presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

№16, 18.01.08-ж.
  ӨГҮЗҮҢ ТИГИ, АРАБАҢ БУ...

  Атка минер. Кычыраган машине. Үшүгөн эл

Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган 40-50 миң доллардан кем турбаган кымбат машинелерди мингенди адат кылып алышкан. Чиновниктер пайдаланганына уялгылары да жок.

***
Учурда ЖКнын жаңы 55 депутатынын ар бири 22 миң долларлык "Тойота-Камри" автоунаасын минип жүрүшөт. Азырынча ашыкча чыгымдардын жолун бөгөй турган ой алардын башына келе электей.

***
Өлкөдө мамлекеттик чиновник болуунун бирден - бир көрсөткүчү жана белгиси мамлекеттик номердеги кымбат баалуу машина минүү болуп калды.

Экология жана өзгөчө кыр-даалдар министри Камчыбек Ташиев кычыраган "Тойота-Прадону" минип жүрөт.


Ал эми Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Ногоевге күмүш түстөгү жапон унаасы - "Тойота-Камри" таандык.


Улуттук телерадио корпора-циясынын жетекчиси Мелис Эшимканов азырынча мурдагы директор Кыяс Молдокасымовдун учурунда алынган "Ауди" автоунаасын алмаштыра элек.

Соцфондду жетектеген Марат Султанов көз жоосун алган аппапак "Тойота-Прадо" үлгүсүндөгү машинени минүүдө.

БАСА, АЙТМАКЧЫ...
Жогорку Кеңештин өткөн чакырылыштагы депутаттары ар бири 22 миң долларлык "Тойота-Камри" автоунаасына казынадан каражат бөлдүргөнү менен, айрымдары гана бир айга чукул убакыт мингени болбосо, арманда калышты. Жогорку Кеңештин гараж башчысы Сейитбек Өмүрбеков маалымдагандай, учурда жаңы "Тойота-Камри" автоунаасынын 55и келип, анын 45и жаңы шайланган депутаттарга берилди. Мындай жапжаңы кызматтык унааларга депутаттардын улуусу Бейшенбек Акунов, төраганын үч орун басары, он эки комитеттин жетекчилери, үч фракциянын лидерлери жана 23 аял депутат ээ болушту. Ошондой эле депутаттардан Кыргыз Эл артисти деп урматтап Керим Тураповго жана профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровго, белгилүү хирург Эрнст Акрамовго да 22 миң долларлык "Тойота-Камри" унаасы берилди.

Облустардын губернаторлору айрымдары бирден эмес, экиден автоаргымак минип жүрүшөт. Мисалы, Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев тоо- ташка "Жип" менен барса, түз жолдордо "Мерседес-600" үлгүсүндөгү автоунааны алкынтат.

Өлкөнүн Коргоо министри Исмаил Исаков менен Маданият жана маалымат министри Султан Раев экөө тең бардык автоунаадан "Мерседести" артык көрүп, кызматтык унаа кылып жүрүшөт.

Өлкөнүн мурдагы Башкы милиционери Болотбек Ногойбаев бир эмес, эки тулпарга ээ болчу. "Ниссан-Террана" ак "Жип" жана "Мерседес" экс-министр мырзага кызмат кылып келди.

Ал эми Ош облусунун губернатору Аалы Карашев Кыдыкбек мырзадан кем болбой, ак түстөгү "Тойота- Прадо" жана кара түстөгү "Мерседес-Бенц-500" үлгүсүндөгү эки автоунааны алмак- салмак айдап жүрөт.

 "АППЕТИТ"

Өлкөдө аткаминерлерди ары-бери ташыганга 6,5 миң автоунаа кызмат кылат. Анан ошол автоунааны кармоого, айдоочусуна акы төлөп, бузулганын оңдоп, май куюп турууга мамлекеттик казынадан жыл сайын 650 миллион сом сарпталат.


Даярдаган Кабыл Макеш





а ­е¦Є.НҐй«