№17, 25.01.08-ж.
  КурумУшу

"Ложка" ишке киришти-2
"Ложканы" б.а. "Ак жолдун" "тизмесин" т.а. депутаттарын квартира менен камсыз кылуу убайымы дагы эле болсо уланып жатат. Маселенин башы жакында ачылып кете турган көрүнбөйт. Дагы далайга бара турган сыягы бар. 17-январда Жогорку Кеңеште атайы жыйын болуп, алыстан аттанып- тондонуп келген депутаттардын үйбүлөсүнүн башпаанеги үчүн канча каражат бөлүү керек деген маселе талкууланды.

Жемиштүү мыйзам чыгаруу үчүн депутаттарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү боюнча талкуу кадыресе көрүнүштүр--анын эч эрөөн- терөөнү жок. Ошондуктан, эл өкүлдөрү талкууга ашкере аттанып түшүп, чоң дем менен киришкенин түшүнсө деле болот. Ал түгүл айрымдарынын өтүп кеткени барчылап, ачыктан ачык жетекчиликти жакалап, доо доолаганга чейин барышканын чекилик деп эсептөөгө болбос. Талаш ижарага алына турган квартиранын акчасын ченеп-бычканда чыкты. Жыйынга катышып пикирин билдирген депутаттардын квартира акысы боюнча түрдүү өлчөм-ченемдери бар экен. Жусупжан Жээнбеков, мисалы, элдин өкүлдөрүнүн бала-бакырасын батыра тургандай көп бөлмөлүү квартиранын аренда наркы Бишкекте 700 долларды жайма-жай чапчырын айтса,экс-боксер Орзубек Назаров бир бөлмөлүү квартиранын ижара акысы 500 доллардан кем түшпөсүн айтып, кесиптешин сүрөп кетти. Ибрагим Жунусов да тигилерден калышкан жок, эски депутаттарга бөлүнүп келген ай сайын төлөнчү 18 миң сомдук квартира акысын 20 миңге көтөрүү сунушун киргизип жиберди. Дагы бирөө төрт бөлмөлүү квартира борбор калаада 1000 доллар турарын айтып "ыктуу" оңдоо киргизгенге үлгүрдү. Бардык айтылгандардын бири калбай жөндүү сунуш. Эмнесин айтасың, жакузи, бассейн, денсоолукту чыңдай турган фитнес-зал, барбиккю үчүн бөлүнгөн жай, ж.б. иши кылып цивилизациянын жетишкендиктерине каныккан Vip-квартиралар чынында эле ушундай космикалык деңгээлге чыгып кетиши мүмкүн. Квартира кенен болбосо уят: айталы, квартирага узун туурасы төрт метр болгон плазмалык телевизорлор жайгаша алышы керек, жок дегенде үч-төрт компьютер коюла турган бөлмө талап этилет. Депутаттар алымдуу беримдүү, казан-аягы майлуу эл болот эмеспи, конок күтө тургандай кенен зал керек.
Арийне, күндөлүк оокатын эптеп өткөрүп жүргөн, 1000 сомго жетпеген акчанын көзүн караган пенсионерлер үчүн 1000 долларлык квартира акыл ала качкан сумма экендигин эске алуу кажет. Депутаттар ижарага көтөрүп алабыз дегендери, чынын айтканда, көбүнүн уктаса түшүнө кирбей турган жомоктогудай акча. Бирок "ложка" ага карайбы, "бир күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин" деген принцип менен жашоого машташкан. Алардын ээ- жаа бербей ажылдаган аппетитин ким тыя алат? Кимдин акысы бар? Бир эседен бул жупуну талаптарын карап туруп, аларың атайы карапайым элдин кыжырына тийип жатканы менен иштери болбосо керек деп да кетесиң. Ошол эле И.Жунусовдун, вице-спикер Ч.Баекова баштаган делегация менен түштүккө барып, өз көзү менен көрүп келген жердештеринин ал-жайы жаңы жылдагы жер силкинүүдөн кийин кыштын чилдесинде кылчылдап чатырларда жашап, жаз келеринен көзү өтүп, жиликтери үзүлүп турган абалы оюна түштү дейсиңби? Депутаттардын чыргоолугу, ашынган эрке бийкечтердикиндей болгон дооматтары карапайым эл тарабынан жактырылбасы, кескин кырс мамиле менен кабыл алынарын билбейби? Сонун эле билет. Бирок ага карайбы, биз депутат болдук, Кудайдын эрке балдарыбыз, бизге адамдан башка адеми льгота берилиши керек деп эсептешет.
"Ложкачылар" тарабынан парламенттик шайлоо жараяны башталган биринчи күндөн баштап эле апендинин кызындай кылып зоболосу көтөрүлө макталган партиялык тизме менен шайлоо системасынын терс жагы көп узабай ачыкка чыкты. Мурдагы мажоритардык система боюнча шайлоо округдарынан келген бир мандаттуу депутаттардан айырмаланып, азыркылар элди эстебеси, элден кол үзүп кетери, коомдук пикирге таптакыр көз каранды болбой, боюн качырып үркүп калары анык болду. Элдин жайсыз ал-жайын көзүнө илбей кала турган кайдыгерлиги пайда болорун тастыктап коюшту. "Пропорционалдык" депутаттардын бир кудайы--партиялык тартип, партбосстор, брежневдик-хрущевдик типтеги генералдык - секретарь экен--ошолордун гана тилин угат, ошолордун оозун карайт, ал эми, карапайым эл болсо электорат деген ат алып жүргөн "серый" жана инерттүү масса бар болгону. Округдагы шайлоочулар болсо буга чейин ишенимди актабаган депутатты де-факто болбосо де-юре кайра чакырып алуу укугу бар болчу. Алар жаман да болсо артына кылчактап турушар эле. Эми, партиялык депутаттар келгени шайлоочулар ал укугунан кол жуушту. Депутаттарга кенедей да таасир бере алышпас болду. Депутаттардын тагдырын партиянын босстору чечет, ошолор гана эсирип кеткен "ложкалар" болсо кой ай деп тыйып коюуга акылуу. Эгер партбосстор кой дебесе азыркы депутаттар, өзүмдү өзүм билем,өтүгүмдү төргө илем принциби менен жашай беришет…
Ижарага көтөрүп ала турган "ложканын" тыштан келген депутаттарынын доолап жаткан, квартира үчүн деген аренда баасы дүйнөлүк деңгээлге тете экенине, кадимки эле батыштын стандарттарына чейин чыгып кеткенине күбө болосуң. Башкасынан болбосо, ушул жагынан алдыга кеткен Американы кууп жетип, ашып бараткан экенбиз деп кубанбай койбойсуң.
Ошол уюштуруу маселесине арналган парламенттик жыйындан көп узаган жок,ат тезегин кургатпай И. Жунусовдун ал отурумда "квартираны арендалоо үчүн айына 450 доллар эмес, күнүнө 450 сомдон бөлүнсүн деген элем, пресса туура эмес мааалымат берип таштаптыр" деген төгүндөөсү пайда болду. Депутаттын төгүндөөсүн демейдеги эле информация агымындагы бир учур катары кабыл алса болор эле. Ага чоң көңүл бөлбөй койсо деле болмок. Асыресе, И.Жунусовдун билдирүүсүндө көңүлгө ала турган, көп ойго жем таштай турган рационалдуу идея жатканы менен алгылыктуу. Баарыбызга маалым, депутаттар туруктуу айлык акы алышат.Ал айлык мнистрлердин жалыйнасынан кем болбошу керек. Айлык акы 20 миң сомго тете экендиги айтылып жүрөт (дегенибиз, депутаттардын жалыйнасы жөнүндөгү маалымат тыюу салынган категорияга кирет. Ачык айтылбайт). Кварталдык премиясы дегени бар-анысы менен кошуп эсептегенде баш аягы 30 миңге чыгып барат. Оңой акча эмес. Мындай айлыкты бардыгы тегиз алышат: иштегени да иштебей жөн жүргөнү да. Эгер И. Жунусовдун прогрессивдүү идеясын колдоп жана андан ары өөрчүтүп (кантсе да ал артист катары шоу-бизнес менен алектенип жүргөндө концерттик залдарды саатына өлчөп арендага көтөрүп алып, мындай ыкмадагы төлөмдүн үнөмдүүлүгү менен натыйжалуулугуна көзү жетип, билип калган эмеспи), квартирага гана эмес, депутаттардын айлыгына да дифференцацияланган мамиле жасалса т.а. иштеген ишине ар күнүнө же саатына ченеп- өлчөп келип, ошого жараша эмгек акы төлөнө баштаса, жөрөлгөлүү кадам болмок, калыстык болор беле дейсиң. "Ким иштесе,ошол тиштейт" деген ураан коюлушу максатка ылайык. Батышта ал принцип эбак эле ишке ашкан, эмгек акы саатына жараша, жасаган ишине карата төлөнөт. КПДга (коэффицент полезных действий) ылайык акча берилсин да, акыры. Ким канча мыйзам демилгелери менен чыкты, ким канча мыйзам жазды, ал мыйзамдардын канчасы парламентте кабыл алынды, канчасы кабыл алынбай четке кагылды, ошого жараша айлык алышсын, депутаттар деле.
"Ложка" депутаттары мандаттарын аларында ант беришкени эсиңиздедир. Ал процедура КТР аркылуу бүт жумурай журтка көргөзүлгөн эле. Ошондо депутаттардын бир тобу даяр анттын текстин тыңгылыктуу окуп бере албай бүт элге уят болушуп, жер карашкан болчу. Өлбөгөн эле төрт шыйрак калган. Спикер ал "уяттуу" окуяны жымсалдамыш этип, депутаттар юридикалык курстардан өтүүгө муктаж болуп турат деп сөзгө чаргытып кутулган. Ырасында келгенде юридикага чейин депутаттардын көбү ликбезден б.а. кат сабатын жоюу курсунан өтүүгө муктаж. Алиппе менен жат жазуу окуусунан кайра өтүүсү талап этилет. Мындан сырткары, бир тобунун компьютердин тилин билбегендиги ачыкка чыкты, парламенттин залында ар бир депутаттын иш ордуна жайгаштырылган "лептоптун" (ноутбук) кайсы капталынан барып, кайсы кнопкасын басып иштешти билбей дабдырашкан депутаттар көп болду, телевизордон көрсөтүлбөдүбү. Демек, көбү интернет сабатын жоюшу керек. Анан да А.Мадумаров айткандай, юридикалык билиминин көп кем- карчы бар, аны толтуруу кажет. Ошентип, азырынча депутаттар түздөн түз мыйзам чыгаруу милдетин аткарууга даяр эмес. Даярдоо курсунан барып окубаса болбойт. Ал эми, толук кандуу мыйзам чыгарууга даяр киши менен даярдык курсунда окугандардын айырмасы, айтпаса түшүнүктүү, асман менен жердей. Демек, эки ишке эки башка акы төлөнүшү максатка ылайык. Кай жерде болбосун эмгек акысын төлөөдө кишинин квалификациясы эске алынат эмеспи. Акыры элдин маңдай тери менен жыйналган казынадагы каражатты ысырап кылып, депутаттын депутат болгондугу үчүн гана баарына тегиз бирдей акча коромжулай берүү калыстык болбой калар.
Чын чынына келгенде, эгер саатына карата төлөм киргизилсе, депутаттардын басымдуу көпчүлүгү эмгек акыдан эңшерилип калары турулуу иш. Азыр айгине болуп калбадыбы, "чөнтөк" деген атка конгон депутаттар өз алдынча мыйзам демилгеси менен чыкканга жарай алышпайт. Алардын бар болгон иши жогорудан түшүрүлгөн мыйзам долбоорлорун кың этпей бекитип берип формалдык түрдө легитимдештирүү менен чектелет. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков айтмакчы, азыр "Акүй" каалаган кандай гана мыйзам болбосун парламенттен өткөн, өтпөй койбогон жагдай түзүлдү. Депутаттар "кнопка" басып бергенге маашыр, ошого компойгону болбосо аларда өз алдынча жеке ой-пикирлери болбойт.

(Уландысы 4-бетте)