Революциялык комитет билдирет:

"БИР АДАМДЫ БИР НЕЧЕ ЖОЛУ АЛДАСА БОЛОТ, БИРОК, ЖАЛПЫ ЭЛДИ АЛДООГО БОЛБОЙТ"
Президент К. Бакиев өзү башында туруп "Ак жолчуларын" Жогорку Кеңешке алып келгенине бир айдан ашты.
Ушул бир айдын ичинде эле кимдин ким экени дагы бир жолу көрүнө, тааныла түштү. Шайлоого катышкан айрым партиялар бийликке "конструктивдүү" экенин дембе- дем жарыялашса, айрым саясатчылар саясаттан таптакыр кеткенин жарыялоого жетишти. Шайлоо мезгилинде айткан сөздөрүн, берген убадаларын эле эмес, ошол кыдырган элди да унутушту.

Бул кубулуштарды карап туруп, болгону депутаттык мандат же анын кол тийбестиги үчүн гана айтылган сөздөр, сындар, убадалар турбайбы дешке аргасыз болосуң.
Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери мындай көрүнүштөр бир нече жолу болгон. Элдин эсинде "... Мен саясаттан эле эмес, Кыргызстандан кеттим, экинчи келбейм, келсем Кыргызстан Казакстандын бир губерниясы болгондо келем", - дегендер да бүгүн бийликте (Кыргызстанды Казакстандын бир губерниясы айландырууга чоң салым кошууда). Кечээ эле Бакиевдин өзүн, анын туугандарына, балдарына кошуп оозго алгыс сөздөр менен сөккөндөр да бүгүн анын эң жакын табакташы, партиялашы болуп, кызматтарды алышууда.
Бүгүн Кыргызстан бир үйбүлөлүк мамлекетке толук айланды.
Урматтуу президент, мен ар дайым ачуу чындыкты бетиңизге тике айтып келгем. Шайлоого чейин, андан кийин да өзүңүзгө кирип референдум, Конституция, шайлоо ж.б. маселелер боюнча Садыркуловдордун ой-пикиринен башка да пикирлер бар, аларды да эске алыңыз демекчи элем. Кабыл албадыңыз.
Сиз кандайча бийликке келгениңизди унуттуңуз. Анда
24 - марттагы революциядагы сизге болгон элдин айрым наказдарын дагы бир ирет эсиңизге салайын:
1. Аялыңызды, ага - ини, уулдарыңызды, жакындарыңызды Акаевге окшоп мамлекетти башкарууга аралаштырбоо болгон;
Бул боюнча сиз Алатоо аянтында эл алдында 25 - мартта убада бергенсиз. Алар видеотасмага тартылуу, бирок аткарылган жок.
2. Акаев жана анын жакындары ээлеп алган элдин байлыгын элге кайтаруу;
Бул маселени Т. Турдумамбетов, Д. Үсөновдун ж.б. жардамы менен сиздин жакындарыңыз толук ишке ашырып, элге эмес, өздөрүнө жемиштүү өткөрүп алышты, же кайра сатышууда. Убагында Акаевдин жакындарыныкы болгон Канттагы цемент - шифер комбинаты, Шампанвинкомбинат, Бител, КООРТ, "Кыргызалко", Ош базары, Нарын рестораны, "Айпери" салону, "Аалам сервис", ж.б. обьектилер;
Көл жээгиндеги "Достук", "Аврора", "Взморье", "Витязь", "Сейил" ж.б. ондогон пансионаттар, Кумтөр, Жерүй, Андаш, Талдыбулак, Чаткалдагы алтын кендер, "Кристалл" ж.б. колдон колго өтүп, ээлери жаңыланууда.
Он жылдан бери менчиктештирүүгө мурдагы парламент тарабынан жол берилбей келе жаткан энергетика, газ, жаратылыш ресурстары (кен байлыктар) Акаевдин мезгилинде мыйзамсыз берилген Кумтөр, Каракече кендери Казакстанга, Өзбекстанга бериле турган пансионаттар, Каркырадай жайлоолор ж.б. "Ак жол" парламенти тарабынан ратификацияланып, чет өлкөлүктөргө менчикке берилери белгилүү болуп калды.
3. "Аксы окуясын" аягына чыгаруу;
"Аксы окуясын" аягына чыгармак тургай 70 - 80 % бүтүп калган негизги кылмыш иштер жаап жашырылып, күнөөкөрлөр кызматта жүрүшөт. Айрымдарын сотко беримиш болуп, мурдагыдай эле коомчулукту алдамай.
4. Акаев менен Кыргызстандын байлыгын мыйзамсыз менчиктештирип, сатып жегендерди кустуруу, жоопко тартуу;
Бул боюнча революциядан кийин козголгон 100дөн ашык кылмыш иштери токтотулуп, же сот тарабынан актатылып, ал түгүл айрым жоопко тартылгандар бүгүн Кыргызстанды башкарып сиздин айланаңызда же Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү - министрлер.
5. Конституциялык реформа жүргүзүү;
Үч жылдын ичинде үч Конституцияга кол коюп, акыры элдик референдумда кабыл алынды деп, өзүңүздүн хандык Конституцияны эл эмес, өзүңүз кабыл алдырып, Акаевдик режимден да ашып түштүңүз.
Ошентип, элдик революциянын бир да талабы аткарылган жок.
Урматтуу замандаштар,
Урматтуу президент!
Сиз үч жылга жакын мөөнөт ичинде эмне деген убадаларды берип, кимди гана алдаган жоксуз. Кимдер, качан, кантип алданганын айтуунун кажети жок.
Бир нече кишини бир нече жолу алдаса болот, бирок, ар дайым жалпы элди алдоого болбойт.
Бирок, биз 24 - мартта сизди чакырып, жогорудагыдай убадаларды алып, сизди бийликке отургузган айрым "ишенчээк соратниктериңиз" кандайдыр бир деңгээлдеги күнөөбүздү сезип, эл алдындагы ошол күнөөбүздү жоюу үчүн бизди колдогон айрым патриоттор менен биригип, Кыргызстан Революциялык комитетин түзгөнүбүздү жарыялайбыз. Революциялык комитет жарым жашыруун абалда аракеттенип анын дареги, мүчөлөрү айтылбай тургандыгын билдиребиз.

Ревкомдун негизге максаттары:
" Революциянын идеяларын ишке ашыруу;
" 24 - март Революциясынын, жалпы элдин үмүтүн актабаган президент К. С. Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү;
Ооба, эл арасынан "... Бакиевди 2010 - жылга чейин эл шайлаган, ошого чейин отурсун" - дегендер да чыгат. Алардан Ревком "... Эгер Бакиев 2010 - жылга чейин жер, сууңду, жайлооңду, кен байлыктарыңды, өзүңдү кошуп чет өлкөлүк инвесторлорго менчикке сатканга макул болсоң, анда отура бер да, бирок кул болгусу келбеген уул - кыздарыңа жолтоо болбоону суранат".
Азимбек Бекназаров
24 - январь 2008-жыл, Бишкек шаары




  Ак ийилет…

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Зомбулук саясат улана берсе, элдин нааразычылыгы көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн…"
(Уландысы. Башы 2-бетте)
- Бийлик минтип элдин эрки менен эсептешпей, өз каалаганын кыла береби? Мунун аягы эмне болот?
- Мисалы, АКШ өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган декларацияда "эгер өкмөт америкалыктардын укугун тебелеп - тепсеп, бийликти уурдап мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаса, Кошмо Штат эли андай өкмөттү төңкөрүш жолу менен алмаштырганга толук укугу бар" деп айткан. Бул элдин фундаменталдык укугу. Эртеби, кечпи зордук - зомбулук улана берсе бизде да эл мына дал ошондой радикалдуу жолду тандап алат.
- Учурда көпчүлүк шайлоочулар жаз келет, анда чоң массалык акцияларды уюштурабыз деген кептерди айтып жатат?
- Албетте, кырдаалга жараша, өкмөттүн, президенттин жүргүзгөн саясатына жараша, биз да өз позициябызды билдиребиз. Ошонун ичинде ар кандай акцияларды уюштурушубуз мүмкүн.
- Бийлик мыйзамсыз аракеттерди көрүп жатса, бардык аракеттерди мыйзам чегинде ишке ашырабыз дегениңердин ийгилиги кандай болот деп турасыз?
- Нааразычылык акциялары биринчи кезекте түз эле барып бийликти басып алууда эмес. Бул элдин атынан бийликке эскертүү жасоо. Зордук - зомбулук кылгандардын туура эмес экендигин көргөзүп, ага чек коюу. Оппозициялык партиялар анын ичинен биз дагы мындай акцияларды өткөрө беребиз. Мисалы, баарыңыздарга белгилүү, жакында оппозициялык прогрессивдүү көз караштагы партиялар, саясатчылар атуулдук кыймыл түздү. Бул "Акыйкаттык үчүн" деп аталган кыймыл. Аткени, бүгүн адилеттүүлүк жана акыйкаттык деген биздин өлкөдө чоң дефицит, ал жетишпейт.
Адилеттүүлүк болбогон жерде ийгилик болбойт. Мына ушул көйгөйдүн айланасында ар кандай багыттагы, ар кандай уюштуруу формаларындагы уюмдар бир уюмга биригип олтурат. Демек, өлкөдө чечилбеген маанилүү маселелр бар. Мына ошонун айланасында ондогон саясий уюмдар башын бириктирип олтурушат. Бул дагы иштөөнүн бир формасы. Партиянын, саясатчылардын иштөө формасы ар кандай. Бирок, убакыт, тарыхый кыдаал ошол иштөө формасынын кайсынысы бүгүнкү күнү керек экенин аныктайт. Ошол сыяктуу биргелешип иштөөнүн бир формасы катары, азыр түптөлүп жаткан "Акыйкатттык үчүн" кыймылын айтсак болот.
- Өлкөнүн өзөгү болгон стратегиялык энергия тармагы менчиктештирилгени жатат?
- Темир жол, аба жол объектилери жана башкалар дагы.
- Буга не дейсиз?
- Сиз айткан нерселер өлкөнүн суверендүүлүгүнө, карапайым адамдардын турмушуна түздөн түз тиешеси бар тармактар. Бул жөнөкөй гана экономикалык түшүнүк эмес. Бул улуттук идеологиянын, улуттук намыстын, мамлекеттин өз алдынчалуулугунун негизи болгон түшүнүктөр, обьектилер. Албетте, буга "Ата Мекен" партиясы каршы. Ошол байлыктарды Кыргызстандын кызыкчылыгын колдобогон формаларда, багыттарда чет элдик компанияларга өткөрүп берүү маселесине биз чечкиндүү каршылыгыбызды билдиребиз. Ошон үчүн жазда митинг, пикет жана башка мыйзам чегиндеги акцияларды пайдаланып, калайык калкка, өкмөттүн бул жолу туура эмес экендигин көргөзгөнгө аракет кылабыз.
- Жогорку соттун төрагасы К.Осмонов кызматынан алынды. Бул кандай өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн же бүгүнкү Кыргызстандагы сот адилеттүүлүгү жөнүндө оюңуз?
- Референдумда кабыл алынган жаңы Башмыйзамга ылайык, президент Судьяларды Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле коюп, макулдугу жок эле ала алат. Бүгүн президент мурдагы Конституциядан айырмаланып, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматтан алуу боюнча сунушун эч ким менен эсептешпей, эч ким менен кеңешпей, эч кимге түшүндүрбөстөн туруп эле Жогорку Кеңешке жөнөтө алат. Бул деген сот системасы президенттик бийликке толук көз каранды дегенди билдирет.

Суроо салган Сабыр Муканбетов