![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №19, 05.02.08-ж. |
Меймансап Форум Келечеги жок кийинки муун Байтемир Асаналиев, акын, "Байчечекей" журналынын жооптуу катчысы: "Балдарга көңүл бурулбаса, мамлекеттин келечеги жаркын деп кантип айтабыз!" "Кийинки муун - биздин келечегибиз!" деп үмүт кылып келебиз. Ошол келечек муундар үчүн кандай кам көрүлүүдө? Совет мезгилинде залкар акын-жазуучулардын жаш муундарга арналган китептери байма-бай чыгып турчу. Азыр болсо, тиешелүү көңүл бурулбагандыктан бүгүнкү талапка жооп берерлик кыргызча жарык көргөн китептер жокко эсе. А негизинде көркөм дүйнө менен таасирленип калыптанбаган баладан эртең кыргыздын рухун түшүн деп ким талап кылат! - Балдар адабиятынын бүгүнкү абалына токтоло кетсеңиз? - СССРдин учурунда көптөгөн нускада боектуу сүрөттөр менен коштолгон китептер басмадан чыгып, жакшы үлгүлөрү орус жана башка элдердин тилдерине которулуп тартууланып келген. Ал кездин балдары китептерди окуп, көркөм сөз менен таанышып, эстетикалык тарбия алып, сөз байлыгы артып чоңойгон. Кайра куруунун мезгилинде китепканаларды, бала бакчаларды, китеп чыгарган басмаканаларыбызды бардыгын "менчиктештирүү" деген шылтоо менен жок кылып жибердик. Бүгүнкү күндө балдар адабиятынын акыбалы, кыргызча айтканда "чычкан ыйлаарлык" абалга жетти. Алар үчүн мамлекеттик деңгээлде баягыдай пландуу түрдө гезит-журналдар, түрдүү китептер чыкпай калды. Себеби, мамлекет, өкмөт тарабынан тиешелүү көңүл бурулбайт. - Кечиресиз, өткөн жылы "Бөбөк" деген басма ачылат деп уктук эле? - Ооба, өткөн жылдын февралында президентибиз чыгармачыл интеллигенцияны чогултуп кеңири кеңешме өткөргөн. Ошондо Мамлекет башчысы "Балдарга көңүл бурулбай калыптыр. Мен көп жерлерден байкадым. Тээ илгерки эски ырларды ырдап жүрүшөт", - деп кейип. Анан "Бөбөк" деген балдар үчүн китеп чыгара турган басмакана ачабыз, - деди эле. Ошондо Мамлекеттик катчыга, Маданият министрлигине жана башка тиешелүү уюмдарга ушуга көңүл буруп колго алалы деп табыштаган. Бирок, ошол айтылган сөз айтылган боюнча эле калды. Андан бери эч кандай жыйынтык боло элек. "Балдар- биздин келечегибиз. Биздин ордубузду ушулар басат. Билимдүү кадрлар керек. Мамлекетти гүлдөтө турган- жаш муун" дейбиз. Мына- ошол жаш муун үчүн кам көрүү жок болуп атпайбы. Мен өзүм мектептерге, балабакчаларга дайым барып турам. Ошондо башталгыч класстын мугалимдери, балабакчалардын тарбиячылары балдарга арналган көркөм адабияттар, башка колдонмолор кыргыз тилинде жок- деп айтышат. Ошондон улам, көп ата-энелер балам тереңирээк, жакшыраак билим алсын деп балдарын орусча бала бакчаларга, орусча мектептерге бергенге аргасыз болушат. Анткени, канча айтканыбыз менен орус мектептери, бала бакчалары Россиядан чыккан адабияттарды колдонушат да. Орус жолдоштор ишке тагыраак, бала дегенде ичкен ашын жерге коюп, кам көрүшөт эмеспи. Мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз - өстүрөбүз дейбиз. Бүгүнкү бакчага барган балдар 10-15 жылдан кийин эле коомдун активдүү мүчөсү да. Азыр 10догу бала 15 жылдан кийин 25ке чыгат. Орусча тарбияланып, билим алган башка улуттун балдарын айтпай эле коеюн, кыргыздын балдарынын дили башка болуп калып атпайбы. Улуттук тил комиссиясы колунан келишинче бардык аймактарды кыдырып "мамлекеттик тилди жайылтып, көйгөйлөрүн айтып, иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзгүлө, мамлекеттик тилде сүйлөп, жаза билгиле", - деп айтып атат. Айткан башка, иш жүзүндө көрсөтүш керек. Президентибиз өзү "Силер 50дөн ашкан адамдарга кыргыз тилин үйрөтөбүз деп өзүңөр да кыйналып, аларды да кыйнап эмне кыласыңар? Бала бакчадан баштагыла", деп калат. Бул туура талап, бирок ишке ашпады. Баланын сезими таза, ар кандай нерсени тез кабыл алат. Бала бакча менен мектептен мамлекеттик тилди үйрөтүүнү колго алсак, алдыга койгон максаттар ишке ашат эле. Андай болбой эле сөз көп. - Балдар үчүн "Байчечекей" деген журнал бар эле. Азыр чыгып жатабы? - "Байчечекей" журналынын Башкы редактору Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов. Журналдын жарык көргөнүнө 31 жыл болду. Өткөн жылы өзүбүз 30 жылдыгын белгиледик. Бакчадагы балдарга жана башталгыч мектептердин окуучуларына арналган кыргыз тилинде жападан жалгыз журнал. Каражаттын жетишсиздигинен карала-торала болуп, экинчи бетине анча-мынча түстүү сүрөт беримиш этип, ал дагы толук ажарына чыкпай боек күңүрт сүйкөлөт. Анткени, боек канча кетсе ошончо чыгым көбөйөт да. Балдар окушсун деп 10 сомдон беребиз. Өкмөт, Билим берүү министрлиги тарабынан көңүл бөлүнбөгөндүктөн "Байчечекейге" жазылуу да өтө эле начар. Жылына 1000 нускага жазылуу болчу эле, быйыл ага да жетпей калды. 2000дин тегерегинде чыгып жатабыз. Бүт республика боюнча алганда бул бир тамчы да эмес, болуп атпайбы. Министрлер да бат-бат алмашат. Ошого карабай ар бир министр келген сайын, айрыкча Билим берүү жана илим министрлигине "Байчечекей" журналына жазылууга жардам бергиле",- деп кат жолдоп кайрылабыз. Ошого карабай иштиктүү жардамдар жок. Анын себебин да айтышпайт. Айрымдары "биз мектептерди мажбурлай албайбыз, өздөрү билет" дейт. А мектептеги китепканалар ушул министрликке баш ийип атпайбы. Өңгөсүн айтпай эле коеюн, борбордогу бирден бир көзгө басар Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасы балдар басылмаларына жазылбайт. "Бизге акча бөлүнбөйт, жазылып ала албайбыз" дешип. Алты айга жазылуу 90 эле сом. Анан кантип балдарыбыз толук кандуу билим, тарбия алып эстетикалык табитин канааттандыра алат. - Билим жана илим министрлиги кандай жардам көрсөтө алат эле? - Билим берүү министрлиги колго алып, ар бир мектепке бештен - ондон эле жаздырып койсо, нускасы 15 миңге жетип, өзүн өзү актамак. Эч кандай өкмөт чыгым тартпай эле балдардын сүйүктүү журналы толук кандуу жарык көрүп турмак. Антишпейт да, теңин өкмөттүн акчасы менен эптеп чыгарсак, теңин өзүбүз борбордогу мектептерди, балабакчаларды жөө кыдырып таратабыз. А облустарга бара албайбыз да. Журналдын жарык көрүп жатканын да көпчүлүк билбей калып атат. "Байчечекейдин" сүрөтчүсүнө, авторлорго, калем акы деген төлөнбөйт. Муну унутуп калгандарына 16-17 жыл болду. Балдар журналсыз калбасын деп, эмгектенип келетабыз. Гезит-журнал саткан күркөлөргө 10 сомдон таштайбыз, алар дароо 10 сом кошуп 20 сомдон сатышат. - Балдар үчүн ырлар жок сыяктуу. Себеби, бөбөктөр көпчүлүк учурда сүйүү ырларын ырдап калышты… - Туура айтасың. Угуп алып кыжырың келет, кээде аргасыздан күлөм. 18- 30 жаштагы кыз-жигиттер ырдай турган сүйүү ырларды балдарга ырдатышат. Мунун бардыгы туура эмес тарбия, башаламандык, камкордуктун жоктугунан деп эсептейм. Чындыгында жаңы китептер байма-бай чыгып аткан жери жок. Бирок, 2004-жылы "Шам" басмаканасынан "Кыргыз балдар адабиятынын антологиясы" деп 10 эле китеп чыгарылган. Каражат жок, калганы чыкпай калды. Коомчулук көргөн да жок. Эгер жок дегенде 5000 нускада чыкса, мектептерге, балабакчаларга, китепканаларга тарамак да. Ичинде канчалаган мыкты чыгармалар бар эле. Балдарга көңүл бурулбаса, биздин мамлекеттин келечеги жаркын деп кантип айтабыз! Ырда бөбөк Эне тилди биле жүр Сүйөм эне тилимди Эне тилим - кыргыз тили, Энем, атам сүйлөгөн. Баалап анын ар бир сөзүн, Бала чактан үйрөнөм. Арнап ага жан-дилимди, Алам окуп, билимди. Сүйлөп, Ырдап, Жомок айтып, Сүйөм эне тилимди. Эне тилде эркин сүйлөө, Менин максат, тилегим! Көңүл коюп, башка дагы Көп тилдерди билемин! Балмуздак Балмуздак ай, балмуздак, Баланын баары сага ынак. Даамың ширин, татканда Дароо суусун кандырат. Балмуздак ай, балмуздак, Турасың дайым көз ымдап. Ыракатка батамын, Жалап, соруп жалгыздап. Орундалып талабым, Кээде экини аламын. Опкоктуктун айынан Ооруп калат тамагым. Алып тилин энемин, Аз-аздан жеп көнөмүн. Ай, балмуздак, балмуздак, Аябай жакшы көрөмүн. Коркпой атка минемин Кой айдашып атам менен, Коркпой атка минемин. Башын буруп оңго, солго, Бастырганды билемин. "Ат - адамдын канаты" дейт, Атты жакшы көрөмүн. Азоо эмес, жоош ат минип, Акырындап көнөмүн. Кулактары шамдай күйүп, Кулан сындуу жаныбар. Чоңойгондо чабам күлүк, Менде кыргыз каны бар. Бетти даярдаган Гүлниза Молдокулова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|