![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕЛЕГИН КӨТӨРҮП... БЭЭЖИНГЕ КИМДЕР БАРАТ? 2008-жыл спорттун күйөрмандары үчүн не бир кызыктарды тартуулоочу жыл башталды. Себеби, быйыл жайында футболдон Европа чемпионаты жана Бээжинде жайкы олимпиадалык оюндар болот. Ошол эле учурда 2008 - жыл Кыргыз спорту үчүн да чоң сыноо болгону турат. Эгемендүү болдук дегенден бери Кыргызстан 3 олимипадага команда катары катышканы менен бир коло медалдан башка байгелүү орунга жетелек. Ал эми биз үчүн 4 - олимпиада болгон 2008- жылы Бээжинде боло турган олимпиадага кыргызстандык спортчулар учурда 8 жолдомо алышты. Алар: Эркин күрөш боюнча Бишкекте Азия чемпиону аталып, Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон Базар Базаргуриев. Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняков. Суучулдар, Азия чемпиону, Юрий Захаров, 2 - Азия оюндарында күмүш жана коло байге утуп келген Василий Данилов. 14- Азия оюндарында чемпион, Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко. Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөөрөй алган, өткөн жылкы Азия чемпионаты алтын байгелүү болуп, дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган велоспортчу Евгений Ваккер. Дагы кимдер барышы мүмкүн? Быйыл Түштүк Кореяда өтчү Азия чемпионатында байге ээси болуп, алтын медаль уткан балбандарга Бээжин олмипиадасына жолдомо ыйгарылат. Муну айтканыбыз, былтыр Бакуда болгон дүйно чемпионатында олимпиадага жолдомо албай калган Азия чемпиондору Канат Бегалиев менен Данияр Көбөнов жана Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимов баш болгон жигиттер Бээжинге жолдомо алууга азыртан даярдык көрүүдө. "Сокурдун тилегени көз" дегендей, тилегенибиз да, үмүтүбүз да ушул азаматтардын ийгилиги, Кореядагы жеңиши... СӨЗ СОҢУ - ҮМҮТ 2007-жылдын аягында дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү жеке көзөмөлүнө алмак болду. Кыскасы, кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама - чаркын быйыл Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат. Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы Болсун, болсун! Жакып байкедей меценаттар көбөйсө Акыркы жылдары Нарын шаарында жана Атбашы районунда дүйнөдөгү популярдуу спорттун алдыңкыларына кирген бокс көп каралбай кеткен. А негизинде тоолуу региондо соккусу мыкты, бирок, таланты ачылбай жаткан канчалаган жаш балдар жүрөт. "Көч бара бара түзөлөт" дегендей демөөрчүлүк күчөгөн сайын биздин спортто дагы кайрадан ийгиликтер жандана баштады. Бул ийгиликке салымы чоң инсандардын бири албетте, Мааткабылов Жакып Иманбаевич. Жакып байкенин жеке демилгеси менен Нарын шаары, Атбашы, Карасуу айылдарындагы бокс клубдарына керектүү инвентарлар сатылып алынды. Анын жыйынтыгында биздин коллегалардын аз мөөнөттүн ичинде машыктырган шакирттери ар кандай турнирлерде өздөрүнөн күчтүү атаандаштарын утуп, ийгилик көрсөтө башташты. Мына ушундай жакшы саамалыктарына ортоктош болуп жаткан Жакып байкени бүгүнкү туулган күнү менен чын ниеттен куттуктап, ишине ийгилик каалайбыз! Адыл Өмүргазиев, Бокс боюнча спорттун чебери, 1-категориядагы машыктыруучу ОЛЕ - ЕЕ... ОЛЕ... ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА ТАРЫХЫНАН I Олимпиада Афинада 1896 - жылдын 6 - 15 - апрелинде 1 - жолу өткөрүлгөн. Буга Австралия, Австрия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Дания, АКШ, Франция, Чили, Швейцария, Швеция мамлекеттеринин 311 спортсмендери катыша алышкан. Бул олимпиадага аялдар катышкан эмес. Алдыңкы орундун жеңүүчүлөрүнө эки алтын медаль жана дипломдор тапшырылган. Ал эми орто жеңүүчүлөргө 10 центнер шоколад, 10 уй, 30 кочкор белек катары берилүү менен бирге чач тарачтарын акысыз иштетишкен. II Олимпиада Бул олимпиада 1900 - жылы октябрь айында Парижде өткөн. Буга 21 өлкөнүн 1300 спортсмендери катышкан. Жалпы 88 алтын тапшырылган. Бийиктикке секирүүдө америкалык Раймонд Юра 3 м.21 см. секирип, болуп көрбөгөндөй сенсация жарата алган. III Олимпиада Бул жолку олимпиада АКШнын Сент - Луис шаарында 1904 -жылдын 1 - июлунан 23 - ноябрына чейин 12 өлкөнүн 600 спортчуларынын катышуусу менен өткөн. Жалпы 70 алтын, 75 күмүш жана 65 коло төш белги ыйгарылган. IVОлимпиада Лондон шаарында 1908 - жылдын 27 - апрелинен 31 - октябрына чейин өткөн. 22 өлкөдөн 2000 спорт өкүлдөрү катыша алган. Бул олимпиадага жаңыдан катышууга укук алышкан Орусия муз үстүндө бийлөө боюнча биринчиликти эч бир өлкөгө берген эмес. V Олимпиада Швециянын Стокгольм шаарында 1912 - жылдын 5- майынан 22- июлуна чейин өтүп, ага 28 өлкөдөн 3000ден ашуун спортсмендер катыша алышкан. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, Кубертен конкурстары олимпиада оюндарына архитектура, живопись, адабият, музыка жана скульптураны кошуу демилгесин көтөрүп чыккан. Анын максаты спортко искусствону байланыштыруу эле. VI Олимпиада 1916 - жылы Берлинде өтмөк. Тилекке каршы, Биринчи Дүйнөлүк Согуш башталып үзгүлтүккө учураган. VII Олимпиада Бельгиянын Антерпен шаарында 1920 - жылдын 20 - апрелинен 12 - сентябрына чейин болгон. Ага 29 өлкөнүн 2600 спортчулары катышкан. Бул олимпиадага Аргентина, Бразилия, Чехословакия жана Югославия мамлекеттери алгач кошулган. Ал эми бул олимпиадага негедир Орусия чакырылган эмес. Финляндиялык жөөкүлүк Пааво Нурми 3 алтын медалдын ээси болуу менен бирге эң жогорку рекордду көрсөтө алган. VIII Олимпиада Парижде 1924 - жылдын 4 - майынан 27 - июлуна чейинки убакытта болгон. 44 мамлекеттин 3000ден ашуун спортсмендери катыша алышкан. Мексика, Польша, Румыния, Уругвай, Филиппин мамлекеттери кошулган. Бул оюнда Америкалык Жонни Вайсмюллер сууда сүзүү жагынан көрөрмандарды таңкалтыруу менен 3 алтын медалдын ээси боло алган. (Уландысы бар) Улукбек Кутманбаев |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|