п»ї
№17, 25.01.08-ж. Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз эл акыны,
Байдылда Сарногоев атындагы
Эларалык сыйлыктын лауреаты
КАЙДЫГЕРЛИК-2
Кайдыгерлик деген
неме,
Кайран элди
карактап соеобу дейм,
Каны-жанын какшытып
соробу дейм,
Калкан болор бүркүтсүз калктын
көзүн
Карга-кузгун кашайтып
Оебу дейм.

Кайдыгерлик деген неме,
Кайран элди
Чокуга чабабы дейм,
Кара жолго кареги агабы дейм,
Жомок жолборс жолою жоош элдин
Жонун тилип тамгасын салабы дейм,
Жок кылып алабы дейм.

Карааны карт тарыхтын бетин каптап,
Канча бел,
Белестерден өткөн элдин,
Кайраты таш күйгүзгөн өрттөн элдин,
Камчысын чагылганга айландырып,
Каңгайга кара бороон төккөн элдин,
Кайыкса Бакай болуп башын жөлөп,
Кайышса Манас болуп көпкөн элдин,
Кааласа каалагандай өскөн элдин...

Кайдыгерлик деген неме,
Канатсыз калгандыгын
Туюп турат,
Капталдан карышкырдай
Улуп турат,
Кайдыгерлик деген неме,
Абыке-Көбөш болуп,
Ажалын сунуп турат,
Кайнатпай көчүгүңө
Карандай сууну күндө
Куюп турат,
Карасаң маңдайыңда
Калк эмес, кыргыз эмес,
Кашайган дудук турат!

Кайдыгерлик деген неме,
Кайыш тонун жамынып
Туруп турат,
Калп эле угуп турат,
Кайыктай чөккөн элди,
Кареги өчкөн элди,
Кайрадан кан Алооке каптагансып,
Карбып-тербип Алтайга көчкөн элди,
Кара жемсөө чоңдорун каргап-шилеп,
Жатып алып үйүндө сөккөн элди,
Жанына келе калса,
Жалынып өпкөн элди.

Кайдыгерлик деген неме,
Карап турат,
Катыгы канча калды,
Акырын санап турат,
Далай кылым баскан элди,
Дарегин каада-салтка каткан элди,
Даңкына дарт жолотпой,
Дайрадай жер үстүндө аккан элди,
Каганы калыстыктан тайыганда,
Казыктай кара жерге
Каккан элди.

Кайдыгерлик деген неме,
Карап турат,
Калп эле кабак бүркөп,
Аяп турат,
Касиети
Башынан качкан элди,
Калем талдай кыздары көчө бойлоп,
Кашаттан ылдый жагын саткан элди,
Түкүрүнүп түн бою чоңдоруна,
Түпкүч болуп эртеси жаткан элди,
Түлкү болуп кубулган мастан элди.

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Калк элек го,
Калктардын даңкы элек го,
Караңдаган дүйнөнү кезип турган,
Кара жердин төбөсүн бешик кылган,
Ыркырышкан ит болбой бүгүнкүдөй,
Ынтымакты, Ырысты кешик кылган,
Карылары балпайып төрдө олтуруп,
Канжыгада бактысын сезип турган,
Карып-мискин чыгарбай кайран элден,
Кадырына калкынын жетип турган,
Капкан бузуп, жип үзгөн шылуундардын
Кара ташын камырдай эзип турган,
Касам ичип калп айткан калак беттин,
Кара башын чамгырдай кесип турган,
Калыстыкка келгенде кайран кыргыз
Кара жанын садага этип турган,
Калк элек го,
Калктардын даңкы элек го!..

Кайдыгерлик,
Карачы эмне кылды,
Каргы тагып мойнуңа
Теңге кылды,
Кайырчыны билбеген кыргыздарды
Кара курсак, каңгы баш
Пенде кылды,
Каңгай кылбас каргышты
Элге кылды,
Каада-салтын мээсинен кагып алып,
Каамыт кийген качырдай
Делбе кылды,
Кайсарыңды көрүнгөн динге тыгып,
Калпагыңды ыргытып,
Селде кылды,
Кайдыгерлик,
Карачы, эмне кылды?

Калк элек го,
Калктардын даңкы элек го,
Оттон түшүп казаны төгүлбөгөн,
Ойротто да жик-жикке сөгүлбөгөн,
Оттобостон ой-тоону ишин кылып,
Он сегиз миң ааламдын огунда да,
Ортосунан экиге бөлүнбөгөн,
Мээси жогун эки өйүз тизип алып:
"Ме, меникин жегин!" деп сөгүнбөгөн.

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Карачы,
Кайдыгерлик бөгүп турат,
Каргашасы караңдап
Чөгүп турат,
Айыл менен кыштакты араласаң,
Ар киминин ичинде ит өлүп турат,
Ала Тоонун ар кайсыл коктусуна
Абил бийлер уусун сээп өрүп турат,
Акыретте айрылып бөлүнбөгөн
Адигине-Тагайдын урпактарын,
"Акжол" менен "Атжолго"бөлүп турат,
"Атжолуна" ар кимдин таштандысын,
"Акжолуна" асфальтын төгүп турат!

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Карачы, кыз-уулуңду
Намтыгып байлык менен бийлигине,
Насиптен кирдеп турган,
Намыс-наркы,
Напсиси жиндеп турган,
Накер кылчу кыргызды
Наадан кылып,
Намыяндын үстүндө бийлеп турган?!

А дүйнөң,
Бу дүйнөң да акча дешип,
Акылды тулдап турган,
Абийир менен уятты,
Пулдап турган,
Көзүн боеп кыргызды
Көкмээ кылып,
Көрканаңдын үстүндө
Куунап турган?

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Карачы, кыз-уулуңду,
Тим өткөрбөй шайлоону булгап турган,
Тиги дүйнө, Кудайды урбас турган,
Тирүүлөрдүн киргизбей тизмесине,
Тирүүлөрүн "өлгүн" деп кыйнап турган?

Карачы,
Кыз-уулуңду,
Шайтан минип шайлоодо желип турган,
Шаталасын чыгарып жеңип турган,
Өбө-дөбө көрүнөн сүйрөп келип,
Өлгөндөрдүн добушун берип турган?

Партиянын "паштетин" жеп азандан,
Пай-чай көрчү жактарга белет алган,
Пайда болду жамынып "паранжысын",
"Парламент карманный" деп аталган.

Көк декабрь көз жарып ара жолдо,
Көр оокатка аттанды ала жолдо,
Пайда болду ошентип депутаттар,
Каалаганда чөнтөккө сала коймо,
Каалаганда чөнтөктөн ала коймо.

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Кайран элди айлантпай шоола калкка,
Кап көктөгөн айланттык шоона калкка,
Жабыш үчүн жыртыкты, Кытайлардын
Сатып турган "жыртышын" соода калкка,
Алакандай көр үчүн акча берип,
Акиминен кепинин доола калкка,
Оозунда сөзү да, өзү да жок,
"Ооба" десе жогор жак "ооба калкка",
Шойкому көп койго окшош момун элдин,
Шор дагы көп эзелтен оома калкта!

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Чыйырдың чындап бүгүн
Чыңырып арман тууду,
Чымындан балбан тууду,
Чындактан жалган тууду,
Чыңгызхан төрөйт десең,
Чыныгы дардаң тууду!

- Бул кайсыл мазар?-десең,
- Бул деген мазар эмес,
Дардаңбай базар,- дешет.

- Бул кайсыл вампир десең,
- Бул деген вампир эмес,
Дардаңбай банкир,- дешет...
Дардаңбай, Дардаңбайлар,
Кайда барсаң Дардаңбайлар толуп алган,
Дардаңбайлар дардайып тоюп алган,
Даңгытка да даңк китеп жаздырттырып,
Даарат алган жерине да
Өз аттарын коюп алган!

Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Желпинип жерди сатып,
"Жер ой!" дедик,
Желмогузду чакырып,
"Кел ой!" дедик,
Жеген сайын жегичти
"Же гой!" дедик,
"Нет,жебе!" дегендерди,
Немистей тамга такап,
"Немой" дедик,
Кен чыккан жердин баарын,
"Жепштейн, Менштейнге",
"Ме гой!" дедик,
Хер ойду,
"Герой!" дедик!..
Кайдыгерлик,
Кайдыгерлик,
Карында жатканда эле талак туубай,
Калкына канат тууган,
Каныкей, Курманжандай санат тууган,
Кайда энелер,
Абыке-Көбөш туубай,
Асили бөлөк туубай,
Манас тууган?
Кайда энелер,
Суур эмес султан тууган,
Качыр эмес,
Калкына тулпар тууган,
Карга туубай,
Кадимки шумкар тууган
Кайда энелер?!

Бишкек, 21-январь, 2008-жыл.





а ­е¦Є.НҐй«