көрбөсөм көчүгүмдү бөрү жесин" деген принцип менен каракурсактын, жеке жыргалдын гана камын көрүп жашоого тууралап салганын саймедиреп келип:
кайдыгерлик,
кайдыгерлик
катып калгыр катып турат,
кара таштай
үстүбүздөн басып турат,- деп
бүтүрөт ырын, жашоону бүтүргөндөй бүтүрөт…
Ошондон соң "кайдыгерлик" деген сөз мени да, мен окшогон миңдеген адамдарды сүлүк курттай соруп келет… Колубуздан эч нерсе келбей, келсе да коркуп жанагы куртка сордуруп келебиз!




КАЙДЫГЕРЛИК…
КЫРК ЧОРО… КЫРГЫЛЧАЛ ЖАНА КАБАЙ КАРАБЕКОВ
Кайдыгерлик кийинки турмушта оголе көп болуп кетти окшоду. Бүтүндөй сезимибизди кайдыгерлик оккупациялап алган сымал.
Кечээ Жогорку Кеңешке шайлоо болуп, "Ак жол" абийирсиздик менен аны утуп турганда Көлдөгү "атамекенчилер" чоң чуу баштайбыз деп, облакүйдүн алдына чогулмай болду. Андан мурун көп адамдан кеп уктум, "чыгабыз, чуу салабыз, беш миңдей болуп калкылдайбыз, он миң болуп кетсек ажеп эмес…" сыяктуу дилгири ашып-ташкан сөздөрдү.
Анан митинг болот деген күнү барсам, кашайгырдыкы, беш миңди кой, санап атып он бештен ашыра албай эсим ооду.
"Бүгүн тарайлы, эртең көп адам болот" - деп тарап кетишип, эртеси чогулду эле, элүүгө жеткире албай турдум. Алар да шайлоодо чуркап, ошол чуркаган акысын алалбай жүргөн адамдар экен, облштабды пааналаган. А байкуштар "үгүт эмгегин" эмдигиче ала элек. "Ата Мекен" деле алдайт экен, ыя, балакет!
Азыр кайдыгерлик оорусуна чалдыккандар ашып-ташып турат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Кайдыгер адам душмандан да жаман, анткени, душманды күрөшүп жеңсең болот, кайдыгерди жеңе албассың!
Бийликке нааразы болуп үйүндө, жакын санаалаштары менен мейманда же кафеде ойношу менен отуруп, Бакиев башатындагы бийликти айда сөгүп ашатат да, көпчүлүк алдында анысын эгерим айтпайт, жүрөгү даабайт. Анткен менен ошол адам жакшы шымдардан киет. Кайдыгерлик менен коркоктук жанаша жашайт экен.
Элдин тарыхы илгеркиси бүгүнкүсүнө окшоп, уланып турат экен. Маселен, "Манастагы" окуяларды шарттуу түрдө тарых чындыгы катары карасак, Абыке, Көбөш, кырк чоро, Кыргылчал сыяктуулардын окуялары биздин кай бир азаматтардын окуяларына окшоп кетет, азга жаңылып турам, илгеркилерге окшойт азыркылар.
Өмүр бою күтүп келатабыз Манас, Семетей, Сейтек, Бакайыбыз жаралабы деп. Үмүттөндүрүп барып эле нечен мыкты жигиттер кырк чоронун кийинки кейпин кийип калышат.
Билээрсиздер, Манастын кырк чоросу кезинде ага аябагандай кызмат өтөгөн. "Чоро" дегенибиз менен "ляппай" деп турчу жөнсалды жигиттер эмес, алар баатырлар, уруу башчылары, акылмандар, колбашчылары, кеңешчилери, жигиттин мыктылары болгон. "Манас" таануучулар аларды санай келип, кырк эмес, кырк төрткө жеткирет, Бакай, Кыргылчал, Чалыбай, Ажыбай, Сатай, Атай, Үмөт, Жайсаң, Шүкүр, Каракожо, Бообек, Калкаман, Эламан, Чубак, Сыргак, Ырчуул, Бозуул, Тазбаймат, Шууту… деп (Толук тизмени "Манас" энциклопедиясынан караңыз).
Мына ушул чоролорду азыркыларга салыштырсак, окшошу чыгаар беле? Манаска тийбей, аны кыргыз деген мааниде түшүнүп, Бакайды издейли.
Ооба, белдүү кызматтарда иштеп же өнөрү, таланты менен элге белгилүү болуп, жашы баарыбыз барар жерге жакындап калган карыларыбыз көп. Кээде алардын көңүлүн көтөрүш үчүн "Бакайыбыз" деп деле ченебей айтып салмайыбыз бар. Т.Усубалиев, Ч.Айтматов, М.Мамакеев, И.Абдуразаков, Т.Касымбеков, С.Иманбаев, Д.Садырбаев, М.Миррахимов, Ж.Акималиев, А.Какеев сыяктуулар балдарынан же жакындарынан эч болбоду дегенде бир ирет "Бакайыбыз" дегенди укса керек. Булар эмес, айылда алтымыш жыл арак ичип, сексенге чыккан чал деле "Бакай" аталып кетет кээ бир мас тойлордо.
Аталган аксакалдарыбыз элдин ичи будуң-чаң түшкөндө карыялык акылын айтып, чындык тарапты коргой айтып турушу керек эле. Айтпайт. Анткени, чындыкты айтты деген сөз - бийликке акаарат келтирди деген сөз. Биздин карылар болсо, бийликти үлпүлдөтө мактап турат, эң кыйын дегени кайдыгерлик позицияны карманышат.
Ооба, кези менен Докем (Садырбаев) элдин талабын коргоп, бийликке ачуу сөздөрүн айтып алмай эрдиги бар. Бирок, анысы эртең башка багытка өтүп кетет, туруктуулугу жок. Ал эми Абдуразаков агабыз калысмын, чынчылмын деген мааниде үнүн тынбай угузуп турат. Байма-бай интервью берип, популярдуу да болуп кетти. Анткен менен бу киши эч качан бийликтин кемчилигин тике качырып айтпайт экен, ойрон орусуң айтмакчы , ар дайым "около да вокруг" багыты менен кетет.
Айтматов менен Мамакеевибиз, Миррахимов менен Акималиевибиз кези менен бийликти мактап турчу адаттарына көнгөнбүз.
Сөз кыскасы, азыркы кыргызың Бакайдан куру - бу чоң өксүк.
Анткен менен кырк чоросу түгөлү менен элинде. Азыркынын чоролору деп шарттуу түрдө атап коелу: Байболов, Тургуналиев, Текебаев, Шерниязов, Сариев, Бекназаров, Алымбеков, Урманаев, Субаналиев, Алиев, Иманалиев, Бабанов, Мадумаров, Бешимов, Эшимканов, Чотонов, Жекшенкулов, Өмүркулов, Артыкбаев, Кулов, Атамбаев, Карабеков, Каптагаев, Жээнбеков ж.б. Бу тизмени улантып алсаңыздар болот.
Ошентип, Манас өлгөндөн кийин кырк чоронун анабашы Кыргылчал: "атасына кызмат кылып жүрүп чарчадык, эми уулуна кызмат кылып өлүмгө дуушар болобузбу" деп чагым салып, тынч турмуш издеп качып, ошондон соң түгөлү менен Семетейдин колунан кырылат.
Кудай сактасын, азыркылар аман-соо. Биз санаган азыркынын кырк чоросу түгөлү менен Бакиев жүргүзгөн саясатка каршы болушчу, бири мурда, бири кийин дегендей. Анан арасынан "кыргылчалдар" чыкты, элине эмес, президентке кызмат өтөйлү деп, бузуку иштерди баштап. Анан кырк жигитиң ыдырап берди, ыдырап. Бакиевиң Семетей болуп турду "кырып".
Анысы ал болсун, ошондо Кыргылчалың ким болду? Бу болду деп тике качыра айтыштын эки негизги тескери кетчү жагы бар, биринчиси - Кыргылчалды туп-туура кайталаганы жок, экинчиден, биз болбой эле ушул деп бирөөнү атап салсак, анда соттор соолтот. Андыктан, Кыргылчалга аздап окшоп кетет окшоду деп Эшимкановду, Атамбаевди, Куловду, Тургуналиевди, Карабековду атап кетсек ашепке кетирбейбиз, балким.
Эпостогу Кыргылчал баатыр, көзү жок эр, анан куйту, бузуку, адамдарды чабыштырганга уста. Алмамбет менен Чубакты чабыштырган да Кыргылчал, кырк чорону Семетейден качырып, Абыке, Көбөшкө ыктаткан да Кыргылчал.
Кыргылчалдагы кээ бир кыял-жорукту биз атаган жигиттерден издеп көрүңүз…
Каныкей дейт тура:
- Кырк чоронун кыйшыгы,
Кыргылчал какшаал өлдүбү?
Кыргылчал чочкоң өлбөсө,
Кыямат жүзүн көрбөсө,
Кең Талас бизге жер болбойт,
Алты агаң бизге эл болбойт.
Ооба, азыркынын Кыргылчалдары моралдык жактан өлүп турганы жакшы, эл дилинде. Маселен, Кабай Карабеков иним эл дилинде кайсы орунда? Кечээ эле агалап чуркап, жардам алып жүргөн Байболовду бүгүн жерип турганын айтпайлы, Эшимканов экөө чыныгы тандемге биригип, топ бузуп беришти, президентинин жолун шыпырып, аны айтпайлы, башкасын айтпайлы "мен эч качан Бакиев менен жолум бир болбойт" деп касам ичкендей карганып жүрүп эле Бакиевдин "короосуна" кирип берди. Кабайды эл сыйлачу эле, эми ал сыйы түз эле жек көрүүгө өтпөдү бекен?! Мындай "жигитчиликти" кандай атоо керек? Кабайдын жолу да башкага сабак болгусу бардыр…
Эпадам, биз атаган азыркынын чоролору накта жигит болушса, байлыкка, бийликке сатылбаса, эл үчүн накта күйсө жана да жалпы жүрөктүү болсо, азыр каалаганын кылып жаткан Бакиев эч болбоду дегенде сестенбейт беле, бийлигин мыйзамдуу бөлүшпөйт беле, эл үчүн накта президенттик вазийпасын өтөбөйт беле… элибиз баралына келбейт беле, жерибиз сакталбайт беле…
Бийлик көксөгөн чоролор асмандын башын деле эңсебейт экен, айталы, бирине КТРди берип койсо "улуу урматтуу элим" дегенди "улуу урматтуу президентим" деп оңдоп алып күдүңдөй берет экен, же болбосо да бирине тамашалап Өкмөттү башкартып, анын даамын аздап таттырып, "аппетити" ачылаарда баштан сылап туруп, көчүккө тээп коет экен, үчүнчүсүн губернатор кылып таштайт, "киши кийик" кылып. Жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн деген мурунку дымагы, тилеги, ыйманы, жигиттиги ошентип, кызматка алмашылып кетет, ушундай чоролор чыкты, наалатыныкы.
Мына эми "Акыйкат үчүн" деген кыймыл түзүлүп, ааламды аңтарып түшчүдөй дымак менен иш башташты. Бу кыймылда бийлик, байлык көздөгөндөр да, попу-листтер да, ойт берме туруксуздар да жүрөт. Бу кыймыл Куловдун "Фронтунан" сабак алып, анын "аттиңдерин" кайталабаса болгону жана да кыймыл лидерлери "сен кыйын, жо-о мен кыйын" дегенди биротоло унутушу керек. Ошондо бирдеме чыгаар беле, бийликтин шаштысын кетирген?

Баратбай АРАКЕЕВ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan