![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №18, 01.02.08-ж. |
| | Адилеттик, акыйкаттык - таңсык Жаштардын "Мен ишенбейм" акциясы уланууда 2007- жылдын күзүндөгү референдумдагы, кышындагы парламенттик шайлоолордогу бийликтин адилетсиздигине болгон нааразычылыктар басылган жок, ызгаардуу кыштын таасирине байланыштуу массалык каршылык акциялары басаңдаганы менен, укук коргоочулардын коомдору менен жаштардын "Мен ишенбейм" деген акциялары аз санда болсо да токтобостон улантылууда. Шайлоо Кодексинин 77-статьясынын 7-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын шайлоо өткөндөн кийин эки жумадан соң жарыялашы керек, бирок шайлоонун аяктаганына бир айдан ашканына карабай, БШК тарабынан маалыматтын таркатылбаганы, мөөнөтсүз шайлоонун таза жана ачык өткөнүнөн күмөн санап, ишенбегендердин көз карашынын тууралыгын тастыктап, катарын арбытууда. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы БШКдан парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын мамлекеттик массалык каражаттар аркылуу жарыялоону талап кылууда. Жаштар болсо Жогорку Кеңештин алдында "Мен ишенбейм" акциясын кайталап өткөрүштү, милиционерлер бу сапар дагы жаштарды камакка алып, үч сааттан ашык камап коё берип, ишти сотко жөнөтүштү. Жаштар мурунку акциясында эле камалып соттолуп чыгышты эле, эми бул тирешүү эмне менен аяктаары белгисиз. Ал эми Азиза Абдырасулова менен Төлөйкан Исмаилова баштаган укук коргоочулар Адилет министрлигинин алдына пикетке чыгышып, эртеси министр Кайыпов менен жолугушуп, Бишкек Шаардык кеңешинин тынч, эркин чогу-луусун, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган токтомун жокко чыгаруу боюнча маселелерди талкулашты. Натыйжада, митинг өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экенине эки тарап тең көнүп, Адам укугун бузбаган, Башмыйзамга да каршы келбеген мыйзам долбоорунун үстүндө министр мырза бейөкмөтчүлөр менен биргелешип иштеше турган болуптур. Жаңы чатактар жаңыдан ырбай баштаса, эски апрель коогалаңынын соттошуулары дале арты көрүнөөр эмес, угушубузча, "Канжардын" башчысы Айтикеевдин соту дагы адвокат Сартбай Жайчыбаев ишти экиге бөлүп кароону сунуштап артка жылдырылып, качан каралары белгисиз. Акаев доорунан бери Чубактын кунундай чубалып келе жаткан Аксы окуясы боюнча сотту эске алсак, жүрүп-жүрүп Кыргызстан ушундай баш-аягы жок бүтпөгөн, миңдеген сот процесстеринин алдында калып, укуктук ни- гилизмге кор болот сыяктуу. "Ата Мекен" партиясы акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанда адам укугу жана эркиндиги кыйла начарлады деп билдирүү жасады. Анда жарандардын тынч, эркин чогулуусун чектөө күчөп, митинг-пикет демонстрациялардын уюштуруучуларын кысымга алуу, камоо кадимки көрүнүшкө айланды деп айтылат. Билдирүү ээлери "Мен ишенбейм" акциясынын катышуучуларына карата болуп жаткан мамиле Кыргызстандагы демократиянын кандай деңгээлде экендигин көрсөтүп турат деп белгилешкен. "Атамекенчилер" Кыргызстан демократиянын жоболорунан өтө тездик менен артка кетип бара жатканын белгилешип, бул социалдык кыйроого алып келерин эскертишкен. Бириң терек, бириң тал... Ким келет?... Жогорку Кеңеш февраль айынын жарымына чейин Кыргызстандын жаңы акыйкатчысын дайындайт. Биринчи Омбудсмен Турсунбай Бакир уулу биринчи мөөнөтүн өтөп бүтүп, 31- январда беш жылдык отчетун берип, мыйзам жол берген экинчи мөөнөткө камданып жатса, бул орунга президент өзүнүн адам укугу боюнча комиссиясынын төрагасы, айтылуу Турсунбек Акунду сунуштады. Мыйзамга ылайык, коомчулуктан сунуштар түшсө альтернативалар арбышы да мүмкүн. Турсунбек мырза менен Турсунбай мырза өткөн кылымдын 80-чи жылдарынын аягынан бери Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүштөргө белсемдүү салымдарын кошуп келе жаткан, элге аттын кашкасындай таанымал инсандар, экөө жашы жагынан курдаш, экөө тең ажы. Бирөөсүн кыйын, экинчисин чабал деп айтуу кыйын, экөө тең эл тагдырына, адам укугуна кайдыгер эмес Омбудсмен болууга татыктуу инсандар. Акыркы жылдары экөөнүн ортосун кара мышык аралап оттору күйүшпөй, соттошуп жүрүшкөндөрү да журтка маалым. Эми минтип, кайрадан "тар жол, тайгак кечүүдөн" кездешкени турушат. Өлкөдө адилеттүүлүк менен акыйкаттуулук дефицит болуп турганда билинет экен, "Акыйкатчы" институтунун зарылдыгы. Башка канча талапкер чыгарын ким билет, бирок башкалар болгончо, ушу эки ажынын бирөө болсун дээр элек. Зар заман Чолпон Джакупова, руководитель правовой клиники "Адилет": Кому будет принадлежать энергосектор - это дело десятое. Самое главное то, что он не будет принадлежать нам. - Плохо, что у нас все зависит от желания и настроения трех-четырех человек. Хорошо еще, если желания и настроения у них совпадают. Но, зачастую, все наоборот - они входят в противоречие. Тогда вообще начинается кадровая чехарда. Можно вспомнить процедуру назначения ныне действующего генерального прокурора. С утра - один указ, к обеду он отменяется, к вечеру он опять назначается и так далее. Поэтому я думаю, что все это является свидетельством того, что власть абсолютно бесконтрольна, она перестала соблюдать хотя бы видимые рамки приличий. Сейчас, как с конвейера, выходят новые законопроекты и указы президента Курманбека Бакиева, который взглядом дает понять парламенту, какой указ ему мил, и - депутаты готовы его тут же одобрит. Не будем говорить о повышении пенсионного порога, о произвольных назначениях и "усилении вертикали власти", как сейчас любят выражаться некоторые чиновники. Более всего волнует судьба энергосектора Кыргызстана. Смещения с должностей на политическом Олимпе - звенья одной цепи, которая ведет к конечной цели - приватизации. Для кыргызстанцев это обернется, да уже, в принципе, обернулось тем, что народ перестанет быть собственником. По старой Конституции земля и недра страны не подлежали передаче в частные руки. А сейчас народ просто-напросто лишается ее. Волеизъявлением граждан уже давно никто не интересуется, последние выборы и референдум наглядно продемонстрировали это. И президент абсолютно прав, 2008 год - это решающий год для Кыргызстана. Кому будет принадлежать энергосектор - это дело десятое. Самое главное то, что он не будет принадлежать нам. Токтогул Какчекеев, политолог: Азиатское преклонение и пресмыкательство развратило Кыргызстан Токтогул Какчекеев: Восток дело тонкое - это изречение можно смело отнести к политике ряда государств. Ближний и Средний Восток, Юго-Восточная и Средняя Азия - это те страны, которым свойственна общая черта, - так называемая неформальная политика. Она основана на признании авторитета клана, силы денег и власти, причем, власть является инструментом для того, чтобы делать деньги. Азиатское преклонение и пресмыкательство развратило Кыргызстан. За два с половиной года правительство Бакиева было вынуждено лавировать между оппозиционерами и различными центрами политической и экономической жизни. На сегодняшний же день Курманбек Бакиев добился того, что его партия "Ак Жол", заняла подавляющее количество мест в парламенте и концентрация власти в его руках достигла самой верхней точки. Однако, поскольку эта вертикаль контролируется исключительно командой президента и кланами, то неформальная политика приносит плюсы только им. Для народа плюсов нет, такая неформальная политика в конечном итоге приводит к столкновению интересов, конфликту и взрыву. Tazar. kg/news. Бетти даярдаган Сабыр Муканбетов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|