Коомдук-саясый гезит
№18, 01.02.08-ж.



◄◄◄
  Сөз кадырын билгендерге

Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген…
Жайсаң Үмөт уулу:
Ааламды чексиз сүйүү кармап турат, Болбосо калмак баары небак кыйрап.
Туптунук акыл жаткан мөңгү катмар,
Толуктайт бөксөргөнүн тирүү жандар.
Жалынса аруу дилде Жаратканга,
Сүйүүдөн акыл толот катмарлана.
Пенделер аруу сүйгөн кең Ааламды,
Кыйроодон сүйүү менен сактайт аны.

Өтө Көкө уулу:
Адырдан качкан бөкөндөй,
Чуркап барат замана.
Адал менен арамды,
Ылгап барат замана.
Жакшы менен жаманды,
Сынап барат замана.

Калыгул Бай уулу:
Кийин келер бир заман,
Билбей калар кээ наадан.
Аяк адам баш болор,
Баш адамдар жаш болор.
Ал өңдөнгөн заман жок,
Көрүп өлсөк арман жок.

Барпы Алыкул уулу:
Келериңде, дүнүйө,
Сууну арыкка бургандай.
Төрүңдө жолборс тургандай,
Кетериңде, дүнүйө,
Арыктын суусун тарткандай,
Жолборсту капкан чапкандай.

Кусейин Карасаев:
- Максатсыз жашаган адам, сууга аккан дөңгөчкө окшош.


Асан Кайгы:
Эстүү болсо башчыңар,
Кары да болсо жашсыңар.
Акылсыз болсо башчыңар,
Муздап турган ташсыңар.
Хан болсоң элге адил бол,
Эл менен агат бу бир жол.
Баатыр болсоң туура бол,
Баатырлык деген улуу жол.

Молдо Кылыч Шамыркан уулу:
Көпкөндөрдү көргөмүн,
Көпкөндөрдүн түбүндө,
Көзүнөн учуп арачы.
Көп бергенин көргөмүн,
Зор болгонду көргөмүн.
Зор болгондун түбүндө,
Ичерине аш таппай,
Кор болгонун көргөмүн.

Байзак баатыр:
- Жылынып жүрүп, күндүн баркын билбейт экенбиз: "Чыгыштан чыкты, батышка батат", - деп. Жашап жүрүп, жердин баркын билбейт экенбиз: "Тоосу таш, түзү топурак", - деп. Ичип жүрүп, суунун баркын билбейт экенбиз: "Жутса муздак, кайнатса ысык", - деп.

Арстанбек Буйлаш уулу:
Жаз күнүндөй жаркырап,
Күз күнүндөй күркүрөп.
Жалтанбай топто сүйлөсө,
Бул,жаштыктын белгиси,
Жаш улгайып калганда.
Жаштан мыкты чыкты деп,
Жаш жолборстой ыктуу деп,
Ар кимдин келет көргүсү.

Ныязалы Борош уулу:
Аксылыктан "Арсар күү",
Атын таап черткенге.
Абдан жакшы арзан күү,
Черте албаган адамга.
Эң бир оор сарсаң күү.

Байымбет Абдрахман уулу (Тоголок Молдо):
Таалайыңа кез болуп,
Табылса жакшы ургаачы.
Жакшы катын дүйнөнүн,
Табылбай турган урматы.
Эрегиш кылбайт эрине,
Бу дөөлөтүңдүн зыйнаты.

Түгөлбай Сыдыкбеков:
- Кубатсыз калуу - асыл нерселерден ажыроо, ыплас нерселерге кул болуу.

Иса Ахунбаев:
- Жазуучуңдан башкалар турмушту ойлобойт бекен. Ойлойбуз, биз деле! Сокур ичек болбосо, чурку түшпөсө, өпкө бүтүн болсо, итиңдики дейбиз. А силер ыр эле жазсак, ыр эле жазсак, анан акча алсак дейсиңер.

Даярдаган Мундуз Асаналиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan