№18, 01.02.08-ж.
  Аалам "ааламда"

Орусия ажосунун шайлоого карата тапшырмалары
Владимир Путин Россия Федерациясынын Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул жыйында өлкөдөгү терроризмге, коррупцияга каршы күчтөнүүгө чакырды. Мындан тышкары келе жаткан президенттик шайлоодо мамлекет ичиндеги коопсуздук абалды жөнгө салууну тапшырды. Бул үч маселенин тегерегиндеги иш-чаралар кыска убакыт аралыгында жыйынтыгын көрсөтүшү керек дейт. Путин өзү бул тармакты чагып келгендиктен, болгон көйгөйлөрүн чечип берээрин баса белгиледи.

Маккейн Флорида штатынан эң көп добушка жетти
Америкада өз партиясынан президенттикке талапкер болгусу келген саясатчылардын сынак шайлоо жарышы уланууда.
Флорида штатында республикачылардан аризоналык сенатор Жон Маккейн партиялаш атаандаштарынан озуп чыкты. Добуштарды бирден санап бүткөндө республикалык партияны жактаган флоридалык шайлоочулардын 36 пайызы сенатор Жон Маккейнди колдошту. Анын партиялаш башкы атаандашы Митт Ромни 31 пайыз добушка ээ болду. Атаандаштарынын, ишеним көрсөткөн шайлоочуларынын саны эки эсе аз экени аныкталды.
Флоридага Нью-Йорктун мурдагы шаар башчысы Рудольф Жулиани өтүп кетээрине ишенишкен. Бул шайлоодо тилеги акталбаган соң ал республикалык партиянын жарышынан биротоло чыгып, Рудольф Маккейнге кошоматтанып, колдосомбу деп ойлоно баштады. Мындай чечимин ал Калифорния штатында жарыя кылат жана өз тарапкерлерин Маккейнди колдоого чакырат деген жоромолдор бар.
Маккейн мыйыгынан жылмайып туру. Байкоочулар бир ооздон республикалык партиянын Маккейиндин мүмкүнчүлүгү артканын айтып чыгышты. Маккейн Флорида штатында тарапкерлерине кайрылып, "өз партиясынан президенттикке талапкер болоорун" билдирди. Сенатор "жалпы улуттук шайлоо" деп 5-февралдагы "чоң шейшембини" айтып жатат. Бул күнү республикачыл партия 21 штатта өз талапкерлерин шайлоочулардын жана партиялык активисттердин сынынан өткөрөт. Флоридадагы сынак шайлоонун башкы мөөрөйү демократиялык партиянын талапкерлери арасынан сенатор Хиллари Клинтонго тийди. Анын партиялаш негизги атаандашы сенатор Барак Обома, Клинтондон эки эсе аз добуш алды. Демократтар өздөрүнүн бул штаттагы сынак шайлоосун мөөнөтүнөн эрте өткөрүштү. Ошондуктан, бул жердеги жеңиш талапкерлердин жалпы эсебине кошулбайт. Ошентсе да, Хиллари Клинтон партиялык жалпы курултайда флоридалык делегаттардын добушун легалдаштырам деп жар салды.

Косово көз карандысыз өлкөгө айланабы?
Сербияда президенттик шайлоо аяктаары менен эле, кимиси президент болсо дагы, Косово өзүн көз карандысыз мамлекет экенин жарыялашмакчы болду. Бул тууралуу Косовонун премьер-министри Хашим Таки билдирди. Серб шайлоочулары жекшембиде президенттик шайлоонун акыркы айлампасы үчүн добуш беришет. Эске сала кетсек, шайлоого талапкер катары улутчул Николик Томислав менен батышчыл Борис Тадич ат салышууда.

Татарстан төрт жаранынан айрылды
Дүйшөмбү күнү Татарстандын Бугульма шаарынын тургундары 4 баласынан айрылышты. Каза болгондордун экөөсү христиан, экөөсү мусулман күмбөздөрүнө коюлду. Бул трагедиялуу окуя Бугульма шаарынын тоолорунун биринде лыжа тебүү үчүн чыгышып, кар күрткүгө кирип кетип, думугуп өлүшкөн. Ошол кар күрткүгө тогуз окуучу кирип,
алардын төртөөсү каза таап, бири оор жаракат алып ооруканада. Бул жагдайды калпыстыктан эле келип чыкты деп белгилешүүдө.

Украина саясий багытын өзгөртөбү?...
Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө кам урду. Өлкөнүн эли 70% колдоп берерин айтып ишендирди, премьер-министр айым Юлия Тимощенко. Өлкөнүн өнүгүү жана сактануучу тармагын күчөтүп, Евро Кеңешке да кирерине ынтызаар болуп жаткан учуру. Эгер, аталган эки стратегия ишке ашса, Украин күчтөнөрүнө шек жок. Ал эми коңшу мамлекет Россия менен да, тыгыз байланышта болорун билдирди. Эгер, энергетика тармагын Россия тарап саясий көз карандыга алса, анда Европа мамлекеттери менен кызматташаарын белгиледи, Тимощенко өз сөзүндө.

Ислам Каримов 70 жашта.
Авторитардык режим менен Казакстандагы, Кыргызстандагы коллегаларына өрнөк болгон Өзбек президенти Ислам Каримов 70ке чыгып, расмий түрдө юбилейин белгилеп жатат. Бирок, өзбек саясий бомонддору төрт топко бөлүнүп, бири-бири менен кырчылдашканга өтүштү. Анткени, 70 жаштын көк чайын ичип, ашын жеп отурган Ислам аканын денсоолугу начарлап жатыптыр.

Даярдаган Улукбек Кутманбаев