![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №18, 01.02.08-ж. |
| | Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт Советбек Жумадылов Таланты жана өтөгөн кызматы менен эл-журттун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, театр жана кино корифейлеринин бири Советбек Жумадылов өзүнө өлбөс-өчпөс, түбөлүк эстелик тургузуп кетти. А биз, арсыздар, күнүмдүк тиричилик, бийликке күнкор болуп, Советбек аганын жаркын элесине эстелик тургузуп эскере албай келебиз. Айта берсе арман көп… Неси болсо да Сиз да бизди кечириңиз, Советбек агай… Жамал Сейдакматова, КРнын Эл артисти: "Советбектей талант эми кайра жаралбайт" - Биздин актерлор дүйнөсүндө өзүнүн талантынын масштабы жагынан илгертеден эле Муратбек Рыскулов номур биринчи актер делинип келинген. Ал кишинин көзү өтүп кеткенден кийин эле эң мыкты актер Советбек Жумадылов болгон. Эмнеликтен? Түшүнүктүү болуш үчүн мисалы, Сүймөнкул Чокморов баатырдык пландагы артист болсо, интеллектуалдык жагынан Болот Бейшеналиев, Арсен Омуралиев сыяктуу актерлор булар башка типтеги актерлорго кирет. Ал эми драмалык искусстводо эң оор жанр трагикомедия. Трагедиянын өзүн же комедиянын өзүн ойногон жеңилирээк. Ал эми трагикомедияны бириктирип чогуу ойнош чыныгы таланттуу актердун гана колунан келет. Мисалы, Чарли Чаплин ошондой артист болгон. Көрүүчүнү бир мезгилде күлдүрүп, ошол эле замат ыйлаткан. Биздин Советбек да ушунун деңгээлиндеги бийик артист болчу. Азыр чындыгында анын деңгээлиндеги артист жок. Дагы бир артыкчылыгы, Шекспирдин каармандарынын ички жандүйнөсүн, европалык темпераментин жеткире аткарууга бардык эле актерлордун даремети жетпейт. Советбекке Кудай таалам берип коюптур. Анын үнүнүн дикциясы кайталангыс. Үнү жасалма кооз болбой, нукура сезимге жуурулушуп кооз болуп, ташка тамга баскандай сүйлөчү. Бирок, тагдыр өзү кызык, чыныгы турмушунда жөнөкөйдүн жөнөкөйү болчу. Үй салып, дүнүйө, байлык чогултайын, атак-даңктуу болоюн дегенден такыр алыс болду. Билбейм, балдары да жөнү жок болуп калды окшойт. Турмушка мүнөзү ыңгайлашкан эмес да. Биздин артисттердин көбү эле ушундай да. Эртеңки күндү ойлобой бүгүнкү күн менен жашап, бул жашоодо жүрө беребиз да. Үй салыш керек, дүнүйө жыйнаш керек деген ой такыр баштан чыгып кеткен да. Ал: "А мейли атасынын көрү",- деп жүрө берчү. Ушундай улуу таланттын дагы бир кызыгы, искусство дүйнөсүнө кокусунан келип калганы. Бир окуу жайга тапшырып өтпөй калып, Ташкендеги театралдык институтка өтөбүз деп экзамен берип жатышкан балдарга кызыгып кошулуп жөн эле тапшырып көрүптүр. Дароо өтүп кетип, биздин ыраматылык режиссер Жалил Абдыкадыров, Гүлшара Дуулатовалар менен чогуу бүтүп келген. Советбектин чоң таланты 70-80-жылдары ачылып, эң мыкты ролдорду жаратты. Ошону менен бирге кыргыздын мыкты кинолоруна тартылып, андан ары өркүндөп -өстү. Айрыкча, Б. Шамшиевдин "Караш-караш окуясындагы" элин эзген канкор, ошол эле мезгилде жандүйнөсүндө эл-жерге болгон сүйүүсү бар манап Жараспайдын татаал образын жараткан. Негизи биз адам баласы жандүйнөбүз татаал, жакшы менен жаманды бирге алып жүрөт эмеспизби. Мына ошол нерсени бир эле учурда ачып берди. Бир гана өкүнүчтүүсү, таланттын толуп турган кезинде өтүп кетиши. Эрте өтүп кетишинин бир себеби - искусствонун гүлдөп турган мезгилинде өткөөл мезгилге учурап, башыбыздан оор учурду өткөрдүк. Эл искусствого көңүл бурмак турсун, өз жанын өзү бага албай дайынын таппай калды. Ошол учурда Советбекке окшогон адамдар кыйналып, өзүн-өзү жоготуп койду. "Эски жигулим менен базарга нан ташып, балдарды багып атам",- деп айтканы эсимде. Бардык артисттер ошол мезгилде эмнени гана сатпадык. Биз дагы эл катары ошентип жан бактык. Андан соң бир аз театрга деректир болуп иштеди окшойт. - Советбек агайдын ишин үйбүлөсү түшүнчү беле? Мыкты аялы бар эле. Кичине ичип койгонун да түшүнүү менен мамиле кылчу. Киного тартылып жаткан мезгилде сьемкага чогуу барып, тамагын таптап берчү. Советбектин мүнөзү жаш баланыкындай эле. Каш-кабагына карап мамиле кылчу. А кишинин көзү өткөндөн кийин Советбекке кара түн түштү. Бир жагынан өткөөл мезгилдин залакасы сүйгөн ишин токтотсо, бир жагынан түгөйүнүн көзү өтүп кетиши талаада калган тагдырдын жетим баласындай болуп, жүрөгү көтөрө албай калды окшойт. Атаңдын көрү, туякты Кудайдан эмнеге сурайт? Эң жок дегенде ата даңкын чыгарбаса дагы атанын атын өчүрбөй жүрүү милдет тура. Балдарынын жөнү жок болуп калды го. - Искусство адамдары ар кайсы жакка чилдей тарап кеттик дебедиңизби, агай менен кабарлашып турдуңузбу? - Мен "Тунгуч" театрын ачып, аны менен баш-аламан болуп жүрдүм. Ал экөөбүз көп ролдордо партнер болгонбуз. Мамилебиз дагы өлөр-өлгөнчө жакшы болду. Биртууганымдай, бир боорумдай көрчүмүн а кишини. Бир күнү каза болгону тууралуу кабар уктум. Өлгөнү тууралуу ар кандай ушак жүргүзүштү. Эң негизгиси, Советбекти жоготтук. Башка элдин таланттары өтүп кетсе артында калган журту кийинки муун билип калсын деп аракет кылашат. Биз болсо пендечилигибизге салып кемчилигин чукуйбуз. Элде айтып коет эмеспи "сулуу кыз менен күлүк ат элдики" дегендей, талант дагы элдики да, ошону сыңары Советбек да кыргыз журтунун кайталангыс таланты, байлыгы, кенчи. Муну эл билет. Бирок, мамлекет башчылары, маданият жетекчилери ойлонуш керек эле. Ушундай чоң таланттарды иштетип алып аягында эскерилбей эле талаада калып калышы кудайга жакпаган иш. Кийинки муунга кандай үлгү, тарбия көрсөтүп, эмнени талап кылабыз? "Элге кызматы өткөн таланттарды барктай албаган биздин иштин баркын билмек беле",-деп иштин жеңилин көздөп, искусствонун баасын, баркын жеңил кылып жатканына себепкер болуп жатпайбызбы. Бардыгына улуу муун күнөөлүүбүз. Бардыгын калыс айткан аксакал карыяларыбыздын да куну учуп, азыр калыс карыяны таппайсың. Ал жаш таланттарга үлгү болчу инсан. Мунун чыгармачылыгы эч кайталангыс . Чыгармачылынын жаш артисттерге үйрөтүш керек. Азыр үйрөтмөк турмак Советбек деген ат жоголду да. Ушундай трагедиялык тагдыр бардык актерлордун ичинен ушу Советбектики болду. Жайга койгонун коллектив барып койду дечи. Бул пенделик парзыбыз. Эмгегин баалап эстелигин тургузуш керек , жазыш керек, документалдык фильм тартыш керек эле. Ошонун бири жок болду да. Советбектин арбагынын алдында мен дагы карызмын. Эл-журтка , кийинки муунга Советбек жөнүндө айтуу менин милдетим. Кудай буюрса, өткөөл мезгилдин театрга, чогуу иштеген замандаштарыма тийгизген таасири жөнүндө сөзсүз жазам деп жүрөм. Биринчи ушу Советбек жөнүндө. Канчабыз талаада калып, канчабыз тагдыр менен күрөшүп, канчабызды тагдыр көтөрүп чаап, канчабыз тагдырды көтөрүп чаппады. - Экөөңүздөр алгач кайсы ролдо парнер болуп ойнодуңуздар эле? - Ал ушундай тамашакөй болчу. Бир күлсө токтобой эки бети кызарып, бакыраң көзү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп жаш агып солкулдап күлчү. Эшмамбетовдун "Эгиз бала" деген жомогунда жубайдын ролунда ойнодук. Мени сахнадан биринчи жолу көрүп атса керек. Сахнанын билимин албасам, тажрыйбам жок болсо керек, секирип-секирип уу-уу деп томполоңдоп чыгып келсем ал "уу-уу",- деп башындагы тумагы кыйшайып, эки көзү менен эки бети кыпкызыл болуп эки көзү чанагынан чыга жаздап, жаш агып сүлкүлдөп атат. Мен анын кебетесин көрүп, сүйлөмөк турмак эсим ооп жыгылып калдым да. Сахнанын ары жагынан "эй акмактар баскыла, чыккыла",- деп араң чыгарып кетишкени такыр эсимден кетпейт. Маектешкен Кыял Абдыраманова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|