![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №16, 18.01.08-ж. |
| | Үч собол Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмер: - Коомдук парламент түздүк дедиңер. Бирок, юридикалык күчү жок болсо кандай деңгээлдеги орган болуп эсептелээр экен? - Албетте, юридикалык күчү болбойт. Бирок, бул Конституцияга ылайык келип, Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам жол берет. Коомдук парламент элдин, коомдук күчтөрдүн, партиялардын пикирин талкуулап, талдап, сунуш иретинде кабыл алып турат. Аны жарыялап, маалымат таратып, жолдорун айтат. Экинчиден, түздөн - түз президенттин өзүнө, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө да акыбалды ачык айтып турса элге да, бийликке да жаман эмес го деп ойлойм. Кайсы бир деңгээлде Жогорку Кеңешке ишенич болбой жаткандан кийин аргасыздан элдин үнүн эки жакка тең жеткизе турган аракет. Мунун негизги себеби, декабрдагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы боюнча президенттин партиясы парламентте басымдуулукка ээ болуп, мамлекет башчысы бийликти толугу менен монополизациялап алды. Өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал супер президенттик республика - авторитаризм деп аталат. Кыскача айтканда, биз баягы, илгерки социализм убагына артка кайттык, мындай акыбал Африка, Азия, Түштүк Америкада кездешет. Мамлекетти альтернативдүү өнүгүү жолуна алып чыгуу үчүн жалпы коомчулукту биригүүгө чакырам. Роза Отунбаева, ЖКнын депутаты: - Ө.Бабанов кайра Жогорку Кеңешке келип калышы мүмкүнбү? - СДПК он бир орун алдык. 1- тизмеде Бабанов турган. Ага каршы акыйкатсыз абдан орой иш жасалып, бүгүн шайлоо деген күнү он экиге он минута калганда Кыргызстандын атуулу эмес деп, четтетип салышты. Бул акыйкатсыздыкты соттон жеңгенден кийин ордун мага берди. Ал Бабановдун өзүнүн жигиттик чечими. Жок, мен депутат болгонума сүйүнгөн жокмун. Биз партиянын тизмеси менен келип аткан адамдарбыз. Менден кийин Эдил Байсалов бар эле. Эгер Эдил болсо, мен ошол замат Эдилге берет элем. Тизменин негизинде ар дайым өйдө - ылдый жылыштар болуп турат. Азыркы учурда Өмүрбек Бабанов өз иштери менен алек болуп атат. Чолпон Жакупова, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү: - Демократия тебеленди деп атабыз. Буга ким күнөөлүү? - Кыргызстандын демократиялык баалуулуктардан артка кетишине коомчулук жана саясатчылар күнөөлүү. Анткени, бизде биримдик, туруктуулук жок. Арабызда өз көмөчүнө күл тарткандар көп. Тилектештерибизди коргобой, тескерисинче бийликке жем кылып бергенге көнүп алганбыз. Мына, шайлоонун шайтан оюндары: арабызда жүргөн мыкты азамат эч күнөөсү жок Э.Байсаловду коргой албадык. Биз эмес, СДПК партиясы өзү Эдилди салып берип, уялбай барышып мандат алып олтурушат. Мындай катачылыктарыбыздан жыйынтык чыгарып, ырааттуу иш жүргүзгөнгө өтмөйүн ишибизден майнап чыгат деп ойлобойм. Суроо салган Гүлниза Молдокулова Жокелер парадынан... Бакыт Бешимов, ЖКнын депутаты: "Парламентке барбай коелу дегенбиз" - Бакыт мырза, саясий чөйрөдө СДПКнын 11 мүчөсү парламентке кайсы беттери менен уялбай туруп барды? Бийлик алардын башка мүчөлөрүнө карата өтө ыплас мамиле жасап жатканда, жок дегенде бираз убакытка кармана турбайт беле деген сөздөр айтылды. Буга не дээр элеңиз? - А биз эмнеге уялышыбыз керек? - Партиянын лидери Алмаз Атамбаевдин Акүйдүн сыртына чыгарып, "уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат" дегендей БШКнын айыбын ачып салган партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловду шайлоодон четтетип, тизмедеги №1 талапкер Өмүрбек Бабановду эртең шайлоо болот дегенде Казакстандын жараны деген шылтоону ойлоп таап жатса, сиздер эч нерсе болбогондой парламент эшигин кагып кирдиңиздер. Өзүнүн саясий эркин Бабановдун досумун деп жүргөн Рахатбек Ирсалиев да көрсөтө алган жок? - Ооба, башында биз мандаттарыбызды тапшырып, парламентке барбай коелу дегенбиз. Мен да чечкиндүү түрдө барбайм деп айтканмын. Бирок, бизди колдогон шайлоочуларыбыз "аз болсоңор да парламентте биздин укугубузду колдоп бергиле" дегенинен кайра барууну чечтик. - "Лица" гезити СДПК партиясы Ош шаарынан 0,5% тоскоолдукту өтө алган жок. Ошол эле БШК аларга добуштарды кошуп, парламентке өткөрдү деп жазып чыкты. Ага кандай түшүндүрмө бересиз? - Ал гезит "Ата Мекен" партиясынын кызыкчылыгын чагылдырган гезит. СДПК партиясы түштүк аймагында "Ата Мекенден" көп добушка ээ болгон. "Ата Мекенге" түштүк эли Дүйшөн Чотонов үчүн гана добуш берген. Ал эми башка лидерлер болуп саналган ошол эле Текебаев, Байболов, Сариевдердин түштүктө авторитети жок экендиктерин айтып бере алам. - Байболов, Сариев демекчи, шайлоо алдында "Ак шумкар" партиясынан СДПКга өтүп кеткениңизди көбү түшүнбөй калды. Эмнеге ал жактан кетип калдыңыз? - "Ак шумкардын" лидерлери Байболов менен Сариев "Ата Мекен" партиясына өтүп кеткенде, мен жалгыз калдым. Ошондо, Алмаз Атамбаевден СДПКга мүчө болуп, тизмедеги 2 талапкер катары ат салышуу тууралуу сунуш түштү. Мен ага макул болдум. - Өмүрбек Бабанов Казакстандын жараны эместигин далилдеп, Жогорку соттон утуп чыкса да, мандатын Роза Отунбаевага өткөрүп берип койду. Партиялашыңыздын мындай кадамына кандай баа бересиз? - Эми Өмүрбек чындыгында эрдик иш жасады. Мындай ар кимдин эле колунан келе бербейт. Маектешкен Улан МАМБЕТОВ Сөөмөй, кулак... Садыркуловго эскертүүбү? Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун үйүнө 31-декабрь күнү кечинде униформа кийген жигит келип, сырты кооздолгон кутучаны белек катары анын жубайына таштап кетет. Медет Чоканович менен жубайы кутучанын ичин ачышса эле адамдын кулагы менен сөөмөйү жатат. Мындайды күтпөгөн Президенттик администрациянын жетекчиси дароо эле тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүн үйүнө чакырып, окуянын чоо-жайын иликтөөгө буйрук бергенин жаңы жылдан кийинки эле саныбызда айтылган. Ошондо "мындай ишти жасоо үчүн кайсы адам курмандыкка чалынган?"- деген суроо пайда болгон. Антип-минтип ойлонгуча эле 3-январь күнү Бишкек шаарынын четиндеги Кайырма жана Сарбан айылдарынын ортосундагы бетон латогунун ичинен 3 сөөмөйү жана 2 кулагы жок европа улутундагы адамдын өлүгү табылат. Аты-жөнүн териштире келгенде "Аламүдүн-1" микрорайонундагы подъезддерде баш калкалап, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн 51 жаштагы "бомж" Анатолий Пастухов экендиги анык болот. Көрсө, 27-декабрдын түнү аты аталган микрорайондо сууктан тоңуп өлгөн Анатолий Пастуховдун катып калган денесин ГОМдун милиционерлери келишип, алып кетишкен экен. Төбө чачты тик тургузган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Свердлов РИИБсинин 4 инспектору шектүү деп кармалганы белгилүү болду. Улуу жүздүн кулунумун деген Медет Чокановичтин жаңы жылдык майрамын бузууга аракет кылгандардын артында ким тураары жана эмне максат менен жасалганы азырынча табышмак боюнча калууда. Бирок, мындай белек жөндөн-жөн эле жөнөкөй адамга бериле бербеси анык. Балким, аны коркутуп-үркүтүп койгулары келишкен чыгар. Себеби, кылмыш дүйнөсүндө кайсы бир иште жаза тайгандардын кулагы кесилери белгилүү болсо (90-жылдардын орто ченинде темир тор артындагы бир канча авторитеттин кулактары кесилгенин уксаңар керек), сөөмөйдүн өзү эскертүү дегенди билдирет болуш керек. Айтмакчы, Анатолий Пастуховдун бир эле кулагы эмес, эки кулагы тең жана сол колундагы 3 бармагы жок экен. Кызык... Же алар дагы кимдир бирөөлөргө 23-февралдагы майрамга белек катары даярдалып, алдын ала тоңдурулуп салынган жокпу, тфү, тфү...түгөттүкү. Эмнеси болсо да, адам өмүрүн чымынча баалабай, коомдогу мораль-нрава деген нерселер ушинтип кете берсе, өлкө кайда барат?.. Тамчы ТАШТЕШЕРОВ Такмаза (Башталышы 1-бетте) Дардаңкүү Санта-Клаус Дүйнөдөгү эң мэрский мэр кичинекей тоолуу чакан бир өлкөнүн борбор калаасында болуп кеткенин билдирет, "Ак кеме" басылмасы. Скандинавия өлкөлөрүнүн басма сөздөрү болсо дүйнөдөгү эң дардаңкүү маскарапоз Санта-Клаус мына ошо мэрский мэр сыйынт кылган өлкөдө жашайт деп жазып жатышат. Дүжүрлөрдүн дүжүрү Дүйнөдөгү дужүр чалдардын дүжүрүнүн дүжүрүнүн Жалалабаттагы бир жолугушууда айтканы:- Сиз, Курманбек Салиевич, Кыргызстандагы Кудайдын өкүлүсүз. Сизге кылапат кылган оппозиция тозокко түшсүн! Дүйнөлүк тенденция Бийлик жазында тамак-ашка,газга,электрге, квартираларды жылытууга карата баа кадиксиз көтөрүлөрүн какшап айтып элди бышы кулак кылып көндүрө баштады. Мисалы, Айыл, суу чарба жана кайрадан иштетүү өндүрүшү министрлигинин аналитиктери жазында азык-түлүк продукцияларынын айрым түрлөрүнө баа кем дегенде 10% ке өсөөрүн прогноздоп чыгышты. Алардын айтымында баа өспөй койбойт. Кам санабай эле кой.Баанын секиригинин себебин министрликтин чыгаан адистери өткөндөгү ун менен нанга нарк эки эсеге,айрым тамак-аштын түрлөрүнө 40% ке көтөрүлгөн кездегидей кылып, дүйнөлүк тенденция менен түшүндүрүштү. Дүйнөдө баа өссө, Кыргызстанда да өсөт. Анткени, Кыргызстан дүйнөлүк экономикага интеграцияланган дешет министрликтегилер. Макул эле деп коелу ага деле. Бирок, бир суроо туулат экен дүйнөлүк тенденция дегениңдин Кыргызстандын элинин кирешесине:айлык акыларына,пенсия,пособияларына таасири тийбегенин кантип түшүндүрөбүз? Кыргызстан же бөтөнчө өлкөбү, айлык дегенде эле дүйнөлүк тендеция айланып өтүп кете бергендей.. "Аптыккан" министрлер Жогорку Кеңештеги өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берүү процедурасы учурунда текстти туура эмес окуган министрлер кезиккенин электрондук BPC басылмасы жазып чыкты.BPC айрым министрлер тексттеги "Эгер мен берген антымды аткарбасам, мыйзам чегинде жоопкерчилик тартам" деген сүйлөмдү "Эгер мен берген антымды аткарбасам, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартам" кылып окуп ташташканын белгилеп аны казус жана кокустук катары мүнөздөдү. Юстиция министри М.Кайыпов болсо, мындай жоопту учурда министрлердин апкаарып сүрдөп кетишкени менен,дагы бир бийликчил "эксперттер" алардын кыргыз тилин жетишерлик түрдө жакшы билишпегендери менен түшүндүрүштү. Болушу мүмкүн. Арийне бул "казус",кокусунан жаралган окуя азыркы бийликтеги үстөмдүк кылган нрава менен принциптерди таасын чагылдырып берери жалган эместир.Моюнга алалы,кылгылыкты мен кылам, кыл менен бууйм, айыпты башкалар тартууга тийиш деген установка менен иш жүргүзүлүп жатпайбы,өй. "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" дегенди жаңы министрлер аң- сезимсиз түрдө болсо да ырастап жатышпайбы, түгөттүкү. Үсөн Касыбеков |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|