Коомдук-саясый гезит
№17, 25.01.08-ж.



◄◄◄
  Элдин эсинде…

ЭШИМКАНОВ ЭФИРДЕ
Телекөрсөтүүдө биртоп жыл иштеп, анын оош-кыйыштарын, аки-чүкүсүн түшүнүп калгам. Белгилүү го, телекөрсөтүүдө эки негизги милдет болуш керек: биринчиси - көрөрманды күндөлүк орчун жаңылыктар менен убагында камсыз кылып туруу, экинчиси - көңүл ачуучу программалар: концерт, кинофильмдер, түрдүү шоулар, сатиралык көрсөтүүлөр ж.б.
КТР мына ушул эки негизги багыттан тайып, чалмакейди чалып келди эле Мелис Эшимканов башкарууга келгени, моюнга алыш керек, КТР кескин өзгөрдү, өзгөрүп жатат.
Эки-экиден маектешүүлөр, эл түшүнбөгөн экономикалык маселелерди "чагып", элдин мээсин кошо чагуулар, кайсы бир чоңду сүйлөтүп, мактоолор канбуугандай токтолду окшойт . Кээ бир абийирсиз журналисттердин өздөрүн борго байлоочу "акыр-көрсөтүүлөрү", "рэкет-көрсөтүүлөрү" жоголду. Ушундай болуш керек болчу. Эми ошол көрсөтүүлөрдүн авторлорун жоготуш керек.
Жеке мен Мелисти жакшы көрүп турганым жок. Экөөбүз көп жылдар байланыштабыз, мага ал эчкачан жаман сөз айткан эмес, сыйлап келет. Антсе да элдин камы менен бийликке элдешкис күрөш жүргүзүп, "Бакиев, кет!" дегенди он миңдеген адамдын алдында тамагы айрылганча бакырыбатып эле анан ага бел ийип, кызмат кылып кеткен адамды ким жакшы көрмөк? Элдин баары эле жерге түкүрүп атпайбы, а турсун бийликтегилер да.
Бул башка маселе - медалдын бир жагы дейли. Экинчи жагы - Мелис Эшимканов чын-чынына келгенде маалымат каражаттары жаатында өлкөбүздөгү бирден-бир профессионал, иштин көзүн мыкты билет, уюштургуч, анан авантюрист дагы - мунусу көп учурда ийгилик алып келет. Бийлик менен коркпой чабышчу мүнөздү көп журналисттер ушу Эшимкановдон үйрөнүшкөн.
М.Эшимканов аз өтсө (Бакиев аз өткөрөр беке?) КТРди неченден бери мисалдатып, суктанып келген орустардын ОРТ менен РТРынан кем кылбайт. Азыр КТР программасы менен шашпай таанышсаңыз орустун эки каналынан кем эмес мазмун көрүнүп турат.
М.Эшимканов КТРга бекер барган жок: Президентти ыгы менен мактаганы, оппозицияны ыгы менен жайлап туруу үчүн барды. Анын жолдорун билет.
Мейли, Президентине чаң жугузбасын, мейли оппозициянын ташын талкан кылсын, алды кыргызынын тагдырын унутпасын!
Түшүнгөндөр өксүп атпайбы кыргыз эли өтө кооптуу мезгилди баштан өткөрүп жатат. Кыргыз деген ыйманы куюлган эл белгисиз элгеби, макулуккабы айланып кетпеши үчүн элибиздин ушуга чейинки жакшы салттарын, жакшылык кууган салттарын жандандырып, "мен - кыргызмын!" деп сыймыктана жар салчу уул-кыздарды тарбиялашыбыз керек. Бул өтө жооптуу иште телерадионун ролу өтө зор, кубаттуу курал. Элибиздин тарыхын, салт-санаасын, маданиятын, таасири күчтүү, жугумдуу фольклорун, бири-бирине карата болгон ыйык мамилесин чагылдырган кинолор, телефильмдер, телепостановкалар, телешоулар тынымсыз көрсөтүлүп, уктурулуп турулушу - милдет.
"КТРда улутчулдук өкүм сүрүп жатат деп бизде жашаган башка улуттар чуу салып, арыздангандай кылыш керек. Ошончо жыл орустун арбайын согуп келгенибиз жетээр, алар үйрөткөн аракты ичип алып, Жаңы жылга деп балатыларды аеосуз кыйганыбыз жетээр.
Байкасаңыздар КТРдагы жаңылыктар маанилүү да, кыска да, ошону менен бирге жеткиликтүү боло баштады. Дикторлор, бөтөнчө орусча алып баргандар ОРТ менен РТРдин дикторлорунан ашып түшө жаздады. Болсун.
Мындан көп жыл мурун советтик белгилүү баяндамачы, публицист Мэлор Струанын уулу РТРдин кабарчысы болуп Америкада иштөөчү. Анын өңүн көрбөдүм, анткени эфирге чыкчу эмес, ал эми даярдаган сюжети ташка тамга салгандай болор эле. Анан да кыска 40-50 секундадан ашчу эмес. Мына ушундай чеберчилик керек кытыйрчыларга.
М.Эшимканов керек болсо бүтүндөй элди Бакиевден тың башкарууга жарап берет, бирок ал орунга отургузуп койсо күндөрдүн бир күнүндө Кыргызстанды Казакстанга же Өзбекстанга алардын бир дубаны катары кошуп жиберип, өзү Израилге кетип калышы мүмкүн премьер-министрликке ат салышам деп…
Кыска ойдун соңу - Бакиев Эшимкановду КТРга көпкө отургузбайт. Атамбаевдин кейпин дагы да келиштире кийгизип туруп, эки беттен эки өөп туруп, шамалга салып берет. Күтөлү…

Баратбай АРАКЕЕВ.




  Карылар фронтунда

"ПЕНСИЯГА КОШУЛГАН АКЧАГА ӨРТТӨНҮП ӨЛСӨ БОЛОТ"
Аз мурун бир жерде эки карыянын момундай сөзүнө күбө болдум, ага чейин саясатты ары калчап, бери калчап жатышкан.
-Бакиев эмне, жаман иштеп жатабы? Мына, пенсиябызды көбөйтүп берди.
-Көбөйгөнү курусун, эй, ошол көбөткөнбү?! Элүү сом кошуптур, аныңа ашып кетсе кебездей болгон эки бөлкө нан аласың же 330 грамм эт аласың, эгер граммдап тартып берсе жанагы эт саткандар. Көбөйттү дейи тим эле.
-Элүү сом да оңой эмес, эй, элүү сомго элүү ширеңке келип атпайбы.
-Эмне, кошулган пенсиянын эсебинен өрттөнүп өлөйүн дейсиңби, элүү ширеңке алып.
-Өзүң өрттөнүп кал!
Ушул сыяктуу кеп кетти. Карынын бири Бакиевди катуу колдоду, экинчиси ошондой эле катуу кашы болуп турду.
Пенсиянын элүү сомго көбөйүшү жөнүндө элде ушундай эки маанайды жаратты. Албетте, бир сом кошулса да пайда дечи. Бирок, Президент же анын тегерегиндегилер кай жерде сүйлөбөсүн ошол кошулган элүү сомун "көзүр" кылып эле көтөрүп-чаап атышат. Тим эле ата-бабасы таштап кеткесип айтышат. Эптеп атып элүү сом коштуңбу, болду. Аны кайра-кайра айтып, элүү сомуң эч нерсеге татыбай турган кымбатчылыкты эске сала бербе да. "Пенсияга элүү сом коштум эле коштум" деген мактаныч чөлдө суусаган төөгө бир рюмка суу берип, жыргаттым дегендей болубатпайбы.
Президенттин соңку сөздөрү жалаң эле өсүү болуп калды. Жок, кокуй, баалардын өскөнүн айтпай калсын, экономикабыз өсүбатыптыр. Ошол жер кайжер болду экен деп биз турабыз суктанып, баргыбыз келип…
Азыр пенсия жашындагы адамдардын минималдык керектөө корзинасы болжол менен 2 500 сомду түзөт. Ал эми алардын көпчүлүгүнүн алган пенсиясы бул суммага караандабайт, Президент мактанган 50 сомду кошкондо деле. Демек, пенсионерлердин жашоосу эптеп деген жашоо.
Өгүнү Эмгек жана социалдык жактан өнүгүү министри Ө.Абдуллаева биздеги адамдардын орточо жашы жогорулап баратат, азыр сексенден өткөн 174 000 адам бар, азыр эркектердин жашоо узактыгы - 68, аялдардыкы - 72 жаш деп өпкөсүнө батпай сүйүнүп алыптыр. Бул көрсөткүчтөр биздин өлкө үчүн жакшы көрсөткүч деп баса белгилеп, огобетер кудуңдайт. Бул көрүнүштү Бакиев бийлиги апкелди деп түз айталбай жатпайбы.
Согуш болбогон, ачкачылык болбогон, тынч жашаган көпчүлүк өлкөлөрдө биологиялык жактан жаратылыш берген адам жашы 80 жаштын тегереги. Сексенге чыккан баланча адам барына Бакиев менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, анын төрайымы Абдуллаеванын эч кандай тиешеси жок! Ал карылар кантип жашап атат, жакшыбы же жаманбы ошону айтыш керек. Министр айым ошол сексенге чыккан адамдын күнүмдүк турмушуна терең үңүлсө мактаныч сезимине алдырбайт эле…
Ооба, көп жыл жакшы жерде иштеп, дүйнө топтоп койгондор же бала-чакасы табышкер пенсионерлер жыргап жашап жатышат. Бирок алар көпчүлүктү түзбөйт.
Урматтуу Президент менен министр айымга мен момундай эле кыргызча эсеп чыгарып берейинчи. Мисалы, бир пенсионер бир айда 2 кг. эт жесин - 300 сом, күнүнө аз болгондо бирден бөлкө жесин - ошондо 30 бөлкөң 15 сомдон 450 сом, андан башка май, чай, кант дегениң бар, күрүч, макарон, сабиз, пияз, сүт, туз, мурчту да, эми кийсең эми жыртылчу байпакты да, баасы асмандын ары жагындагы отун менен көмүрдү кантти?! Сөз кыскасы, 1200 - 1500 сомдук пенсия өлбөстүн күнүн эптеп көрсөтүүгө гана жарайт.
Россия былтыр эле пенсиясын көбөйттү эле, быйыл февралдан баштап дагы да орточо 320 рублга көбөйткөнү турат. Ал жөнүндө В.Путин көрүнгөн жерде айтпайт экен…

Баратбай АРАКЕЕВ.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan