![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | Жылдыздар турмушунда... Дженифер Лопестин боюнда бар Кечээ жакында секс-символ атыккан актриса Дженифер Лопестин боюнда болуп калгандыгына байланыштуу шоу-бизнес менен убактылуу кош айтышаарын билдирди. Учурда, 38 жашка чышып калган Лопес үчүнчү күйөөсү Марк Энтониден боюна бүткөнүн билдирип, жазында тун баласын төрөй турганын маалымдады. Медиктердин айтымында, Дженифердин курсагында жаткан түйүлдүк бирөө эмес, экөө экен. Эске салсак, Лопес Энтони менен 2004-жылдын июнунда баш кошуп, кол кармашкан. Ага чейин Лопестин күйөөлөрдөн жолу болгон эмес. Алгачкы жолу 1997-жылы Охани Ноа деген официантка турмушка чыгып, оттору күйүшпөй, 2001-жылы Крис Джадда деген бийчи жигитке баш кошот. Бирок, көп өтпөй аны менен да ажырашып тынат. Баса айтмакчы, өткөн жылдын күз айында Орусиялык миллиардер Андрей Мельниченко өзүнүн жубайынын туулган күнүнө карата Дженифер Лопести атайын чакырган. Албетте бекер эмес. Орусияга келип, ырдап берүү үчүн поп-жылдыз 2 миллион доллар алып кеткен. Сериалга сейил.. ."Рабыня Изаура" бүгүн канчага чыкты? 1988-жылы эркиндик менен сүйүү үчүн күрөштү чагылдырган "Рабы?ня Иза?ура" телесериалы башталды дегенде жеген ашыбызды таштап, сыналгынын жанына шашаар элек. Аны көрүп алып, Изаурага кофе плантациясында көптөгөн кордукту көрсөткөн "синьер Леонсиого" жинибиз келип, күн кечирчү элек. Тагдырдын улук ташына туш болгон байкуш кызга боорубуз ооруп, ага зөөкүрлүк менен мамиле кылган адамдарды жерип, сериалдагы кайгылуу окуяларды көргөн айрым адамдар анда-санда көздөрүнө жаш алган учурлары канча эле. Баарыбыздын эсибизде калган ошол сериалдын башкы каарманынын ролун ойногон Бразилиялык актрисанын жашы бүгүн канчага келип калды? Аталган телесериал өз кезегинде дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө көрсөтүлүп, Изаура деп таанылган Луселия Сантуштун чыныгы жашоодогу тагдыры, жеке турмушу кандай болду экен? Луселия Сантуш 1957-жылы 20-майда Сан-Паулуда жарык дүйнөгө келген. 1976-жылы жаш актрисаны 100 сериядан турган "Рабыня Изаура" телесериалында башкы ролдо ойноого чакырышат. Тартылган тасма укмуштуудай популярдуулуккка ээ болуп кеткенинен, Луселия айымга болгон талап чоңоет. Аны чакыргандардын аягы үзүлбөйт. Ошентип, бир канча тасмага тартылган Луселия Сантуш чыгармачыл карьерасын токтотуп койбостон, ар кандай жанрдагы кинолорго тартылууну ушул күнгө чейин улантып келет. Бирок, анын бир дагы киносу "Рабыня Изаура" телесериалындай популярдуулукка ээ болбойт. Андан соң, "Play Boy" деген эротикалык журналдын бетине жылаңач сүрөткө түшүп, Бразилияда укмуштуудай сенсация жаратат. Луселия турмушка чыгып, андан бир баланын энеси болгон соң, жылдызы келишпей ажырашып кетишет. Учурда, анын 24 жаштагы уулу да энесинин жолун улап, актердук кесипти тандап алган. Экинчи жолу күйөөгө чыгып, түтүн булатууга аракет кылды, бирок анысы да ойдогудай болбой, айрадан бойдокчулук абалга келди. 2008-жылдын 20-майында Луселия Сантос 50 жашка чыгат. Тамчы ТАШТЕШЕРОВ Кыргызымдын кыздары Зыйнат датка Кыргыз тарыхында Зыйнат датка тууралуу маалыматтар өтө сейрек. Жумурай журтка кеңири белгилүү болбогону менен эл ичинде айтылып, кээде басма сөз беттерине да жарыялана калып жүрөт. Атүгүл "Зыйнат- "Алай ханышасы, кара кыргыз каникеси" атка конгон Курманжан датканын эле өзү, анын ыр жазганда колдонгон жашыруун аты (псевдоними)"- деп айрым окумуштуулар чаташтырган учурлар болгон. Талаш-тартыш туудурган божомолдорду тактоо иретинде, тарыхчы Кыяз Молдокасымов: "Курманжан датканын бай өмүр-таржымалы жасалма абройго муктаж эмес. Ансыз деле кыргыз тарыхынын алтын барактарынан өзүнүн бийик ордун эчак тапкан инсан. Ал эми кыргыз аялдарынан биринчи датка аталган Зыйнат датканын сыры ачыла элек. Анын ысымы чаташуулардан эми арылып, тарыхтагы орду жаңыдан такталып келатат"-деген ынанымдуу пикирин "Зыйнат-Курманжанбы"? ("КМ" №17, 25.04.91) аттуу макаласында билдирген. Зыйнат 1799-1800-жылдардын аралыгында туулуп, бала чагы Таласта өткөн. Азан чакырып коюлган аты-Акзыйнат, Асперди датканын тун кызы. Асперди өз доорунда кыргыз элине гана эмес, коңшулаш элдерге жана Кокон, Хива хандыктарына чейин аты угулган таасирдүү инсандардын бири болгон. Тарыхый булактарга кайрылсак, Зыйнат Таластагы саруу уруусунан чыккан кыргыз кызы, Кудаяр хандын энеси кадимки Жаркын айымдын бир тууган эжеси. Күйөө баласы, бир жагынан жээни Шералы хандыкка көтөрүлгөндө алар менен ордого кошо келген. Коконго кыргыздын бозүйүн тиктирип, кийин ал үйдө Жаркын айым көзү өткүчө, 1868-жылга чейин жашаган. Зыйнат жаштайынан сөзгө чечен, ыр жандуу, кошокчу болгон. Ордого келген күндөн тартып, көрүнүктүү орундардын бирин ээлеп, датка чинин алган алгачкы кыргыз аялдарынан эле. Кокон хандыгынын тарыхында салмактуу орунду ээлеген акын, мамлекеттик ишмер Зыйнатка "датка" наамы ыйгарылганда, Курманжан жаш кыз болуптур. Орто Азия элдеринин ичинен диний түшүнүктөргө сугарылган феодалдык доордо мамлекет башкаруусуна аралашып, аялзатынын жогорку "генерал-датка" наамын алышы кыргыз элинде гана болгон. Анткени, ал кыргыз, кыпчак, өзбек, тажик элдерин бириктирген зор мамлекеттеги ар кандай маселелерди, түйшүктү кошо көтөрүшкөн Жаркын айымга арка-жөлөк болуп, кыйын күндөрдө кеңешчиси катары жардам берген. Ал эми ырлары, казалдары болсо, "Мажмут-уш-шура" аттуу акындар жыйнагына кирген. Даярдаган Нурзада Ташбаева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|