![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | ЭПИЦЕНТР Жаңыча канталамай Пансионаттар казака кетет... Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш Көлдөгү төрт пансионатты Казакстанга ит бекер бергени турушат. Бүгүн-эртең парламент макул деп добуш берүү алдында. Ал эми казактар болсо, ошол пансионаттарын европалык туристтик компанияларга сатканы камданып жатышканы жөнүндө имиш кеп Алатоонун асманында калкып жүрөт. Баары бүтүп, эми.. Президентке жаңы резиденция салынат Президентке бир эс алуу жайы жетишпей жатканбы, айтор көгүлтүр көлдүн жээгине өзүнө дагы бир жаңы резиденция салдырууга 12-январда буйрук берди. Ага ылайык, Ысыккөл токой фондусуна караштуу жерден 30 гектар аянтты бөлүп алды. Буйруктун аткарылышына Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов көзөмөл кылмакчы. Өлкөбүз карызга белчесинен батып, түштүктөгү элибиз жер титирөөдөн үйлөрү урап, кыштын чилдесинде ар кайсы жерде баш калкалап жүргөндө, резиденция-президенцияны кое турса болбойт беле? Элчи же губернатор... Атамбаев кайсы кызматка барат? Айрым маалыматтарга таянсак, бийлик Атамбаевге Кыргызстандын Түркиядагы элчилик кызматын же Чүй облусунун губернаторлугун сунуштап жаткан имиш. 2010-жылдагы президенттик шайлоого өз талапкерлигин коюп, тагдырын сынап көргүсү келген Атамбаев кайсынысына макул болот, убакыт көрсөтөөр... Алмазбек мырзанын президенттикке талапкерлигимди коем деп демиткени, эптеп бир кызмат алып калуунун соодалашуусу дегендер да жок эмес. Ушул эле жетишпей жатты эле Данчиктен акыл Аз күн мурда борбор калаабыздын башчысы Данияр Үсөнов машинелерге номур берүүнү ИИМден жергиликтүү администрация өткөрүп алганын билдирди. Мэрдин айтымында, эми айрым автомашинелердин мамлекеттик номурлары атайын аукционго коюлуп, сатылмакчы. Бул жөнүндө мэр минтет: "Мисалы, төртөө тең окшош болгон бактылуу номурлар 500 доллардан кем сатылбайт. Мындан тышкары, шаар көчөлөрүндө зуулдатып айдап, мыйзамды бузган айдоочулардын айып акчасы 50 сом эмес, андан жогору болот". Во, чудеса! Жогорку Кеңеш эки эле күн иштейт Мындан ары парламент бейшемби, жума күндөрү гана жыйын залына чогулушат. Ал эми дүйшөмбү, шейшемби күндөрү комитеттерде отурушмакчы. Андан башка эмне кылышмак десең? Бардык үйдө Курал-жарак болушу күтүлөбү? Адилет министри М. Кайыпов акыл-эси жайында болгон ар бир атуул мыйзамдуу түрдө курал алып, өзүн коргошу керек деген пикирине айрым депутаттар каршы чыгышты. Бирок, депутаттар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн курал көтөрүү маселеси коргонуу, коопсуздук жана соттук-укуктук комитетинде кызуу талкууга алынууда. Акүй угабы? Адам укугунун абалы талкууланат Бүгүн "Достук" мейманканасында бир катар укук коргоо уюмдары тегерек үстөл уюштуруп, ага Акүй, Көкүйдөн жана сот, прокуратура өкүлдөрүн чакырууну көздөшүүдө. Талкууланчу негизги маселе Д. Үсөнөвдун митинг жана нааразылык акцияларды чектеген токтому жөнүндө болмокчу. Ак ийилет… Өмүрбек Текебаев,"Ата Мекен" партиясынын лидери: "Зомбулук саясат улана берсе, элдин нааразычылыгы көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн…" - Өмүрбек мырза, өткөн парламенттик шайлоонун кандай өткөнү чоң киши эмес, бешиктеги балага деле белгилүү болду окшойт. Ошентсе да, көпчүлүктүн көңүл борборунда калган "Ата Мекен" партиясы, анын лидери катары, Сиздин пикирди да окурмандар уккусу келет? - Бул шайлоону уюштуруу башынан эле бузук ниетте болгон. Өзүңөр көрдүңөр, шашылыш, бурчтан чыга калып бут чалган, кир ыкмалар менен өттү. Оппозицияга мамлекеттик бардык институттар каршы иштеди. Анын ичинде соту да, прокуратурасы да, баары бар. Ошого карабай оппозициялык бириккен тизме "Ата Мекен" социалисттик партиясы жана башка оппозициялык маанайдагы партиялар зордук-зомбулукка татыктуу каршылык көргөздү деп эсептейм. Жүз миңдеген адамдар биздин партияга жана башка оппозициялык маанайдагы партияларга добуш берди. Алар шайлоочулардын санынын жарымынан көбүн түздү. Мына, ушуга дейре көз каранды эмес иликтөөлөр "Ата Мекен" партиясы биринчи орунду ээлегенин тастыктап келип олтурат. Ушул учурдан пайдаланып, "Ата Мекен" партиясын колдоп, добуш берген кыргыз элине, шайлоочуларыбызга ыраазычылык билдирип кетким келет. - Эл чынында өз добушун берди. Бирок, бул жерде ошол добуштарды коргоп кала албаган партия лидерлеринин да кемчилиги жок эмеспи? - Туура, шайлоодо бардык партиялардын чоң кемчилиги ачык көрүндү. Биринчиден, партиялардын жергиликтүү структураларынын туруктуу эместиги, алардын алсыздыгы көрүндү. "Ата Мекен" партиясында дагы башка партиялардай эле ишенимдүү жер-жерлерде авторитети бар, компетенттүү активисттердин аздыгы байкалды. - Тескерисинче, карапайым эл чындык деп жакшы эле жан үрөп берди го? - Биздин идеяны бөлүшкөн, партияга, өлкөнүн келечегине күйгөн карапайым, жөнөкөй адамдар болду. Алар куулук - шумдукту жакшы билбейт. Ошондуктан жергиликтүү милициянын, администрациянын зордук - зомбулуктарына туруштук бере алган жок. Көп жерлерде шайлоонун жыйынтыгы алгач участкаларда, кийин райондук деңгээлде, анан республикалык масштабда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды. Биз мыйзам чегинде көргөзүлгөн бардык аракеттерди пайдаланып, шайлоочулардын укугун коргоп калганга аракет кылдык. Тилекке каршы, райондук сот да, Жогорку сот да мыйзамсыз, адилетсиз чечимин чыгарды. . - "Темирди кызуусунда сок" демекчи, күрдөөлдүү аракет жок сыяктуу болуп калган жокпу? - Мен майда-чүйдөсүн айтпайын. Бул табигый кырдаалга да, саясий кырдаалга да байланыштуу болду. Бирок, биздин тарапкерлер мыйзамда көргөзүлгөн бардык нааразычылык акцияларын жасап, мамлекеттин туура эмес ишине нааразычылыгын билдирди. Аймактарда, Бишкекте да ачкачылык жарыяланды, митингдер, пикеттер өттү. Биздин тарапкерлердин бир далайы түрмөгө олтурду. Соттолушту, айып төлөштү. Көбү жумуштан куугунтукталды, учурда да куугунтукталып жатышат. Биз мыйзамдын чегинде көргөзүлгөн бардык иш-аракеттерди жумшадык. - Эл сиздерден катуу активдүүлүктү күткөн эле? - Сиздин оюңузча түз эле барып Акүйдү басып алыш керекпи? - Басып албаганда да мыйзамдуу аракеттер аз, кыска мөөнөттүү болду да? - Сиздин айтканыңыздын чындыгы да бар. Адамдар нааразы. Бизден радикалдуу, чечкиндүү кадамдарды күтүп, өлкөнүн келечегин, алар тандап алган саясатты бизди коргоп калат деп ишенген. Дагы кайталайм. Биздин талапкерлер колунан келген бардык иш-аракетин жасады, түрмөгө олтуруп чыгышты, таяк жеди, жумушунан бошоп калышты. Ошого карабастан, ошол идеяны, принципти дагы деле тутунуп, андан ары иш-аракетин жүргүзгөнү жатышат. Анткени, алар чыдамдуулуктун бир күндүк запасы менен эле аттанган жок. Биз чыдамыбызды алыскы жолго багыттап, аттанып чыгышыбыз зарыл. - Муну айтканым, азыр канчалаган таарынычтар карапайым элдин жүрөгүндө дүрмөттөлүп турат. Бул коркунучтуу симптом эмеспи? - Бийликти алмаштырып жибериш керек деген радикалдуу чакырыктар, ушундай пикирдеги атуулдар абдан көп. Коркунучтуу деңгээлде көп. Бул абдан коркунучтуу чек. Муну бүгүнкү бийлик эске алыш керек. Алар от менен ойноп, зордук -зомбулук саясатын андан ары уланта берсе элдин нааразычылыгы көзөмөлдөн чыгып, ар кандай формаларды алып келиши мүмкүн. (Уландысы 5-бетте) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|