Президент болсоң шок бол

БАКИЕВ ЖАНА БАШКАЛАР
Күн өткөн сайын Бакиевдин хандыгы кубаттуу боло баштады. Ооба, президенттиги эмес, хандыгы. Анткени, анын бүгүнкү укуктары президенттигине караганда бир кездеги
Ормон хандын, болбосо Кудаярхандын укуктарына тең чамалашты.
Бул эмнени билдирет?
Бул деген Курманбек Бакиевдин бийликти кан - жаны менен сүйгөндүгүн, ошол бийликти колдон чыгарбаш үчүн баарына даяр экендигин жана да мамлекетти кезексиз, түбөлүк башкарам деген кайткыс тилегин билдирет. Кеп чынынан качан бузулчу эле, чын - чынына келгенде Бакиев азамат экен, бийлик чөйрөсүндөгү кармашка аябай тотукту, шартка жараша, керек болсо баатыр, бирде туруп куйту, анан барып эч нерсе түшүнбөгөн аңкоо да боло калып, кези менен каршылаштарын бирин-бирине жайлатып, душманын "дос" кылып, керекке жаратпай туруп айдап салганга да маш экен. Азанап турган айгырды биттеп туруп "эми секирип көр" деп айдап салгандай кылып, далай мыктысынган оппозиционерлерди "биттеп" таштады.
Ушу тапта Бакиевдин портрети ичи-тышы менен момундай: бийлиги чексиз, өзүнө ишенген, эч кимден коркпогон, чиренген бай, сөзүн эки кылдырбаган, мамлекетти "сол колу" менен эле башкарууга жарамдуу жана да көңүлдөгүсүн чыпчыргасын коротпой турмушуна ашыра алчу жан.
Бир кезде Бакиев да бирөөлөргө бел ийип, кызматын кылчу, кошоматын да унутчу эмес, анысын өтө кынабы менен билгизбегенге аракет кылып жасачу. Акаевдин этегине да дурус эрмешкен. Ошентип жүрүп, өлкөдөгү абалды дурус түшүнгөнгө, аны таразалаганга үйрөндү. Ошол Акаев бийлиги оголе кутуруп, акыркы күндөрүн көрүп жатканын сезген Бакиев төңкөрүштүн башында турду. Эпадам ал бийликтин дагы да жашай турганын сезсе, Бакиев эч качан төңкөрүшчүлөргө кошулмак эмес. Бул дагы чоң сапат. Мына ошол төңкөрүш учурунда, анан бийлик колго тийгенде өзүнүн айланасындагы соратниктерине баам салып, кимиси алакөөдөн, кимиси куу, кимиси өзү менен теңата болушу мүмкүн, баарын-баарын "чоттоп", кийин ошол баамына жараша аларга турмуштагы орундарын таап берди. "Өлүп көрүптүрмүнбү, эмне" дегендей, Бакиев президент болуп көргөн эмес, бирок президент кандай болуш керек экендигине акылы жеткенсип калган. Туурасын айтканда, кандай болбош керектигин жакшы түшүнгөн. Анткени, Акаевдин жанында көп жүрдү, көп жыл чапты камчысын. Ак көңүл, бир туруп ачкөз, оома, аялынын күйөөсү, көзүн май басканын байкабаган, акылынан билими озуп турган Акаев Бакиевге чоң сабак болду. Акаев көпчүлүк соратниктерин өзүнө теңата да кылып алчу. Аны байкап, калчап турган Майрам апчебиз, кечиресиз, Болжурованын "карачечекей апчеси" президентке теңата болгондордун ордун көрсөтүп турчу. Бул учурду да Бакиев көңүлүнө бекем түйгөн. Ошондон улам, азыр Бакиев бир дагы санаалашынбы, соратнигинби теңата кылбайт, аны беркилер да сезип калышты, Татьяна жеңебиздин таасири азырынча орчун эмес, башка "жеңелерибиз" болсо билбейбиз. Окугандар көп эле болсо керек, Александр Дюманын "Королева Марго" деген романында феодалдык коомдогу француз королунун Лувр сарайындагы көралбастык, карасанатайлык, ачкөздүк, жүзүкаралык ж.б. көрүнүштөр эң сонун сүрөттөлөт эмеспи. Ошондо момундай жери бар: Франциянын королу Карл бийлиги коркунучта калганда тажрыйбасы мол, тайманбас карыган адмирал Колиньини кучактап, өкмөт менен армияны башкарып бериңиз дебатып, ошол эле учурда аны кантип өлтүрүүнүн жолун ойлойт. Бакиев Кулов менен Атамбаевди кучактап жатканда король Карл сыяктуу өлтүрүүнү ойлобосо да, бийликтен жоготууну ойлогондур. Ооба, Бакиев кучактап, күлүп-жайнап туруп эсебин тапканды эң сонун өздөштүрдү. Дюманы көп окуганбы деп калам. Кулов, Атамбаев демекчи. Кулов көп жыл "темир генерал" деген жалган наам менен жашап келди. Анын "темир генерал" экендигинен аздап шек алып жүрчү элек, анын даана жүзүн Бакиев ачып берди. Ачып гана бербестен, "темир" дегениң жөн эле отундук жыгач экендигин айгинелеп да берди. Ал эми эл мүлкүнө аябай кол салганын, байлыгы өлчөөсүз экендигин Топчуке Тургуналиев эң жакшы айтып берет, аткези жок. Атамбаев адабиятка шынаарлап жүрүп эле бир күнү 2-3 заводду ээлеген олигарх болуп чыга келди. Бул жигиттин түпкүлүгүндө "бунтардык" мүнөзү деле жок эле, ага бу маанайды бийлик жасап берди - байлыгына шек келтирип, текшерип, бийликке аралаштырбай. Анан эле Атамбаев элдешкис оппозиционерлердин катарына кошулду. Ал, маселен, Ө.Текебаев, болбосо М.Эшимканов баскан оппозициянын опурталдуу, керек болсо өтө коркунучтуу жолун баспай эле туурадан кошулду. Оппозиция короосуна жакшы кирип, жакшы баада жүрдү. Түз жүргөн, эки сүйлөбөгөн, элинин тагдырына чындап күйгөн жигит болуп, эл баасынын жакшы пикирине татыды. Көрсө, ал жигит андай эмес экен, бийлик, байлык үчүн бардыгынан кечип кетет экен. Бакиев мунун да жүзүн дааналап ачып берди. Ачканда да шылдыңдап, Атамбаевдин өзү айткандай, накта "политический труп" кылып, жолуна салды. Оппозициянын күчү ашып-ташып, апогейине жеткен убагы 2006-жылдын 2-10-ноябры эле. Оо, анда Текебаев, Байболов, Сариев, Эшимканов, Бекназаров, Атамбаев, Бабанов, Иманалиев ж.б. митингдин башында туруп, ар бири 10-15тен жансакчы ээрчитип, ары бир удургуп, бери бир удургуп, трибунаган кезектеше чыга калып: "Бакиев, кеттен" кумары канганча кыйкырып, аларга убагында Гитлерге немис эли ишенгендей ишенген кыргыз элинин канын кызуулантып, буулуктуруп, дүргүтүп турушту. 6-ноябрда Кулов келип кошулмай болуп, мурунку түнү сүйлөшүп, эртеси "тандемди кыя албайм" деп, Бакиевдин жаны калган сыяктанган. Эми ойлосом, ошондо Куловду оппозицияга кошултпай, тандемин кыйдыра албай койгон да Бакиев тура. "Антимитинг" дегенди чыгарып, түштүктүктөрдүн куудулунан бандитине чейин жыйып, Тургуналиевди күнү-түнү сайратып койгон да Бакиев болчу. Анан да сөзү элге гана эмес, милийсанын көбүнө өтүп турган Өмүрбек Субаналиевди министр кыла коюп, абалды оңдоп кеткен да Бакиев эле. ИИМге кийин Ногойбаевди алып барды. Ал менттин "ал" дегенди алып түшчү сапатын билип алып барды. Бакиев жаңылбаптыр, Куловдун затынан аты чоң митингисин чилдей тараткан Ногойбаев болду. Ал планды Ногойбаев жана да Акүйдүн бир билерманы иштеп чыгышкан. Ошол кездеги "Кыргызмунайзат" дегенде иштеген жигиттерди провокаторлукка окутуп-чокутуп туруп, митингичилер катары Ногойбаев өзүнө кол салдырып атпайбы. Ошондо Ногойбаев "Мага кол салуу болубатат" деп милийсасына гранат ыргыттырып, резина ок аттырып, митингди таратпадыбы. Бул сыр дагы да терең айтылат бир күнү. Эми ошол Ногойбаевиң, өмүр бою кожоюнуна кызмат өтөп, сүлкүлдөп өмүр өткөзөм деп ойлогон Ногойбаевиң, элин эки тыйынча баалабай койгон Ногойбаевиң үйүнөн чыга албай жатат. Кожоюнуна жанын берчүдөй кызмат кылып, "алигисин" колу менен өлчөй элге көрсөтүп коркуткан Суталинов тарыхта калды, ошонусу менен аны кызмат кылдырган да Бакиев. Эми ошол 2006-жылдын ноябрындагыдай бийликти алып түшө тургандай митинг болбойт. Анткени, андагы оппозиция анабашыларынын бир тобу бийликке сатылды, бир катары жанынын тынчын көздөп кетти, буга кошумча оппозиция дегендин баркы кетти, эл ишениминен ажырады. Муну да Бакиев жасады. Акаевге аябай кызмат өтөп, анан эми Бакиевге андан өткүрө кызмат кылып жаткан Медет Садыркулов Бакиев жасаган тескери иштердин күнөөкөрү, себепкери катары көтөрүп-чабууну кийинки убакта бир топтору көнүмүшкө айландырып алды. Ии, кеңешин берет экен,бир татаал кырдаалдан чыгуунун жолдорун да табышат экен. Тарыхта ар бир король менен хандын, диктатор менен президенттин, биринчи секретарь менен премьер-министрдин кеңешчилери болгон. Алар акылдуу, куу, кожоюнуна берилген адамдар болгон. Кандай болгон күндө да акыры келип эле чечимди баары бир падыша чыгарат. Баарын Садыркулов кылып жатат дегендерге айтат элем, жок, Садыркулов кеңешин айтып жатат, баарын Бакиев өзү кылып жатат деп. Ал маселедеги чындык ушул.
"Өпкөсү жок, өпкөсү чоң" сыяктуу сыпаттама берип келүүчү казак элинин уулу Медет мырза "саясий оюндардын" накта профессионалы экен, Бакиевдин жанынан орун издеген менменсинген нечен кыргыз жигиттеринин шешесин таанытып таштады. Бу анын жамандыгы эмес, кыйындыгы деп билели. "Силер саясатка аралашып кеттиңер, аныңарды токтотуп ишиңерди аткаргыла" деп Бакиев министрлерин ж.б. кызматкерлерин көп зекийт. Анысы туура. А бирок, өзү жалаң эле саясий кармаштан колу бошобой жаткандай.
Бакиев бийлик жүргүзгөнү жакында үч жылга толот. Бирок анын жасаган орчун иши жок болубатат. Өлкөгө кардиналдуу өзгөртүү киргизүү керек деген сөз ооздон чыкканы менен ал жагдайда аракеттер байкалбайт. Бийликке келип, өлкөсүнө жакшылык алып келчү адам бир эле жылда билинет, а бизде үч жылда да үрүл-бүрүл болуп турат. Биздин мээбизге куюп, орнотуп таштаган эмеспи, Испаниянын диктатору Франко, Чилинин президенти Пиночет экөө өз элинин душманы, элин куураткан деп. Ал эми тарых чындыгы болсо, экөө тең бийликке келгени өлкөлөрүн гүлдөткөн экен. Муну неге айттым? Кыргызча эле жөнеле. Бакиев оңой адам эмес. Ошондо момундай суроолор туулуп кетет: эмне үчүн күндөн-күнгө күчөп жаткан коррупциянын тамырын кыркпайт, эмне үчүн эл менен жердин бүтүндүгүн сактоого жан үрөбөйт, эмне үчүн демократиялуу деген өлкөдө адам укуктары көз көрүнөө тепселет, эмне үчүн бир ууч кыргыз эли бай жана кедей деп эки тапка бөлүнүп жашап жатат, эмне үчүн?!
Бакиев каршылаштарын жай-лоого кетирип жаткан энергиясынын жарымын ушул багытка бурса, анда ал чыныгы президент болуп, тарыхта калат эле. Оппозиция маанайындагылар Бакиевди бир жактуу сынга ала беришин каалабайт элем. Андан көрө бүтүндөй бийликти кынтыксыз ээлеп алган жолун үйрөнбөйсүңөрбү дейт элем, акча таратып, митингге чыгарган оңой, акча жетиштүү болсо, эгер акчасыз таза ишеним менен элди чогултуп, бийликтин туура эмес иштерине акаарат айттырсаңар, анда накта оппозиция салтын уланткан болосуңар, ошондо майнап чыгат. Ушул азыр оппози-циядагыларга эки негизги нерсе жетпей турат: биринчиси - кандай болгон күндө өлкөнү материалдык да, моралдык да кризистен алып чыгуу керек, билбейт, экинчиден - элди акчасыз ээрчитүү жолун табыша элек. Ал эми "Бакиев, кет!" дегенден Бакиевиң угуп, кетип калбайт экен.
Ушу жазда калган-каткан оппозиция биригип, жүрүштөрдү жасап, митингдерди уюштурмакчы болуп турушат. Анын алдында артка кылчая карап, кетирген мүчүлүштүктөрдү көп жолу таразалап, анан гана аракетке өтүшү зарыл...

Баратбай Аракеев