![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №17, 25.01.08-ж. |
| | Миң уккандан бир көргөн артык… Дарылануу үчүн чет өлкөгө баруунун кажети жок Дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн натыйжалуу иш - тажрыйбасынын негизинде өз ордун тапкан Израилдин"On Clinic" эларалык медициналык борборунун төрт филиалы Казакстанда беш жылдан бери үзүрлүү иштеп жатат. Аталган борбордун ооруларды эффективдүү дарылоодо мүмкүнчүлүктөрү зор экенине көпчүлүк элдер ишенич артып, кардарларынын саны арбыган. Бул клиниканын ооруларды айыктыруудагы таң калаарлык натыйжасынан улам, кыргызстандыктар да кызыкдар болушуп, "On Clinic" борборунун кызматынан пайдалануу үчүн Казакстандын Алматы калаасына барып келүүдө мекендештерибиз көптөгөн чыгымдарга жана жол катар кыйынчылыктарга да кез келип жүрүшкөн. Эми алыс баруунун кажети жок. Анткени, 112-болуп Израилдин эларалык медицина борборунун филиалы Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө да ачылды. "Миң уккандан бир көргөн артык" дегендей, биздин гезиттин кабарчылары да барып жакындан таанышып кайттык. Чындыгында эле "On Clinicтин" уникалдуу экендигине ынандык. Минтип ишеничтүү айтып жатканымдын себеби, көпчүлүк учурда диагноздун так коюлбаганынан улам, көптөгөн оорулардан толук айыга албай же туура эмес дарыланып, бушайманга түшкөндөр көп. Андыктан, "On Clinicтин" мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө окурмандарыбызга да бөлүшүүнү эп көрүп, филиалдын директору Бакыт Иманкуловго суроолорум менен кайрылып калдым. Жетекчинин айтымында, врачтарды кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мыктынын мыктылары гана тандалып алынган. Адистер саат сайын өзгөрүп жаткан коомдук аң сезимде, медициналык дарылоонун ыкмалары менен аппараттары жаңыланып жаткан атаандаштык жолунда өз жоопкерчиликтерин сезе билишет. Заманбап УЗИ аппаратын жогорку деңгээлде өздөштүрө билүү билим деңгээлине гана ээ эмес, дартына даба издеп кайрылган ноокастардын тилек - үмүттөрүн толук актай алышкан профессионал кадрлар иштээрин айтты. Ал эми бул клиниканын Бишкектеги филиалынын дарылануу баасы Кыргызстандын социалдык-экономикалык шартына ылайык, Казакстанга салыштырмалуу көрүнүү акысы 40%га төмөн. Кээде ноокастардын турмуш-шартын жана абалын эске алып, жеңилдиктер берилген учурлар да кездешет экен. Келген бейтаптардын аты-жөнүн, кай жерде каттоодо тураарын суроонун зарылдыгы жок . Анткени, атайын берилген номер менен бардык процедуралардан өтүп дарылангандыктан, өзүн тааныштыргысы келбеген бейтаптардын аты -жөнүн жада калса врачтары да билбей калат имиш. Кыйчалыш учурларда врачты бир аз күтө турган жагдайга туш келип калган бейтаптар бөтөн көздөн алыс болом десе, атайын кабиналар уюштурулган. Өзүнчө олтуруп күтө турганга ыңгайлуу. Бирок, көрүнүү тартиби бейтаптардын убакыт-саатына карап жазылуу аркылуу гана жүргүзүлгөндүктөн, мындай учурлар көп кездешпейт. Борбордо урология, проктология, дерматология, гинекология бөлүмдөрү боюнча иш алпарып, простатит, аденома, геморрой, жоон ичегинин жараттарын, аялдардын суук тийүүдөн пайда болгон ооруларын айыктырууда жана башка жыныстык дисфункцияларды калыбына келтирип, потенцияларын жогорулатууда ноокастарга жардам бере алышат. Мисалы, УЗИ аппаратынын өзгөчөлүгү ультраүндүү текшерүүдө ооруп турган мүчөңүздү үч эсе чоңойтуп көрсөтсө, ошол эле учурда сиз врач менен кошо монитордон ооруган жериңизди өз көзүңүз менен көрүп тура аласыз. Эгерде өтүндө ташы болсо, дарылануунун соңунда дагы бир жолу УЗИ аппаратына түшүрөбүз. Ошондо айыгуунун натыйжасын байкайт. Кыргызстанда мындай уникалдуу аппарат жалгыз гана. Белгилей кетүүчү жагдай, бул УЗИ аппаратынын адам организмине зыяны жоктугунда деп көрсөтүп берди ультраүндүү аппараттын адиси, жогорку категориядагы врач Александр Курилов . Мындай өзгөрүштү өз көздөрү менен көргөн бейтаптардын дарылануу курсу бекер кетпегендигине ыраазы болуп кайтышат эмеспи. Борбордун эң негизги жана башкы адистештирилген багыты эркектердин жыныс мүчөсүнүн ооруларына диагноз коюу жана дарылоо. Союз учурунда урологдорду дээрлик даярдашкан эмес, болсо да бирин - экиндеп саналгандыктан, бүгүнкү күнгө абал өтө курчуп жетти. Болочоктогу эне катары аялдарга дайым көңүл бурулуп келсе, ал эми болочок атага эч кандай көңүл бурулган эмес. Ошондуктан, эркектердин алсыздыгына карата жаңылыш түшүнүк жашап келген. Бирок, азыр бизде бүткүл дүйнө жүзүндө сыноодон өткөн жана Кыргызстанда лицензиясы бар дарылоонун алдыңкы ыкмалары пайда болду. Бул оорудан жаш өзгөчөлүгүнө карабай, "On Clinicке" келгендердин 98 пайызы айыгууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгилеп кетти клиниканын уролог-андрологу Абдигапар Саттаров . Так диагноз коюп, ошол эле күнү коштогон оорусуна карабай дарылоону баштайбыз дейт. Анткени, туура диагноз коюлмайынча эч качан айыгууга мүмкүн эмес экенин тастыктады адис. Врачтын айтымында эркектердин бел суусунун бат түшүп калышын жана импотенттикти сакайтууда массаж жана операция деген илгерки ыкмаларды колдонбостон, замандын талабына ылайык Израилден, Австралиядан, Мексикадан, Япониядан "On Clinic" медицина борборунун түйүндөрүнө атайын эркектердин жыныстык оорулары үчүн даярдалган фирмалык эң акыркы үлгүдөгү заманбап препараттар жана дары-дармектер келет экен. Ал дары-дармектер аллергия кылбайт жана көнүмүш адатка айлантпайт. Түйүндөн тышкары башка аптекаларда жок экенин билдирди. Башка клиникаларга барып дарыланып бирок, натыйжалуу жыйынтык болбогон соң бизге келип айыгып кеткендердин саны көп дейт уролог. Менин көңүлүмдү жапжаш жигиттердин импотент дартына чалдыгуусу оорутат. Анткени, аларды бул дарт ата болуу бактысынан ажыратат эмеспи деп кейип да алды. Эркектердин эректилдик дисфункциясынын 80 пайызын кант диабети, кан басымдын жогорулашы, гипертония, атеросклероз, бөйрөк, боор оорулары жана элдин социалдык-экономикалык абалы себеп болууда деп түшүндүрүп өттү. Экинчи багыты- проктология- бул бөлүмдө медицина илиминин кандидаты Кыргызстандагы көрүнүктүү проктолог Эльдар Рафибеков иштээрин билдим. Эльдар мурда чет элдик журналдардан медицинанын алдыңкы технологияларын окуп акыркы үлгүдөгү заманбап жабдыктар менен иштөөнү самачу экен. Эми минтип "On Clinic" медицина борборунан заманбап техниканы иш жүзүндө колдонуп жатам дейт. Мына ушундай уникалдуу аппараттын күчү менен геморройдун биринчи жана экинчи этабын операциясыз оорутпай, сакайтууга болоорун, видеоаноскоп жана видеоректоскоптун жардамы менен түз ичегини 25 сантиметрге чейин карап, андагы жаңы козголгон ооруларга чейин майлардын жардамы менен оорутпай айыктырууга мүмкүнчүлүктөрү жетишээрин айтты. Ал эми "Сургитрон" аталыштагы ультразаманбап аппарат менен геморрой бурчугун 1-2 минутада алып салабыз деп таң калтырды. Келген бейтап ошол эле күнү оору дегенди унутуп, иш убактысын үзгүлтүккө учуратпастан, кызматына чыга берсе болот экен. Эң негизгиси, оор нерсе көтөрбөсө болду. 10-15 күндөп ооруканага жатып, операция жасаткысы келбегендер үчүн бул ыкма асмандан тилегени жерден табылгандай эле болот эмеспи. Мындай аппарат биздин республикада Эльдардан башка кесиптештеринде жок экенин да айтып үлгүрдү. Дерматология бөлүмүндө жогорку категориядагы врач Лола Алимбаева эмгектенет. Лола айымга кайрылганымда, бул бөлүмдө псориазды, экземаны, аллергияны жана ар кандай тери ооруларын айыктыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтты. Оорулардын 20 пайызын тери дарттары камтыйт. Анын ичинен кайгырып - капалануудан, нервденүүдөн жана тукум куучулук жолу менен пайда болгон псориаз оорусу айыкпоочу дартка кирет. Биз "Өлүк деңиздин" тузунан жана чөп-чарынан жасалган жагымсыз жыты жок Израилдин табигый майлары менен бейтаптын акыбалын 8-10 күндүн ичинде 40 - 50 пайызга сакайта алабыз. Ошондуктан, атайын тажрыйба иретинде 200 кишиге текшерүү жүргүздүк. Натыйжада, келгендердин бардыгы айыгып кетип жатышат. Бейтаптар дарылануудан өткөн соң дарты бир жылдан төрт жылга чейин козголбойт. Айыктырууга мүмкүн эмес оорулар үчүн бул убакыт эң жакшы көрсөткүч деп белгилеп өттү. "On Clinicтин" гинекология бөлүмүндө иштеген биринчи категориядагы врач Елена Бегалиева : гинекология багытында сезгенүүдөн, жатын моюнчасынын ооруларын дарылагандан тышкары, климакс мезгилиндеги кыйынчылыктан чыгарууга жардам берет. Ал эми эрозияны, полипти, кондиломду жана ушул сыяктуу башка кеселдерди "Сургитрон" заманбап аппараты менен жок кылышат. Бул аппараттын организмге эч кандай зыяндуулугу жок дейт. Анан да контрацептерди тандоодо кеңештерин беришет. Ошондой эле кичинекей кыздардын жана өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн аныктоого жана үйбүлө курууну пландаштырган айымдарга туура кеп-кеңештерин айтып, текшерүүдөн өткөрүшөт. Эң негизгиси, тазалыкка талап күчтүү, бардык колдонулган мед жабдыктар экинчи ирет колдонулбайт экен. Бейтаптар дарылануунун соңунда кайра текшерилип, ооруган жеринин сакайганын монитордон өз көздөрү менен көрө алышаарын аныктады. Гүлниза Молдокулова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|