![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | Экономиканын күнгөй-тескейинен Кыргызстанга эмне үчүн инвестиция келбейт? "Крутой" кыргыздар Орусиянын массалык маалымат каражаттары өткөн жылдын 9 айынын ичинде эле Кыргызстандын ишкерлери Санкт-Петербург шаарына 80 млн. доллар инвестиция салганын кабарлашты. Андан мурда Кемерово областына да биздин өлкөдөн бир эле кварталдын ичинде 3,8 млн. доллар инвестиция келгенин жазып чыгышкан эле. Казакстандын 100 млн. доллар инвестициясына зар болуп турган Кыргызстан үчүн бул акча азбы? Бул массаалык маалымат каражаттарынын көзүнө урунуп, кабарланганы эле да, кабарланбаганы канча дейсиң. Кыргызстандын төлөм балансы толук болбой, өлкөдөн кетип жаткан инвестициянын көлөмүн так аныктоого мүмкүн эмес, мүмкүн болсо бул кенедей эле бөлүгү экенин, өлкөдөн келген акчага барабар акча кетип жатканын билет элек. Оруссиянын интернеттери аны да жөн жазышпай, жакыр, бирок "крутой" кыргыздар деп какшыктап жатышпайбы. Чын эле инвестиция керек болсо, биринчи кезекте ошол акчаларды кетирбей токтотуп калып пайдаланбайбызбы? Эмне, чет өлкөлүк инвесторлордун акчасы таттуу да, биздин ишкерлердикине уу кошуп коюптурбу? Жогоруда сөз болгон инвестициялык саммиттердин биринде мен өлкөдөн качып кетип жаткан инвестицияларды мисалга тартып, "чет өкөлүк инвестиция дей бербей, мүмкүн маселени кеңири коюуу туура болуп жүрбөсүн, мүмкүн ишкерликке шарт жок болуп жатпасын, жок болгон үчүн чет өлкөлүк инвесторлор келбегени аз келип, өзүбүздүн инвесторлор да сыртка кетип жатпасын" деген суроо койгон элем. Саммитке төрагалык кылып жаткан өлкөнүн ошол кездеги премьери Николай Танаев же менин суроомду түшүнбөдүбү, же түшүнүп эле айтар сөзү жок тайсалдадыбы, айтор, "бээ десе, төө деп" эптеп бирдеме айтып кутулган. Отургандар анын жообуна алымсынбай калганын сезген ошол жерде отурган "Ремстмаанын" кожоюну ага жардамга келип, бирок ал деле так берилген суроого так жооп бере алган эмес. Куюшканга кыпчылган Рауш мырза маңызы "Сиздин коюп жаткан сурооңуз, албетте, жөндүү, бирок Акаевдин даанышмандык инвестициялык саясатынан шек саноого кенедей да негиз жок" дегендей сөз айткан. Кудум азыр "Вечерний Бишкек" гезитине берип жаткан комментарийлериндей. Бир эле айырмасы - азыр даанышман деп Бакиевди айтып жатпайбы, анда ал Акаевден башканы оозуна алчу эмес. Африкага окшош, ошон үчүн Бу дүйнөдө бири бири менен байланышпаган нерсе жок болгондон кийин, каза берсе, анын толгон-токой себептери чыга берет. Анын ичине Оторбаев менен Койчуманов айтып жаткан ошол эле административдик тоскоолдуктар, ишкерлерди жүдөткөн текшерүүлөр да кирет. Бирок, Ленин айтмакчы, себептердин баары эле бирдей эмес, биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы себептер болот. Айрымдары түз эмес, башка факторлор аркылуу таасир бериши мүмкүн. Кеп ошол түпкү себебин табууда турат да. Менин оюмча, Кыргызстанга инвестициянын келбей жатышынын ошол түпкү себеби, мен жогоруда белгилегендей, бийликтин табыятында жатат. Кыргызстанга кызыккан инвестор биринчи кезекте биздин өлкөдөн өз өлкөсүндө жок бизнестин кандайдыр бир артыкчылыктарын издейт. Мисалы, ошол эле алтын кендери, энергетика. Мындай нерселер бизде толуп жататпайбы. Анан ал аны иштетүүнүн эрежелерин, башкача айтканда мыйзамдарды изилдейт. Бул да бизде кудайга шүгүр. Чет өлкөлүк эксперттердин айтымында, биздин мыйзамдар өнүккөн өлкөлөрдүкүнөн ашса ашат, кем калбайт. Бирок алар аткарылабы? Кеп ушул жерде жатат. Менин оюмча, инвесторлор анын аткарыларына ишенишпейт, ошодуктан келишпейт. Мыйзамсыздык жана коррупция өкүм сүргөн өлкөдө инвестор пайда таппак тургай, салган инвестициясынан айрылып калам деп коркот. Мыйзамсыздык менен коррупциянын себебин издеп көрсөң, ал акыры барып бийлик системасына такалат. Бийликтин табияты дегеним ошол. Эч кимге жооп бербеген бийлик мыйзамды уруп ойнобойт. Өз киши үчүн ал мыйзамды бузуп каалаганын жасап берет. Башка киши болсо, мыйзамдар анын тарабында болсо да, жасалма тоскоолдуктарды ойлоп таап иштетпейт. Бир сөз менен айтканда, пара бербесең, айтканын укпасаң, билгениң кылып ал деп, көчүккө тебет. Муну жакында эле өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон көрдүк го. Кайсы өлкөдө экинчи орунду алган партияны маарадан алып салып, 3% ке жетпеген добуш алган партияны жеңип чыкты деп, парламентке отургузуп коет? Жооп бирөө гана. Бийликти менчиктештирип алган Африканын, Азиянын диктаторлорунда. Анан курсагы ток, көңүлү куунак Европа менен Американы эмес, ошолорду туураган Кыргызстанда. Мыйзам сакталышына гарантия болбогондон кийин бул өлкөлөргө тыштан инвестор келбегени аз келгенсип, эптеп акча топтоп алган ата мекендик инвесторлор, акчабыздан айрылып калбайлы деп, башка өлкөгө кеткенге шашышат. Жогоруда айтылган кыргыз ишкерлеринин Россияга кетип жатканы тууралуу фактылар буга жакшы мисал болуп бере алат. Биздин бийлик үлгү туткан Африкада деле абал кудум биздикиндей. Бир четинде бийликтегилери инвесиция деп какшап жатса, экинчи четинде өзүнүн ишкерлери качып жатышат. Мен "Азаттык" радиосунда иштеп жүргөнүмдө Прагага 2 жолу барып келдим. Чехияда дүйнөнүн эң ири 4 автомобиль заводу өз филиалын куруп жатыптыр. Чехиянын калкы ошончо автомобилди батыргыдай көп дейсизби. Анын эли биздикинен болгону 2 эсе эле көптүк кылат. Инвесторлорду кызыктырган ал жерде бир эле нерсе бар экен. Германияда жумушчунун айлыгы 2000 доллар болсо, Чехияда 700 доллар. Инвестор айлыкка аз чыгым болуп, көп пайда көрөйүн деп жатат да. Бирок эгерде инвесторлорго айлык ошончо маанилүү болсо, анда алар ошол заводдорду эмне үчүн Кыргызстанга курушпайт. Бизде жумушчунун эмгек акысы Чехиядан да 7 эсе аз эмеспи, андан да көп пайда табууга мүмкүнчүлүк бар да. Чехия бизден айырмаланып Африканы эмес, батыш жагындагы гүлдөп жаткан кошуналарын үлгү кылат. Мыйзамды сыйлаган мамлекет. Мыйзам бузса, ал президент болгонуна да карабай жазалайт. А бизде бирөөнүн мүлкүн тартып алып жатса да, өлтүрүп салса да, эч ким жооп бербейт. Анда чыныгы демократия, а бизде болсо бир адамдын көзүн караган бийлик. Чехияга барганымда президенттин иш бөлмөсү жайгашкан имаратка алып барып көрсөтүштү. Бөлмө үстүнкү кабатта эле болгону болбосо, терезесинин түбүндө карап турдук. Жакындаба деп милиция да келген жок. Бизде болсо темир тор менен тосуп алышкан. Автомат менен кайтарышат. Күнөөсү болбосо эмнеге мынчалык коркушат дейм да. Самопал инвесторлор Кыргызстанга таптакыр инвестор келген жок десек, калп айтып ыйманыбызды жеген болор элек. Аз да болсо келип атыр. Бирок мен аларды нормалдуу, соо инветорлор деп айтпас элем. Дүйнөдө тобокелчилиги жогору болгон бизнестин түрүнө адистешкен инвесторлордун өзгөчө түрү бар. Тобокелчилик чоң болгон жерде пайданы да көп табуу мүмкүнчүлүгү болот эмеспи, аларды кызыктырган ошол көп пайда. Алар тапса көп табат. Күйсө, албетте, көпкө күйөт. Орус экономика адабиятында аларды "рисковый капитал" деп коюшат. Кыргызстанга келген инвесторлордун басымдуу көпчүлүгү ошондой "жан кечти инвесторлор". Мындай инвесторлор адатта бийликке пара берип, алардан ар кандай жеңилдиктерди алып алышат. Ал болсо кирешени мол алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок бир коркунуч бар, бийлик алмашып кетип, бизнестен таптакыр айрылып калышы мүмкүн. "Камеко", мисалы, Кумтор алтын кенин казууга киришер алдында акчанын көзүнө карабай 50 млн. доллар төлөп, өз бизнесин саясий тополоңдон камсыздандырып койгон. Өзү таза болсо, камсыздандырып эмне кылат дейм да, жаңы бийлик жөн эле аны кууп чыккыдай жин тийиптирби. Анан ошол акчаны башка бирөөгө бергенче Кыргызстанга эле бербейби десең. Эл ыраазы болуп, азыркыдай "Камеко кетсин" деп чыкпайт эле да. Бербейт. Анткени анын бийликти сатып алып, ар кандай жеңилдиктерди алып алгандан кийин тапкан пайдасы мунун жанында шоона эшитпейт. Жаңы бийлик адилет болсо баары бир аны жазалайт. Ушул мисалдан биздеги мыйзамсыздык менен коррупциянын баасы канча экенин, эч кимге жооп бербеген бийликтин айынан кыргыз эли канча жоготууга учурап жаткандыгын даана байкаса болот. Эсиңиздерде болсо керек, 2005-жылдын 24-мартынан бир аз күн мурун биздеги Эл аралык ишкерлер кеңеши деген неме "Биз Кыргызстанга 1 млрд. доллар инвестиция салганбыз, биз Кыргызстанда стабилдүүлүлүк болушун каалайбыз" деп чыгышкан. Стабилдүүлүктү ким каалабайт! Бийлик күч менен алмашпасын десе, алар эмне үчүн Акаев бийликти узурпациялап алганда, конституцияны бузуп 3-мөөнөткө барып жатканда унчугушкан жок. Андай эле өлкөнүн ички ишине кийлигишкиси келбесе, 24-мартта да кийлигишпеш керек да. Камеко жөнүндө жогоруда сөз болбодубу. Анын мурдагы бийликти сатып алганы аны менен түзүлгөн келишимдин кайрадан каралып чыкканынан көрүнүп турат. "Айчүрөк" дүр-дүкөнүн сатып алган Фиаконинин үстүнөн кылмыш иши козголуп, бирок ал белгисиз себептерден улам ал жабылып калды. Ремстмаа да, бийликти алдаппы, же башка бир жолдор менен тилин тааппы, башка тамеки завод курулбасын деген монополдук укук алып алгандыгы жөнүндө көп айтылды. Айтор артынан жаман сөз ээрчибеген Кыргызстандан инвестор табуу кыйын. Ушуларды ким соо инвестор деп айтсын. Булар Кыргызстанга пайда келтирерине мен түк ишенбейм. Сапар Орозбаков, экономика илимдеринин кандидаты |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|