![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | КурумУшу "Ложка" ишке киришти-2 (Уландысы. Башталышы 3-бетте) Жакында кызуу талкууга түшүп жеткире бышырлсын делинип, кийинкиге калтырылган ЖК жаңы регламенти жөнүндөгү мыйзамдын долбоору боюнча парламенттин жыйынында докладчы, комитеттердин жана фракциялардын жетекчилери же алар дайындаган депутаттар гана өз пикирлери менен жарыш сөзгө чыгып сүйлөөгө акылуу. Калгандар "лам" деп сөз айтууга болбойт. Тыюу салынган. Көз караш "тандамаларга" берилген. Ошолордун энчиси. "Катардагылар" болсо "дудук" депутаттар. Тагыраак айтканда мыйзам чыгаруу ишинде пайда- батасы жок кишилер. Жөн эле фикция. Жада калса жаңы мыйзам долбоору боюнча "кнопкаларына" да ээлик кыла алышпайт. "Кнопка" партиянын менчигине берилген. Ошентип, КПДнын чен-өлчөмүнөн келсек, "ложкалардын" "иши" чака тыйынга да арзыбаган ишке айланган. "Ак жолдун" бир бучкагын чоюп жүргөн лидерлердин бири Жанкороз Каниметов ЖКнын жыйынында үстөмдүк партия катары аларга бөтөнчө статус берилип, бюджеттен каражат бөлүнсүн деген демилге менен чыкты. Ж.Каниметовдун айтканын карапайым тилге которгондо "Ак жолду" мындан ары эл-салык төлөчүүлөр бага башташы кажет. Регламент жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы "катардагы" "ложкачыларга" дискриминациялык чектөөлөрдү киргизүүнү чоңдору шайлоочулар партия үчүн, партиянын программасы үчүн добуш беришкен, ошондуктан партиянын катардагы депутаттары тартипке баш ийүүгө милдетүү б.а. партбосстордун айтканын кыңк этпей аткарышы керек деген жүйөөлөр менен негиздешет. Эгер Ж.Каниметовдун сунушу ишке аша турган болсо, партия мамлекет тарабынан каржылана баштаса, анда "Ак жолдун" тизмесиндеги депутаттарына ЖКдан айлык төлөп берүүнүн кажети жок калат. Алар алчусун мындан кийин парткассадан доолап, өндүрө баштаганы максатка ылайык келер эле. Айтпаса жалганбы, элдин эки кабат - партия деп бир жолу, депутаттары экинчи жолу чыгым көтөргөн б.а.партия менен анын депутаттарын кошоктоп моюнуна мингизип алганы Кудайга жагар иш болбос. Кыскасы, табалагандык эмес, ар ким колунан келген ишти кылган изги болор эле. Аман эле болушсун, "ложкачыл" депутаттар. Азимбек Бекназаров туура айтат: "Нынешние депутаты от партии "Ак жол" заранее должны были знать, что они не представители народа, а представители Курманбека Бакиева". Үсөн Касыбеков Карылар фронтунда "ПЕНСИЯГА КОШУЛГАН АКЧАГА ӨРТТӨНҮП ӨЛСӨ БОЛОТ" Аз мурда бир жерде эки карыянын момундай сөзүнө күбө болдум, ага чейин саясатты ары калчап, бери калчап жатышкан. - Бакиев эмне, жаман иштеп жатабы? Мына, пенсиябызды көбөйтүп берди. - Көбөйгөнү курусун, эй, ошол көбөйткөнбү?! Элүү сом кошуптур, аныңа ашып кетсе кебездей болгон эки бөлкө нан аласың же 330 грамм эт аласың, эгер граммдап тартып берсе, жанагы эт саткандар. Көбөйттү дейт тим эле. - Элүү сом да оңой эмес, эй, элүү сомго элүү ширеңке келип атпайбы? - Эмне, кошулган пенсиянын эсебинен өрттөнүп өлөйүн дейсиңби, элүү ширеңке алып. - Өзүң өрттөнүп кал! Ушул сыяктуу кеп кетти. Карынын бири Бакиевди катуу колдоду, экинчиси ошондой эле катуу каршы болуп турду. Пенсиянын элүү сомго көбөйүшү жөнүндө элде ушундай эки маанайды жаратты. Албетте, бир сом кошулса да пайда дечи. Бирок, президент же анын тегерегиндегилер кай жерде сүйлөбөсүн, ошол кошулган элүү сомун "көзүр" кылып эле көтөрүп-чаап атышат. Тим эле ата-бабасы таштап кеткенсип айтышат. Эптеп атып элүү сом коштуңбу, болду. Аны кайра-кайра айтып, элүү сомуң эч нерсеге татыбай турган кымбатчылыкты эске сала бербе да. "Пенсияга элүү сом коштум эле коштум" деген мактаныч чөлдө суусаган төөгө бир рюмка суу берип, жыргаттым дегендей болубатпайбы. Президенттин соңку сөздөрү жалаң эле өсүү болуп калды. Жок, кокуй, баалардын өскөнүн айтпай калсын, экономикабыз өсүбатыптыр. Ошол жер кай жер болду экен деп биз турабыз суктанып, баргыбыз келип… Азыр пенсия жашындагы адамдардын минималдык керектөө корзинасы болжол менен 2 500 сомду түзөт. Ал эми алардын көпчүлүгүнүн алган пенсиясы бул суммага караандабайт, Президент мактанган 50 сомду кошкондо деле. Демек, пенсионерлердин жашоосу эптеп деген жашоо. Өгүнү Эмгек жана социалдык жактан өнүгүү министри Ө.Абдуллаева биздеги адамдардын орточо жашы жогорулап баратат, азыр сексенден өткөн 174 000 адам бар, азыр эркектердин жашоо узактыгы - 68, аялдардыкы - 72 жаш деп өпкөсүнө батпай сүйүнүп алыптыр. Бул көрсөткүчтөр биздин өлкө үчүн жакшы көрсөткүч деп баса белгилеп, огобетер кудуңдайт. Бул көрүнүштү Бакиев бийлиги апкелди деп түз айталбай жатпайбы. Согуш болбогон, ачкачылык болбогон, тынч жашаган көпчүлүк өлкөлөрдө биологиялык жактан жаратылыш берген адам жашы 80 жаштын тегереги. Сексенге чыккан баланча адам барына Бакиев менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, анын төрайымы Абдуллаеванын эч кандай тиешеси жок! Ал карылар кантип жашап атат, жакшыбы же жаманбы ошону айтыш керек. Министр айым ошол сексенге чыккан адамдын күнүмдүк турмушуна терең үңүлсө мактаныч сезимине алдырбайт эле… Ооба, көп жыл жакшы жерде иштеп, дүйнө топтоп койгондор же бала-чакасы табышкер пенсионерлер жыргап жашап жатышат. Бирок алар көпчүлүктү түзбөйт. Урматтуу Президент менен министр айымга мен момундай эле кыргызча эсеп чыгарып берейинчи. Мисалы, бир пенсионер бир айда 2 кг. эт жесин - 300 сом, күнүнө аз болгондо бирден бөлкө жесин - ошондо 30 бөлкөң 15 сомдон 450 сом, андан башка май, чай, кант дегениң бар, күрүч, макарон, сабиз, пияз, сүт, туз, мурчту да, эми кийсең эми жыртылчу байпакты да, баасы асмандын ары жагындагы отун менен көмүрдү кантти?! Сөз кыскасы, 1200 - 1500 сомдук пенсия өлбөстүн күнүн эптеп көрсөтүүгө гана жарайт. Россия былтыр эле пенсиясын көбөйттү эле, быйыл февралдан баштап дагы да орточо 320 рублга көбөйткөнү турат. Ал жөнүндө В.Путин көрүнгөн жерде айтпайт экен… Баратбай АРАКЕЕВ Үй суук… эшик суук… МААНАЙ Көчө суук, үй ичи андан бетер. Чырак менен электр жарыгынын айырмасы жок. Биринен - бири озуп кете алышпай араң эле бүлбүлдөйт. Же өзүнөн итапкан улуу чыракты сыйлап андан өтүп кете албай жатабы, курган электр жарыгы. Элдин жүрөгү да, үйү да, көңүлү да чыкыроон. Аларды ким кантип жылытаар экен? Саадат Мырзакулов Чак собол Абалың кандай, ардагер? Асылгүл Атаханова: - Канчалык кымбатчылык болсо, акчанын баркы ошончо кетет. Негизи Кыргызстанда өкмөт барбы же жокпу билбейм. Айтсаң, базар бааларын жөндөп, аз элдин талаптарын канааттандыра албаган өкмөттүн кереги не? Элдияр Жуманазаров: 62 жашта - Кесибим мугалим. Менин айлык акым деле чектелүү, кымбатчылыкка дал келбейт. Инфляция былтыркы жылдын кыш мезгилине салыштырмалуу ат менен төөдөй оркойгон айырмачылыкка жетти. Жазда дагы кымбаттайт деп айтып жатышат. Ал кыйынчылыкты эл көтөрө алары күмөн. Шылтоонун баарын дүйнөлүк рынокко чаптай бербей, өкмөт баш оорутуп койсо деле, бир айласы табылмак. Антпей жатпайбы. Аларга кымбатчылык кеп эмес, кампасы толо, үйү жылуу, колунда акчасы көп да. Гулсүн Тилекматова, 53 жашта - Кымбатчылыкпы, еще как ужас. Тообо, кымбаттатат десе эле кымбаттата береби? Эмнеге очойуп, курсак салаңдатып отурат биздин чиновниктер. Кичине совесть иметь этишип, Жиптерде чалкалап жүрө бербей, базар аралап, элди, базардагы кымбатчылыкты өз көздөрү менен көрүп кетишсе болбойбу, теледен балчыйып отуруп алып, мактана беришпей. Просто ужас... Айнике Тагаева, 81 жаштагы ардагер: - Мен болгону 1150 сом пенсия алам. Аны азыр эмнеге жеткиреримди билбейм. Светти да, газды да кымбаттатты. Газдын баасы 7 сом 20 тыйынга көтөрүлүптүр. Буга бир айдагы пенсиям жетпейт. 5 сомдук нанды 15-16 сомго сатып жеп атабыз. Бул не деген шумдук, айланайын. Ооруп калсаң, дарынын баасы асманда. Догдурлар да жакшы карабайт. Кийим-кеченин айласы табылат экен. Бу курсактын айласын кантесиң?! Пенсия бир мүшөк унга жетпесе, эт дегенди пенсионерлер тааныбай калышты. Бизди, карыларды ойлобойбу, кантип күн көрөбүз? Эми пикетке пенсионерлерди чыгарганы калды бу Бакиев. Жаштар кылганды биз деле кылабыз. Бааларды арзандатпаса, ушинтип кымбаттатта берсе, же элдин турмушун оңдобосо, эмне деген жашоо?! Алишер Ташбаев, ардагер 80 жашта: -Балам, бу кымбатчылыктан кыйналып атканыбызды Бакиев өзү билет болду бекен? Анда бу пенсияны же жок дегенде нанды арзандатып койгонго болбойбу? Кымбатчылык сизди кыйнадыбы дейсиң? Алган пенсиям 1 500гө жетпесе, өзүм карып калдым, жумуш иштегенге алым келбесе, мен кыйналбаганда жыргап атамбы? Ушул сурооңду Бакиевге берчи, не деп жооп берер экен. Гезитиңе жаз. Суроо салган Гүлбарчын ЯКУБОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|