![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №19, 05.02.08-ж. |
Меймансап Форум Министр маек Султан Раев, Маданият министри: "Бүбүсара эжени хаяттын "кароолчусу" кылып коюу уят иш" - Март айында Бүбүсара Бейшеналиевага арналган эл аралык фестиаль өткөнү жатат. Келген конокторду айкелге кантип ээрчитип барып гүл койдурабыз? Алакандай кыргыз журтуна Кудай таала белек кылып тартуулаган улуу инсандын баркына жетпей, четэлдик көпөстөрдүн мейманканысы менен машинелерин кайтартып койгонуна түздөн түз Маданият министрлиги сиздер жооп бересиздер. Туура эмес ишти кайра оңдоп койсо болот эле да. Буга карата иш-чара колдонбой элесиздерби?.. - Кыргыз өңү Чоңморовдун өңүндөй болсо, Бүбүсара кыргыз улутунун аялзатынын жогорку искусствону өздөштүрө алаарын, ошондой эле сулуулуктун, мээримдүүлүктүн, аруу тазалыктын символу катары, биздин улут да ушундай бийиктикке жете тургандыгын чагылдырып турган инсан. Улуу эжебиздин айкелин бизге чейинки бийликтин чечими менен "Хаят" мейманканасынын короосунда туруп калышы Бүбүсаранын баркына жетпегендердин чечиминин астында ушундай тагдырга туш келип турат. Бул ишти өз ордуна келтирүү албетте биздин милдетибиз. Бул маселе бир гана Маданият министрлиги эмес, өкмөткө, мэрияга коюшубуз зарыл.. Бу эстелик кимдер үчүн коюлат. Тирүүлөр үчүн коюлат. Тирүүлөр көзү өтүп кеткен инсанга таазим этиш керек. Өлгөндөрдү даңктабасак, тирүүлөр биз баркталбайбыз. Бул маселени биздин министрлик менен өкмөт, мэрия тарап биригип, "Хаят" мейманканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, бул суроонун аягына чыгышыбыз зарыл. Эжекебизди короонун ичине киргизип коюп, хаяттын кароолчусу кылып койгон уят иш. Канчалык тоскоолдук болбосун биз жасайбыз деген ойдобуз. Муну менен токтоп калбастан кудай буюрса атайын башка мамлекеттердикиндей театралдык бакча, аянт жасап, Советбек Жумадыловго, Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов сыяктуу жана улуу композиторлордун айкелдерин бири-биринен ажыратпай, кем кылбай салышыбыз зарыл. Ушул маселе боюнча азыр иштеп атабыз. Жерин дагы тандап койгонбуз. - Улуу инсандар жөнүндө иликтейин деп музейлерин сурасам, дээрлик бардыгынын музейлери жок. Өткөндө Болот Миңжылкиевдин сүрөтүн өзү иштеп кеткен опера жана балет театрынан барып сүрөтүн сурасам жок деп коюшту. Дагы жакшы өмүрлүк жолдошу Рейна Чокоевадан агай жөнүндө маалымат ала алдым. Кийин а кишилердин да көзү жок болот дегендей кийинки муун кимден сурап, кайдан издейт. Бул маселени ойлогон жоксуздарбы?... - Албетте, айткандарың туура. Дүйнөлүк масштабка таанымал Болот Миңжылкиевге окшогон таланттарыбыздын музейин куруш керек. Маданият министрлигине тиешелүү 6 гектар жери бар. Ошол жерге маданият комплексин куралы деп пландап атабыз. Бул ишти кореялык инвесторлор менен биргелешип иш жүзүнө ашыралы деп турабыз. Бул жерде бир гана искусствого кызматы өткөн улуу таланттардын музейин гана эмес, чоң концерттик зал, кыргыз театр, куурчак театры да камтылат. Эгер ушул долбоорду өкмөт колдой турган болсо иштөө ишине киришет эле. Кыргызстандан бир тыйын албайбыз ушул жерден чыгармачыл инсандарга да үй беришибиз мүмкүн. Муну эми мезгил көрсөтөт. - Азыр сыйлык да өз ээсин таппай, туура эмес берилип, баркы жок болуп калды. Сыйлыкты жоюп салса жакшы болот беле? - Бул сурооңо министр катары эмес өз көз карашымды айта кетейин. Мунун бардыгы коммунисттик партиядан калган нерсе.Индиянын, Американын же Германиянын эл артисти деген наам жок. Чарли Чаплин, Мадоннанын эч кандай сыйлыктары жок эле өз аттары менен белгилүү да. Мисалы бизде Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкиев, Чыңгыз Айтматов деген наамдар эч кандай сыйлыкка муктаж эмес. Талант наам-сыйлыктан да жогору турат. Себеби, сыйлык-наам буйрук менен берилип калат, ал эми талантты Кудай берет. Талант түбөлүктүү. Бирөөнүн да канча сыйлыгы бар экенин жатка билбейбиз, чынбы?... Кеп таланттын затында, атында да. - Маданияттын шоу-бизнесинен башка тармактарына көңүл бурулбагандай?... - Жогорку искусство деңгээлиндеги таланттарыбыз бар. Дүйнө эли суктанып уккан Азамат Сыдыков деген пианист балабыз бар, Юрстанбек Шыгаев деген сүрөтчү балдарыбызга окшогон таланттарыбызды азыр тилекке каршы өзүбүздүн эл жакшы тааныбайбыз. 50гө жакын ырчыларыбыздын тегерегинде сөз болуп, эмне машине, эмне телефон көтөрүп жүргөнүнө чейин билип атабыз. Чыгармачылык эркиндик десе эле чектен чыгып ойду-тоону ырдап, туулган күнүнө, юбилейине, үйлөнгөнүнө чейин арналган концерттерди коюп жатышат. - Ушул маселени сиздер көзөмөлдөшүңүздөр керек да… Азыр искусствону акча табыш үчүн пайдаланып жатышат. Бизде 5 миллион болсо ошонун ичинен угуучуларды эсептеп көрдүк, болгону 3000 көрүүчү болот экен. Бул стабилдүү көрүнүш. Жакында эстрадалык ырчыларды, шоуменмин, продюсермин деп жүргөндөрдү чогултуп алып сүйлөшкөнү жатабыз. Маектешкен Кыял Абдыраманова Кайрылуу Кыргызстанга кыргыз тили керекпи?! Кыргыз республикасынын президенти - К. С. Бакиевге, Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы - А. К. Мадумаровго Урматтуу Президент! Урматтуу Төрага! Кудай алдында, Мамлекеттин мыйзамы алдында баарыбыздын укугубуз бирдей. Демек, Теңирдин жана Мамлекеттин мыйзамдарын так, таза аткарганыбызга жараша бирдей урмат-сый көрүп, бузуп, бурмалаганыбызга жараша бирдей жазаланууга тийишпиз. Биздин эл Күн Батыш калктарынан айырмаланып, илгертен эле мыктылардын мыктысын "хан", "бий" шайлап, анан аларга карап өзү түзөлүп, балдарын тарбиялап келген. Кийинки жүз жыл ичинде ошол улуттук шайлоо принциптери бузулганы менен Башчыга ишенип иш кылуу менталитети азыр да күчүндө. Ошондуктан көп нерселер Сиздердин жүргөн-турганыңыздарга жана жасаган иштериңиздерге байланыштуу. Б.а. Сиздер Мамлекетти кыргызча башкарсаңыздар, кыргыздар да балдарын кыргызча тарбиялайт. Эгер жогорку кызматтарга дагы деле киргиздерди көтөрө берсеңиздер, анда алар балдарын "киргиз" кылып өстүрөт. Ошентип билинбей Эл бузулат... Менин айтайын дегеним Мамлекеттик тил жөнүндө. 1989-жылы 23-сентябрда биринчи жолу Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынган күндөн бери 19 жыл өтүптүр. Бир жылдан кийин туура 20 жыл толот. Эгер эгемен өлкө болгон күндөн берки убакытты айтсак, анда быйыл август айында анын 17 жылдыгын белгилейбиз. Менимче, СССР империясынын курамынан суурулуп чыккан элдердин ичинен бир гана биздин Республикада Мамлекеттик тил саясаты туура эмес жүргүзүлүп келатат. Баш Мыйзамда гана "мамлекеттик тил" деп жазылган статусу болбосо, анын, Республиканын ичиндеги башка тилдерден эч айырмасы жок. Корей тилинде корейлер менен корейлер, дунган тилинде дунгандар менен дунгандар, уйгур тилинде уйгурлар менен уйгурлар сүйлөшкөндөй эле, кыргыз тилинде кыргыздар менен кыргыздар гана сүйлөшөт . Ал эми Мамлекеттик тилдин кызматын орус тили аткарат. Президент жана Премьер - министр отурган Акүй, Төрага отурган Көкүйдүн ичиндеги иш кагаздары, элчилик кызматтар, эл аралык сүйлөшүүлөр, башка өлкөлөрдүн башчылары менен болгон учурашуулар, чет өлкөдөгү жолугушуулар, жогорку окуу жайларындагы окуу жана ар кандай семинарлар, илимий конференциялар - бүт баары орусча. Эмне үчүн?.. Бул, менимче Мамлекетти башкарып турган адамдар катары Сиздер жооп бере турган суроо деп ойлойм. А чынын айтканда, сөз бир эле тил тууралу болуп жаткан жери жок. Маселе "эртең Кыргыз улуту жашайбы, же жашабайбы" деген суроодо турат. Анткени, 1922-жылы СССРдин курамына кирген "198" элдин 70 жылдан кийин "101" гана калганын баарыбыз жакшы билебиз. Бүгүн да Россия федерациясынын территориясында жашап жатышкан көптөгөн калктардын аты бар да, заты жок. Адамдардын ысымдары, жер-суу аталыштары, жеген-ичкен тамактары, кийген кийимдери, карманган салттары - баары орусташкан. Эгер бул процесс токтобосо, эртең алар да "жок болгон" элдердин катарына кирет. Мындан эки жүз жылдар мурун, 200 дөн ашуун жок болуп кеткен элдердин жана жаңы пайда болгон улуттардын тарыхын изилдеген немистин улуу окмуштуусу В. Фон Гумбольдт тарабынан "тил - улуттун жаны" экени тууралу илимий изилдөөнүн жыйынтыгы айтылган. Мына ошондуктан тилди кеп кылуу менен бирге мен Кыргыз улутунун тагдыры жөнүндөгү маселени ортого коюп жатам. Анткени, мындан төрт-беш жыл мурун БУУнун алдындагы тиешелүү уюм тарабынан кыргыз тили "жок болуп" бараткан тилдердин катарына киргени тууралу маалымат берилгени бир топ басма сөз беттеринде жарыяланган болчу. Бирок, бул маселе ушул убакка чейин бир да жолу Өкмөттө, же Парламентте күн тартибине коюлуп, талкууланган жок. Эгер Өлкө өзүн түзгөн Улутту сактап жана аны өнүктүрүп-өстүрүү үчүн жашаса, анда эмне үчүн мамлекет жетекчилери "өзөк маселе" болгон тилге кайдыгер мамиле жасайт? Эмне үчүн жогорку кызматтагылар өз элин, башка - чоочун элди бийлегендей башкарышууда?... К.Маркстын айтканы боюнча "тил - иш жүзүндөгү аң-сезим". Демек, улуттук тилдин деңгээли кандай болсо, улуттук аң-сезимдин деңгээли да дал ошондой. Эгер биз улуттук аң-сезимди өстүрөбүз десек, анда биринчи анын тилин өстүрүүнү мамлекеттик камкордукка алышыбыз керек. Ансыз аң-сезим калыптанбайт. Улуттук аң-сезим калыптанбай туруп, улуттук ар-намыс ойгонбойт. Улуттук ар-намыс ойгонбой туруп, улут өзүн өзү таанып билбейт. Өзүнүн ким экенин билбеген улут өзүнүн жолун таппайт. Өз жолун таппаган улут - өспөйт. Бүгүнкү күнү биздин "мыкты" деген саясатчылардын көбү бир өрөөндүн деңгээлинен өйдө ой жүгүртө албай, трайбалисттик жолго түшүп кетип атканы да ошол улуттук аң-сезимдин калыптана электигинен улам болууда. Бир улут "кыргыз" жана "киргиз", "түндүк" жана "түштүк" болуп бөлүнүп атканы да ушундан. Мыйзам - адамдар каалайбы, каалабайбы аткарууга милдеттендирген документ. Ал мамлекеттүүлүктүн башкы атрибуттарынын бири катары өзүнүн ушундай тарых тарабынан насип кылынган өзгөчө касиети менен Өлкөнүн тартибин сактап турат. Эгер кайсы бир өлкөдө тартип болбосо, анда ал мамлекетте мыйзам иштебейт. Эгер мыйзам иштебесе, анда ал өлкөдө тынчтык болбойт. Эгер тынчтык болбосо, ал өлкө өнүкпөйт. Өнүкпөгөн өлкө эртеби-кечпи кыйроо тагдырына туш болот. Ошондуктан президенттен карапайым адамдарга чейинки мамлекеттин ар бир жараны мыйзамдуулукту сактоого, анда айтылгандарды так жана туура аткарууга милдеттүү. (Уландысы келерки санда) Байас Турал - акын, тарыхчы жана публицист |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|