![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт "Хаятка" камалган кайран талант Баш сөз ордуна Дүйнө жүзүндө балеринаны эстелик аркылуу даңктаган эки гана учур болгон. Бири Галина Уланованын айкели Санкт Петербургда болсо, экинчиси, биздин элдин асылына, байлыгына, сыймыгына айланган Улуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын урматына коюлган айкели, эми минтип чет элдин жетекчилиги менен салынган мейманкананы, ага келген меймандардын кычыраган машинелерин кайтарып турат. Бүгүнкү кыргыз маңкур,т ал кыргыз элин дүйнөгө тааныткандыгы үчүн айкелин жазалап, темиртордун ары жагына камаса, эртеңки кыргыз маңкурт, Бүбүсара Бейшеналиеванын атын чет элге акчага алмашып, танат… Чыңгыз Айтматов, жазуучу "Ал - мен үчүн өчпөгөн жылдыз" - 50-жылдардын аягы эле. Эл оозуна алынып калган кезим. Балтика флотуна аскердик кызмат өтөп жүргөн кыргыз жигиттерине жардам көрсөтүү делегациясы уюшулуп, мен да чакырылып кошо бардым. Биздин "Чолпон" деген классикалык балети бар. Алар бизден биринчи барышыптыр. Башкы ролдогу Айдайды аткарган Бүбүсара менен ошол жерден биринчи жолу жакындан тааныштым. Айдай жүздүү гүлдөй жайнаган чырайлуу аялзаты экен. Ушул күтүлбөгөн кездешүү мен үчүн өмүрүмдө бардык максаттан да бийик, ыйык болду. Мүнөзү, сулуулугу менен өнөрү төп келген тубаса талант менин өмүрүмө, чыгармачылыгыма тийгизген таасирин айтып жеткирүү мен үчүн кыйын. Ал мен үчүн өчпөгөн жылдыз. Ал - кыргыз элинин маңдайына бүткөн чолпон жылдыз. Бийсеев Доктурбек, Кыргыз эл артисти, опера жана балет театрынын жогорку балетмейстери: "Таланты сыйлабаган эл болдук…" - Ушул театрдын сахнасын көркүнө чыгарып келген улуу талант Бүбүсара Бейшеналиеванын искусствого чексиз берилип, сүйгөндүктөн жаркын жана кыска өмүрүн арнаган. Ал улуу балерина эле эмес,улуу драмалык актриса болчу. Анын кыймыл-аракети, мимикасы аркылуу каармандары - Айдайдын,Анардын,Аселдин, Одиллиянын, Лауренсиянын, Тао-Хоанын, Зареманын, Мариянын, Авроранын, Сильфиданын, Жульеттанын ички дүйнөсүн, сырт-келбетин, мүнөзүн көрүүчүгө укмуштуудай ачык, даана көрсөтөөр эле. Мына ушундай сейрек талантты кыргызга буюруп коюптур. Бирок, кайдыгерлик менен маани бербей келебиз. Мисалы, үч жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы эл аралык фестиваль өткөрөбүз деп өткөрө албай келдик. Сөздүн аягы "акча жок" менен аяктап, ушундай шылтоолор менен бүгүнкү күнгө чейин сүйрөлүп келбедиби. Каражат жок деп атып 80 жылдык юбилейин да өткөрбөй калдык. Чет элге, коңшу өлкөдөгү кесиптештериме көп жолугам. Алар: "Дымыңар эмнеге чыкпай калды. Фестиваль өткөргөнү калдыңарбы? Эгер Бүбүсара Бейшеналиева биздики болсо, Атаңдын көрү, биздики болсо…",-деп тамшанышат. Алар айткандай таланттын көзү жок туруп эле "Бүбүсара Бейшеналиева" деген өчпөс аты менен опера-балет театрын өркүндөтүп-өстүрмөк. Дагы биз уяла турган нерсе, мына өткөндө Санкт-Петербургдагы Мариинский театрдын дирижеру Гергиев: "Миңжылкиевдин юбилейин өткөрдүңөрбү?",-деп сурап калды. Алар Болотту эскерип өз театрында өткөрүштү. А биз ошол учурда тымпыйып унчуккан жокпуз. Ушундай болбош үчүн Кудай буюрса, 6-мартта фестивалдын биринчи күнү башталып, 14-мартка чейин өткөрсөкпъ деп турабыз. - Эл аралык фестиваль өткөргөнү жатыпсыздар, бул жакшы жаңылык дейли. Бирок, келген конокторго Хаятт мейманканасынын короосун кайтарып турган Бүбүсара эжебиздин айкелине кантип гүл койдурасыздар? Чет элден келген мейманга уят, бир чети шылдың болбойбузбу? - Бул сурооң биздин дагы башыбызды катырып отурат. Мен 1979-жылы келгенде операнын алды жаркырап, гүлдөр жайнап, фонтан атылып, спектаклге келгендер ары-бери айланып эс алышчу. Азыр болсо сол жакта жайгашкан Хаятт мейманканасынын короосунда калган Бүбүсара эжебиздин айкелине меймандарыбызды кантип өткөзүп, гүл койдурабыз? Зымтордун сыртынан көрсөтөбүзбү? Убакыт болсо тар, ушул маселени кантип чечээрибизди билбей жатабыз. Бүбүсаранын айкели театрдын жанында турушу зарыл болбосо башка жерге тургузбайт белек. Хаят мейманканасы түшүп жатканда документтеринде кандай чечилгенин билбейм. Дегеле Бүбүсаранын эстелиги турган жердеги аянт театрдын, мамлекеттин, кыргыз элинин жери, менчик эмес да бир гана кишиге тиешелүү болгондой. Ошондой эле оң жагыбыздагы Токтогул атабыздын айкелинин эскилиги жетип, акыбалы начар. - Бул суроого ким жооптуу анда? - Маданият министрлигинде, Өкмөттө канча киши отурат. Алар эмне иш бүтүрүп жатышат? Ушунун бардыгын ойлогон ошолордун милдети да. Биз чыгармачыл адамдар кайсы жагына жетишебиз. Өзүң көрүп атасың, театрдын ичи эскирип бүттү. Суук. Болгон үмүтүбүз жаңы келген директордо калды. Ушунун бардыгын анын жетекчилиги менен оңдоп алсак деген үмүттөр турат. Гезит бетинен пайдаланып айткым келет. Эл башкарган билермандар жалпы бири-бирибизди колдоп, аракет кылбасак өспөйбүз. Кеп байлык, акчада эмес. Кудай куру койбойт. Ар кимибиздин ырыскыбыз бар. Эң негизгиси Улуттук байлыгыбызды кордоп, тепсендиде калтырбасак. Алардын руху жашап келет. Биздин балдар, неберелер алар жөнүндө сөзсүз билиши керек. Ошон үчүн биз мыкты адамдардын өмүрүн, чыгармачылык жолун радиотелеберүүлөрдө жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырып турууга милдеттүүбүз. Залкар таланттардын артында орун баса турган балдар жок болсо, же болбосо аксакал таланттарыбызды сыйлабасак. Качанкыга чейин кайдыгер болуп, башыбызды жерге салып, өлбөстүн күнүн көрүп жүрөбүз. Биздин министрлик болсо иштебейт, өкмөт көңүл бурбайт… - Өмүр бою ушул театрдын сахнасында бийлеген Бүбүсара эженин музейи барбы, болсо кирип таанышып чыкса болобу? - Бул сурооңо да жооп бере албай уялып турам. Музейи жок. - Бүбүсара эжеге, Чолпонбек агайга окшогон, алардын ордун басчу уул-кыздарыбыз барбы, өсүп келаткан? - Нени айтып үшкүрүнтөсүң. Оо, убагында биздин балет Орто Азия боюнча күчтүү болчу. Кайра куруу башталганда чыгармачыл топ эки жакка тарап кетишти. Кадрларды такшалтып, таптап берген Ленинград, Москвадагы окуу жайлар азыр акчага окутабыз деп калышты. Жаш таланттарыбызды ал жактан окутуп келүүгө кудуретибиз жетпейт. Азыр бизде жалгыз Бишкек хореографиялык окуу жайы калды. Бүгүнкү биздин балет-театрынын акыбалы ушундай. Азыр кудай бюрса эжеге окшошо турган Асел Айдарова деген кызыбыз бар. Жашы 24тө.Өң-түспөлү да Бүбүсара эжеге окшошуп кетет. Аябай аракетчил, таланттуу. Ушул кыздан үмүттөнүп турабыз. Балдардан жок болуп жатат. - Башында айттыңыз, фестиваль өткөрөбүз деп. Буга Маданият министрлигинен кандай жардам көрсөтүлүп атат? - Албетте мунун барды министрликтен өтөт. Азыр смета толугу менен түзүлө элек. Өзүбүз да колунда бар жеке ишкерлерге, жеке тааныштарыбыз менен да байланышып, аракет кылып жатабыз.Дагы бир өтүнүч, ушундай учурда телеканалдар, басма сөз гезиттеринин да жардамына муктажбыз, маалымат иштерин жүргүзгөнгө. Бүбүсара Бейшеналиеванын улуу таланты үчүн жардам берип коюшса жакшы болот эле. Деген экен, ов! Бүбүсара Бейшеналиева: "Атажуртка эмгек өтөөдөн бакыт жок. Көп эмгек кылдым десем аз экен. Аттиң дүйнө, сахнаны дагы бир ирет аралай басам арман болбос эле". Даярдаган Кыял Абдыраманова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|