![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Тамеки - өмүргө зыян! Кыргызстанда 2008-жылдын 1-апрелинен тартып тамекилердин сыртына 9 медициналык эскертүү белгиси коюлуп чыгат. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстан мындай кадамга биринчи барды. Бирок, бул жаңылык тамеки индустриясынын өкүлдөрүнө жаккан жок. Анткени, алар "алдын ала эле бир жылдык келишим түзүлүп калгандыктан мындай чечим тамекинин баасынын жогорулашына алып келет" дешүүдө. Чылым чегүү - рак оорусуна карай кадам Советтик окумуштуу Ю.П.Берисюк тамекиден алынган чайырды (смола) 47 чычкандын кекиртегине жыл бою, мезгил мезгили менен 2-3 жумада сүйкөп турган, бир жыл өткөндөн кийин 45 чычкандын дем алуу органдарында рак оорусунун алгачкы белгилери байкалып, экөөндө рак шишиги өсүп чыккан. Ал эми тамекинин составындагы никотиндин бир тамчысынан ит өлүшү мүмкүн экенин изилдешкен. Кээ бир тамекилердин составындагы бенз (а) пирен күчтүү, концергендик касиети бар татаал углеводород. Аны тажрыйба катары коендордун кулагынын терисине сүйкөгөндө оору пайда болуп, акыры рак шишигине айланган. Адамдарга тийгизген тес таасири дем алуу органдарын гана рак оорусуна чалдыктырбастан айлана-чөйрөгө болгон көз карашты да өзгөртөт. Тарых барактарынан Тамеки биринчи Европага тараганда ага берилген адамдардын саны өсүп, зыяндуу жактары өзүнүн өкүмүн жасай баштаган. Ошондуктан, ар кайсы жерде ар түрдүү чаралар көрүлгөн. Людвик XIII кылымда тамеки дарыканада гана сакталсын деген буйрук чыгарса, Англияда тамеки тарткандарды өлүм жазасына буюрган. Ал эми Түркияда XVII кылымдын башында казыкка отургузушкан. Сандар сүйлөйт Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин айтуусунда жыл сайын дүйнөдө тамеки тартуудан 5 миллион адам каза табат же 10 киши минут сайын көз жумат. Кайсы министр тамеки тартат, тартпайт? И.Чудинов, премьер-министр, тартпайт. И.Болжурова, Илим жана билим берүү министри- тартпайт. Э.Карабев, Тышкы иштер министри- тартат. Н. Сулайманов,Таланспорт жана коммуникация министри -тартпайт. А.Ногойбаев, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри- тартпайт. М.Конгантиев, Ички иштер министри- тартат М.Кайыпов, Адилет министри- тартпайт. К.Ташиев, Өзгөчө кырдаалдар министри- тартпайт. М.Мамбетов, Саламаттык сактоо министри- тартпайт. А.Жапаров, Экономикалык өнүгүү жана соода министри- тартпайт. С.Раев, Маданият жана маалымат министри- тартпайт М.Суталинов, УККнын жетекчиси- тартат Даярдаган Гүлниза Молдокулова АНЕКДОТТОР Котормочу Банкты тоногон чет элдик кишини биздикилер кармап алышат. Сурака алыш үчүн котормочу таап келишет. - Буга которуп берчи, акчаларды каякка катыптыр. Эгер айтпасам дароо атып салабыз. Чет элдик каракчы коркконунан кайсыл жерге катканын айтып жиберет. Котормочу болсо минтип которупберип атат дейт: - Мейли, атсаңар да өлтүрсөңөр да баары бир айтпаймын Элдик дүкөн - Өткөн төңкөрүштө эмне үчүн элдин баары "Народный" деген дүкөндөрдүн баарын бирин да калтырбай тоноп кетишти, ыя? - Анткени ал деген народный да Ак жуумал - Ак жуумал аялдар кара торуларга караганда кылыктуураак болот дейт, ошол чынбы ыя? - Болбогон кеп, менин аялым ак жуумал да кара тору да болуп көрдү, бирок мен эч кандай кылык мылыгын көргөн жокмун Сырттан кирип келген жигит банктагы кишилерге болгон күчү менен айкырат: - Ордуңардан жылбагыла, бул ограбление! Жыртык чөнтөгүнөн тапачасынын түшүп калганын көрүп, кайра жоошуй түшөт. - Тамашалап койдум, эртең келейинчи Үчүнчү кабатта төрөткананын терезесинде турган аялына төмөн жактан күйөөсү кыйкырат: - Эмне төрөдүң, эркекпи, кызбы? - Эгиз, эгиз төрөдүм! - Кыз, эркек?! - Бирөө кыз, бирөө эркек, ой балким тетирисинен болуп жүрбөсүн. - Чылымды эмнеге эч нерсеси калбай калганча, оозуң күйгүчө тартасың? - Бирөө көрсө ойлоп калышы мүмкүн да, чалагайым экен, баштаган ишин аягына чейин бүтүрбөйт экен деп. - Тигил аялың экөөңөр биринчи жолу таанышкан жердеги даракты эмнеге кыйып салгансың? - Баарына ошол дарак күнөөлү да, болбосо... |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|