Эх, кем дүйнө!

Бириң өлүп,бириң кал!
Элита деп койчулар эл өз тагдырына, келечегине да кайдигер, саясый-социалдык огожомдуу процессттерден боюн качырып четтеп турган адаты бар, пассивдүү деп наалып калышмайлары бар.

Ошол эле элитаң элди өз тагдырына ээлик кылып жаткансышып десең?.Жогорутадан туруп алып элди инертүү,индефферентүү калың масса деп "илимий" оозду толтура сүйлөп бой көтөрүп кадаланып калган адат көп кездешет.Андай бой түзөп керсейген көнүмүш көбүнчө оппозициячыл саясатчылар менен саясый эксперттер дегендерде (политологдор) басымдуу.Эки сөздөрүнүн бири эле активдүү позицияны тутунуп,граждандык оуйзпадан кутулуу,четте калбоо. Ал эми, оппозицияны жекирген бийлик тарап болсо, тескерисинче, эл "митинговщинадан" чийки май жегендей болуп тажап бүттү,экономика менен алектенүүнүн кезеги келди, бизди иштетесиңерби же жокпу деп бүтүндөй калың журтту ала чуркап элдин атынан сүйлөгөндү жакшы көрүшөт. Жумурай журтту чөнтөктөрүнө бүктөп туруп салып алышкансып каадаланышат.Мындай сыяпаттагы билдирүүлөр,алибетте, "Ак үйдү" айланчыктагандарга артыгыраак таандык.Алардын,айтмакчы, өкмөтү болсо негедир элдик элдик өкмөт,депутаттары болсо элдик депутат,милициясы болсо элдик милиция,армиясы болсо элдик армия,партиясы болсо элдик партия. Деги бир "тазасы" жок.Чылкый эле "элдик".
Жакында эл арасында КыТыР деп атап коюшчу телекомпанияда (официалдуу аббревиатурасы НТРК же УТРК) чатак чыкты. Телекомпаниянын гендиректорунун милдетин аткаруучу М.Эшимкановко нааразы болгон бир топ кызматкерлери (бир маалымат булагы 20 кызматкер десе,экинчиси 12 киши дейт) ачкачылык жарыялап жиберишти. Акция телекомпания жайгашка имараттын холунда өттү. Телеачкачылык жарыялагандардын башында телеканалдын экс-вице-президенти Бейшенбек Бекешов деген турат.Максаттары-М.Эшимкановду кызматтан шыпыруу. Талаптары жумгактатылып Б.Бекешовдун оозу менен айтылууда: гендиректордун милдетин аткаруучу М.Эшимканов телекомпанияны реформалоо дегенди бетке кармап кадр саясатында чалмакей чалып өзү билемдик кылып жатыптыр,ошону менен бирге , адамдын ар намысын кордогон, кээ бир кызматкерлердин инсандык жана чыгармачылык укуктарын тебелеп-тепселеген макрөө иштерге барган экен. Бир аз илгери"Азаттык" радиосундагы маегинде койгон кинелерин кыйла конкретүү түрдө туюдурган--30-40 жыл бою реформа жүргүзбөгөн пенсионерлерди,иштен бошотулуп жиберилгендерди кайрадан чоң кызматтарга алганын билдирген болчу. Ачкачылык акциясы "Акаевщинын кайтышына жол жок" деген саясый т.а тамтыгы чыккан "мандалак" револциясынын "сүрдүү" урааны менен коштолду.
Кезегиде, экинчи тарап,М.Эшимкановдун тарапкерлери т.а анын кишилери бекешовчуларды алдарынын келишинче көрдөн алып жерге,жерден алып көргө уруп киришти.Атап айтсак М.Мамбетакунов Б.Бекешовду профессионализм деген касиет таптакыр буюрбаганы менен айыптаса, Ж.Муслимованын айтымында: "бул иш бар болгону Б.Бекешовдун жеке амбициясы жана бийлик үчүн болгон күрөшү экен.Тигилерге телевидениядагы жаңы жетекчиликтин жүргүзүп жаткан реформасы жакпайт, эфирден нааразы болгондордун программасынан да сапаттуу берүүлөр кетип жатканын көрө албай жатышат. Б.Бекшовдун артында бийликтеги таасирдүү адамдар турат".
Гендиректордун милдетин аткаруучу М.Эшимканов Ж.Муслимованын айткандарын төпмө төп кайталады: "Они начали сопротивление, саботаж, потому что им не понравилось то, что сейчас на НТРК наводится порядок и ведется борьба с коррупцией". "Что касается других лиц, которые еще не уволены, то они просто остались без конкретных проектов. Это тоже из области борьбы между старым и новым мышлением". Кыскасы, баякы эле М,Эшимкановдун "чымчык сайрайт" деген көнүмүш болуп калган көңдөй "абстакционизми"
"Бекешовчуларды" КыТыР дын имараты өзчө аялуу, коргологон режимдеги обьект экендигине таянып көчөгө кубалап таштоо зарыл деген опузалар пайда болду.Опуза көп узабай ишке да ашты. "Бекешовчуларды" көз байланган маалда милиция келип тепчү жумшак жерлерине тээп туруп кубалап чыгышты. Азыр коңшу үйлөрдүн биринде телеачкачылыктарын улантып жатышыптыр.
Кунт коюп караган киши эки тараптын жаакташысуунан эл,көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгы деген мыдыр эткен сөз таба албайт.Эл, көрүүчүлөр барбы же жокпу тигилердин оюнда жок. Иши да жок.Талашка түшүп жаткан "реформа" дегениң кимдин кызыкчылыгына багындырылган,деги ал эмне болгон реформа, кандай максат көздөйт, ишке ашыруу механизимдери кандай, же ал кадыр саясаты,структуралык өзгөртүүлөр жана "коррупцияга каршы күрөш" деген ураандар менен гана чектелеби,болбосо кеңири кайра куруучулук аракеттерге баш ийдирилеби ,жаңы проектилер,жаңы идеялар деп ооз толтура айтылган сөздөрдүн телекомпаниянын редакциялык саясаты менен байланышы кандай, деги эле телекомпаниянын жаңы "реформатордук" редакциялык саясаты иштелип чыкканбы,иштелип чыкса кайсы прогрессивдүү жактары менен өзгөчөлөнөт деген түркүн түйшүктүү суроолор эл үчүн табышмак.Ал жөнүндө мыдыр эткен кеп жок.
Ала жылкыны атынан чакырганда эки тарап тең элдин кызыкчылыгы эмес өзүдөрүнүн жеке эгоистик кусаматтарын ишке ашыруу үчүн далбас уруп жатканы ачык көрүнөт.Адам укутары,реформа дегендери кур эле фикция.Фасад.Чынында эле Б.Бекешовдун "чыгармачыл""Коломтосу" профессионалдык жагынан ооздон түшөкалагнадай пиримитивдүү берүү болучу. Б,Бекешов "чыгармачылык укугу тебеленгенин" айтып нааразы болуп жатпайбы-суроо туулат ныпым чыгармачылык дегениң жок болсо анда эмне болгон, кайдагы "кордолгон" укук болушу мүмкүн? КыТыР болсо реформа болбой эле,тескерисинче артынан кетип ыдырап баратканы жалган эместир. Жок нерсени бар дегенден бар болуп кете албасы анык. "Халва,халва дегенден оозуң халва татып кетпесин" эбак айтып ташташкан.Алыскы айылдарда гана айласыздан КыТыР ды карашпаса,шаар жерлерде анын продукциясына болгон муктаждык жокко эсе. КытЫРдын өзөктүү деп эсептелген информациялык блогу баягыдай эле "Ак үйдү" карап куйругун шыйпаңдаткан адатынан жазбай келетканы жалган эместир. Телеканалдын рейтинги болуп көрбөгөндөй төмөн түштү.Анан кайдагы реформа,кайдагы жаңы идеалар?
Ырас бир гана өзгөрүү бар-ал азыр Б,Бекешов менен М.Эшимкановдун ролдорду алмашып кеткенине байланышат.Өткөн жылкы ноябрь айындагы М,Эшимканов активдүү катышкан оппозициянын митингисинде виц-примьер Б,Бекешов нааразы болгондорду кынына киргизсе (митингичи бир топ балдарды сотко берип эсин оодарганы эсиңиздедир),азыр келме кезек, М.Эшимкановко ташы өйдө кулап Б.Бекешовдун тепчү жерине кериле туруп тээп жиберген абалда. Эртең,эгер, кайрадан ролдору алмашып калышса, Б.Бекешовдун ити чөп жей баштаса,анда М.Эшимканов жумшак жерин даяр кармап турушу керек.Ырасына келгенде экөө тең жалаң жеке кызыкчылыгын көздөгөн,бийлик дегенде бүт сатчусун сатып жиберүүгө даяр, бүдүрөгөн таруудай болгон принциби жок мүлтүлдөк эмелер экени эбак белгилүү.Бул жагынан биринен бири өтөт, асты биринен бири кем калышпайт.Биринчи кезиккен кишиден сурамжылап (интервью алып) көрүңүз-- Б.Бекешов деген ким ,М.Эшиманов ким деп. Интевьюрерден жерге түкүрүп (эки ирет) басып кеткенден башка жооп ала албайсыз.
Орун которуудан сумма өзгөрбөйт. Тытышса жеке ич күптүүлүктөрү бар экөө,экөө баштаган топ тытышууда.Тытыша тытшса беришсин.Маа десе бири өлүп бири калсын. Анын ыссык-суугу жок. Б.Бекешов менен М.Эшикановдун келишпегендиктеринен келип чыккан телетартышка элдин толук кайдигер калышы бекеринен болгон жок.Эки жактын чатагы бийлик үчүн күрөштөгү кадыресе чекене көрүнүштөрдүн бири. Элге анын кызыгы,таңсыктыгы жок.Кайдигерлик -обьективдүү көрүнүш.Мындай кезде элита сыяктуу элди кайдигерлик менен айыптап,анын маанайына диагноз берүүнү монополизациялоо чеклик болор эле.
PS
Баамымда басма беттеринде улуттук телеканалдын азыркы абалы,келечеги,ысык жаны бар болуп кытырап турса да жылына бюджеттин 240 миллион сомун ашап жиберген апетити,коомдук байкоочу кеңештин тагдыры,телеканалдагы жылдан жылга кайталанып келеткан көз боемо (имитациялык) "реформалар" жөнүндө катардагы көрүүчүлөрдүн катышуусу менен кенири талкуу уюштурса максатка ылайык келер эле.Ошондо кайдигерликтин ордун кызыгуу басмак.Кеп "кайдигерликте" эмес,кеп кайдигерлик менен уктуктук ниглизимиге түртүп жаткан "эшимкановчулук" менен "бекешовчулукта".

Үсөн Касыбеков