![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №19, 05.02.08-ж. |
Меймансап Форум САНДАН-САНГА Баратбай АРАКЕЕВ (Повесть) Мент (Уландысы. Башталышы өткөн санда) Марс карамүртөз, баарын сезип-билип турган түлкүдил болгону менен суужүрөк неме эле. Калемди калтыраган колуна алып, Машаев айткандай, болгонун болгондой жазды. Өзүнө сөз тийгизбей: "Мени уруп-согуп, эже-жездемдин байлыгын айттырышты" дегенди унуткан жок. Машаев анын жазганын окуп, өзүн камерага камап, беркини Марстын жазганын окутту эле тиги жини чегине жете кыйкырды: - Ой, энеңди… десе, баарын өзү баштаган. - Өзү баштаса - жаз! Тиги дароо отура калып, туурасын жазып берди… *** Машаев экөөнүн ишин тергөөчүгө өткөрүп берип, жанына Мишаны алып, Каныбек ошол жерге качты деген Көлдүн бир районуна жөнөдү. Ал жерге жетери менен раймилицияга кайрылып, бир оперди жардамга алып Каныбектин эжесинин айылына келишти. Эжеси элүүлөрдөн өткөн, көп балалуу неме экен, милийсадан Каныбекти издеп келгендерин укканда так секирди: - Ой, өлүгүңдү көрөйүн чечек, эмне кылып ийген экен ал шүмшүк!? Оперлер анын эмне кылганын айтышкан жок. Каныбек тоодо, жездесине жардам берип жүрөт эки жумадан бери деп эжесинен угуп, ошол айылдан бир жигитти ээрчитип, жөнөп кетишти. Он чакырымдай жерге чейин Машаев машинесин айдап, андан ары жалгыз аяк жол менен дагы үч чакырымдай жөө басышты. Бир кырдан аша бергенде коктудагы катар тигилген бозүй менен чатырды көрсөтүп, жол баштап келген неме: "Тигине, издеген үйүңөр" депөзү кайра артка кете берди. Үчөө бозүйгө жакындаганда эки-үч ит үрүп, качырып келип кол сала албай, үргөн боюнча кайра кетенчиктешти. Дал ошол маалда үйдөн бирөө чыгып, тигилерди көрдү да, нараактагы мамыда байланып турган карагер атка секирип минип, чу койду. Бул - Каныбек болчу. Тигилердин милийсадан экенин дароо сезген. Машаев: "Токто!" деп бир кыйкырып алды. Тиги неме алеки саатта кыр ашып кетти. Машаевдер бозүйгө киришти. Эч ким жок, чатырда толо көроокат. Тээ, наркы кырда кой жайылат. Барышса, бир аксакал кой жайып коюп, нечен колдон өткөн мукабасыз саргарган киртептин кызыгына батып, жамбаштап жаткан экен.Саламга алик алып, таң кала карады. Машаев келген жөнүн түшүндүрдү. Бу аксакал Каныбектин жездеси экен. Кайнисинин турпат-турушун беш колундай билет сымал: - Ал адам деле болбой калды. Ай ушу бир балээ кылып келдиң го десем, так секирди эле, жакшылык көрбөгөн атаңдын оозунурайын! Айтты-койду дебегиле, мине качкан атты сатып, дагы качат. Кармап, ар жакка чыккыс кылып каматсаңар кана, атаңдын көрү… Деги, мылтыкты албай качтыбы? - деп сурады. - Колунда эчтеке жок кетти. - Бир барса, төмөнкү айылда Накен деген досу бар өзүнө окшогон, ошонукуна барат. Ошол жерден карап көргүлө. Машаевдер машинеге жетишип, түз эле аксакал айткан айылга келип, Накен дегендин үйүн издешти. Чакан айыл экен, бат эле табышты. Ал огородунда тирилик кылып жүргөн экен, милийсаданбыз дегенди угуп, көз ирмемде санап жиберди кылган иштерин. Качан гана Каныбекти сураганда көңүлү жайланды. Экөө кыйбас достордон экен, бир ирет уурулук менен экөө түрмөдө үч жыл жатып чыгышыптыр, жашырбай айтты. Бир жылдан бери аны көрө элекмин дейт. Анысы калп болчу. Өгүнү келип, качып жүргөнүн айтып, экөө эки бөтөлкөнүн түбүнө жеткен. Аз күн тоодо жүрүп, кайра шаарга кетем деген. Булар жөнүндө досу айтпайт эмеспи милийсаларга. - Бүгүн ал досуң сага келет,-деди Машаев Накенге. - Аны кайдан билесиз? - Өзү айткан. Накен таң калды. Милийсанын бир дагы сөзү чын айтылбайт деп ойлоп да, айта жүрчү неме ойлонуп калды. Машаев бүгүн түнү ушул жерде күтмөй болду. Анткен менен Накениң кыргызчылыгын унутпаптыр, аялына картөшкө кууртуп, бир бөтөлкөнү ортого койду. Оперлер деле кыргыз да, картөшкөдөн тое жеп, чайдан кана ичишти. Бир маалда Накен аракты ачып, төрткө бөлө куйду: - Эми, аксакалдар, милийса болсоңор деле адамсыңар да, алып жибериңиздер! Машаев күлдү: - Аа, милийса деле адам дечи?.. Накен атайын айткан эмес, өзүнөн-өзү айтылган сөз болчу, кызарып уялып кетти: - Кечирип коюңуздар, туура эмес сүйлөп алдым окшойт, алыңыздар! - Алса алалы, чын эле биз да адамбыз да. - Машаев стаканды басып алды. Беркилер да ичишти… Түн кирип калганда сырттан аттын дүбүртү чыгып, бирөө үн салды: - Ой, Накен, барсыңбы?! Даяр турган Машаевдер дарбазага жөнөй бергенде Накен үнүнүн болушунча кыйкырып берди: - Каныбек, кач! Менттер бар, ка-ач!.. Дарбаза ачылганда атчандын карааны көрүнбөй, караңгыга сүңгүп кеткен. Куугандан пайда жок, оперлер отуруп калышты. Машаев кыйкыраарын кыйкырып коюп, эми өлдүм деп короодогу орундукта отурган Накендин жанына келип: - Сенин бу эмне кылганың, ыя? - деп каруудан алды эле, тиги: - Анан кантем, итпи, айбанбы - дос болгондон кийин сата албайм! Сиз деле ошентмексиз, -деди. Машаевдин жини таркай түштү. Райондук опер Накенди алып кетип камайм деди эле аны токтотуп койду жылуу-жумшак: - Картөшкөсүн жеп, арагын ичип алып камасак - карыз болуп калабыз түбөлүк. Кеттик!.. Криминалдуу окуя Миллионго бааланган өмүр (Уландысы башаталышы өткөн санда) Автомат мылтыктардын үндөрү кокту - тоолорду жаңыртып ызы - чуу болуп атышты эле, заматта кайрадан айлана тунжурай жымжырт боло түштү. Тоо шоокуму мурунку калыбына келди. Тээ төмөн жакта суунун шаркырап аккан добушу, тоо куштарынын сайрашы, жогору жактан соккон сыдырым шамал бул жерде эч нерсе болуп өтпөгөндөй туюлтуп турду. Ойдуңда кулаган вертолет али да болсо кара түтүнүн асманга көтөрө бир эсе жалбырттап, бир эсе басаңдай темирлери да күйүп жатты. Асманда жай, каалгый учкан чоң бүркүт пайда болуп, бир ордунда тегеренип, айланып уча баштады. Ызы - чуудан чочулап ийиндерине кирип кетишкен суурлар кайрадан акырындап ийинден баштарын чыгара бирден - экиден сыртка чыгып, чөптөрдү искей, балдары бири - бири менен алышып, ойногонго өтүштү. Тээ жогору жакта таштын үстүндө отурган Абдысалам бир ордунан былк эткен жок. Өлүү же тирүүсү билинбейт. Анча чоң эмес дөбөчөнүн башына чыккан чоң суур тикесинен тура жакын жерде коркунучтуу душман бар экенин сезе, чөндөлөйлөрүнө ийинден алыска кетпөөлөрүн эскерте кез - кез аңкыштап коюп атты. Бир жерди теше тиктеген Абдысалам өткөн турмушун эстеп, келечегин элестетип жатты. "Менин эми кимге керегим бар, төмөндө өлүп жатышкан акмактардын бал тилине азгырылып мына эми өз элиме да батпай, жериме да батпай, бир туугандарыма да батпай баарына душман болуп ээн талаада калдым. Мына кол сунсаң эле Бедел ашуусунун ары жагы Кытай, Үч Турфан, Аксуу, Акчий, Карачий. Ал жакта да кыргыздар, уйгурлар жашашат. Бирок, ушунча байлыгым менен ал жакка бата аламбы, чек арадан өтүп кете аламбы? Тигил Ү зөңгү кууш ашуусу аркылуу өтсөм эмне болот? Мобул эки жердеги жаракатым менен баары бир алыс жакка деле өтө албайм", - кыймылдайын деди эле жамбашы чыдатпай оорутуп, басууга мүмкүнчүлүк бербей койду. Кайрадан таштын үстүнө отура кетти. "Жок, мынча байлыкты чет өлкөгө алып кетип, ал жакта жашоонун мага эмне зарылчылыгы бар, өз элинен, өз жеринен качкан - бул адамдык сапаттан, ыймандан, акыл - эсинен кеткендик. Бирок, өкүнүчтүүсү артка кайтканга да болбойт, жер - жерлерде милициялардын бардыгы мага "розыск" жарыялап жүрүшөт. Алдыны көздөй кадам таштоо, чет өлкөдө жашоо мен үчүн анча маанисиз. Ушунча жашка келгени мен элиме эмне пайдалуу иш жасадым? Эч нерсе, только заказ менен белгилүү инсандарды гана өлтүрүп аттым. Араларында күнөөлүүлөрү да, күнөөсүздөрү да бар, мен аларды ылгабадым. Кол канга чыланды, тырмактай да аёо сезим болгон жок. Аялын жесир, балдарын жетим калтырдым. Элге жасаган жакшылыгым ушулбу? Байлыкка, акчага азгырылдым, тиги жексурлардын арам ойлоруна алдандым. Жасаган заказдарын аткардым, башымды баңгизаттай айлантышты го чиркин. Момундугумду, карапайылыгымды, ишенчээктигимди пайдаланышты. Мына эми, кайра өзүмдүн көзүмдү тазаламак болушуп куугунтукка алышты. Мен азыр эч кимге кереги жок адаммын", -ал артында асылып жүргөн баштыгын чечип алды дагы алдына койду. Бир аз үнсүз аны тиктеп турган соң акырын сыдырмасын сыдырып ачып, ичинен атайын узунунан төрт бурч болуп куюлган, уютулган алтындарды алып чыгып, алдына таштын үстүнө тизе баштады. Он даана таза алтындар болчу. Күнгө чагылышып, жалт - жулт этип, көздүн жоосун ала жалтырап турган сары түстөгү алтындардан көзүн албай көпкө тиктеп турду. "Буларды өз элимден, өз жеримден чет өлкөгө ташып мени кайсы Кудайым урду? Кытайлыктарды байытайын дедимби? Буларды тигилердин чек арачыларына эле тонотуп, алдырып жиберем. Булар жөн алтындар эмес, эчен адамдардын өмүрүн алган кандуу алтындар. Эгер ушул боюнча дагы эл араласа дагы канча адамдын өмүрүн алат ким билет? Силер адам баласынын башын айлантып өмүрүн алгандан башка пайдаңар жок". Уютулган алтындарды четинен алды да тээ төмөн жактагы шаркырап агып жаткан сууну көздөй акырын шашпастан бирден ыргыта баштады, күр - шар эте ак көбүгүн чачыратып чамынып аткан агын суу курсагы ач ажыдаардай өзүнө ыргытылган алтынды шап эте жутуп, дароо сиңирип ала коюп атты. Шашпай өзү менен өзү сүйлөшө бирден ыргытып отуруп бардыгын ыргытып бүттү. Алаканын күбүй аз - маз жеңилдене түшкөнсүдү. Төмөн жакты бир паска карап турган соң сумканын ичине колун суна бооланган Америка долларларын бирден алып чыгып, саамга ойлонуп турду да, аны да сууга ыргытты. Дагы бирди алып чыкты, бетиндеги америкалыктардын атактуу инсаны Вашингтондун сүрөтүнө үңүлө карап, өзүнчө жылмайып койду. "Канча адамдын өмүрүн алдыңар силер, силер жөн акча эмессиңер, адам өмүрүн алган кандуу акчасыңар. Баалуу акча болсоңор азыр мен үчүн баркы жок кагазсыңар", - көңүл кош аны да сууга ыргытып жиберди. Ар бир бооланган акчасынын бирөөсү эле миң доллардан болчу. Бирден ыргытып отуруп тажады окшойт, бооланган боосун чечип таштап сапырып ыргыта баштады. Күзгү дарактардын жалбырактарындай сапырылган акчалар тээ жогору жактан жай каалгый, ойкуп - кайкып учуп келип, төмөн жакка түшө, кээси суунун агымына кошулса, кээси суудан качкандай тээ алыс кургак жерге барып конуп калып атышты. Кээ бирлери болсо сууга да жетпей, жерге да конбой анча бийик эмес бадалдарга илинип, ошол боюнча салаңдап туруп калууда. "Кой, бул кандуу акчалар башкалардын колуна да тийип калышы мүмкүн, андан көрө түп орду менен жок кылайын", - ал чөнтөгүнөн тамеки күйгүзгүчүн алып чыкты да ортодо додо болуп үйүлүп турган акчаларга от коймой болду. Демейде бир басканда эле чырт этип күйүп кетчү күйгүзгүчү акчаларды аягандай учкунун чыгара күйбөй койду. Баскычын кайра-кайра баскылай убараланып жатып эптеп күйгүзүп алды да үйүлгөн акчаларга от койду. От улам катуулап күйгөн сайын анын жылуулугуна колун тосо өзүнчө сүйлөнө берди."Күйгүлө жалбырттап, силер деген далай адамдарды күйгүзүп өмүрүн алгансыңар,силер эми акча эмессиңер, мен үчүн жөн гана акчасыңар"Анын сөзүн түшүнгөндөй от ого бетер жалбырттады. Күн жогору көтөрүлүп, ысыган сайын чегирткелерге жан кирип, чыртылдап, тоо куштары сайрап, ага суунун шаркырагы кошулуп, өзүнчө симфония болуп турду. Асмандагы каалгып учуп жүргөн бүркүт төмөндөгү көрүнүштөн тажагандай кайдадыр учуп кетти. ( Уландысы бар.) Саадатбек Мырзакул уулу |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|