Коомдук-саясый гезит
№16, 18.01.08-ж.



◄◄◄
  Генерал неге кейийт?

Мирослав Ниязов, КРнын Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Бул бийлик менен биздин келечегибиз оор болуп калчудай"
- "Акыйкат үчүн" кыймылынын форумуна келгениңизди оппозицияга өткөнүңүз деп түшүнсөк болобу?
- Менин өзүмдүн жеке позициям бар. Бүгүнкү күнгө чейин оппозицияга, партияга же ар кандай коомдорго кошулганым жок. Бирок, учурда Кыргызстандын абалы жакшы эмес. Референдум да, шайлоо да ыплас, кир жол менен өттү. Бул бийлик менен биздин келечегибиз оор болуп калчудай. Интеллигенция өкүлдөрү, кыргыздын мен деген жигит - кыздары баш көтөрүп, "мындай жол бизди жакшылыкка алып барбайт" деп чыгышты. Кыргызстан бир гана президенттин жери эмес, элдин жери. Ошондуктан, кылымдардан бери кыргыздар жашап келген жерде акыйкаттык болуш керек деген добушка үн коштум. Акыйкаттык, чындык болбосо, бийлик дагы ишенимден кетип, таяныч болчу элинен кол үзөт. Муну эч качан унутпаш керек.
- Азыркылар башында бардык нерсени өткөн бийликке шылтап келишчү. Андан бери арадан үч жыл өттү, оңолуу жолуна түшө алдыкпы же артка кеткендей туюлабы?
- Адам баласы кызмат тепкичинен жогорулаган сайын же бирөөнүн ордуна келгенде, мурдагы иштешкен жетекчисин жамандап, маданиятсыздыгын көрсөтөт. Кызматка келген адамдын өз көз карашы, тажрыйбасы менен дароо ишти улап кетем деген ишеничи күчтүү болушу абзел. Бирөөнү жамандап, мен жакшы көрүнөм деп билинбей өзү жаман көрүнүп алат. Күнөөнү бирөөдөн издегени, ошол адамдын алсыздыгын, күчү жоктугун билгизет. Жогорку Кеңеште же Өкмөт башчысында деп баардык күнөөнү айлана - тегерегине кое салып дегендей. Ойлосоң, жалгыз гана адам таза болсо, бул кандай? Реалдуу турмушка коошпой турган нерсе. Тескерисинче, кемчиликтерди теске салып оңдоп, алдыга жылганга тажрыйбасы болсо гана ишти ойдогудай алып кете алат.
Өнүгүп - өсүүнүн ордуна, кайра артка кетип баратабыз. Бийлик бүгүн ыплас жол менен жүрсө, эч качан элден тартипти талап кыла албайт. Адамдар кандай болсо, коом да ошондой болот. Бийликтин дең-гээли төмөндөгөн сайын эл да ошончого төмөндөйт. Жогорку тепкичте иштеген адамдардын аброю бийик, аң-сезими жогору, патриоттук сезими күчтүү, элим, жерим деп күйгөндө гана эл колдоп, артынан ээрчийт. Бийлик элге жөлөнүп туруш керек. А бирок, эл көтөрө алабы ушул бийликти? Жок көтөрө албайт.
- Жаңы парламенттин келечегине кандай карайсыз? Өлкөнүн өнүгүшүнө салымдарын кошо алабы? Күчтүү мыйзам болгондо гана күчтүү мамлекет болот эмеспи.
- Кандай жол менен болсо да парла- ментти алып келишти. Бул парламент эмне деген күндө да, элден колдоо таба албайт. Анткени, түз жол менен эмес, кыйшык жол менен Жогорку Кеңешке кирип келишти. Жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы парламент келгенден кийин президент да шайлоого чыгып, президенттигин аныкташ керек эле. Мындай көрүнүш башка бардык мамлекеттерде бар. Кабыл алынган мыйзамдар декларация болуп калбаш үчүн санына эмес, сапатына көңүл буруп, анын аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзгөндө гана алга жылабыз.
- Өкмөт башчылыгына кыргыз тилин билбеген адам келди деп чуулдап эле калышты. Сиз эмне дээр элеңиз?
- Эгемендүүлүктү алгандан бери мыйзамды каалагандай бузуп эле келатабыз. Бир катар көнүмүш адат сыяктуу мыйзам бузуулар өөн учурабай деле калды. Кыргыз тилин албетте билиш керек, эгер билбесе үйрөнүү зарыл. Эң негизгиси, билеби, билбейби иш тажрыйбасы жогору болсо. Менин пикиримде кыргызды койсо, эртең президент болом деп жулунуп чыкмак. А башка улуттан койсо, анын президенттик амбициясы жок болот. Ошондуктан, президент кооптонуудан, тынчсыздануудан оолак болгусу келген чыгар. Бирок, Чудинов ошол жүктү көтөрүп кете алабы, бул өзүнчө суроо…
- Түркмөнстанда элди бекер бензин менен камсыздоого жетишишти. Бизде кымбатчылык күч алууда. Кантип өнүгүүнүн жолуна түшө алабыз?
- Элди бекер оокатка көндүрбөш керек. Ал туура эмес. Ар ким өз чөнтөгүнүн эсебинен жашаганга көнгөн жакшы. Андай шарттар калктын психологиясын бузуп, жалкоолукка алып келет. Бирок, элдин жашоо - шартына карап жеңилдиктер каралууга тийиш. Газ менен бензинди айтпай эле коеюн, өзүбүздөн чыкпаган соң. Пайдаланган электр энергиясын эл өз учурунда төлөбөгөндүктөн банкротко учурап жатат. Калк ошол каражатты төлөй албай жатса, кошумча кымбаттатканга эмне себеп? Тескерисинче, ыңгайлуу баага түшүрүп, элди да тартиптүүлүккө чакырып, ирээтке келтирсе.
- Сиздин көз карашыңызда, кандай багытка бет алсак туура болот деп эсептейсиз?
- Бийликке келгенде эле ар кимиси мага көбүрөөк укук бергиле дешет. Ал укуктарды алган күндө да пайдалана албайт. Борбордогу бийликтин бардыгы бир эле президентке ыйгарылса, жарашпай калат. 15 жылдан бери көрдүк го, көрүнүктүүнүн бардыгы сатылып кетти. Ач адамды тойгузса болот, ачкөз адамды эч качан тойгуза албайсың. Ошондуктан, бийликке пейили кенен, акылы тунук, элим-жерим деген сезими бийик адамдар келсе жакшы болмок.
Бир адамга берилген бийлик калыс болбойт. Бийликти жер - жерлерге беришибиз керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы эртели - кеч биз ошого барабыз. Европада, Чыгыш мамлекеттеринде бийлик бир адамдын колунда деген жок. Постсоветтик өлкөлөрдө гана бар, бул көрүнүш.
Ал системага өтпөсөк,Кыргызстаныбыздын оңолушу кыйын. Борбордон дайындалып баргандар "хоп, бай" дебесе, эртең эле жумуштан түшүп каларын билет да, жоопкерчилиги элдин астында эмес, президенттин астында болуп калат. А эгер губернаторлорду эл шайлап, эл ишеним көрсөтсө, мейли арасынан начарлары чыгып калсын дейли. Бирок, жети облустун ичинен кантип элинин жүгүн аркалап, экономикасын көтөрүп кетчүлөрү чыкпасын? Ошондо гана жаңы күчтөр пайда болуп, мыкты, тажрыйбасы зор жигит - кыздар чыкмак. Кылган эмгегине жараша атаандаштык жаралып, атаандаштыктан албетте, өсүп-өнүгүү жолуна түшөт. Бийлик талашуу менен убакыт уттурбай, бул системага эртерээк өтүү зарылдыгы бышып жетилди.
Борбордук бийлик айылга барып мектеп, көпүрө деген майда-барат иштерге аралашпай. Чоң маселелерге, мисалы: Мамлекеттик коопсуздукту, Тышкы саясатты, орчундуу социалдык - экономикалык көйгөйлөрдү, жалпы Кыргызстандагы Салык, Бажы инспекцияларынын иштери менен алектенсе.
- Бийлигин ким эле бириндете койсун?
- Бүгүнкү күндө негизги көйгөйүбүз мамлекеттин туура эмес түзүлүшүндө болуп жатат. Коркпой эле бийликти жер - жерлерге берип, аны элдер да, бийлик да талап кылуусу керек. Мисалы, президент кандай акылдуу болбосун, эч качан бир облуста, райондо же айылда эмне болуп жатканын толук билбейт. Аны ошол губернатор билет. Аким андан да тереңирээк жакшы билсе, айыл өкмөтү ар бир короодо эмне болуп атканын ийне-жибине чейин түшүнөт. Ошондуктан, мамлекеттин түзүлүшүндө эң чоң көйгөй бар. Ал бийлик талаш, бирок ошол бийликти эч ким туура пайдалана албай атат.

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова




  КАРАҢГЫ... КАНА ЖАРЫК?

АБАЛ
Элдин далайы ичтен сызган абалда. Мындай болбош керек эле. Таптакыр болбош керек эле.

Элибиздин дилине огобетер зак кетти. Шайлоолор, жалпы элдик добуш берүүлөр Адилеттиктин, Акыйкаттын, Калыстыктын, Элдик даанышмандыктын туу чокусу болуп, элге кут жалганып турушу керек эле. Жогорку деп аталган Кеңешке элден өкүл болуп шайлангандардын ар бирине баарыбыз сыймыктанып, акылына, сөзүнө, кара кылды как жарган калыстыгына, жөн билгилигине, салабаттуулугуна ыраазы болуп турсак, атаганат. Дал ошондо калкыбыздын кайра жаралуусу өзүнөн өзү оңуна келет эле. Эл өкүлдөрү бийлигинин курамынын калыптанышынын, акча күчүнө негизделгендигинин өзү - эл - журт, өлкө, улут таламына карама - каршы эреже - талап.
Шайланган депутаттар аркылуу коом, өлкө, мамлекет турмушунда элдик бийлик жүргүзүлө турган болгон соң, 1990 - жылдан берки жети референдумдун, президенттик, парламенттик болуп он жолку шайлоолордун биринин дагы таза өткөрүлбөгөндүгү, акыркылары мурдагыларынын баарынан ашып түшкөндүгү, жоо чаап келаткансып, тезинен партиялык система киргизилип, дароо бийликтин партиясы түзүлүп, мыйзам чыгаруу бийлигинде анын көпчүлүк добушка ээ болушу максатында жасалган ачыктан - ачык бурмалоолор, ушулардын бардыгына катышууга мажбур болгондорду, жалпы эле эл - журтту ичтен сызган абалга дуушар кылды. Коомчулукта иренжүү күч алды. Бул деген, өлкө турмушунда, өзөккө түшкөн өрттөн жаман.
Ар бир жалпы элдик добуш берүүлөрдүн өзүндө саясий жана адамдардын абийирине таандык таалим - тарбиялык маани бар. Элибиздин калыскөйлүккө калыптанышы, маданий, саясий өнүгүшү - эң башкы маселе. Ошого зыян келтирилгендигинин өзү эмне деген кесепет. Бүгүнкү күндө эки кишинин башы кошулган жерде сөз соңку шайлоолор жөнүндө удургуйт. Ыза дагы, таарыныч, нааразылык баары. Ушунчалыкка баруунун кимге кереги бар эле? Мындай болбош керек болчу. Миң айт, бирок, жаңыланууга, тазаланууга карата тарыхый учур, элдик үмүт тебеленди.
Бийлик келет, кетет, эл калат түбөлүк бойдон. Бийликтин эл - журтка арка - бел, тирек болуусу - анын жалпы элдик кадыр- баркка ээ болушуна жараша экендигине тарыхта мисалдар өтө көп. Айрыкча өзүбүздүн кыргыз тарыхында. Элдин эл, улуттун улут болуп өркөнүнүн өсүшүнө анык жаназыктар: Адилеттик, Акыйкаттык, кара кылды как жарган Калыстык экендиги эгер эстен чыкса, анын акыры, түпкүлүгү эмне менен бүтөөрүн тастыктаган мисалдар азбы, турмушта, соңку далилдер аздык кылабы? Республика калкынын дээрлик 70%ын түзгөн түпкү калктын салт - санаасы, каада - нарк өзгөчөлүктөрү, тарыхый табияты жөнүндө түшүнүгү жок, өздөрүнүн чөнтөк кызыкчылыгын таап, кынык алган айла - амалчы саясий технологдордун азгырыгына алдансак, айла куруган абалдан чыгууга алакандай аз кыргыз чак келбей калышы мүмкүн. Кыргыздын өзүнө гана таандык өз жолуна түшкөнү артык. Бөлөк жол жок. Кыргыздын эл башкарууда - миң - миңдеген жылдар бою өнүккөн далай тарыхый татаалдыктарда сынактан өткөн, анык адамдык адилеттикке негизделген өзгөчөлүк жактары бар. Кыргыздын биздин заманга чейинки нечен кылымдардан, кыргыздын кыргыз болуп жаралгандан бери аз бойдон аман - эсен келаткандыгынын сырын, азыркы XXI кылымда бийлик мыкчып төрдө отургандар, түшүнөөр бекен, ошондой дил барбы аларда, баары ошого жараша. Кыргыздын түбөлүк ырыскысы - Ыйман. Адилеттик, Калыстык - өлкөбүздүн өнүгөөр өзөгү.

Кенжалы Сарымсаков












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan