№18, 01.02.08-ж.
  Эңшерилген электр

Өлбөгөн жанга жаз да келет. Анысы менен Ороңгусу да кошо келет
Быйылкы кыш кыйын болду. Суук сөөктөн өтүп кетти. Билгендер, көп жашап, көптү көргөндөр быйылкыдай суук акыркы кырк-элүү жылдын аралыгында болуп көрбөгөнүн кеп кылышат. Кыштын кылчылдаган чилдесинде, айтпаса да белгилүү, энергокеректөө муктаждыгы болуп көрбөгөндөй өстү. Анан кантишсин, элдин мындай суукта ишенген көзгө басары электр болуп калат эмеспи.

"Электр станциялар" ОАОсу билдиргендей, кыйын-кычыктуу суу-энергетикалык режими түзүлдү. Жумшартып айтып жатышат. Ырасында энергетикалык кризис башталганы анык. Электрөндүрүү өлкөдө максималдык деңгээлге жетип, суткасына 67-68 кВт/саатка чейин чаап чыгып кетиптир. Борбор калаада бүтүндөй бир чөлкөмдүн свети өчүрүлүп, электроприборлорго күч салып, эптеп жылынайын деген элди кур жалак калтырып, суукка тоңдуруунун демейдеги ит адаты кайра башталып кетти.
Анын үстүнө квартираларды жылытуу милдетин моюнуна көтөргөн Бишкек ТЭЦинин нормалдуу режимди камсыз кылууга алы келбей калганы ачыкка чыкты. Кайда барбагын, кайсы үйгө кирип көрбөгүн, квартиралар түндүк уюлундай болуп суук. Жада калса, ЖКнын "Ак жолчул" "чөнтөк" депутаттары чыдабай кетип, даттанып жибергенге барышты. Эл болгон төшөк-жамынчыларына, чапандарына кумтуланып, ошонун аргасы менен кыштан чыгып кетербиз деген үмүттө. Кайда барбагын, калктын даттанганы эле -демейдегиден тыш квартиранын муздактыгы, жылытылбаганы, бөлмөлөрдөгү сууктан жаш балдар менен кары - картаңдар туумого чалдыгып ооруп чыгышканы. Элдин тоңуп жатканына карайбы - Бишкек ТЭЦи квартираларды жылытууну толук, кынтыксыз камсыз кылган деңгээлдеги жылдагы акысын элден жакалап туруп төлөтүп алышат. Бөлмөдөгү температура норма боюнча18 градустан төмөн болбошу керек. Ал жылуулук камсыз болбогонуна, караандап койбостугуна баары эле күбө болуп бере алар. Кээ бир тапандар ТЭЦтин элден талап кылган тарифи, жармысы кертиле тиштелип калган самсаны базарда накта өз бүтүн баасында сатып жаткандай иш болду дешип какшыктап жатышат. ТЭЦ ага карайбы… Кулактын сыртынан кетирүүдө. Уялып да, тартынып да койгон жери жок. Көз көрүнөө көз боемочулук менен зордук кылып жаткандарын баары билип турушат. Бирок, чыдоого аргасыз. Айла жок. Жылуулукту бууп коюш оңой.
"Северэлектро" бөлүштүрүү компаниясы жабдуулар иштен чыгып кылбасын деген шылтоону бетке кармап, электроэнергияга оорчулук келген кечки жана эртең мененки маалда пландуу түрдө светти өчүрүүгө аргасыз болуудабыз дешет. Ырасына келгенде анысы карандай калп. Каалаган учурда өчүрүшөт. Свет качан өчөөрүн бир Кудайдан жана эсирип кеткен "Северэлектродон" башка эч ким билбейт. Капысынан жалп этет да турат. Бурчамыңды келтирбейт. "Северэлектрого" толук күнкорсуң . Алардын үстүнөн Кудайдан башкасына даттана да албайсың. Энергокеректөөчү элди энергетиктердин жазыксыз жерден кордоосу адатка айланган. Бара-бара бышы кулак болуп бараткан түрүбүз бар. Аларың эч кандай веердик өчүрүү болгон жок деп карандай танып, калпты каратып туруп айтса дагы чын болуп чыгат. Ошолордун мөөрөйү үстөм. Өкмөттүн пресс-кызматы премьерге шилтеме жасап: "Из-за погодных условий резко выросло потребление электроэнергии населением, что приводило к автоматическому отключению подстанций, не рассчитанных на такую мощность. Между тем, работа по обеспечению населения и субъектов электроэнергией по всей республике велась непрерывно, и в целях равномерного распределения электроэнергии на короткий промежуток времени потребителям планомерно и поочередно отключали электроэнергию" деп билдирди. Арийне, анысына чоң ишеним артып жибере албайсың. Адаттагы тил эмизүүлөрдүн бири. Анткени, баарыбыз билип турабыз-- энергия менен калкты камсыз кылууда ырааттуу иш деген болгон жок. Энергетиктер билгенин жасашты. Башкасын айтпаганда да шаардын чет жакаларындагы жаңы конуш деп койчу райондун эли эки-үч күндөп свети жок отурушту.Эл энергия менен толук камсыз болду деп айтуу - бери болгондо чекилик.Анан Кыргызстан электроэнергияны иштеп чыгууда Борборазияда биринчи орунда турабыз деп коебуз. Кырданып десең. Кайсы арыбызга? Ошол эле кезде коңшу Тажикстанга карыз деп 11 млн. кВт/саат электроэнегргияны бере турган чечим чыгарып таштадык. Карызды апрел-май айларында 55 млн. кВт/саат кылып кайтарып алат экенбиз. Дегеле бизде ар болсо буюрбасын. Шаарларыбыз менен кыштактар тоңуп жатканда башкаларга арачы болуп. "Эчки тууй албай жатып койго арачы"…
Кыргызстанда мыдыр эткен генераторлор ишке салынып энергия иштеп чыгуу үчүн сууну кое берүү акыркы чекке жетиптир. Көзгө басар Токтогул суусактагычындагы суунун запасы күн сайын 30 см. төмөндөп жатканы билдирилет. Токтогул суусактагычында өткөн жылы суунун көлөмү 9,3 млрд.кубометр болсо, азыркы учурда ал бар болгону 4 млрдды гана түзүп калганы кабарланды. Демек, электроэнергияны жылдагыдай иштетип чыгаруу кыйын. Андай мүмкүнчүлүктөн айрылдык. Кеңири масштабда электр өндүрүү үчүн суунун топтолгон быйылкы көлөмү жол бербейт. Ошондуктан, энергетикалык кризиске кабыларыбыз, кризис мындан да тереңдээри кадиксиз. Аны бөркүңдөй көрө берсең болот. Мындан сырткары жаз келип, сугат иши башталат. Ошондо суунун тартыштыгы чыгат эмеспи. Коңшу Өзбекстан, Казахстанды сугат суу менен жабдып турган Кыргызстандын ортосунда өз ара кыжың - кужуң кептер чыгары турулуу иш. Бул айтылып жаткан кыйынчылыктар алдыдагы, келечекте боло турган иш дечи. Азыркы түйшүк--кыштан баш аман, боор бүтүн чыгып кетүү.
" Өлбөгөн жанга жаз келет" дейт эмеспи. Баш аягы үч-төрт күн болуп калды, 26-январдан баштап күн жылый баштады, Кудай жалгап. Үмүтсүз шайтан демекчи--ушуну менен кыштан аман-эсен чыгып кете турган көздөнүп калдык деп, белди бекем бууган үмүт шооласы жанган. Квартирадагы муз менен денедеги тоң жибий баштаган эле. Мындай кезде өзүңдү кадыресе адам катары сезе баштайсың. Адам бардыгына чыдайт дешет. Кыйынчылык тез унутулат эмеспи. Февраль айында кайрадан ызгаар басат деген каңырыш сөздөрдү тыңшагың келбей, кол шилтеп салып, этегиңди күүп басып кеткиң келет. Айткандын оозу жаман…
Үйдө эч нерседен капарым жок жайма-жай иштеп жаткам. Редакциянын тапшырмасы бар - аны убагында аткарбаса болбойт. Уят болуп каласың. Бир маалда-18-январь, дүйшөмбү күн эле, саат 12 ге чамалап калаган болчу, свет адатынча т.а. капысынан жалп этип өчүп калбаспы. Күтүүсүз жерден өчтү. Станционардык компьютердеги түнү бою жасаган ишим талаага кетти. Себеби, камсыз турган элем. Свет капысынан өчөрүн күткөн эмесмин. Камындырбай өчкөндө компьютердеги жаңы жазылган материалдар да өчүрүлүп калары, жоголуп кетери белгилүү. Атайы алдын ала чара көрбөсөң, жазып койгон материалдарың компьютердин эс тутумунда сакталбайт. Мындайды күткөн эмес элем, катуу өкүнүчтө калдым. Оозунан алдыргандай болуп - эртеден бери баш катырып жасаган эмгегинен кол жууп калса, ким эле кыжаалат болбойт дейсиң. Адатта электричество прайм-тайм деп койчу учурда б.а. эл иштен келгенде же кызматка кетер маалда өчүрүлчү. Бул жолкусу жай отурган кезде болду. Ичимен, калп айтпайын, энергетиктерди ашатып алып, кийинип эшикке чыккам. Көрсө, инспекторлор (контролер) өчүрүшүптүр. Дамаамат светтин акчасын доолап, Кудайдын куттуу күнү жакалап, кол коюп бер, төлөп бер деп туруучу инспекторлор быйылкы суукта негедир белгисиз жоголуп кетишкен. Дымы чыкпай калышкан. Кулак-мурун тынчып калган эле. Күн жылый баштабадыбы, кайра пайда болушуптур. Азыркысы жаңылардан экен. Өзгөчө сөөлөт күткөндөр болуп чыкты. Кол баладай болгон электрикти жумшап коюп, өзү машинеде чалкалап отурат экен. Жанында шоопуру бар. Мингендери кычыраган машине. Свети өчүрүлгөндөр чуркап келгенде аларга мурду менен бир тиет экен. Кудум эле Манастагы Ороңгунун өзү ("Ороңгу келет ороңдоп,кычкачтай кычы чачынан отуздай чычкан сороңдоп" делинет эмеспи). Инспектор узун туурасы тепетең келишкен, балжайган сары аял. Үнү дагы башкача, чаркырап. Жүргөн турганын баары кадимки НКВДнын так өзү… Ошолорду элестет десең.
Учурашкандан кийин светти эмнеге, эмне себептен өчүргөнүн сурай баштадым. Салам дубай деген жок, бир гана сураганы кайсы квартира дегени болду. Сенин карызың 147 сом, төлө дейт, башка сөз айтпайт. Анча деле чоң акча эмес экен, айлыктан айлыкка чейин жашаган элбиз, бир аз күтө албайсыңарбы десем уккусу жок, билбейм, төлө дейт бир билген сөзү. Жүйөөлөшөйүн десем карызым өсүп баратат, 147 сом эле 250 сомго чыгып кетти. Кайдан алып кошо койгонун билбейм. Айла жок, макул дедим. Үйдөн акча алып чыгайын ага чейин электрик балаңыз светти туташтырып турсун деп ээрчитип алып үйгө келдим. Электрик балага компьютерди көргөзүп, жөн жайын айтып, өчүрсөңөр да бир ооз эскертип коюуга милдетүү элеңер деп түшүндүрдүм. Түшүндүбү же жокпу, билбейм. Ошол сөздү тиги инспектор аялга айтайын деп акчаны алып эшикке чыксам анысы сөз жуута турган көрүнбөйт. Аты-жөнүн сурасам айткысы жок. Бир сөзү жадыбалдай жаттап алганы-төлө. Эшикке диктофон менен фотоаппаратымды ала чыккам. Журналисттердин "инстурменти"… Сурөткө тарта баштасам эшигин карс эттире жаап куйругун шүйдү, качып кетти. Төлөйүн деген акчамды алган жок. Ажылдап сөгүп кетти. Арга жок узатып кала бердим. Ороңгусу го ороңгу, бетме бет келгенден, чындыктан эмне тайсалдашат деген ой кетет. Же алардын көнүмүшүбү, адамды ыза кылып таштап баса берүү. Ар кимге кыянаттык кылып жүрүп көнүп алышканы билинип турат. Кемтик комплекси барлар, неси болсо да.
Кыш чыкты, сууктун мизи кайтты, эми карыздарды кага баштаса болот деп чечкен өңдөнөт "Северэлектро" компанияң. Ошон үчүн инспектор-жасоолдорун күн жылый баштар замат жойлотуп жиберди да...Аларың болсо адамгерчилик,сый мамиле дегенди, түшүндүрүү иштери дегенди билишпейт экен. Ага чүчкүрүп коюшпайт. Кор болуп ыза тартышкандар болсо, баягы эле шордуу энерготоварды пайдалануучулар. Экинчи жагынан, түшүнүктүү дечи, өлкөнүн энергетикалык системасы жакында дүңү боюнча менчикке сатылат, приватташтырылат эмеспи. Ага чейин калган-каткан карыздарды кагып өндүрүп, келечектеги кожоюнга "жүзүбүз" жарык барышыбыз керек. Туурабы?

Үсөн Касыбеков
P.S. Oшо күнү эле аялымдын ишине телефон чалып "карызды" төлөдүк. Запасы менен 300 сом кылып төлөдүк. Ороңгудан сестенип калган жайбыз бар да, кантсе дагы. Асыресе, кыш боюнча кылчылдап чыкканга, ага кошул-ташыл ороңгу-инспекторлордон жазыксыз жерден кагуу жеп ыза тарткандыгым үчүн моралдык, моралдык гана эмес финансылык чыгымдардын ордун ким толтурат? "Северэлектро" керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн, моюнуна тагылган милдетти аткарбаганы ачык экендиги, аткарайын деген оюнда жок экендиги жалганбы? Экинчи күнү "Түндүк электр" ААК деп өздөрүн аташкан "акча каккычтарга" телефон чалдым. Телефон номери: 60-39- 63. Сөзгө келишпейт. Буйтаңдатышат. Айтымдарында мен сураган контролер-ст. инспектор Бабаева Чынара экен. Чын айтыштыбы же тил эмгиздиби-алардын уят-сыйтында калсын.

P.S.S.
Газетанын планында турган ишти жогоруда айтылган себептерден улам аткара албай калгандыгым үчүн редакциядан кечирим сурайм.