Коомдук-саясый гезит
№18, 01.02.08-ж.



◄◄◄
  Эстутум

Муңдашым Асан кайдасың?
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асанкалый Керимбаев тирүү болгондо 10-февралда 58 жашка чыкмак. Минтип наамын кошо жазып жаткан себебим - анын эл артисти экени турмак, өткөн кылымдын 70-90-жылдары кыргыз музыка өнөрүндөгү эң популярдуу обончулардын бири болгонун билбегендер бар экен. Анан калса, азыр өзүлөрүнүн акылы жетпегенден, интернеттен уурдап алып, сөздөрүн чампалай койгон, улуттук колориттен куржалак "качыр" обондорду ойсоңдоп аткарган "жылдыздардын" жанында Асан "шоона эшпей" калды.

Асандын шору - башка обончуларга караганда жагымдуу да, жугумдуу да обондорун өзүнөн ашыра эч ким мукам ырдап бералбаганында. Ырас, бирин-экин ырдап жүрүшөт, бирок анын мукам, муңайым тембрин эч ким кайталай албайт. Аккардеонду безеленте ойногону деле анча татаал эмес, кайрууларды деле өзгөчө вариациялабайт, бирок ошо жөнөкөй жана мукам кайрыктар акылындагы эмес, жүрөгүндөгү муң-зар менен муңканып жуурулушуп чыгат. Мен биерде "акылындагы эмес" деп бекеринен баса белгилеп жатканым жок. Чынында эле кыргыз музыкасынын шедеврлери болуп калган "Кайдасың", "Ак булуттар", "Муңдашым Мунар кайдасың", "Көл баяны", "Акмаралым", "Периштем", "Сендей мага", "Тууган жер", "Каракөлдүн кыздары", деги койчу, элүүдөн ашык ырынын ар бири ушул тизменин катарында турууга татыктуу эле. Жаш курагына карабай ар бир угармандын көңүлүн жибиткен, аткарууга да, угууга да жугумдуу ошол обондуу (музыкада мелодиялуу делет) ырлардын мыкты жаралып калганына кээде акылы деле жетчү эмес (бул башы анча көп иштечү эмес дегендикке жатпайт, тескерисинче, тексттин мыктысын тандай билгенине караганда, азыркы алешем обончулардан төөчөлүк өйдө болучу), мындайча айтканда, гармониясын теориялык жаткан жиликтеп берүүгө даремети чектелүү эле. Ал көбүнчө жүрөгүнүн жетегинде жүрүп, илимге жугуму болбоду. Алиги мукам кайрыктар кайсы гармониялык эсеп-кысапка кирерин териштиргенге чамасы чак эле. Бирок ошого карабастан, гармонияны семичкедей чаккан көп композиторлордун чыгармаларынан алдаканча уккулуктуу обондорду жаратып таштады. Ошол мукам кайрыктардын баары башында эмес, жүрөгүндө бышып жетилип, анан бир маалда өзүнө ээ жаа бербей, кайрыктарын бири-биринен үзүп алалбай тургандай жипсиз кыраат менен оозунан куюлуп, аргендей мукам үнү аркылуу обого сыбызгып кетчү.
Жөнөкөй болсо да өзүндөй ырдап берүүгө даабагандан болсо керек, айтор, 1999-жылы 10-декабрда, 50 жылдык мааракесин белгилөөгө туура эки ай калганда бул дүйнө менен кош айтышып кеткенден бери Асандын ырлары канчалык мыкты болсо да, мурдагыдай көп аткарылбай, өзү эскерилбей келатат. Асандын бир шору ушул. Экинчиси - чыгыш элинде "аркаңа из калтыргың келсе, дарак тик" деген кеп бар. Асандын дарагы - артында калган ырлары. Бирок, аны көгөртүп багып турганга да киши керек. Асандын анысы деле бар. Аялы Дамиранын көртирликтен чолосу тийбесе, аттарын Рыспай Абдыкадыров коюп кеткен Канат, Санат, Жанат деген сомодой балдары турат. Көпкө чейин балалуу болбой жүрүп, ушу Дамираны алганда, ал катары менен үч эркек, Асан айткандай, "үч корбашы" төрөп берип, көксөөсүн сууткан. Асан өзү да: "Керимбай болуштун, силерче айтканда корбашынын тукумумун" деп сыймыктана айтар эле. Ошонун айынан кенедейинен сыртта багылып, куугунтуктун запкысын жеп калса да, болуштун тукуму болгонуна арданчу эмес, атүгүл ошо совет маалында эле ачык сыймыктанчу. Ошо Асандын "корбашыларынын" туну - КТРде үйбүлө лотосун алпарып жүрүп, кийин КВНге өтүп кеткен Асандын Канат деген баласы. Билген кишиге атасынан жуккан жөндөмү сезилип турат. Бирок…, бирок атасынын өңү өчүп бараткан атагы үчүн, артында калган ырларынын тагдыры үчүн күйгөнүн, анүчүн куурай башын сындырганын көралбадым. Асандын экинчи шору - ошол.
Кетментөбөнүн багына Токтогул төрөлүп калган экен. Минтип атын өчүрбөй алып жүрөт. Токтогулдун багына Тууганбай, Асан, Шахра, Гүлнур, Сыймык, Бек, Майрамбек, Элмирбек, Айбек, Райымбековалар сыяктуу огеле көп таланттуу жердештери бар экен, азыр музыка дүйнөсүн ошолор дүңгүрөтө басып турат. Алардын арасында Асандын карааны алыстап, аргендей үнү менен мукам ырлары карт тарыхтын бүктөмүндө муңуп барат. Албетте, "тулпар - тушунда" демекчи, жогоруда айткандай, ХХ кылымдын 70-90-жылдары Асан обончулардын алдыңкы сабында эле. Обондорунун көркөмдүк сапаты боюнча алиге жашай бере турган жөнү бар болчу. Керек болсо экинчи өмүрүн жашоого башка обончулардыкына караганда анда мүмкүнчүлүк кеңири эле. Бирок, сүрөөнчүсү келишпей, Асан азыр жүрөктөрдү эмес, буттарды тапыраткан обончу, аткаруучулардын тебелендисинде калып, чаң баскан бетин сүртүп койгонго жарытылуу киши чыкпады. Болбосо анын чыгармачылыгын жылына концерт түрүндө эскерип, керек болсо Асан Керимбаев атындагы байге коюлган сынак уюштурса болот болчу. "Кетментөбө" деген коом бар дейт, бул ошого кулак кагыш.
Асандын тагдырынын ушинтип калганы - өзүнөн да кетти. Канында болуштун тоңдоос бүртүктөрү ойноп турчу. Кээде жайдары, март болгону менен, ушунча бапыраган айлана-чөйрөсүнөн жалгыздыктын жылчыгын таап, жылт этип кирип кетчү да, эшигин кулпулап алып, өзүнчө жыргай да, куурай да берчү. Жыргаганы ушул - өзүн эжигейдей эзип отуруп, ошол азабынан кубулжуган обон сыгып алчу. Куураганы - те чоң атасынан бери келаткан куугунтук аны биротоло матап, анысы аз келгенсип, канында бар быркыйган мүнөз көп жерден тил табыштырбаган жалгыздыкка кептеп салган. Ошондой учурда "жандооч кийик аттырган" саналуу гана жолдошторуна барып, арыз-муңун төгүп, буркурап-буркурап ыйлап алган учурлары болгон. Ошолордун бири - акын Анатай - мүрканов. Көп учурда экөөнүн ою бир жерден чыгып, кыздардын жүрөгүн жибиткен ырларын карап отурсаң, сүйүү боюнча специалист экен, бир кызды сүйгөн экен дейсиң.
Арманы аттын башындай болуп калганда, Асан мага да келчү. өлөрдөн эки айча мурда келинчеги менен үйгө келип, ар нерсени сүйлөшүп отурдук. Ошондо сыртка тамеки чеккени чыкканда: "Бөкө, мен ушу эки айда өлөт окшойм" - деп дөөдүрөп жатпайбы. Мен да кучунашым кармап: "Коркпо, баягы тарткан "Кадыр түндү" сактап койгом, ал жетпесе 11-де-кабрда "Шерине" тартканы жатам. Обончу досторум менен аткаруучулардын башын бир кошоюн деп турам, ошого да чакырам, анан ошондон кийин өлсөң өлө бер"- деп, андан ашып түштүм. Ошондо баягы ортобуздагы көп калжыңдын бири катары эрөөн-терөөн албай тарап кеткенбиз.
Анан баягы убадам боюнча Асанды "Шеринеге" чакырайын деп, үйүнө 8-декабрда телефон чалсам, тили булдуруктап: "Бөкө, келбесең болбойт, жалгыз өлмөй болдум" - деп араң сүйлөп калыптыр. Убагында Асанкалый да обончулардын үчөөнүн бири болуп "Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген наам алды эле, шаардагы аларча бейитинен орун буюрбай, Кетментөбөнүн жолдон буруу көрүстөнүндө эч ким барбай томсоруп жатканынан улам айттым. Кудай акы, анын жалгыздыгы ошо бейитинен да билинип турат. Бирок, анын жалгыздыгы керт башынын, же денесинин эмес, жандүйнөсүнүн жалгыздыгы болучу. Кээде обу жок бирдемелерди сүйлөп, же обу жок таарынып, болбосо сырдакана жолдошторуна барып, буркурап ыйлап, бугун чыгарып алып, жерге-сууга батпагандай колоктоп калган. Мындай караганда арабызда кадимкидей жүргөнсүгөнү менен, жанын жабыркаткан ойлордун туткунунда өзү менен өзү болуп калган.
Жанын жабыркатып жүргөн жалгыздыкты бу дүйнөгө таштап, бизге берип үлгүрбөгөн ырларын өзү менен кошо ала кетти.
Соңку кездери негедир таптакыр эле жалгыздап калган. Жок, биз менен чогуу-чаран эле бапыраңдап жүрчү. Бирок, ошол шарактаган турмушунун артында биз секин сезген, өзү билдирбөөгө аракекттенген жандүйнөнүн жалгыздыгы жанын жабыркатып жүрчү. Аны мен өмүрүнүн соңку кездери чыгарган "Жалгыздык" деген ырынан улам эшиттим. Сөзү Шайлообек Дүйшеевдики экен, а деле жалгыз калып көргөн жан эмес эле, башына кирип чыкпагандан кийин, каапыр Асандын заказы менен жазганбы деп калдым.
Жар көчкөн өңдүү бүт жерде,
Жан кишиң калбай күткөнгө.
Жаралбай койбой не дедим,
Жалгыздык башка түшкөндө.
Ушул ыр Асандын чыгармачылыгынын жыйынтыгы болгон шекилди. Башка популярдуу ырларына караганда, анча деле мыкты эмес, бирок сөзүнө кунт коюп, муңканган кайрыктарды улап уксаң, бир арман тымызын сезилип турат. Ошол кездери чыгармачылык жактан мукурап, жаңычыл бир секирик жасай албай, балким, амирден болуп жаңы бир жакшы ыр келип калар деп турган чагы болчу. Анысына жетпей, жандүйнөсүн жабыркаткан жалгыздыктан жапа чегип кетти. Ага жалгыздык ыр болуп куюлуп келиши керек эле. Анте албай, ошол кыйналуудан муңдуу кайрыктарды саап алып келе ала албай, чарпылып, чачылып, өзүн жыйнай албай кете берди. Ошол ой ырында турбайбы.
Баткан күн калар, таң калар,
Балдарың калар, жар калар.
Дүңгүрөп турган атың жок,
Дүнүйөң түшкүр ал калар.
Бирок, жакшы ыр эч убакта өлбөй турганына, ал муун алмашкан заманда, элдик башаттын баркын билген урпактардын тушунда кайра экинчи өмүрүн сүрөрүнө, ошондо Асандын ысымы кайра бир жарк деп чыгарына бөркүмдөй ишенем. Анткени, ар бирибиздин жүрөгүбүздөн түнөк таап калган анын мукам ырлары замандаштарынын да, урпактарынын да кылчая карап, имерчиктеп турар, демек, эскерип турар ырбашат болуп калат.

Бөкөнбай Боркеев,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
27.01.2008.




  Тууган жер

Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим.
Ар дайым кубат жаныма,
Ак чокуң, мейкин түздөрүң.

Сууларың тунук агылган,
Бүткөндөй менин канымдан.
Учурган канат байлатып,
Уям сен жүрөк сагынган.

Мээримиң кимге теңелсин,
Мен үчүн атам-энемсиң.
Жакыным боорум тууган жер,
Жанымдан артык белемсиң.


Гүлгө
Бар тарабың бир гана сен
жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып.
Бактымдай мүнөт сайын сени
эстейм,
Баскан изиң башкалардан
кызганып.

Бирин-бири көрөйүн деп батыраак,
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратмаң
сыяктуу
Шайыр күлкүң уксам жарпым
жазылат.

Өзүңө деп гүлдү терип адырдан,
Өзүңө арнап ырлар окуйм
жазылган.
Кайсы күнү сылаарымды
билбеймин
Желден башка сылабаган чачыңан.

Жылдыз болуп, көзүң
турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм
дүрүлдөп.
Булбул бактан түнү бою тил безейт,
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп.


Сулууга
Кош жан эркем, кош дейсиң
деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба.
Жаш кездердей (ай) ынак сүйүү
жок экен
Отуз жаштын улам арткы жагында

Кош сүйгөнүм, коштошоордо
жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек
чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам
аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын
түлөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген (ай) сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу, от
чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген (ай) сүйүү эмес, бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден.


Ош түнү
Сулайман тоосу кош жүрөк анын
Суктандык ага кошулуп бары.
Жүзүңдөй жүзүң жүрөктү эзет,
Бир бетиң өпсөм бир бетиң калып.

Алдыда биздин болсун деп самап,
Ай калкып көпкө албырып барат.
Жутунуп жутуп ийчүдөй болуп,
Бир көзүң өпсөм, бир көзүң калат.

Окшотуп ошол тоодогу гүлгө,
Ойлонуп бастык Оштогу түндө.
Кармашып колду жаркылдап жүрсөк,
Келечек өмүр, келечек күнгө.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan