Коомдук-саясый гезит
№19, 05.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Крим хроника

Чечендердин уюшкан кылмыштуу тобу жергебизде
Ооба, Чүй облустунда ушундай чечендердин уюшкан кылмыштуу тобунун бир канча адамдары кармалышты.
Ички иштер министрлигинин пресс-кызматынын берген маалыматы боюнча аларга чет өлкөнүн атуулуна кол салган деген айып коюлган. Жалаң чечен улутунан уюшулган бул кылмыштуу топ кечке маал Пакистандын атуулун кармап алышып,бычак менен коркутушуп 10000 Америка долларын тартып алышкан. Ал аз келгенсип, каршылык көрсөткөндө бычак сайып аны жаралантышкан да, көздөн кайым болушкан.
Чүй облусттук Ички иштер башкармалыгынын иштиктүү аракеттеринин негизинде Бишкек калаасынын четиндеги Лебединовка айылында жашаган эки чечен улутундагы адамдарды кылтакка илишти.Экөө тең мурун каракчылык жана баңгизаттарын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир канча жолу темир тордун ары жагына барып, отуруп келишиптир.Кармалгандардын бирөөсүОрусиядагы Чечен респубилкасынын атуулу экен. Алардын үстүнөн тергөө иши башталды.

Милицияны каракташкан кылмыштуу топ.
Болгондо да милициянын фоицерин каракташкан дагы бир уюшкан кылмыштуу топ кармалды.
Алардын бирөө, 26 жаштагысы борборубуз Бишкек калаасында жашайт экен. Ал өзүнүн үч жигитинин коштоосу менен Октябрь РИИБнүн кайгуул-күзөт кызматында иштеген ага лейтенантты кармап алышып, тепкилеп сабап, ал аз келгенсип эки миң сому менен мобилдик телефонун карактап кетишкен. Бүгүнкү күндө Ички иштер Министрлигинин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармала элек үчөөсү изделүүдө.

МАИнин кызматкеримин деп
Чындыгында ал МАИнин кызматкери эмес, бирок айдоочуларды алдап коркутуп дайыма акча өндүрүп жүрчү экен.
20 жаштагы Бишкек калаасынын тургуну С. Т. аттуу жигит милицияга келип "автомобилинин техпаспортун жасатыш үчүн 8500 сом сурап жатат", - деп арызданып келбегенде, ал дагы канчалардын акчасын ушинтип алдап, коркутуп-үркүтүп алып жүрө берет эле.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны айдоочудан акча санап алып жаткан жеринен кармашты. Текшере келгенде ал МАИ кызматында иштебейт экен. Анан кандайча техпаспорт берүүгө анын катыштыгы бар экенин бүгүнкү күндө текшерип, тактап жатышат.

Ымыркайдын баасы 18000 сом
Кыргызстандын түштүк борбору болуп эсептелген Ош шаарындагы облустук төрөт үйүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жаткан акушер аял кармалды.
Мындай окуя борборубуз Бишкек калаасында да болуп, бүт Кыргызстанга "дүң" этпеди беле. Аны Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери соодалашуу мезгилинде дал үстүнөн кармашты. Бүгүнкү күндө бекер акча тапкысы келген акушерка аялдын үстүнөн кылмыш иши козголду.

Поезд тебелеп
Түн ортосунан ооп калган мезгилде Чүй облусуна караштуу Сокулук районун Сокулук станциясынын жанынан 4303 тепловозу 35-40 жаштагы азият улутутундагы кишини үстүнөн тебелеп кетти.
Өлүмдүн себеби эмнеде экенин эч ким аныктай элек. Бул жашоого тоюп, өз өмүрүн өзү кыйган жан кечтилер же аябай мас болуп эс акылын билбей жатып калган аркечтер эле болбосо, бул сырдуу өлүм азырынча табышмак. Ал киши ошол жерден эле каза болгон.

Газ беш адамдын өмүрүн алып кетти
Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылынан газга ууланышып, Юнусовдун үйбүлөсү бүт "оо дүйнөгө" узап кетишти.
Мындай кокустук кышында көп кездешет. Өрт болгон эмес, мештен чыккан газ бардыгын жөн гана көшүлтүп уктатып салган. Каза болгондор: үйбүлөнүн атасы Юнусов Сулайман (1972- жылы туулган), аялы Амина (1975), уулу Шарип (1995), андан сырткары аты аныкталбаган дагы бир эң кичүү уулу бар болчу.




  Өздөн чыккан жат

Желим баштык менен тумчуктуруп…
Ары-бери өткөн элдер көп болушканы менен күүгүм ченде Көлбаев, Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдын жээгинде эмне окуя болгонун эч кимиси байкашкан жок. Ошол каналдын үстүндөгү жол боюнда өлүк таң атканча жатты.

ТЭЦтин айланасында жашаган Иван Техтяров менен Славик Таранюк экөө таңга жуук ошол каналды жээктеп келе жатышып алыстан эле жерде кыймылсыз жаткан 20-25 жаштын ортосундагы азиат улутундагы кыздын караанын көрүшүп, эмне кыларын билишпей бири-бирин карап токтоп калышты. Ага жакын барганга даабай турушту, каналдын боюнда жаткан кыздын тирүү эмес экенин сезишкен соң дароо эле кайра артка тартышты. Жолдон МАИ кызматкерин жолуктурушту да, ошол аркылуу Свердлов РИИБнүн кызматкерлерине телефон чалышты.
Окуя болгон жерге келишкен милция кызматкерлери дароо эле иштин чоо-жайын териштиргенге өтүштү. А дегенде өлүктүн ким экенин аныктап алышты. Ал борбор калаабыздан анча алыс эмес "Көкжар" айылында жашаган Наргиза Алиева деген келин экен. Иликтөө иштери андан ары улантылып, акыркы мезгилде ал ким менен болгонун тактап, шектүү катары күйөөсүн кармашты. Тергөө мезгилинде анын күйөөсү 1985-жылы туулган Хамыраев Бахадыр менен ойношу 1990-жылы туулган Колесникова Раиса экөө тең күнөөлөрүн моюндарына албай, ар кайсыларды сүйлөп, кандай болсо да кутулуп кетүүнүн жолун көздөп, ооздоруна келгенди сүйлөп, акыры сөздөрүнөн жаңылыша дубалга кептелишти. Акыры күнөөлөрүн моюндарына албоого айлалары да калган жок.
Негизи окуянын өзөгү төмөндөгүдөй башталган. Хамыраев Бахадыр аялы Наргиза экөөнүн мыйзамдуу түрдө үйлөнүп чогуу жашап жатышканынан бери бир топ эле убакыт болгон. Ортолорунда бир кызы бар. Эмне себептен күйөөсү Наргизаны жек көрүп калганы белгисиз, мас болуп келген сайын шылтоо издеп сабап жатып калчу. Ошо себептен ал күйөөсүнөн да аябай коркуп, мас болуп келатканын көргөндө жанын коерго жер таппай алактап калчу. Сабаган кордугуна деле чыдап жүрө бермек, бирок көзүнө чөп салып Раиса деген али мектеп жашындагы жаш кыз менен жүргөнүн билип калган соң чечкиндүү боло баштады. Бир күнү болгонун болгондой айтып, калаанын четиндеги Көкжар айылына төркүндөрүнө кетип калды. Наргиза калаада "Локон" салонунда чач-тарач болуп иштечү. Бахадыр өзүнүн ойнош кызын ээрчитип алып, атайылап бир канча жолу Наргизанын көзүнө көрүнүшүп, жумушуна да барып тийишип кетишкен. Күйөөсү үйүнө түнөбөй ойношунун үйүндө түнөп жүргөнүн билип, бир күнү ачуусу менен мобилдик телефон аркылуу Раисаны жаман сөздөр менен катуу айтып таштайт. Андан мындайды күтпөгөн Раиса дароо эле Бахадырга барып арызданат. "Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей эптеп эле кыйкым издеп чыр чыгара албай турган күйөөсү Раисаны жанына алыбалып, дароо "разборкага" жөнөйт. Экөө ээрчишип алышып "Супер такси" аудисин айдаган таанышы С. Таиповго мобилдик телефон аркылуу кечки саат алтыларда "Великий Дворник" кефесинин алдынан жолугушуу тууралуу сүйлөшүшөт. Бардыгы болжошкон жерден жолугушкан соң Көкжар айылына уруп-согуп жөнөп кетишет. Жолдон бир дүкөндүн жанына токтотуп, Бахадыр бир бөтөлкө арак алып ичет. Көкжар жаңы конушунан Наргизаны машинага отургузушуп бардыгы Аламүдүн-1 кичирайону жакка багыт алышат.
Алматы-Чүй көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде Бахадыр айдоочуну жолдон чыгып, канал жакты көздөй айдоону сунуш кылат.Наргиза Бахадыр экөө жол карата бир топ кыйкырышып келишкен болчу.Машина каналдын жээгине барып токтогондо Бахадыр айдоочунун сыртка чыгып туруусун өтүнөт.Өздөрүнчө машинеде бир топ убакыт "разборка" кылышат да айдоочуну кетирип жиберишип, үчөө ошол жерде калып калышат. Саат кечки сегиздерге чукулдап, айланага күүгүм кирип калган болчу. "Разборка" эми кандуу чатакка айланды. Тигилер экөөлөп Наргизаны ур-токмокко алышып, сабап киришет.Бахадыр аялын чоң муштуму менен аябай өчү бардай көгала койдой жанчып сабайт. Эси ооп жыгылганда экөө эки жактан колу-буттарын кыймылдатпай катуу басышып,башына желим баштык кийгизип, тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет жасашат.Кайра эсине келген Наргиза мыкаачылардын колунан суурулуп чыгууга аракет кылып жанталашат.Ошол мезгилде Раиса аны бөтөлкө менен башка чаап жиберет. Эси ооп жерге кулап түшкөндө Бахадыр желим баштык менен тумчуктуруп биротоло тынчытат.Анын чындап өлгөнүнө көздөрү жетишкен экөө дароо кылмыш ордуларынан жоголушуп, көздөн кайым болуп кетишкен.
Көптөгөн күбөлөрдүн негизинде күнөө экөөнүн моюндарына коюлуп, атайылап мыкаачылык менен адам өмүрүн кыйгандыгы үчүн Хамыраев Бахадыр катуу режимде жыйырма жылга,он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш кыз Раиса Колесникова он жылга аялдар колониясына кесилди. Ошентип, мыкаачылар өз жазаларын алышты.
К. Абылов,
Свердлов районун прокурору




  Кезектеги тамаша

"Азыр бомба жарылат!"
Оюндан от чыкты, чыкканда да кандай чыкты дейсиң. Тим эле жалбырттап күйүп айлананы куйкалап чыкты.Илеби алыска кетти, көпкө чейин суубай турду. Ооба, бирөөнө күлкү болсо, бирөөнө ый. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей айылдык өспүрүмдүн жасаган жосунсуз жоругу борбор калаабыздагы мектепти катуу бир дүрбөтүп алып араң басылды. Бул окуя Бишкек калаабыздагы мектептердин биринде болуп өттү. Талас областына караштуу Карабуура районунун Бейшеке айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Жумагулов Руслан деген жигит жөндөн жөн эле туруп ойноп, тамаша көргүсү келип, көптөгөн балээнин баарын өзүнүн башына үйүп алды.
Ооба, анын бир эле тамашасы борбор калаабыз Бишкектеги канчалаган адамдарды дүрбөтүп ызы-чуу салды. Руслан алыскы өзүнүн айылынан эле мобилдик телефон аркылуу Бишкекте №39-орто мектебинде окуган классташ досу Болотбек уулу Жандарбекке телефон чалат.
- Силердин отуз тогузунчу мектебиңерге жашыруун жарылчу заттар коюлуптур. Ал жарылчу болсо, баарыңар өлөсүңөр качкыла!
- Оюнуңбу, чыныңбы?
- Мен ойноп атыптырмынбы, чынымды айтып жатам, азыр бомба жарылат, качпасаңар мектебиңер астын-үстүн боло тымтыракайыңар чыгат.
Албетте, мындай сөз жөн сөз эмес да, бир нерсе болсо канча адамдын өмүрү кыйылганы турат. Бул маалымат адегенде мугалимдерге, мектеп директоруна, андан соң Коопсуздук кызматына, андан ары өрт өчүргүчтөргө, милиция кызматкерлерине "тез жардамга", жарылуучу затты аныктагыч атайын адисттерге, чагылгандлай тез жетип, айтор заматта бардыгы ызы-чуу, будуң-чаң эле түшүп жатып калышты. Сабак окуп жатышкан окуучулардын бири да калбай сыртка дүрбөшүп, көп өтпөй эле мектеп жарылып жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлердин бардыгы биринин артынан бири ээрчише жетип келишти. Бишкектеги №39 мектеп ызы-чуу болуп дүрбөп жатышканда, алыскы айылда турган Руслан эч нерсе сезген да, туйган да жок.Бул боюнча атайын адистер мектептин ичи-тышын, эч нерсесин калтырбай кылдат текшерип чыгышты.Атүгүл дале ишене алышпай эки-үч сыйрадан кайра-кайра текшерүүдөн өткөрүштү. Мектептен эч кандай жарылуучу затты, бомбаны табышкан жок. Ошондо гана алыскы Талас облустунун Карабуура районундагы Бейшеке айылынын тургуну Руслан Жумагуловдун тамашалап ойноп атканын сезишип, оор жүктү үстүлөрүнөн алып ыргыткандай болушту. Бирөөнө тамаша болсо, бирөөнө азап деген кептин маңызы мына ушунда жатпайбы. Бишкектеги мектептегилер өлүм коркунучунун жакын экенин сезишип, кандай гана ызычуу болушпады. Атайын адистер жарылуучу затты издешип, алтындай убакыттарын коротушуп кандай гана убара болушпады, азаптанышпады.
- Ооба, силерге мен чалгам.Ошенип айтканым да чын. Мен жөн эле ойноп айттып койгом - деп атпайбы, Руслан тергөө мезгилинде кебелбей, бардык күнөөсүн мойнуна алып. "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө", - дегендей ал телефон аркылуу жөн эле ойноп айтканы менен "адам өмүрүнө коркунуч келтирип жана көптөгөн буюм заттардын талкаланышына кедерги болгон террордук акт жөнүндө жалган кабар бергендиги үчүн" Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 228- статьянын негизинде сот жообуна тартылды. Борбор калаабыздагы мектептер арасында мурда да ушундай ызы-чуулар бир канча жолу кайталанган болчу. Ушундан улам бардык эле өспүрүмдөргө, мектеп окуучуларына дагы бир жолу эскерте кетмекчибиз, бул деген күлкү да оюн да эмес, кылмыш иш, кандай болгон күндө да сот жообуна тартылаары турган иш. Дегеле мындай оюндан таптакыр оолак болгула!


Бурул КөчӨрбаева,
Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокурорунун ага жардамчысы

Бетти даярдаган
Саадатбек Мырзакулов












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan