![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | НЕ ДЕЙТ, ЖАШТАР? "Мен ишенбейм…" "Мир невозможно удержать силой. его можно достичь лишь пониманием" Альберт Эйнштейн. Өткөн аптада жаштар кыймылы өлкөдөгү болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам, өз нааразычылыктарын билдирип, ошол эле учурда "демократия аралчасы" аталган өлкөнүн авторитаризмге ык койгон абалына сын айтып, ак сүйлөгөндөрдү ур-токмокко алган адаттар күч алып баратканына карата өз пикирлерин билдирип чыгышты. Биз аталган акциянын айрым катышуучуларын кепке тарттык. Мирзат Аджиев: - Мындай аталыштагы акцияны өткөрүүгө эмне түрткү болду? - Биринчиден, өткөн шайлоонун ыплас өткөндүгү. Экинчиден, улуу муундун жаштарга кылган мамилеси өтө начар. Жаштар алардан үлгү алалбайбыз. Биз булардын иштерин кайталабайлы, таза бололу таризинде атаган акцияны уюштуруп, кичине болсо да алга кадам таштоодобуз. Биз, жаштар, кийинки урпактарга жакшы жагыбыз менен үлгү болуп, Кыргызстанды демократия өлкөсүнө айландырып, тапшырып берүү максаты бар. Албетте, бу максатты ишке ашырууда кыргыз жаштарынын башын бириктирүү, бийликтин "мыкты" жактарын бетке айтып туруу менен эффективдүү иштерди жасоо. Айсулуу Алымбек кызы, "Мен ишенбейм" акциясынын катышуучусу: - Бишкек шаарынын мэри мындан ары көрүнгөн жерге эле пикет-митингдерди өткөрүүгө тыюу салып, үч гана жерге өтүүгө болоорун билдирген токтом кабыл албадыбы? Буга кандай карайсыз? - Бул токтом, Конституциянын 25-статьясына карама-каршы келет. Бул боюнча райондор аралык сотко кайрылганбыз. Алар мэриянын кызыкчылыгына чечип койду. Аталган токтом жарандардын укугун тепсеген токтом. Биз ушул токтомду жокко чыгаруу аракетин мындан ары да күчөтөбүз. Бул боюнча токтоп калбайбыз. Гүлшайыр Абдырасулова: - Айсулуунун сөзүнө кошумчалай кетейин: мэриянын жанагы токтому шайлоо алдындагы шайтан оюн катары кабылдашабыз керек. Анткени, шайлоодон кийин элдердин нааразычылыгы көбөйөт. Акүйдүн алдына чыгып алып нааразычылыгын өткөрөт. Ушундан корккон. Мындан сырткары, Ишенгүл Болжурованы Илим жана билим берүү министрлигине алып келиши ЖОЖ студенттерин "Ак Жолго" үндөө, добуш салдыруу сыяктуу карөзгөй кадамдардын бири болгон. Студенттер "Ак жолду" шайлабайбыз десе болбой, коркутуп-үркүтүү жолдорун пайдаланышты. Чет өлкөдөгү жаштарыбыз да бул ишке нааразы болууда. - Азыркы парламентке үч фракциянын жетекчиси эле мыйзамын да, башкасын да кабыл алып болгон иштерди өзү бүткөрүп коймой болуп калбадыбы? - Мурдагы "Кел-кел" жаштар уюмунун жетекчиси, азыркы депутат Алишер Мамасалиевдин: "Бул орунда отургандын не кереги бар, өзүмдүн үнүмдү,салымымды кошо албагандан кийин" дегенин угуп, депутаттардын көбү ушундай ойлонобу дегем. Көрсө, элден да кресло ыйык тура алар үчүн. Жоомарт Сапарбаев: - Гүлшайырдын пикирин толуктасам, 2005-жылдын 24-мартында Бакиев: ""Алга, Кыргызстан" партиясынын мыйзамсыз жол менен өтүшү мени таң калтырат. Мындай балит, кир шайлоону биринчи жолу көрдүм" - деп айткан эле. Мына ошол балит шайлоо 2007-жылдын 16-декабрында дагы бир ирет кайталанды. Акаевдикинен да ашып түштү. Азыркы депутаттардын жүрөгүн өйүгөн үй, кол тийбестик, машина сыяктуу жеке кызыкчылыктарын көздөгөн маселелер. Бөлөк эч бир маселе алардын башын оорута элек. Тили байланган, эч нерсе чече да алышпайт. Буларды депутат деп эсептебейм. "Мен ишенбейм" акциясынын алдыдагы иштери кандай болот? - Биз чечим чыгардык, бийлик кармайбы, камайбы, отургузабы муну менен иш токтобойт. Бийлик тараптан бирөө чыгып, чындыкты айтып, калыстыкка жана акыйкаттыкка умтулушпаса, иш чатагына ооп баратат. Көпчүлүк мындай саясатка түңүлгөндөн түңүлүп эле калды. Ошондуктан жаштарга айтаарым, эч кимден коркпостон келечек үчүн күрөшүү керек. Дагы, парламентте отурган Алишер Мамасалиев, Максат Коноков сыяктуу жаш саясатчыларга кулак кагыш кылам: күнүмдүк машиненин, кол тийбестиктин, креслонун кулу болбостон, ар-намыс, эркиндик, адилеттиктен тайбай, келечек үчүн чындыктан тайсалдабастан, аксакал, көксакалдарга эскерте жүргүлөчү, бай болгурлар. -Эмне, ошондой эле улуу муундардан ишенич кеттиби? - СДПКнын мүчөсү, депутат Б. Бешимовдун айткан сөзү бар: "биздин муун (өзүлөрү жөнүндө) жерде калган тезек болдук, биз чирип кеттик… Ошол чириндиден жаркыраган гүлдөй болуп, ачылып жаштар чыкса экен" деп. Буга эми түшүнүп атам. Азыркы депутаттар жерде жаткан тезектен айырмасы жок деп кесе айта алам. Анткени чындыкты көрүп турса да, алаңдап айта албай аптыгып, бирөөнө кошоматтанып, бийлигинин "тактысынын" камын ойлошот. Мындай мыйзам чыгаруу бийлиги мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт. Мыйзам чыгаруу органы президенттен, өкмөт аппаратынан айырмаланып, өзүнчө эгемендүүлүккө ээ болуш керек эле. А булар тескерисинче, президенттин кол баласы болуп калды, өкүнүчтүүсү. Бүгүнкү күнү жаштар коркоктук кылып, кайдыгер мамиле жасасак, анда Кыргызстан үчүн сүйлөбөй эле койгон оң. Антсек, Өзбекстандын, Түркмөнстандын кейпин киебиз. Бирок, кыргыз эзелтеден демократияны аздектеген эл. Мындай оригиналдуу сапатыбызды урпактарга көздүн карегиндей сактап, өткөрүп беришибиз зарыл. Азыркы бийлик мындай жоопкерчиликтүү милдетти аткара албайт. Айсулуу Алымбек кызы: - Силер кандайдыр бир бийликке жетүүнүн амалын көздөгөн жоксуңарбы? - Жок. Биз жөн гана укугубуз тепселбеген, эркин, демократиялуу өлкөдө жашагыбыз келет. Анткени, эл учурда оппозицияга да, бийликке да ишенбей калган. Мирзат Аджиев: - Жаштарды эмнеге ынандыра алдыңар? - Бир нерсеге, мамчиновниктердин сезими, дээри караманча жок экенине ынанышты. Ар бир адам баласында өзүнчө улуулук касиети болот дечү эле. Биз булардан эч нерсени көрө алган жокпуз. А алар акча, мансапты гана көздөшөт окшобойбу. Өкмөт структураларында, УУКнын башчыларына: "бизге тоскоолдук кылбай эле койгулачы. Силер канчалык тоскоолдук кылсаңар, ошончолук албууттанып, күчөйбүз. Биз жаңыланууну, келечекти көздөгөн кыргыздын жаштарыбыз" - деп кайрылаар элем. - Алыскы аймактарда, бийлик алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатат деп атышпайбы? - УТРК, ЭлТРынын маалыматтарынын бурмалангандыгы, туура, так, калыс жетпегендиги, жогорудагыдай сөздөрдү жаратууда. Арийне, өйдөкүлөр УТРК менен 5-каналдан түшпөй, кыйратып, жыргатып, гүлдөтүп атабыз десе ишенет да. Улукбек Кутманбаев |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|