![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | Орун алмашуудан сумма өзгөрөт... Акыркы 10 күндөгү кадрдык алмашуулар Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Аппас Жумагулов кеткенден бери "вакантный" болуп турган Кыргызстандын Орусиядагы элчилик кызматына 18-январь күнү Бакиевдин указы менен 48 жаштагы Раимкул Аттокуров дайындалды. Раимкул мырза президент Бакиевдин жердеши. Ал да бактыга жараша Жалалабат облусунун Сузак районунда төрөлүп калган. Жогорку соттун төрайымы Парламент 2005-жылдагы шайлоонун шайтан оюндарын жасашканга түздөн-түз тиешеси бар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду ээрден шыпырып түшүштү. "Бетеге кетет эл калат, бектер кетет жер калат" дегендей, бийликке канчалык жакшы көрүнөм десеңиз да, баары бир бийликтен ооп түшөрүңүздү унутпашыңыз керек эле, Курманбек мырза! Эмнеси болсо да, депутаттар сиздин ордуңузга 75 добуш менен Бишкек шаардык сотунун төрайымы болуп келген Жаңыл Алиеваны олтургузушту. Ички иштер министрлигинде Ички иштер министрлигинде төмөндөгүдөй кадрдык алмашуулар жүрдү. Бийлик апрель митингдерин таркатууга үлкөн салым кошкон Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевди ыргытып, анын ордуна Бишкек ШИИБсинин начальниги Молдомуса Конгантиевди дайындады. Кызматынан алынган соң, бийликке таарынган Ногойбаев Милиция академиясына жетекчи бол деген сунушка көнбөй, пенсияга эле кетейин деген жообун узатыптыр. Ал менен кошо анын 1-орун басары Осмонаалы Гуронов , дагы бир орун басары Расулберди Райымбердиев кызматы менен кош айтышты. Гуроновдун ордуна ГУБОПтун начальниги болуп келген Мелис Турганбаев , Райымбердиевдин ордуна Дмитрий Федоров дайындалды. Эми Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башкармалыгын Турганбаевдин орун басары болуп жүргөн Бакыт Парманкулов жетектейт. Ал эми борбор калаабыздагы Конгантиевдин мурдагы ордун анын орун басары болуп келген Таалайбек Дегембаев ээледи да калды. Ошентип, Конгантиев ээрге олтураары менен эле Кыргызстан боюнча баш милициялардын орундарын алмаштырууга киришти. Дегембаевтин бош калган ордуна Биринчи Май РИИБсинин начальниги Болот Нурмамбетов секирди. Биринчи Май районунун милицияларын башкаруу үчүн Бишкек ШИИБсинде иштеп жүргөн Аскат Султаналиев жөнөтүлдү. Бишкектеги Ленин РИИБсинин жетекчиси болуп Фурхат Усенов дайындалды. Айтсак, генерал-майор Кемелбек Кыязов Чүй облусттук милиция жетекчилигинен четтетилип, Жалалабат облусунун кызыл шапкечендерине начальник болду. Чүйдөгү Кыязовдун ордуна Нарын облусунун ИИБсинин начальниги Сабырбек Курманалиев келип олтурду. Ал эми өзүнүн жетекчиси Ногойбаевди соттон утуп алган подполковник Мадияр Кулуев Чүй облусттук ИИБсинин начальнигинин орун басарлыгына дайындалды. Кытайдан келген КАМАЗдарга көзөмөл кылып, облусттагы кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн Нарындагы Курманалиевдин ордуна Жалалабат ИИБсинин начальниги Нурланбек Темирбаев келди. Полковник Бактыбек Алымбеков Ысыккөл облусттук ИИБнин жетекчилигинен бошотулуп, Баткен облусттук ИИБне начальник болуп дайындалды. Майлуу-сүттүү делген Көлдөгү Алымбековдун ордуна Баткен облусттук ИИБсинин жетекчиси Эркинбек Эсеналиев барды. ГКНБ Улуттук коопсуздук комитетинде да кадрдык жүрүштөр жасалды. Төраганын 1-орун басары болуп келген генерал Артур Медетбеков 22-январда ардактуу эс алууга жиберилип, анын ордуна ушул эле күнү орун басарлык кызматта иштеп жүргөн Турдубек Алмаматов секирди. Ал эми Алмаматовдун ордуна башкармалыкты жетектеп келген Рустам Мамасадыков олтурду. Турдубек мырза Жалалабат облусунун Базар-Коргон айылында 1956-жылдын 3-февралында туулган. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, 1985-жылдан тарта чекисттик карьерасын баштаган. Өз кызматын так аткаргандыгы үчүн бир канча жолу КГБнын, СНБнын жана ГКНБнын ардак грамоталарына, сыйлыктарына ээ болгонун белгилеп кеткибиз келет. Губернаторлор Нарын облусунун губернатору Ажыбек Касмалиев 11-январда Нарын облусунун губернаторлук кызматынан четтетилип, анын ордуна Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук боюнча комиссиясынын жетекчиси болуп келген генерал Өмүрбек Субаналиев дайындалды. Талас облустук администрация жетекчиси Байымбет Мураталиев да кызматынан алынып, анын креслосуна Бейшенбек Болотбеков олтурду. Кыргызстандын эң кенже облусу болуп саналган Баткендин да губернатору алмашты. Султанбай Айжигитовдун ордуна Марат Жумабеков барды. Улан МАМБЕТОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|